presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№60, 19.08.08-ж.
  Адат

КОРКУНУЧТУУ АДАТ
Бүгүн Ишенбай Кадырбековдун камакка алынышы бийликтин ойлонбостон калпыс кадамы эмес атайын саясий буйрутма экендигин эч ким деле күмөн санабай калды. Бирок бул саясий буйрутманын өзү Курманбек Бакиевдин келечегине балта чабуучу чоң каталык болуп калышы ыктымал.

Анткени №1 СИЗОдо жөн эле катардагы жаран Ишенбай Кадырбеков камалып жатпастан кол тийбестик ыйгарым даражага ээ Кыргыз Республикасынын экс-Президенти камакта жатат. Бул бүрөөлөргө жагабы же жакпайбы, бирок тарыхий факт экендиги чындык.
Жалпы коомчулукка белгилүү жазылган жана жазылбаган эрежелерге ылайык аны камакка алмак турсун кармоого да болбойт эле.
Мүмкүн өлкөнүн Конститутциясын жана "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердүүлүгүнө кепилдик жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамын өз билгендериндей жоромолдошуп, анда "Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарымдарын убактылуу аткаргандан"-деген тактоолор болбосо да, К. Бакиевдин айланасындагылар И. Кадырбековду экс-Президент кылып санагылары келбейт. Ошондуктан аны коомдон четтетүүгө барышкан. Алар муну менен Бакиевге жагыналы дешкен менен эң оор юридикалык кырдаал түзүштү. Мунун өзү К. Бакиевдин 2005-жылдын 25-мартынан башталган бийлигинин мыйзамдуулугуна (лигитимдүүлүгүнө) доо кетирээрин түшүнбөй жаткандыгына таң бересиң!
Ошол мезгилдеги колдонуудагы Кыргыз Республикасынын Конститутциясына ылайык Премьер Министр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Эл өкүлдөр жыйынынын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Президенти гана дайындоочу. Демек, 2005-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Эл өкүлдөр жыйынына Курманбек Бакиевдин кандидатурасын Кыргыз Республикасынын Премьер-министрлигине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укугун убактылуу аткарган И. Кадырбеков көрсөттү десек болот. Анткени, ошол кездеги Президент Аскар Акаев жана Премьер министр Николай Танаев качып журүшкөн. Абалдан чыгуунун башкача жолу жок болчу. Болушу да мүмкүн эмес эле!
Ушундан улам И.Кадырбековду Кыргыз Республикасынын экс-Президенти катары тааныбоо бир гана нерсени тастыктайт. Курманбек Бакиев жана анын айланасындагылар К.Бакиевди Премьер министрлик кызматка дайындоодо депутаттардын көпчүлүк добушун алууга И.Кадырбековдун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештнин Эл өкүлдөр жыйынына сунушу, ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Премьер министрлигиние дайындоо жөнүндө указы жок деп танышы. Андай болсо К. Бакиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл өкүлдөр жыйынына өзун-өзү сунуштап, Кыргыз Республикасынын Премьер министрлигине өзүн-өзү дайындоо жөнундө указга кол койгон дегенди билдирет. Ушунун өзү Конституцияны одоно бузуп бийликти зомбулук менен тартып алды дегендик. Жок андай эмес дешсе аны дайындоого макулдугун алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынына ким көрсөткөн ? Анын кандидатурасын ошол кезде К. Бакиев өзү жетектеген "Кыргызстандын элдик Кыймылы" көрсөткөн деп айтып жүрүшөт. Мындай болгон учурда Кыргыз Республикасынын Конститутциясынын талаптарын одоно бузгандык гана эмес, Кыргыз Республикасынын Конститутциясына түкүргөндүк болуп эсептелет. Бирок, бул кыймыл юридикалык жактан эч кандай мыйзамдуу укугу жок болгондуктан ал окуя болгон эмес деген үмүттө туралы.
