№59, 15.08.08-ж.
  Дүйнө дүрбөлөңү

Украина

Ющенкону ким ууландырды, ыя?
Украиндердин өлкө башчысы Виктор Ющенко 2004-жылы өлкөдө болуп өткөн "кызгылт-сары" ыңкылабынан кийин кимдир бирөөлөр тарабынан ууландырылып, "эки-үч айдын ичинде оо дүйнөгө сапар алат"- деген каңшаар кеп коомчулукту аралаган эле. Бирок, Витя баатыр өлбөй-этпей эле саясаттын сазайын окутуп, дагы деле күчүндө. Ал гана эмес, өзүнө кыянаттык кылган деп шек санаган адамдын толук аты-жөнүн украин журтчулугуна жар салды. Көрсө, Виктор Ющенкону Украин Радасындагы НУНС деп аталган президенттик эле партиянын депутаты Давид Жвания ууландырыптыр. Президенттин бул билдирүүсүн парламент депутаты "укуктук нигилизмдин айкын мисалы" деп баалады.

Грузия

Кош КМШ, уулуң кетти НАТОго

Өзүн ашынган радикал-саясатчы эсептеген Грузия президенти Михаил Саакашвили 12-август күнү өлкө парламентинин алдында өткөн митингде "Грузия КМШдан чыкты"-деген билдирүүсүн жасады.
Эскерте кетсек, мындай маселе ошол эле Саакашвили мырзанын демилгеси менен 2006-жылы да көтөрүлүп, бирок, өлкө парламентинин колдоосуна ээ боло алган эмес. Эми минтип, "Орусия сабап жатса, ооз ачып койгонго жарабайсыңар"-деп эски мекендештерине катуу таарынып, "Грузия шериктештик мамлекеттердин катарынан чыкты жана Советтер Союзу менен бүгүнтөн баштап түбөлүк кош айтышты",-деди митингде сүйлөгөн сөзүндө Михаил Саакашвили.

Пакистан

"Мушарафка ишенбейбиз"-дешет го…

Пакистандын президенти генерал Первез Мушарафтын жүргүзгөн саясаты акыркы мезгилдерде көпчүлүктүн купулуна толбой келет.
Пакистан парламентинде басымдуу көпчүлүккө ээ Пакистан элдик партиясынын лидери, раматылык премьер-айым Беназир Бхуттонун жесири Асиф Али Зардари учурдагы өлкө президентин "иш билбейт, демократиялык өнүгүүдөн такыр четтеп кетти, ага сөзсүз импичмент жарыялоо керек",-деди.
Мындан тышкары пакистандык парламентарийлер Мушарафка негизги үч күнөөнү тагышууда. Булар анын бийликке антиконституциялык жол менен келиши, генералдык аскер чининен баш тартып, демократиялык жолго түшөм деген элге берген убадасын аткарбагандыгы жана өлкөдөгү ислам экстремизминин күч алып кетишине жол бергендиги.
Эске сала кетсек, жаз айларында өткөн парламенттик шайлоолордо Пакистан элдик партиясы 121 орунга ээ болсо, бул партияга тилектеш Мусулман Лигасы партиясы 91 добушка ээ болгон. Демек, 336 орундуу Пакистан парламентиндеги бул ири коалициялык фракциянын мындай саясий оюнуна кошулуп кеткен бирин-экин майда партияларды кошкондо, генерал-президент Первез Мушараф чын эле импичмент жолу менен ардактуу эс алууга кеткени калды окшойт.Бирок, ким билет карт-генерал дагы бир шойкумун баштап ийбесе эле, бул маселе ушул жумада чечилиш керек.

