№59, 15.08.08-ж.
  Азизбектен азил кеп

Караван-сарай: "Миң бир түйүн"
1. Сиз ишенесизби?

Мышыктын ээги өйдө-ылдый гана жылып, капталын көздөй жылбайт дегенге ишенесизби?

Индеецтердин кээ бир уруулары жер титиреп жатканда бийлейт дегенге ишенесизби?

2. Судоку

Жапон элинин сандык баш катырма оюну судоку ("су"- сан, "доку" -өз алдынча турган) мээ чарчоону сергиткен оюн. Бул оюнга логика гана керек. Судокуну ойноо эрежеси деле жеңил эле: ТУУРАСЫНАН ДА, ТИГИНЕН ДА БОШ ЖАТКАН КЛЕТКАЛАРДЫ 1 ДЕН 9 ГА ЧЕЙИН САН МЕНЕН ТОЛТУРУШ КЕРЕК. Ар бир кичинекей 3+3төрт бурчтукта да тигинен. Туурасынан да 1ден 9га чейин сан бир гана жолу кездешкендей болсун.

3. Шахмат
Ушул позицияда актар жүрүп, эки жүрүштөн соң мат коюуга тийиш.

4. Башты иштетип, баш табыңыз?

- Борончунун бою неге кыска болуп калган?
- Бала кезинде чоңойсоң эле чокой кийип оор жумуш кыласың дегендиктен, чоңойгондон коркуп боюу өспөй калган.

Абдылда Ош шаарындагы Дөөлөткө кат жазыптыр.
"Дөкө, сенин туулган күнүң качан экендигин жазып жибер. Мен сага туулган күнүңө кымбат баалуу белек берейин деп жүрөм. "Кур аякка бата жүрмөк беле", ошондуктан бир жумадан кийин менин туулган күнүм экенин унута көрбө".

- Куйручук?!- дейт Борончунун көрөр көзү баласын урушуп.- Сен бул уят сөздү кимден уктуң?
- Атам айткан…
- Атаң молдоке болсо, кантип ушул сөздү уялбай айтсын.
- Ики, чыпчын, атам бактан кирпинин үстүнө кулап түшкөндө ушинтип айткан.

Жаныбек Шорпо үйүнө көңүлдүү болуп келип келинчегине мактанып жатат:
- Биз "Эр Төштүк жана желмогуз" деген сценканы даярдай турган болдук. Мага башкы ролду беришти.
- Оо, сонун болгон турбайбы -дейт келинчеги.
- Анда Эр Төштүктүн ролун ким аткарат?

Абдылданы Жамбыл кекетип айтат:
- Мени таз деп Рахманга айткан турбайсыңбы?
- Мен айтканга чейин эле таз экениңди билчү- деп актанат Абдылда.

Ресторанга Күмөндөр менен Рахман кирип уйдун тилине заказ беришет.
_ Бул уйдун тили "свежий" болду бекен?-дейт Рахман.
- "Свежий" эле экен.- дейт Күмөндөр.- Ишенбесең сүйлөшүп көрсөң болот.

Съездбек жаңы үйлөнүп ЗАГСка барат. Эки кичинекей шум бала аларды кызыгуу менен карап турат. Бир кезде балдардын бири:
- Давай, мен бир аз шоу көрсөтөйүн деп,чуркап барып: "Папа, мени таштай көрбө" деп Съездбектин бутун кучактап калыптыр.

Жаныбек куудулдукту үйрөнүп жаткан шакиртине айтып жатат:
- Сенин үйрөнчүк мезгилиң өттү.- дейт устаты.-Бүгүндөн баштап мен сени сиз дей баштайм. Эми аракка сен чуркабайсың, а сиз алып келесиз. Түшүндүңүзбү?

- Ата. Мобу күндөлүктү караңызчы?- дейт Куйручук атасы Борончуга
- Ушундай "2"ге толгон күндөлүк менен кантип уялбай басып жүрөсүң?!- дейт Бокең күндөлүктү барактап.
- Ата бул менин күндөлүгүм эмес сиздики. Мен сарайдын үстүнөн таап алдым.

