presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№60, 19.08.08-ж.
  Тирүүлөй тир укмуштар

Ванганын
айткандары туура чыгууда
Курск кемесинин суу түбүнө чөгүп кетээрин, Чернобль кырсыгынын болоорун, Советтер Союзунун таркаарын, Ельциндин шайлоодо утуп чыгаарын жана Сталиндин кайсы күнү өлөөрүн алдын ала так айтып койгон, 100 жылда бир жаралчу табышмактуу Ванганын баскан изи кызыгууну туудурат. Ошондуктан, анын басып өткөн чыйыр жолуна дүрбү салгың келет.

Жакшы кабарды алып жүрүүчү

Эгер Ванга тирүү болгондо, 2008- жылдын 3-октябрында 97 жашка чыкмак.
(Көптөгөн интернет булактары Ванганы 1911-жылдын 31-январында туулган деп туура эмес датаны жазып жүрүшөт.) Вангелия Пандова Македониядагы жакыр турмушта күн кечирген дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Ал колдорундагы жана буттарындагы айрым манжалары биригип, мөөнөтүнөн 2 ай эрте төрөлгөн. Анан ата-энеси ойлонуп олтуруп: "жакшы кабарды алып жүрүүчү"- деген маанини түшүндүргөн Вангелия деген ысымды ыйгарышат.

Табышмактуу көрүнүш...

Кыш мезгилинин суук кечтеринин биринде айылга ак ат минген чабандес келип, үйдүн ичине кирет. Бөлмө ичи кандайдыр бир нурга толуп, чабандес минтип сүйлөйт да көздөн кайым болот: "Жакында дүйнө алааматы болуп, көптөгөн эл өлөт, жоголот. Сен болсо, ушул жерде туруп, тирүү жана өлгөн адамдар тууралуу билдирип турасың! Коркпо! Элге эмнени билдирериңди мен сага айтып турам". Дал ушундай көрүнүш 30 жаштагы Ванганын жашоосуна 1941-жылдын январь айында көрүнөт. Ошентип, Ванга көзү ачык адамга айланып, келечек тууралуу ар кимди кабардар кыла баштайт.

Бактысыз
бала чак...

Ванга бала чагынан тартып эле турмуштун сыноосуна кабылып, ар кандай кыйынчылыктарды башынан өткөрөт. Үч жашка чыкканда, энеси кезектеги ымыркайды төрөйм деп, толгоо учурунда көз жумат. Ошентип, энесинен айрылган жаш кыз атасы менен жашоонун ысык-суугун кечире баштайт. 11 жашка чыкканда короого бир буюмду ыргытып, көзүн бекем жумуп алып, аны издемей оюнун көп ойночу болот. Атасы антип ойноого тыюу салса да, Вангелия ойногонду токтотмок тургай, адат кылып алат. Күндөрдүн биринде асман тунарып, катуу бороон-чапкын болуп, 12 жаштагы Ванганы куюн учуруп кетет. Аны эсинен танып, көзүнө кум толуп, талаа жаткан жеринен табышат. Көзү көпкө чейин ооруп, 2 жолу операция жасалса да жергиликтүү дарыгерлерден шыпаа болбой коет. Ошентип, жаш Ванганын көзү көрбөй, сокур болуп калат.

Эненин
эки өлүмү бар...

Ванга 16 жашка чыкканда алгачкы жолу өзүнүн көзү ачыктык касиетин атасына көрсөтүп, атасы жайып жүрүп жоготуп алган коюн тапканга жардам берет. Таңкы уйкудан ойгонгон Ванга койдун кайсы короодо жатканын түшүндө көргөнүн атасына айтат, ошентип анын айтканы туура чыгат. 14 жашка чыкканда өспүрүм Вангелияны сокурлар үйүнө бөлүп, анда 3 жыл жашап калат. Бирок, атасынын экинчи жубайы да төртүнчү баласын төрөп жатып, көз жумат. Мындай окуядан соң, 6 жана 4 жаштагы кичүү инилери менен 2 жаштагы сиңдисин кароого жардам берүү үчүн, сокурлар үйүндө таанышкан
Дмитр Гуштеров деген сүйгөнү менен кош айтышып, үйүнө кайтып келүүгө аргасыз болот.

