presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№60, 19.08.08-ж.
  Жаңы котормо

КИРИШ СӨЗ
Урматтуу окурман! Гезитибиздин өткөн санында Кубанычбек Басылбековдун котормосундагы грузин акыны Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган шер" поэмасын басып, тааныштырабыз деген элек. Эл элегинен өтчү атактуу поэма көз алдыңызда.

О, Кудайым, кудурети күчтүү биздин Жараткан,
Өтө кооздоп жерди-сууну энчибизге жараткан.
Кыймыл берип ар бир жанга өмүр, жашоо тараткан,
Калипада, шах, султанда бар элесиң саматкан.

Өзүң билип ар нерсенин ийледиң сен ылайын,
Күч-кубат бер, мен шайтандын өзүн уят кылайын.
Жүрөктөгү сүйүү оту өчпөс болсун ылайым,
Күнөөм үчүн өрттөбөгүн, кылгын мага ырайым!

Тамар- Ханга кызмат кылып Шер жылбаса жанынан,
Акыны- мен эмне жасап жагам кайсы жагынан?
Өлөң чачы жыпар чачып өтөт бейиш багынан,
Күндүн көзүн көрүп турган татат гүлдүн балынан.

Ырдайлы биз Тамар-Ханды ханды тартып, арбаган,
Бир кездерде ыр саптарын мен да ага арнагам.
Чий каламым болуп менин кимге чокту салбаган,
Чыгармамды окугандар "жалп!"- деп өчүп, жанбаган.

Канышаны жаңылантып макта калем жолдошум,
Көз, кирпигин сүрөттөгүн, керек мени колдошуң.
Оймоктой ооз, бермет тиштер жүрөк кылын козгосун,
Ташты дагы быркыратат жумшак балка коргошун.

Жазыш үчүн чеберчилик, тил, көңүл да жарашар,
Келгин илхам! Канышайга акыл өзү жанашар.
Биз даңтайбыз Тариэлди эл-журтун карашар,
Темирдей бек үч баатырды, таза, бекем жана шар.

Тариэл жок, ыйлап туруп эскерели, кел аны,
Жүрөк ооруйт, эзет каптап кайгы-муңдуу сел аны.
Тээ байыркы окуяны, калбай чиркин дем, алы,
Руставели ырга салды, ырдасын деп эл аны.

Мен, - Мажнунду бул дастанга сүйүү оту байлады,
Жарыгынан осмийт акын күнүң менен ай дагы.
Найзасынан жарат алып, суудай соолуйт сайдагы,
Аябаса даана өлөм, дары бербейт пайданы.

Бул Ирандан келген дастан, эл илгери угуптур,
Ооздон -оозго өтүп, жагып, көңүлдөргө жугуптур.
Грузиндерче аны жазыш мага гана буйруптур,
Жүрөгүмдү эзген жанга арнап. Бул да буйруктур.

Жан шеригин айланчыктайт, көрсөң сүйгөн адамды,
Мажнун жүрөк тентип, шилтейт боз талаага кадамды.
Жанымды ал сактап калсын, оорутса да жарамды,
Алым кетсе үч баатырды даңктап, ырдай аламбы?

Тагдыр нени жазса баары дал ошондой болушат,
Ишмер ишин кылса, жоокер-салгылашат, согушат.
Сүйүшкөндөр көр азаптын даамын татып, сорушат,
Сын такпагын, сени дагы сынга алып коюшат.

Ырды жазуу- билүү, таануу, ашууларды ашкандай,
Кемерет сөз пайда берип, сырдуу дүйнө ачкандай.
Ырахатка бетса болот бал, шербетти таткандай,
Сөз- дарыя, ыр-нускалуу ташка тамга баскандай.

Алыскы жол- чоң сыноосу мыкты жорго атыңдын,
Топту таамай урган ойлойт: "Азаматмын, катырдым".
Ырдын кенен, тереңдиги зор сыймыгы акындын,
Чабалына жолду бербейт таразасы акылдын.

