presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№60, 19.08.08-ж.
  Олимпиада-2008

БЭЭЖИН КҮНДӨЛҮГҮ
Эркин күрөшчүлөрдөн үмүт чоң

Ошентип, өткөн жума өлкөбүзгө зор кубаныч тартуулаган балбандарыбыз Канат Бегалиев менен Руслан Түменбаевдер Кыргызстанга кайтып келишип, кыргыз эли, кыргыз жери аларды зор кубаныч менен тосуп алды.
Ал эми Бээжиндеги Олимпиадалык мелдештерде өлкөбүздүн намысын коргоп жатышкан спортчуларыбыздын жаратып жаткан ийгиликтерине токтоло кетсек, жеңил атлетчи кызыбыз Юлия Архипова 17-августтагы марафондук жарышта 80 жөө күлүктүн ичинен 58-болуп маарага жетти.
Дагы бир жеңил атлетчи кызыбыз Галина Педан 400 метрлик жарышта көч артында калды.
Мушкерибиз Асылбек Таласбаев колумбиялык атаандашы Дарлейз Перезге 15:4 эсебинде уттуруп, Бээжин менен кош айтышты. 100 кг чейинки салмакта күрөш көргөзүп келген дзюдочу жигитибиз Талант Жанагулов да кожоюн дзюдочу Сон Паньга уттуруп, ал да үйгө кайтып келди.
Кыргызымдын үмүт отун тутандырган Бээжинде калган спортчуларыбыздын ичинен эркин күрөштө өздөрүн эркин сезишкен балбандарыбыз Базар Базаргуруев, Алексей Крупняков жана Арсен Гитиновдор ушул жумада өз өнөрлөрүн тартуулашмакчы.

"У-у-урдум"-деди

Калыстардын калыссыздыгыбы же…

Эл аралык олимпиадалык комитеттин аткаруучу кеңеши грек-рим күрөшү боюнча 14-августта коло байгени жеңип алган швециялык балбан Ару Абрахамандын байгесин жокко чыгарды.
Калыстардын үчүнчү орунду ыйгарган чечимине нааразы болгон Ару Абрахаман медаль тапшыруу аземинде мойнуна илинген коло медалын эл көзүнчө жулуп ыргытып, басып кеткен.
Италиялык балбан Андреа Мингуцци менен болгон жарым финалдык беттеште "калыссыз калыстардын курмандыгы болуп калдым"-деп эсептеген швециялык балбан жогорудагыдай кадамга барган.
Ал эми эл аралык олимпиадалык комитеттин өкүлдөрү швециялык балбан Ару Абрахамандын жогорудагыдай тартибин "башка спортчуларды сыйлабастыгы" катары баалап, 84 кг чейинки салмактык категория боюнча коло байге эч кимге берилбестигин билдиришти.

Русалканын жигити окшойт

Жаңы дүйнөлүк рекорд

Америкалык сууда сүзгүч Майкл Фелпстын мойну 29-Олимпиадалык оюндарда жылтыраган алтын медалдарга толуп калды.
Өткөн жума, 17-август күнү 100 метрлик аралыкка сууда сүзүү боюнча жаңы дүйнөлүк рекорд орнотуп, быйылкы эле Олимпиадалык оюндарда сегиз алтын медаль утууга жетишти. Ошентип, Майкл Фелпс мекендеши Марк Спитцтын 1972-жылы Мюнхенде өткөн Олимпиадалык оюндарда орноткон дүйнөлүк рекордун басып өттү. Дээрлик 36 жыл сакталып келген Марк Спитцтын "түбөлүк рекорду" ондогон жылдар бою эл оозунан түшпөй, анын мындай жетишкендиктери көпчүлүктү таңгалдырып келген. Мюнхен Олимпиадасында эле Марк Спитц жети жолу алтын медаль утуп алууга жетишкен. Эми минтип АКШнын капчыгындагы алтын медалдардын жарымын эле өзү жалгыз салып берген Майкл Фелпс дүйнөдөгү эң атактуу спортчу болуп калды.
Эскерте кетсек, 2004-жылы Афина шаарында өткөн 28-Олимпиадалык оюндарда Майкл Фелпс алты жолу алтын утуп, атактуу мекендеши Марк Спитцтын "түбөлүк рекордун" баса албай арманда калган эле.

Теңешкис теннисчилер

Теннистин акесин окуткан орус кыздар

Бээжин олимпиадасында кыз-келиндер арасындагы теннисттик мелдеште финалдык үч орунду орусиялык теннисчи кыздар Елена Деменьтева, Динара Сафина, Вера Звонаревалар илип кетишти.
Ошентип финалдык беттеште бет келишкен Елена Деменьтева менен Динара Сафиналардын ортосундагы оюн кызыктуу өтүп, 3:6, 7:5, 6:3 эсебинде Динара айым өзүнөн бир кыйла тажрыйбалуураак мекендеши Еленага уттуруп, эң алгачкы олимпиадалык күмүш медалдын кожейкеси болуп калды. Ал эми Елена Деменьтеванын Бээжиндеги бул алтын байгеси олимпиадалык экинчи медалы болуп эсептелет. Буга чейин бул теннисчи кыз 2000-жылы өткөн Сиднейдеги олимпиадалык оюндарда вице-чемпион аталып, алгачкы күмүш байгесине ээ болгон эле.


Таманынан чаң
чыгып…

Боосу чечилсе да, рекорд жаратты

Ямайкалык жөө күлүк Усейн Болт 16-август күнү 100 метрлик аралыкты 9,60 секундда чуркап келип, дүйнөлүк жаңы рекорд орнотту.
Бирок, алтын байгенин ээси, ямайкалык бул жигит мындан да мыкты жыйынтык көргөзмөк экен. Көрсө, Усейн Болт чуркоонун кызыгына эми кирип бара жатканда, спорттук батинкесинин боосу чечилип кетиптир, Ошого карабастан, чечилген боосу менен марага биринчилерден болуп жетип келген.
Күмүш байгенин ээси Тринидад Табоголук Ричард Томпсон 9,89 секундда жетип экинчи орунду ээлесе, андан алты секундга калып калган жердеши Асафа Пауэлл коло байгени багындырды.

Эрнис БАЛБАКОВ,
"Алиби"











??.??