№58, 12.08.08-ж.
  Хандан хандын неси артык, калыстык кылган иши артык

Аргасыз арыз
Кыргыз Республикасынын
Президенти, Конституциянын гаранты
Курманбек Салиевич Бакиевге,
Кыргыз Республикасынын Жогорку
Сотунун төрайымы
Жаңыл Садыевна Алиевага,
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Турсунбек Акунга,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине
жана Коомдук парламентке,
Америка Кошмо Штаттарынын элчилигине,
Россия Федеративдүү Республикасынын элчилигине,
Германия Федеративдүү Республикасынын элчилигине,
Кыргыз Республикасынын аймагында
жайгашкан бардык чет элдик элчиликтерге,
ОБСЭнин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнө,
"Ата Мекен", "Ак Шумкар", "СДПК", "Асаба", "Кыргыз Эл",
"ЭрК", "Улуу Биримдик", "Жашылдар", "Эркиндик", "Таза коом",
"Элет", "Замандаш" ж.б. партиялардын лидерлерине
жана бардык мүчөлөрүнө;
Кыргыз Республикасынын аймагындагы
бардык өкмөттүк эмес уюмдарга;
Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык укук коргоочуларга;
Кыргыз Республикасынын бардык
жарандарына жана "Алиби" гезитинин ОКУРМАНДАРЫНА.

Урматтуу президент!

Биз, "Алиби" гезитинин эмгек жамааты, аргасыз арыз менен сизге кайрылууга мажбур болуп отурабыз. Конституция боюнча, башкача айтканда кагаз жүзүндө, Сиз анын кепили экендигиңизде талаш жок. Азыр болсо, иш жүзүндө сиздин ким экендигиңизди таразалап, баалап көрүүчү учур келди деп ойлойбуз.
Биздин гезиттин 2008-жылдын 23-январындагы санына "Президенттин инисинин ишин ким тергейт?" аттуу сын макала жарыяланган. Анда 2007-жылдын 22-мартында таңкы саат төрттөр чамасында Бишкек шаарынын Жибек жолу көчөсүндөгү №100 үйдүн жанынан Акбар Молдокулов деген жаш жигитти 54-91 ВА номерлүү "Хундай Сонато" автомашинасы ыргыта уруп, анын соңунан дагы эки машина тебелетип кетип, Акбар ошол жерден жан бергенин, биринчи урган "Хундай Сонатону" МАИ кызматкерлери шаардын башка бир бурчунан табышканын. МАИ кызматкерлеринин рапортун тиркейбиз. Бишкек шаардык прокурорунун орун басары Э.Досматовдун маркум Акбардын эжеси Б.Молдокуловага 27.04.07-жылы жазган №3 194.07 сандуу расмий катында "В частности следствием устанавливается личность Салиева А.Ж., на имя которого в салоне автомашины "Хундай-Сонато" с г.н. 5491ВА обнаружены квитанции об оплате услуг телефонной связи" (прокурордун катын тиркейбиз) деп жазылып турганын, калган эки айдоочунун да аты-жөнү такталгандыгына карабастан тергөө органдары он айдан бери ишти тергебей жаткандыгын жазганбыз.
Биздин редакциянын наамына жазган арызында Акбардын апасы З.Муканова канкакшап минтип боздойт: "Со дня совершения преступления прошло более 8 месяцев, однако сотрудники Уголовного розыска г.Бишкек до сих пор не могут задержать водителя первой автомашины "Хундай - Сонато" г.н. 54-91 ВА Салиева Асылбека Жаныбековича, родного племянника президента КР Бакиева Курманбека Салиевича. Доказательством того, что именно он управлял вышеуказанной автомашиной в момент совершения наезда является квитанция об оплате услуг связи, которую нашли в автомашине во время осмотра, а также согласно распечатки "Кател", исходящие переговоры из его мобильного телефона (номер 76-46-56) с 03:51 ночи 22.03.2007-г. так как смерть моего сына, по заключению судмедэкспертизы, наступила около 4.00 часов ночи ("утра" деп жазылышы керек эле).
Согласно данных "Кател", Салиев Асылбек Жаныбекович прописан по адресу: г. Бишкек, ул Московская д. 189-кв. 83, паспорт выдан 22.06. 2007г. МВД 50-01.
Известны все необходимые данные, почему не могут до сих пор задержать виновных или в этом есть чья-то заинтересованность?"
(арыз тиркелет)
Мына ушулардын негизинде "Президенттин инисинин ишин ким тергейт?" деген макала даярдалган. Жогорудагылардан айырмаланып, ал макалада сиздин иниңиз Асылбек Салиевдин бул ишке тиешеси бардыгы болжол иретинде айтылган. Сот чечимдерине карабастан аны окурмандарга жеткирүүгө, ал боюнча өз болжол ой-пикирин билдирүүгө автордун да, редакциянын да укугу бар деп эсептейбиз.