Ыр мааниси солгун болуп, турса адам түшүнбөй,
Акын парзы-оңоп коюш деңгээлинен түшүрбөй.
Өз катасын оңойт жеңип, үмүт жиптей үзүлбөй,
Түшүм берген, табияттын күркүрөгөн күзүндөй.

Үч-төрт ырды жазып койгон акын эмес сынымда,
Андай неме жүрөктөрдү эрите албайт кылымда.
Эптеп-септеп уйкалышты таап алат да ырымга,
Мына ырдын мыктысы! - деп төшүн кагат чынында.

Чакан ырды жазган акын кибиреген немедей,
Жазган менен жүрөк кылын козгой албайт кенедей.
Жаш баланын колундагы ал оюнчук жебедей,
Чоңдон коркуп, майда жанды ата берет кенебей.

Майда ырды той-топурда, олтурушта самашат,
Курч, куйкумдуу жазылса ал мыкты экен деп санашат.
Ошондо да чоң чыгарма жаратканды карашат,
Бир ошону ырчы, акын деп айтууга жарашат.

Чанжыратып жазмакериң чалды-куйду чалбасын,
Жалгыз гана сүйгөнүнө зор эмгегин арнасын.
Мыкты ырда аты калсын, ишин Кудай жалгасын,
Мактаганга арзып дайым, лаззат, арзуу жандасын.

Мурда кимди мактап жүрсөм, мактай берем дагы да,
Ырга салып ырдап тынбайм, уялбаймын аныма.
Мен үчүн ал жандан кымбат окшоп аткан таңыма,
Атабастан атын, даңктайм жаралганды багыма.

Анык, таза сүйүү ыйык, күн нурундай, абадай,
Тилим алсыз, ал тууралуу сөз кылгандан жадабай.
Ыйык сезим курчаганда өзгөрөбүз аябай,
Сүйүү кыйнап, жанды эзет эчтемеге карабай.

Анын күчүн даанышман да айтып бербейт жалганда,
Кераяктар тантырашып жадатышат андан да.
Сүйбөй жашап жүргөн дагы батат чексиз арманга,
Алыс жакта ынагына жетпей жалгыз калганда.

Арабдарда Мажнун дешет акылынан тайганды,
Катуу сүйүп, сүйүү үчүн жанын толук сайганды.
Көрчү, мобул жетилгенге жанталашкан кайранды,
Жана ар бир жаш сулууга кумарланган айбанды.

Анык сүйгөн күндөн артык болуш керек кылымда,
Даанышмандык, чечендиги кайнап, ташып шыгында.
Ошондойлор айкөл келет, дымагы чоң сынымда,
Мындайларга башкаларың тең келишпейт чынында.

Сүйүү таза жана чексиз, жалгыз, бекем жаралар,
Караандабайт жеңил ойлук, ага майда санаалар.
Сүйүү менен бей оопалык эки бөлөк саналаар,
Ал экөөнү чаташтырба деген ата - бабалар.

Бир калыпта жүрөт мажнун, бар мүнөзү өзгөрбөйт,
Бирди сүйүп, бөлөгүнө тартылганын көз көрбөйт.
Каарданса да ыраазы болуп, каршы сүйлөп, сөз бөлбөйт,
Кокусунан өөп койгондо сүйүү жаткан өңдөнбөйт.

Андай оюн, тамашаны айтып болбойт сүйүү деп,
Көпөлөктөр ар бир гүлгө конгондугун көрөт эп.
Мындай ишке макоо балдар барат арын тебелеп,
Мажнун баарын ойдон сызат макоолукту жемелеп.

Бирди гана мажнун сүйөт, бир сүйүүгө берилип,
Ичтен сыздап, эстен танып, "сүйгөнүм!" деп, элирип.
Сагынгандан куса болуп, жаны жаман эзилип,
Сөзүн угуп сүйгөнүнүн эки кылбайт тез илип.

