presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№60, 19.08.08-ж.
 "Жалааңдан сакта…"

Суу талашы күч алууда
Климаттын кескин өзгөрүшү, дүйнө жүзүндө жылуулуктун өз ченеминен көтөрүлүшү глобалдык масштабдагы курч маселелерди пайда кылып, жер шарында көпчүлүк региондорду кургакчылык каптап баратат. Азыркы күндө 40 мамлекет суу дефицитинен жабыр тартса, анын кесепетинен сууну пайдалануу багытында пикир келишпестиктер күч алып бара жатат. Мындай чалкеш талаш-тартыштардан Борбордук Азиядагы өлкөлөр да четте калган жок.

Казань Республикасынын интернетинде Куаныш Бауржановдун "Суу оюнун от менен ойногонго" салыштырып, бирок бул маселеде Кыргыз Республикасы "башка тараптын кызыкчылыгына доо кетирип" жаткандыгы тууралуу пикирине кошулуу дегеле мүмкүн эместигин ачык айтууга туура келет.
Ар бир мамлекет өз элинин жетиштүү турмушта бейкут жашоосуна камкордук көрүүгө милдеттүү. Азыркы күндө мурдагы КМШ өлкөлөрүнүн курамындагы өлкөлөр рыноктук экономикага өтүп, алар өндүргөн бардык продукциялардын эл аралык баада сатууга өтүшкөнү мыйзам ченемдүү. Бул көрүнүштө кыргыз эли эч кимди күнөөлөгөн жок, же айыпка жыгуу үчүн аракет жасаган учуру кездеше элек. Бул элибиздин айкөлдүгүбү, же аңкоолугубу, аны учур көргөзөт. Бирок, учурдун талабы-суунун товар катары эквивалентке ээ экендиги дүйнөлүк практикадан ачык көрүнүп турганын автордун эске албагандыгы таң калыштуу. Бул маселени козгогон массалык маалымат каражаттарына күнөө коюп, гидро энергетикалык маселелерде Кыргызстандын үстөмдүк кылышы күч алганын айыпташы, анын эл аралык нормага карама-каршы , бул куралдуу чыр-чатакка алып келет,-деген пикири эгемендүү Кыргыз Республикасын басмырлаган коркутуусу катары санасак болот. Же болбосо, биздин өлкөбүз коңшу "боордош" өлкөлөрдүн газды, нефтини, көмүрдү, кыргыз суусунан өстүрүлгөн дан эгиндерин кымбаттаттыңар деп айып койгон учуру болдубу? Жок. Дагы бир ирет жок.
Алып көрөлүчү . Дүйнө элинде суу тартыш болгон бүтүндөй араб өлкөлөрүндө, Азиядагы айрым өлкөлөр менен өнөктөш Түркияда, чыгыштагы Японияда ичүүчү суу товар катары сатылып келет. Япониянын борбор калаасында "аба баштыкчалары" бизнестин өзөгүн түзөт. Европанын өнүккөн өлкөлөрү ичүүчү суусун Швейцариядан сатып алууга мажбур болушууда. Эмне үчүн кыргыз эли бул мүмкүнчүлүктү пайдаланууга болбойт?
Элибизде, ШОС саммити Бишкек шаарында өткөрүлдү.Ошондо Өзбек Республикасынын президенти Ислам Каримов суу-табият тартуулаган байлык, аны сатууга болбойт, - деген пикирин билдирген.Буга талаш жок, калыс карап көрөлүк.Казакстан менен Өзбекстан кыргыз элине эл аралык баада сатып жатышкан газ менен нефти деле табият тартуулаган байлык эмеспи. Эмне үчүн бул өлкөлөр табигый байлыктарды башкага сатуу укугуна ээ, ошондой эле табигый байлыктын бири сууну сатууга Кыргызстандын укугу чектелүүгө тийиш? Канатташ бул элдердин: "Эл башы болгончо, суу башы бол!"-деген накыл сөзү бекеринен чыккан эмес. Буга чейин эле суунун башын ээлеп алган адамдар ошол аймактагы элге сууну сатып келгенин кантип танабыз?
СССРдин учурунда, атап айтканда , 1991-жылга чейин Токтогул суу сактагычы сугат сезонунда Казакстан менен Өзбекстанга 8,5 миллиард метр куб суу, а кышкысын (октябрь-март) 3,75 миллиард метр куб суу бөлүштүрүп берип турган. Нарын дарыясындагы ГЭСтердин электроэнергиясын Борбордук Азия жана Казакстан керектеген. Ал эми Кыргызстанды жетиштүү санда газ, неф-ти менен камсыз кылуу иштери Москва аркылуу көзөмөл жүргүзүлүп, кышкысын суу сактагычка кийинки жылга жетиштүү суу топтолуп, кыргыз эли өз милдеттенмесин так аткарышкан.