Борончунун сыналгысы бузулуп калат. Борончу ордунан ттуруп ары-бери басыпбаласын кңрүп таң калычтуу:
- Уулум сен деле чоңоюп калган турбайсыңбы?- дептир.

Жаныбек үйүнө алагүү келет
- Карасаң сыналгыдан мени көрсөтүп жатат- деп жубайына мактанат.
- Жакшылап карачы, ал деген күзгү.- дептир келинчеги.




  Сахнанын
королу ким болот?

Кыргыздар кылымдардан сөзгө чечен,
Куудулдар өткөн экен нечен, нечен.
Көкөтөй, Жоошбай, Шаршен, Куйручуктар
Келишкен бири эрте, бири кечең.

"Күлкүстан"-куудулдардын өлкөсү деп,
Куудулдар жашайт анда өпкөсү көөп.
Хандыкты бир-бирине ыраа көрбөй
Турушат шайлап алсак көппөспү деп.

Сахнага баары даяр, баары белен
Чакырат калыстарды байкап терең.
Куйручук сындайын деп куудулдарды
Бир күнгө, а дүйнөдөн келген экен.

Келдибек куудулга "дед" карап,карап,
Кеп жебес кудулдарды бирден санап.
Эскерип Асанкулун "самоотвод" деп
Тизмеден өзүн-өзү чийип салат.

Сынга эч толбоймун деп жүрөк даабай
Келе албай турган экен куудул далай.
Шарт эле угар менен жөнөйт экен
Абдылда заадиси бек, теги малай.
7
Куйручук сынчы сынап минтип айтат:
"Жүрөктүү хандан, бектен кайра тартпайт.
Колу ачык, жоомарт экен чачып элге
Чөнтөгү калың кезде жүрөт шарт,шарт".

А бирок… кошомат чоң илдет экен
Калп-чынды кошуп кээде ийлейт экен.
Чокчоңдоп кол алдында тургандарга
Чоңдорду көрсө эле бийлейт экен.

Тек жайын байкап аны жактырбаптыр
Хандыкка Абдылданы чакырбаптыр.
"Манаптан куудул барбы куудулда" деп
Куйручук элге чыгып бакылдаптыр.

Эл- журтту байкап, анан сынай карап
Сахнаны көздөй жыла жөнөй калат.
Камчысын бүктөй кармап, опурулуп
Күмөндөр заадиси хан, теги манап.

Куйручук сынчы карап сынайт экен
Жаактууга сөз бербеген кепке чечен.
Куудулдар ишеничин актай алат
Манапча айткан сөзгө абдан бекем.

Хан болсо жайлайт тили тосуп туруп.
Буйрукту берет үнүн созур туруп.
А бирок… куудулду бүт сатып ийер
Байкатпай жубайына кошуп туруп.

Деп сынчы айтат экен карап даана
Күмөндөр сахна жакка баратканда.
Куйручук жөнөтүптүр Күмөндөрдү
Дайындап хан болсун деп тараканга.

Борончу келет экенг элге карап
Боорсоктой жаңы бышкан өңү жарап.
Еврей кире качаар тешик таппай
Эгерде такка отурса эс-эс саяк.

Куйручук баалайт экен оюу кенен
Борончу королдукка жолу кенен.
А бирок… кантип аны хан кылабыз
Койтойгон эргежээлдей боюу менен.

Деп сынчы кодоосуң деп жактырбаптыр
Сахнага Борончуну чакырбаптыр.
Боюу узун куудулдарда барбы адам деп
Куйручук элге чыгып бакылдаптыр.

Жаныбек "Шорпо" деген алган атак
Королду аламын деп кылат чатак
Ким бар деп королдукка менден башка
Сынчыны кызуу болуп, сөзгө матап.

Боюу бар, боюуна чак салмагы бар
Сөзгө бай Чоңко деген аймагы бар.
Тилинен чаңы чыккан Жаныбектин
Сөзүндө сүтү эмес, "каймагы" бар.