Дагы бир негизги суроонун жообу жок. К. Бакиевди өлкөнүн Премьер министри кылып Кыргыз Республикасынын кайсы Президенти дайындаган эле, жана аны дайындоого ким укуктуу эле? Ушул суроону кандайча тегеретпегин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы И. Кадырбековдун ысымын айланып өтүүгө эч мүмкүн эмес. Анткени, ошол мезгилде мыйзамдуу бийликке Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин эки палатасы жана жогорку Сот ээ болуп турушкан. Ошолор гана тигил же бул мамлекеттик чечимди кабыл алуу укугуна ээлик кылышкан. Ошол окуяга катышы бар саясатчылар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарын бузушпай бардык чечимдерди укуктук ченемде кабыл алышкан деген илгери үмүттө туралы. Эгерде андай болбогон шартта К. Бакиевдин бийлиги үчүн акырзамандын күтүлүшү анык дей бериңиз. Себеби, кийинки окуяларга чейинки К. Бакиевдин башкаруусу күмөн санатат. Ал өзүнүн Кыргыз Республикасынын Премьер министрликке дайындоодо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жаңы курамынын макулдугун алууга болгон дегдөөсү акыбалды дагы татаалдантты. Мындай жоруктун түпкүлүгү барып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Эл өкүлдөр жыйынынын макулдугун К. Бакиев өзү легитимсиз деп эсептегенин түшундүрөт. Түзүлгөн кырдаал 2005-жылдын 25- мартынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин жаңы курамынын экинчи ирет макулдугуна чейин бийликте (вакумду) боштук пайда болгон, тагыраак айтканда мыйзамсыз бийлик жүргүзүлгөн деген тыянакка келсе болот. Мындай учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткаруу парламенттин эки спиккерине өтмөк. Биринин мөөнөтү 2005-жылдын 14-апрелинде аяктай турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы И.Кадырбековго, экинчиси Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылган Жогорку Кеңештин торагасы Ө. Текебаевге тиймек. Бир сөз менен айтканда бул мезгилди баш аламандык деп айтууга толук негиз бар. Бирок окуя К. Бакиевдин жорук жосундары аркылуу ого бетер өрчүгөн. Ушундан улам деги эле анын кандидатурасына Кыргыз Республикасынын Президентинин укуктарын кайсыл аткаруучу сунуштаган?, же андан кийин К.Бакиевди Кыргыз Республикасынын Премьер министрлигине ким дайындаган?- деген суроо баары бир өзүнөн-өзү суранып чыгат.
Эгерде жогорудагы суроолор мурда пайда болбосо, бүгүн Ишенбай Кадырбековду Кыргыз Республикасынын экс-Президенти катары таануудан баш тартпагандан кийин, К. Бакиевдин командасы коомчулукка өз шефинин дайындалышынын канчалык легитимдүүлүгүн, конституциялык мыйзамдарга канчалык төп келээрин, мыйзамдуулугун элге далилдеп берүүлөрүүгө милдеттүү. Андай болбогон шартта К. Бакиевди Кыргыз Республикасынын Премьер министрликке мыйзамдуу дайындалышы күмөн туудурат, түпкүлүгү өтө оор акыбалга алып келип такашы мүмкүн. Акыры барып - К. Бакиевдин башкаруу мезгилин "бийликти зомбулук менен тартып алган"-деп эсепке алынышы мүмкүн. Бул кылмыштын эң оор түрүнө кирет, ал эми жаңы бийлигинин баардык чечимдери түккө жарабай калат.
Дал ушул кырдаал жаңы кабыл алынган Конституцияда билгичтик менен "бийликти зомбулук менен тартып алуу"-деген түшүнүк атайын алынып салынса да ал жардам бере албай калышы ыктымал.