Азыркы күндө бул өлкөлөр биздин сууну бекер пайдаланууга, ал эми газды, нефтини, көмүрдү эл аралык баада сатып алууга мажбурлоосу мамлекеттик масштабда тең укуктуулукпу?
Менимче, Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстарынын министри Сапарбек Балкыбековдун 2008-жылдын июнундагы ЕврАзЭС тин алдындагы энергетикалык саясат Кеңешинин 12-кеңешмесиндеги: "Кыргыз Республикасы Казакстан менен Өзбекстанга кошумча бир метр куб суу ашыкча бербей тургандыгы"- тууралуу билдирүүсү же суу саясаты боюнча эксперт Базарбай Мамытовдун: "-Белгилеп кетейин, биз эч кимди суу менен камсыз кылууга милдеттүү эмеспиз",-деген пикири өлкөбүз эгемендүүлүккө ээ болгон күндөн баштап коюлууга тийиш болуучу. Эмне үчүн?
Кыргызстандын аймагында Токтогул, Папан, Киров суу сактагычындагы суулар өлкөбүздүн айдоо талааларынын 20-30 пайызын гана тейлеп,70-80 пайызы коңшу Казакстандын жана Өзбекстандын кызыкчылыгына гана кызмат кылып келүүдө. Өзүбүздүн дыйкандар ар бир сугат иштерин жүргүзүүдө 200-400 сомдун тегерегинде сууну сатып алышат. Ал эми коңшу өлкөлөр ошол эле сууну бекер пайдаланышат.
Суу сактагычтардын астында 10 миңдеген түшүм берүүчү жерлер суу алдында басылып калган. Союз учурунда бул жерлер үчүн компенсация төлөнүшү белгиленген .Бул азыркы рыноктук экономиканын шартында да өз маанисин сактап калууга тийиш. Эгерде муну кошуна өлкөлөр аткарбаса, аларды суу менен камсыз кылууга эмне үчүн Кыргыз Республикасы милдеттүү болууга тийиш?
Мына, Өзбек Республикасы жайлы-жайлай суу сактагычтын суусун кеңири колдонду, ал гана эмес биздин өлкө Казакстан үчүн бөлүп берген сугат суусун тиешелүү аймакка өткөрбөй, өздөрүнө колдонушту.Күз келер менен Өзбекстан Кыргызстандан электро энергия сатып албай тургандыгы тууралуу билдирүү таратты. Кана, мамлекеттер аралык тең укуктуулук? Кана, эл аралык мамилелердеги мыйзамдуулук?
Кыргыз Республикасына Кубаныш Бауржановдун суу боюнча койгон дооматына кайрадан кайрылалы. Азыркы күндө Кыргызстанда Токтогул ГЭСи иштетилип, күзгү-кышкы сезондо 8,5 миллиард метр куб суу сарпталып,жайкы сугат күч алган мезгилде 5 миллиард метр куб суу гана берилгендигине басым жасайт.Таң калыштуу, эмне үчүн коңшу өлкөлөр үчүн Кыргызстан өз элин өткөн катаал кышта суукка тоңдурушу керек бэле? Суу Казакстан жана Өзбекстан үчүн газ менен нефтиден кымбат. Анда неге бул эки мамлекет алдын ала келишим түзүп, элибиз кышта колдонуучу электроэнергияга арзандатылган газ,нефти, көмүр менен камсыз кылууга сүйлөшүүлөр жүргүзгөн жок? Мына, кыш да босогого кирип келет, суу сактагычта суунун көлөмү 9 миллиард метр кубдан жаңы ашты.Эгерде быйылкы жайкы мезгилден бул өлкөлөрдүн жетекчилери сабак алса, анда келерки жайга карата суу маселесин Кыргызстан эмес, керектөөчү катары эки өлкө сүйлөшүүлөрдү баштоого тийиш.
Сырдарыя бассейнин калкы айыл чарбасынын эсебинен жашайт. Алардын сугат мезгилинде суу тартыштыгына кептелишине кыргыз элин күнөөлөбөй, аларды суу "дефицитине" жеткирбөө ишин Кыргыз Өкмөтү эмес, казак жана өзөбек бийлик бутактары чечүүсү керектигин көтөрүп чыкса калыстык болмок!
Дагы кайталайм, суу-товар. Товарды эч ким бекер бербейт.Быйылкы кышта да Кыргызстандын элинин курч мүнөзгө ээ болгон шартында коңшулаш эки мамлекеттин бийлик өкүлдөрү Сырдарыя бассейинде социалдык-экономикалык кырдаалдын татаалданышына жеткирбөөгө чечкиндүү аракет жасабагандыгы бул эми өлкөнүн бийлигинин камырабастыгыбы, же кайдыгерлигиби, аны өздөрү чечишер, бирок автордун "суунун дефицитин" Кыргызстан жасалма жол менен күчөткөндүгү куру жалган болуп отурат.