Ванга- мамлекеттик кызматкер

Ванганын алдын ала айтып берүүчү касиети Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде 30 жашка чыкканда күчүнө кирет. Ал дайынсыз жоголуп кеткендердин кайда көмүлгөнүн, кайсы жери ооруганын, алардын келечектеги тагдырын жана адамдардын согуштан келер-келбестигин так айтып турган.
Ванганын айтымчылык жөндөмдүүлүгүн Болгариянын өкмөтү баалап, аны мамлекеттик кызматчылардын катарына кошушат. Ошентип, Ванга көптөгөн белгилүү адамдарга айтымчылык кызматын көрсөтө баштайт. Болгариянын Петрич шаарында атайын Вангага келгендер үчүн өкмөт тарабынан мейманкана салынган. Өкмөт Ванганын кабыл алуусунда болууну каалаган болгарлар жана Советтер Союзунун жашоочулары үчүн 2 доллардан, ал эми чет өлкөлүк жарандар үчүн 50 доллардан алып турган. Адамдарды кабыл алуудан түшкөн акчанын баары мамлекеттин казынасын толтуруп турган. Ага көрүнүү үчүн жылдап кезекке турушкан. Себеби, Ванганын жылына 100 миңге жакын адамдарды кабыл алган күндөрү болгон. Өзүнүн 55 жылдык өмүрүндө белгилүү болгар аялынын кабыл алуусунда миллиондон ашык адам катталганын айрымдар эсептеп чыгышкан. Алардын баары жашоонун кереметтери тууралуу сүйлөшүү үчүн эмес, өздөрүнүн кайгы-муңуна, ар кандай оору-дартына дабаа издеп келгендер болгон. Ванга ар бир адамдын айткандарын өзүнүн жан дүйнөсүнөн өткөрүп, алардан бешбетер кыйналган...
Ванганын айтымына караганда, болгон маалыматтын баарын ага өлгөн адамдардын арбактары айтып турган. "Адамдар мага келгенде эле көз алдыман алардын төрөлгөндөн өлгөнгө чейинки жашоосу тасма сыяктуу тартылып өтөт. Мен бул дүйнөгө ачылган дарбаза сыяктуу болгонум үчүн, арбактар келип мага айтып турушат. Менин кабыл алуума кайсы бир адам келгенде, анын өлгөн туугандары чогулуп алып, мага суроолорду беришет да, ага кайра эле өздөрү жооп беришет. Мен болсо, уккандарымды гана тирүүлөргө айтып турам"- дейт Ванга.

Тагдырдан качып кутула албайсың

Өзүнүн улуу агасы Васил согушка аттанганда, Ванга аны ал жактан өлтүрүп коерун айтып, барба деп жалдырап ыйлаган. Бирок, карындашынын айтканына ишенбей Васил согушка кетип, ошол жылы эле немецтердин колуна түшүп, кыйноо менен өлтүрүлгөн.
Элди дүрбөлөңгө салган билдирүүнү Ванга 1980-жылы айткан. Ал: "Кылымдын аягында, 1999-жылдын августунда же 2000-жылы Курск (Орусиядагы шаардын аты) суунун түбүнө кетип, бүткүл дүйнө ал үчүн кайгырып, жашын төгөт"- деген.
Ванганын мындай билдирүүсүн ал учурда эч ким көңүлгө албаганы менен, 20 жылдан соң, анын айтканы чыркыраган чындыкка айланды. "Курск" кемеси сууга чөгүп, бир канча адам өмүрү менен коштошту.
Ванганы Сталинди өлөт дегендиги үчүн шарлатан деп күнөөлөп, жарым жылга чукул убакытка түрмөгө камап коюшат. Бирок, Сталин Ванга айткан күндө өлгөндөн кийин, аны эркиндикке чыгарышкан.