Жогорудагы баяндалгандардын негизинде И. Кадырбековду Кыргыз Республикасынын экс-Президенти деп таануу же четке кагуу менен К. Бакиевди Кыргыз Республикасынын Премьер министрлигине дайындоонун мыйзамдуулугу, демек, анын Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарымын аткаруунун мыйзамдуулугун таануу же четке кагуу фактору түйүндүү маселелердин жандырмагына ээ.
Ушундан улам Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун өзү дагы күмөн туудурат. Анткени алар шайлоо алдындагы укуктун ченем актылардан улам келип чыгат, дал ошонун өзү анын легитимдүүлугүнөн бирото эле күмөн туудурат.
Мындай кырдаалда К.Бакиевди курмандыкка түрткөн анын командасынын саясий сокурлугуна таң бербей кое албайсың. Алардын саясий сабатсыздыгынан улам К. Бакиевге жогорудагыдай коркунучтуу кырдаал түзүлдү.
Бул баш оору К. Бакиевге керек беле?
Мындай терең ойлонулбаган, сокур кадамдын себеби эмнеде? Анын "таасирлүү" кеңешчилеринин бири арамзалык менен өз шефин кытмырлык менен аңга түртүп, ага күчтүү душмандарды таптап турбасын?!
Мыйзамды таануудан баш тартып, аны бузууга жол ачуу менен алар Кыргызстандын болочоктогу Президентине дал ушул ыкманы Курманбек Бакиевдин так өзүнө каршы колдонууга жана аны Бишкек шаарынын № 1 СИЗОсуна камакка алууга мүмкүнчүлүк түзүп беришти десек болот.
Дагы бир опурталдуу кырдаал И.Кадырбековдун үй-бүлө мүчөлөрүн куугунтукка алуу, уулун негизсиз кызматтан бошотуу, жубайы С. Тыныбековага каршы кылмыш ишин козгоо, жакындарына жана туугандарына карата кылмыш материалдарын чогултуу болуп саналат.
Ошону менен алар өткөн кылымдын 30-жылдарына мүнөздүү бетпактык жолду тандап алышты.
К. Бакиевдин азыркы тамыры бош абалын эске алсак, жана да баардыгы түбөлүктүү эместигин ойлосок ушунун баардыгы анын өз кара башына тийээрине эч ким кепилдик бере албайт.
Алар жооп бере турган кун да келээри көпчүлүккө маалым. Элде бекеринен "Абак менен кесел ар кимдин башында" деп бекер айтылбаган чыгаар.
Мен И.Кадырбековдун телегейи тегиз адам деп айта албаймын. Бирок ошол эле убакта эгемендүү Кыргызстандын кыйчалыштуу учурларында Ө. Текебаев, А. Бекназаров жана башкалар сыяктуу анын үнү угулуп тургандыгын эч ким тана албайт. Анын эрки, билгичтиги, тигил же бул саясий кырдаалды мамлекеттин кызыкчылыгына карай буруп өз учурунда жеке кызыкчылыктарын гана көздөгөн айрым топтордон коргой алган. Дал ушул И.Кадырбеков өз шакирттери менен бирдикте жаңы бийлик толугу менен мыйзам чегинде өткөрулүшүнүн чараларын көрүп өлкөдөгү абалды стабилдештирүүгө мүмкүндүк ачкан. Ал бекеринен 2005-жылдын 25-мартындагы капсалаңдуу күндөрдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагалыгына шайланбаптыр. Кооптуу учурда кыска мөөнөттө болсо да жоопкерчиликти өз мойнуна алып Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин мыйзам чегинде так аткарып ишмердүүлүгүн көрсөткөн.
Бул кашкайган фактыны тааныбастык, азыркы бийликтин пейилинин тардыгы И. Кадырбековду камакта кармоонун өзү чоң саясий катачылыктан мурда моралдык этикалык нормага тукүргөндүккө тете иш. Ошол элк учурда К. Бакиевди бийликке алып келгендердин бардыгы бүгүн кочөдө калгандыгын эске алганда кайсы морал тууралуу айтууга болот.