Урматтуу Президент!
Он ай бою тергөөчүнүн столунда же сейфинде чаң басып жаткан иштин гезитке материал чыгаары менен чагылгандай тездик менен бүтүшү эмнени түшүндүрөт? Эгерде Бакиевдердин бирөөсү тарабынан шек-шоорат болбосо, б.а. иштин тез арада тергелип бүтүшү талап кылынбаса тергөө органдарынын аларды даап суракка чакырышы деле күмөн экендигин эч ким тана албас.
Сиздин иниңиз Асылбек догурунуп биздин гезитти сотко сүйрөгөн күндө да Конституциянын гаранты катары сиз бул ишти токтотууга милдеттүү болчусуз. Себеби, каза болгон Акбар Молдокулов дагы, анын жакын туугандары дагы Кыргызстандын жарандары. Ай-чолпондой баласынан, сүйгөн жарынан, бир тууганынан ажырап, боздоп отурган адамдарга көмөк көрсөтүп, жылуу сөзүн аябай, күнөөкөрдү тезирээк таап, берер жазасын берүүнүн ордуна тергөө органдары он ай бою ишти ордунан жылдырбаса айласы куруган немелер бизге кайрылгандай сизге деле кайрылышмак да, туурабы? Демек, бу жолкусунда сиздин милдетиңизди биздин гезит аткарып берип отурат.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы М.Давлетбаева 2-июнда чыгарып, 09.06.08-жылы даярдаган чечиминде мындай дейт:
"Иск Салиева Асылбека Жаныбековича к редакции газеты "Алиби" и к Иманалиеву Урмату Кыдыкбековичу о защите чести и достоинства удовлетворить частично.
Признать сведения, опубликованные в газете "Алиби" 23 января 2008 года на третьей странице в статье "Президенттин инисинин ишин ким тергейт?" о том, что "Алардын биринчиси, тагыраагы биринчи шектүү адам же "негизги кылмышкер" Салиев Асылбек Жаныбекович болушу толук ыктымал. Себеби, маркум Акбарды биринчи ирет 54-91 ВА мамлекеттик номерлүү "Хундай Сонато" автомашинасынын айдоочусу сүзүп алып, Акбарды оор абалда калтырып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Ал автокырсыкка мүнөздүү көрсөткүчтөрү бар автомашина алыс эмес жерде, Октябрь көчөсүнүн №303 үйүнүн короосунан МАИ кызматкерлери тарабынан табылган. Бул машинага Салиев Асылбектин тиешеси бар экендигин машинанын салонунан табылган мобилдик байланыш кызматы үчүн "Кател" компаниясына төлөнгөн квитанция далилдейт. "Кателдин" маалыматына ылайык түнкү саат 03:51 ден баштап 76-46-56 номеринин абоненти тынымсыз байланышка чыккан. Бул номердин абоненти Бишкек шаарынын Москва көчөсүнүн 189-үйүнүн 83-батиринин тургуну Салиев Асылбек Жаныбекович болуп отурат. Ал эми Акбар саат 4 чамасында каза болгон. Демек… о том, что "Кылмыш иши козголгондон бери 8 ай өтсө да кылмышкерлер жазаларын ала элек. Анын себеби түшүнүктүү. Анткени, Акбарды адегенде сүзүп алышы мүмкүн болгон Салиев Асылбек Жаныбекович Президент Бакиевдин жакын иниси, кылмышка тиешеси бардыгына далилдер турса да, суракка алынган эмес. Айрым маалыматтар боюнча ал окуядан кийин КРнын куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөөгө кеткен", о том, что "Буга сиздин, мыйзамдын аткарылышына кепил болгон өлкө башчысынын жакын тууганынын да катышы бар болушу мүмкүн дегенге толук негиз бар", не соответствующими действительности, порочащими честь и достоинство Салиева Асылбека Жаныбековича.
Обязать редакцияю газеты "Алиби" в тридцатидневный срок со дня вступления настоящего решения в законную силу опубликовать на третьей странице газеты "Алиби" опровержение...
Взыскать в пользу Салиева Асылбека Жаныбековича компенсацию морального вреда с редакции газеты "Алиби" в размере 1 000 000 (один миллион) сомов, с Иманалиева Урмата Кыдыкбековича - 3 000 (три тысячи) сомов.
В остальной части иска отказать.
В удовлетворении встречного иска редакции газеты "Алиби" к Салиеву Асылбеку Жаныбековичу о защите деловой репутации и возмещении морального вреда отказать.