Ырас, кайсы учурда БУУнун Генсекретары Мирослов Енч менен жолугушусунда азыркы премьер-министр Игорь Чудиновдун: "-Кыргызстан суу-энергетика мамилесин эл аралык нормада сактайт",- деп айткан кебин бетке кармоонун азыр зарылдыгы деле жок.Эл аралык норманны бир тараптын сакташына талап коюу-бул жөн эле нонсенс. СССРдин ыдырашы менен мурдагы КМШ өлкөлөрүнүн өз ара социалдык-экономикалык байланышы чорт үзүлгөн.Ал мезгилдегидей суу сактагычтагы сууну коңшу республикаларга керектөөсүнө жараша каалаган учурда берүүгө милдеттүүлүк державанын жоюлушу менен жокко чыгарылган. Кыргызстан-бул эгемендүүлүккө ээ болгон, көз карандысыз мамлекет.Демек, бул өлкөнүн да өзүнүн жеке кызыкчылыгы-башка бардык келишимдерден жогору турууга тийиш.
"Укмуштуунун төөсү жорго ",-демекчи. Кыргызстан мына ушул суу боюнча талаш-тартыштарда укуктук боштукту (вакуумду) түзүп, Сырдарыя бассейниндеги элдин укуктарын басмырлагандай маалымат таркатылууда. Акыркы ондогон жылдар бою кышкысын электроэнергияны иштетип чыгарып, жайкы сезондо суу запасын толуктоого Кыргызстанды эмне мажбурлоодо? Буга Өбекстан менен Казакстандын кошкон канча салымы бар ? Суу боюнча ушул талаш-тартыштарды чечүүнүн кандай ишенимдүү жолу бар ? Күнөө коюлган тарапты буга барууга эмне аргасыз кылган? Коңшу өлкөлөр ушул маселеге кандай алгылыктуу сунуштар киргизүүдө? Алардын койгон талаптары Кыргызстандын экономикасына канча зыян алып келет? Суу маселесин козгогон Куаныш Бауржанов ушул маселеде кандайдыр бир деңгээлде калыс пикирин айтпагандыгын өз абйиринин соту алдында мойнуна алар.
Сырдарыя бассейининде азык-түлүк кризисине Кыргызстанды күнөөлөп, анын себебин бул эки өлкө суу сактагычтан кошумча суу бербегендигине байланыштырат. Ошону менен катар өлкөбүздүн электроэнергетиканы иштеп чыгарууну трансформация жасалгандыктан (кышкысын ГЭСтердин толук кубаттуулукта иштеши, жайкысын электроэнергиянын үнөмдөлүшүнө жетишүү максаты) эки өлкөнүн эл чарбасына зор зыян алып келгенин, экологиялык кыйроо коркунучу түзүлгөнүн белгилешет.
Тилекке каршы, бул региондордо мындай кыйын кырдаал буга чейин эле түзүлүп, Арал деңизинин кескин тартылып кеткендигин, кыргыз эли азыркы экономикалык оор шартка карабастан, нормага ылайык сууну берип жаткандыгын моюнга алышкысы келбейт. Ошону менен катар алар, Кыргызстанды "Эл аралык дарыялардын сууларын пайдалануу эрежелери " (Хельшнки, 1966) "Транс чек аралык агын сууларды жана эл аралык дарыяларды колдонуу жана коргоо Конвенйиясы" (Хельшнки, 1992) документтерин бетке кармашышат.
Эмне демекчибиз, эл аралык масштабда бул маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын да жүйөөлүү дооматтары бар. Суунун негизи болгон мөңгүлөрдү сактоого бул өлкөлөрдүн кандай кошкон салымы бар? Суу ташкындаганда айдоо талааларын талкалап кетүүдөн, кургакчылыкта нормага ылайык суу менен камсыз кылып жаткан суу сактагычтардын алдында калган түшүмдүү жерлерине компенсация талап кылуу да эл аралык мыйзамга туура келер? Буларды жөнгө салган гидрокызматчылардын эмгек акысын эл аралык стандартта төлөтүп берүү, дүйнөлүк практикага ылайык сууну товар катары сатып алуу маселеси да чечилер?
Эң өкүнүчтүүсү, ушул маселелер боюнча биздин бийлик бутактры тарабынан мурдатан эле катуу талап коюлганда, бул суу эмгиче кирешелүү тармакка айланмак. Кеч, кеч болсо да бул маселенин козголушу, бийликтин уйкудан бир жолу ойгонгондугунан кабар бергенсийт!...

Эртабылды Аттокуров,
"Алиби"











??.??