А бирок… Жакең динди кармабаптыр
Арамбы, адалбы деп тандабаптыр.
Чочкону койдой союп шорпосуна
Жүз грамм арак кошуп жалмалаптыр.

Деп Кукең Жаныбектин бактысына
Кубалап түшөт экен тактысынан.
Шарыят жолун туткан бар бекен деп
Жар салып чакыртат дейт сакчысынан.

Чыгат дейт чоң шоумен Рахман молдо
Оо кудай мына эми өзүң колдо.
Келтирип улам-улам дин келмесин
Сахнага бара жаткан кыска жолдо.

Сынчыга Рахман молдо жагыптыр дейт
Кунт коюп өтө көңүл салыптыр дейт.
Ааа бирок… жаратпаптыр кемпирине
Мурдунан жетелетип калыптыр деп.

Жулунуп куудулдарды бирден жөөлөп
Айкырып кээде эшекче, кээде мөөрөп.
Куйручук акасына сындатам деп
Култуңдап жетип келет куудул Дөөлөт.

Кудум да өзү үйрөткөн мектеп анык,
Куйручук Дөөлөт жакты беттеп алып.
Шолоктоп жашын төгүп ыйлап ийет
Жаштык кез мөөрөгөнүн эстеп алып.

Сөз табат кепке эл-журт чаңкаганда
Күлдүрөт басым жасап калпка гана.
А бирок… көргүлүктү көрөсүңөр
Кокустан бийлик тийсе маңкаларга.

Деп сынчы Дөөлөттү да маңкасың деп
Тапкыла мурду бүтүн башкасын деп.
Турганда Алим уулу Кубан келет
"Кочкордой" тумшук кантип жакпасын деп.

Сынчы айтаттумшугуңда кырлар кенен
Кубанды "куудул- король" кылаар элем.
А бирок… бойдок боло калат экен
Үйүнө үч метрге жылаар менен.

Кубанды кубалаптыр "бойдоксуң" деп
Борбордо далай ирет жойлопсуң деп.
Балдарың бойго жетип калса дагы
"Баягы" барган жерди койбопсуң деп.

Чыгат дейт кимдер мага теңелер деп
Куудулдун баарын "жмот" немелер деп.
Сахнага Кубик куудул атып чыгат
Колду чаап колдогула жеңелер деп.

Жаш өтүп Кубикте да ал деми жок
Секстен "серьезный" эч мандеми жок.
А бирок… кантип аны хан кылыбыз
Жеңеси менен анын тандеми жок.

Тандемсиз Кубик король болбосун деп
Жеңелер менен мейли тойлосун деп.
Турганда Агыбайдын Илияз келет.
Жаш элем кудай өзү колдосун деп.

Кубулжуп үнү башка, улам ар ким
Таптаса чыгаар эле андан балким.
Туураса башкаларга окшоштуруп
Тургансыйт бет алдыңда Максим Галкин.

А бирок… кадыр-баркын жоготобу?
Хан болуп тапканын бүт коротобу?
Далайга башы бышкан "дед" куудулдар
Илиязды молодой деп тоготобу.

Деп Кукең Илиязды да жактырбаптыр
Королго ким келет деп бакылдаптыр.
Таздарга сыным өтпөйт, көз тийет деп
Сахнага Жамбыл тазды чакырбаптыр.

Эркек жок бир топ убак турат экен
Жулунуп Сакиш сулуу чыгат экен.
Кукеңдин карт жүрөгү болк дей түшүп
Сулууну сырдуу карап сынайт экен.

Сулуусуң айтып бүткүс сулуулугуң
Айтпайын денеңдин да жылуулугун.
А бирок… көтөрө албайт куудулдар бүт
Тилиңдин заардуулугун,уулуулугун.

Деп сынчы куудулдарга ханды таппай
Сынап бүт элден тирүү жанды таппай.
"Королду бергилечи мага эле" деп
Турганда, элдин баары калды таппай.

Куудулдаро ынтымакка келе алышпай
Бийликти бир-бирине бере алышпай
Калыптыр ыркырашып ушул күндө
Королду ыраа көрүп бере алышпай.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