Урматтуу
Жогорку соттун төрайымы!
"Дүжүр" судьяңыздын чечимин кунт коюп окуп коюуңузду көптөн - көп өтүнөөр элек. Аныңыз иш жүзүндө болгон автоаварияны болгон эмес деп төгүндөө бересиңер деп биздин редакцияны кылмышка түртүп отурат. Эгерде максат эле "Алиби" гезитин айыпка жыгып, анын тогуз кат жон терисин сыйрып алуу болсо, чечимиңерди чындыкка коошпосо да, жакындаштырганга, окшоштурганга аракет кылып көрсөңөр боло. Болбосо, райондук соттун чечими деле, шаардык соттун чечими деле казактын кең даласына түшүп кеткендей элес калтырат экен. Бирөөлөрдүн заказын аткарсаңар да кабыргаларын оркойтпой, жымсалдамыш этсеңер көпчүлүк ишенип калат эле го…
Баса, шаардык сот демекчи...

Урматтуу президент!
Урматтуу төрайым!
Сиздер дайындаган, чогуу иштешип жаткан судьялар чындыкты, акыйкаттыкты изилдеп, издөөнүн ордуна аларга өчөшүп калган жайлары бар беле? Андай судьялар кимге керек? Силергеби же карапайым калккабы?
Жарандык-процессуалдык кодекстин 11-главасында тараптарды сот отурумуна чакыруунун жол-жобосу толук көрсөтүлгөнүн биз да жакшы билебиз. Ошол эле кодекстин 328-беренесинин 2-пунктуна ылайык тараптардын бири эскертилбей калып, сотко келбесе сот иши жылдырылууга тийиш эле. Бирок, шаардык соттун судьялары Абдурахманова К.У., Закиряев Ө., Фахритдинова Л.Д., биздин апелляциялык арызды жоо куугандай карап, ЖПКнын 329- беренесинин 5-пунктунда көрсөтүлгөн укуктарыбызды дагы бир жолу тебелеп, райондук сот карабай койгон өтүнүчтөрүбүздү каратуу мүмкүнчүлүгүнөн, актыгыбызды далилдөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, райондук соттун чечимин гана күчүндө калтырып койгонун кандайча түшүнсө болот? Же биз "тот всегда прав, у кого больше прав" деген орус макалын жетекчиликке алып жашап жатабызбы?
Шаардык сот өз аныктамасында 18-июлдагы ишти жылдыруу боюнча өтүнүчүбүздү алгандыгын, бирок өтүнүчүнө командировкага барууга негиз болгон буйруктун тиркелбегендигин, командировка күбөлүгү күбөлөндүрүлбөй, көчүрмөсү берилгендигин шылтоо кылып, ЖПКнын 75-беренесин бетке кармаптыр.
"Тобоо" деп жакабызды кармандык. Демейде, үйүндө жатып алып, алакандай кагаз берип жибергендердикин "а-бу" дебейэле жылдырып койчу сот аке-эжелерибиз мөөр басылган өтүнүч, командировка күбөлүгүнө карабай, мыйзамдын тамгаларын "такалап" А. Салиевдин иши ошол күнү каралбай калса "топон суу" жүрүп кетчүдөй шашкандары кызык.