Ванга өлүмдөн корккон эмес

Ванга 1940- жылы атасынан айрылса, 1942-жылдын 10-майында сокурлар үйүндө таанышкан сүйгөнү Дмитр менен баш кошот.
Бирок, алар 20 жыл бирге өмүр сүрүшсө да, Ванга күйөөсүн өлүмдөн куткарып кала алган эмес. Акыркы жылдары күйөөсү ичкиликке берилип, аракечке айланып кеткен. Болгариянын эң белгилүү аялы мунун баарын көрүп, билип, жакшы түшүнүп турса да, күйөөсүнүн тагдырын өзгөртүүгө кудурети жеткен эмес. 1962-жылы Дмитр өлүп жатканда, Ванга сокур көздөрүнөн аккан жашты сүртпөй, күйөөсү жаткан кроваттын жанында чөгөлөп олтурган.
Ванга өлүмдөн корккон эмес. Өлүм алдында жаткан Ванганы өкмөттүк оорукананын реанимация бөлүмүнө алып келишкенде, ал медициналык жардамдан баш тартып: "бардыгын Кудайга койдум" - деген. Эң кызыгы, ал өзүнүн өлө турган күнүн да алдын ала эле так айтып койгон. Ванга ооруканадагы акыркы 2 айын комада жатып, 1996-жылдын 11-августунда 85 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышат.
"Адам жакшы иштерди жасоо үчүн жаралган. Ар бир жаман иш жазасыз калбайт. Эгер бирөөгө жамандык кылган адамга жаза келбесе, анда ал анын укум-тукумуна өтүп кетет" - деген сөзүн Ванга элге айтуудан тажабачу.

Бүтүүнүн башталышы

Ванга өлүм алдында жатканда, өзүнүн алдын ала айтымчылык касиетинин баары Франциядагы 10 жашар кызга өтөөрүн билдирген. Бирок, касиетти алаары менен анын да көзү көрбөй көр болуп калаарын айткан.

Ванганын келечек тууралуу айткан айрым ойлору

(Айткандары иш-жүзүнө ашпай эле койсун!)

2008-ж. Төрт өлкөнүн өкмөт башчыларына кол салуу болот. Бул үчүнчү дүйнөлүк согуштун башталышынын бир себеби болот.
(Айрымдар муну 12-августта Грузияга учуп барган Украинанын, Эстониянын, Литванын жана Польшанын президенттери менен байланыштырышууда. Балким, Грузия менен Түштүк Осетия ортосундагы тиреш АКШ менен Орусиянын ортосундагы араң турган отко май чачып салат чыгар. Эгер, бул державалар ортосунда согуш башталса, анда аны 3-дүйнөлүк согуш деп айтууга болот. Бирок, жер огунан чыгып кетпейт деп эч ким кепил боло албайт.)

2010-ж. Ушул жылдын ноябрь айында үчүнчү дүйнөлүк согуш башталат да, ал 2014-жылдын октябрына чейин уланат. Бул согушта, алгач ядердик, анан химиялык курал колдонулат.

2011-ж. Радиоактивдүү калдыктардын натыйжасында, жер шарынын түндүк жагында жаныбарлар да, өсүмдүктөр да кырылып калбай калат. Мындан соң, мусулмандар тирүү калган европалыктарга каршы химиялык согушту башташат.

2014-ж. Химиялык согуштун натыйжасында, адамдардын көбү тери рагына дуушар болушат.

2018-ж. Кытай дүйнөнү башкарган жаңы державага айланат.

2023-ж. Жердин орбитасы өзгөрүүгө дуушар болот.

2033-ж. Түндүк муз океанындагы жана Антарктидагы муздардын көбү эрип, океандын деңгээли бир кыйла көтөрүлөт.

2043-ж. Дүйнөлүк экономика кайрадан гүлдөп-өсүп, Европаны мусулмандар башкара баштайт.

2066-ж. АКШ мусулман өлкөлөрүнүн бирине кол салууда жаңы климатты өзгөртө турган куралды колдонот. Жыйынтыгында, аба-ырайы кескин түрдө сууп кетет.

2288-ж. Табият ордуна келет.

2288-ж. Эл арасында тез картайта турган жаңы оору пайда болот.

2097-ж. Тез картайткан оорунун дарысы табылат.

2164-ж. Жаныбарлар менен адамдарды аргындаштыра башташат.

2170-ж. Дүйнөнү чоң кургакчылык каптайт.

2196-ж. Азияттар менен европалыктар аралашып, алардын ортосунда айрымачылык болбой калат.

2371-ж. Чоң ачарчылык каптайт.

3797-ж. Жердеги бардык тирүү жандыктар өлөт.










??.??