Учурдагы кырдаал оппозициянын чырагына май тамызчу күчтүү көзүр - "Курманбек Бакиевдин бийлигинин лигитимсиз" деп таануусу турат. Бул тамаша эмес, шарт, реалдуу чындык. Оппозиция көздөгөн Каркыра, энергетика, банк, алтын, жылуулук ж.б маселелер бир шилтем менен дароо чечиле турган учурдун талабы жаңырышы ыктымал. Түпкүлүгү жамандыкка айланып кетишине да кепилдик жок .
Оппозиция аталган маселени коомдук парламенттин талкуусуну коюушу мүмкүн же Конституциялык сотко кайрыла алат. Бирок кийинкисин кылуунун кажети жок. Анткени сот бийлигинин Кыргызстанда аты гана бар. Бул фактыларга дүйнөлук коомчулуктун көңүлүн буруп кыргызстанда бийлик зордук-зомбулук менен тартылып алынган фактыга кызыккан мамлекеттерди жана эл аралык уюумдарды тартуу мумкунчулүгү бар экендигин көңүлдүн борборунан чыгарбаш керек. Бул болсо эл менен бийликтин ортосунда өрт чыгып кетишин алдына алмакчы. Себеби азыркы К. Бакиевдин бийлигинин мезгилинде элдин нааразычылыгы күн эмес, саат сайын өсүүдө. Азыр бийлик мунарасындагылардын бийлигинин мыйзамдуулугуна элдин күмөн санашы калктын нааразычылыгын мындан ары кучөтмөкчү. Ошол эле учурда К. Бакиевдин бийликти автомат менен коргоймун деген билдирүүлөрун эстен чыгарбоо зарыл. Бул жөн гана кадыр эесе айтылган сөз деген үмүттөбүз. Бирок аны курчап тургандардын көпчүлүгү андай кадамдарга баруудан кайра тартпаган адамдар. Дал ушунун өзү К. Бакиевге чечилбеген проблеманы туудурууда. Анткени бийликти сактап калуу максатында өз элине күч колдонуу дайыма "Нюрнберг" процесси менен бүтөөрү айдан ачык. Аны А. Акаев жакшы түшүнгөн.
Дагы бир жагдай. Азыркы бийликтин күч методдору менен алакеттене баштагандыгы кооптондурат. Күч колдонуу алсыздар менен коркоктордун гана адаты экенин унутпасак.
Америка Кошмо Штатынын президенттигине талапкер Джон МакКейндин Кыргызстандагы "кызгалдак революциясына байланыштуу маалыматтары жөнүндө. Журналист Билл Конороянын макласынан узундү. Интернет 06.08.2008. Бишкек-ИА "24.кg".@
Азыркы кандидат 2003-жылдын авгус айынан азыркыга чейин Джон МакКейн "Кыргыз Республикасында басма сөз кызматтарына колдоо корсөтүү бонча фондунун" байкоочулар кеңешинин төрагасы болуп ишеп келет.
"2005-жылы "кызгалдак революциясынан" кийин бийликке Президенттин милдетин аткаруучу болуп Ишенбай Кадырбеков, Феликс Кулов, өлкөнүн Премьер министирликтин милдетин аткаруучу болуп Курманбек Бакиев сыяктуу инсандар келишти. Бирок бул дайындоолор юридикалык жактан негиздүү деп ишенимдүү айтууга болбойт".
"2005-жылдын июль айында "Коопсуздук жана кызматташтык" уюму Европада жасаган отчеттук билдирүүсундө "Кыргызстандагы президенттик шайлоодо Бакиев чоң утушка ээ болсо да эрежелерди бузуу менен өткөрүлдү. Буга эч ким деле кейиген жок.2008-жылдын апрел айында И. Кадырбеков "Кызмат абалынан кыйанаттак менен пайдаланган, ишенимсиз жетекчилиги жана башка кылмыш иштери" боюнча камакка алынып түрмөгө отургузулду"












??.??