АКШ

Вашингтон Москвага муштумун түйдү

АКШ Орусияны Грузияга каршы согуш жүргүзгөндүгү үчүн жакшылап жазалоонун айласын издөөдө.
Экс-СССР кулап, башаламандык өкүм сүргөн 90-жылдары америкалык "доктриначылар" иштеп чыгышкан бир полярдуу дүйнөгө катуу көнө түшүшкөнбү, айтор Кремлдин мурункудай сөзгө келбей, эл аралык саясатта ээн-эркин иш алып баруусу АКШнын ак үйүнө көптөн бери жакпай келет. Ошондуктан, Вашингтон өкмөтү, европалык "өнөктөштөрү" менен кичинекей Түштүк Осетия үчүн чоң чаң-тополоң түшүргөн Орусияны кандай гана жол менен болсо да жазалап, жакшылап тартипке келтирүүнүн ар түрдүү жолдорун издөөдө.
Көрүлүүчү эң башкы чаралардын бири катары жер шарынын кыйындары өткөрүүчү "Чоң сегизден" Орусияны чыгаруу, РФ аймагында НАТО менен биргеликте өткөрүлүүчү деңиздик-аскердик машыгуудан баш тартуу, Европалык экономикалык шериктештик жана өнүктүрүү уюмуна, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна орустарды жолотпоо сыяктуу маселелер каралууда.
Айтмакчы, Шарль де Гольдон баштап эле АКШнын дүйнөлүк үстөмдүгүн анча жактыра бербеген Франция бул кырдаалда да өзүнүн эрктүүлүгүн көрсөттү. Учурдагы француз президенти Николя Саркози 15-23-август күндөрү белгиленген "FRUKUS-2008"-деп аталган машыгуу иш-чараларынан баш тартпай тургандыгын билдирди.

Ливан

Триполидеги терракт

Африканын түндүгүндө жайгашкан Ливан мамлекетинде эл ташуучу автобус жарылып, 11 киши оо дүйнөгө узап кетти.
Бул мамлекеттин борбор шаары Триполиде болуп өткөн кырсык "террористтик актынын кесепети"-деп өлкөнүн коопсуздук кызматкерлери бүтүм чыгарышты.
Бул мамлекетте диний конфессиялардын ортосундагы жаңжалдардын айынан акыркы эле мезгилдерде жыйырмадай киши көз жумуп, 150дөйү ар кандай жаракаттарды алышкан.

Иран

Министрлер да диплом сатып алышат

Иран Ислам мамлекетинин ИИМине жетекчи болуп жаңы отурган Али Кордан Оксфорд университетинин дипломун сатып алгандыгын бир катар батыш басма сөз каражаттары жазып чыгышты.
Оксфорд университетинин жетекчилиги ирандык ИИМ министри Али Кордан бул университетте эч качан окубагандыгын жана бул диплом жасалма экендигин билдирди.
Юридика илимдеринин докторлугун тастыктаган Оксофорддун бул дипломун Али Кордан мырза 2000-жылы сатып алган экен. Ушул дипломунун аркасында Али Кордан мындан он эле күн мурда Ирандын ИИМ министрлигине отурган. Ирандын ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы "бул диплом эч кандай жасалма эмес"-деп бул айыптоолорду четке какты.




Орусия

Кикабидзе катуу таарынды

Белгилүү актер жана ырчы атактуу "Читто-гриттону" созолонткон Вахтанг Кикабидзе орустар ыйгарган "Эл достугу" орденинен баш тартты.
Орусиялык "Эхо Москвы" радиосуна берген маегинде Вахтанг Кикабидзе орус элине өтө зор сый мамиледе экендигин жана мындан ары да сыйлай берерин, бирок, Орусия бийлигинин Грузияга каршы жасаган иштеринен кийин бул сыйлыктан баш тартаарын билдирген.
Эске сала кетсек, Грузиянын эл ырчысы, белгилүү ырчы жана актер Вахтанг Кикабидзеге ушул жылдын 19-июлунда Орусия президенти Дмитрий Медведев "Эл достугу" орденин ыйгаруу жөнүндө жарлыгына кол койгон.
"Мен өмүрүмдүн көп жылын Орусияда жашап келем жана ырларымдын жарымынан көбү орус тилинде, ошондуктан мен орус элине эч кандай жаман оюм жок, бирок, Орусиянын Грузияга каршы мындай саясатына мен макул эмесмин"-дейт өз сөзүндө Вахтанг Кикабидзе.

Венесуэла

Латын Америкасыбы же Индия Америкасыбы?
Венесуэла президенти Уга Чавес "Латын Америка" деген терминди алып салып, "Индиялык Америка" деген терминди колдонууну сунуш кылды.
"Латын-деген сөз эмнени түшүндүрөт? Бул термин европалык байыркы элдердин аты, ал эми биздин нукура өз атыбыз-индей. Латын-деп европалыктар өз атын бизге ушуга чейин таңуулап келишти. Тарыхий адилеттүүлүктү өз ордуна келтирүүгө убакыт жетти-деп ойлойм"-дейт Уго Чавес.
Латын Америкалык саясат таануучулар Венесуэла лидеринин мындай ою индей этносуна болгон анын этникалык таандык экендиги менен байланыштырышууда.

Бетти даярдаган,
Эрнис БАЛБАК,
"Алиби"