Жүрөк даабайт бирөөлөргө сырды айтып беришке,
Аяп, коргойт ушак сөзгө калбасын деп периште.
Үйүн анын сагалабайт, жол ачпастан кейишке,
Ак сезимден жыргап, өзүн сезет анык бейиште.

Сүйөмүн деп күбүрөнгөн зор сүйүүгө жарабайт,
Аракети ишке ашпайт, андай өзүн жаралайт.
Ал сүйгөнүн даңктай албайт, уят кылып каралайт,
Не себептен жан кейитип, ал сүйгөнгө карабайт?

Таң каламын, максат кылып анткорлукка барганга,
Кызды сүйүп эмне кылат жуурулушуп жалганга?
Эл алдында уят кылат маскаралап андан да,
Арам итке уу сөз артык шербет, шекер, балдан да!

Мажнун ыйы күнөө эмес, көрк деп аны санашат,
Селсаяктын тентигенин туура баамдап, баалашат.
Жүрөгүн бүт бийлеп алып, жанга сулуу жанашат,
Дегелечи, мажнун сырын айтпаганы жарашат.


(Уландысы бар)




Мекениме желбиреген желекмин

Олуя да, пайгамбар да эмесмин
Аларга мен кантип келет теңешким.
Ошентсе да өскөн элим-жериме,
Жок дегенде кумурскадай керекмин.

Президент да, премьер да эмесмин,
Алар жүрсө туу кырында белестин.
А мен жүрөм тээ төмөндө эл менен,
Анткендиги ошолорго керекмин.

Миллионер, чириген бай эмесмин,
Кайрылганага эч качан жок дебесмин.
Пейлим кенен, жүрөгүм ак эл үчүн,
Жокчулуктан токчулукка себепмин.

Ак сөөк да, куу чирен да эмесмин,
Бирок өзүмдү бир бечара дебесмин.
Ысык-суукка оңбогон да тозбогон,
Мекениме желбиреген желекмин.

Киргизге

Берекесин алып-жулуп тойбостон,
Бел оорутуп эч убара болбостон.
Мекени жок, теги да жок тентиген,
Туулдуңбу, каргыш урган ойноштон.

Кыргызмын деп эч ойлонуп койбостон,
Кыйын кезде эл намысын коргоштон.
Кыйгачтанып качып турган түгөнгүр,
Туулдуңбу, туругу жок ойноштон.

Ысык-суугуна күйүп-бышып тоңбостон,
Эл-жерим деп бир козголуп койбостон.
Кыргыз деген касиеттүү ат ургур,
Бүттүң беле, бир түнөгөн ойноштон.

Энее тилин тил катары сезбестен,
Элин дагы элим экен дебестен.
Кыргыз санын көбөйткөндүн ордуна,
Калсаң эмне, арабызга келбестен.

Арман кайрык

Качан болсо өйдө-ылдый өкчөлөм,
Кайда болсо байлык менен өлчөнөм.
Кантсе дагы жолум болбой дүйнөгө,
Капысынан келип калган өңдөнөм.

Күндө жөнөп иш артынан эл менен,
Күр-шар этип аянбастан тер төгөм.
Күйүп-жанып жүрсөм дагы дүйнөгө,
Күтүүсүздөн келип калган өңдөнөм.

Кусалыктан, сагынычтан дембе-дем,
Канча жолу көкүрөктү эзбеген.
Сүйгөнүмө жеалбастан зарланып,
Сүйүүсүздөн жаралгандай өңдөнөм.

Кимдер гана бул дүйнөгө келбеген,
Бирөө төмөн, бирөө басат өйдөдөн.
Төмөндө эмес, өйдөдө эмес арабөк,
Айласыздан жаралгандай өңдөнөм.
Ошон үчүн бир орундан жылалбай,
Ушул жерге такалгандай өңдөнөм.

Жума Мамбетов,
акын, журналист








??.??