Анан дагы аныктамага "отсутствия невозможности рассмотрения дела вследствие неявки ответчиков" деп өкүлдүн катышуусуз эле короо мүмкүн болсо, иш каралаарда эмне үчүн кылмыш иши шаардык прокуратуранын жообу алдырылган эмес, Молдокуловалар сотко чакыртылган эмес? Же аларсыз деле ишти карай берүү мүмкүн беле? Биз өз өтүнүчтөрүбүздө "ошолорду тактап бергиле, алардын ишке түздөн-түз тиешеси бар, аларсыз биздин күнөөбүздү аныктоо мүмкүн эмес"-деп канкакшап отурбайбызбы. Бийликтин туу чокусунда отурган адамдардын урук-туугандарынын ишине келгенде өмгөк, анан күч болсо болсо эле жетиштүүбү? Ага далил, жүйөө, негиз дегендердин кереги жокпу?
Эки күндүн биринде шаардык соттун жарандык иштер боюнча секретариатына телефон чалып, телефондун аркы башындагы кыздар "Күткүлө. Каралуучу күндү өзүбүз айтабыз"- деп "момпосуй сордуруп" отуруп, ишти бизди катыштырбай туруп 18-июлда эле карап салгандары эмнени каңкуулайт?
Же урматтуу президент, сиздин инилериңизди "Алибиден" алуучу бир миллион сом уктатпай, чөнтөк судьяларга "тапшырма" катуу берилгенби? Канткен күндө да, мыйзамды бир аз сыйлап, анын жол-жобосун сактаган түр көрсөтүп коюшса, аргасыздан ыраазы болуп калбайт белек. Мыйзамды коргоочу, сактоочу немелер кир тамандары менен мыйзамды тебелеп жатышса, аргасыздан "сениби, сени…" деп айтууга мажбур болот экенсиң.

Урматтуу президент!
Урматтуу төрайым!
Ушул кайрылуу катыбыз гезитке жарыяланган күнү тиешелүү жерге көзөмөл арызыбызды тапшырдык. Жаныш Бакиев менен "моралдык депрессияга" тушугуп, анысынан "Алибиден" алуучу миллион сом менен айыгууга ниеттенген анын уулу Асылбек Салиев ортодо турганда бу заманда адилеттик табуу оңойго турбай калды окшойт. Ошентсе да, "үмүтсүз-шайтан" дейт эмеспи элде. Биз шайтан болгубуз келбейт. Биз өзүбүздү М.Горькийдин "бороон кабарчыларындай" сезебиз. Биз чындыктын, адилеттиктин көзүн көргүбүз келет. Ошондуктан, аз айлыкка, түн уйкуга кайыл болуп, "Алибини" түптөп, таптап келатабыз. Эгерде, силер чындап эле бириңер Конституциянын гаранты, экинчиңер сот системасынын адилет иштешин камсыз кылууга кызыкдар болсоңор Салиев Асылбек менен соттордун биздин гезитке, башкача айтканда адилеттикке карата "оюндарына" адилет баа берүүгө милдеттүүсүңөр деп эсептейбиз.
Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде И.Сталин карачечекей уулунун өмүрүнө кайыл болуп, маршалга алмашпай койгон дешет. Президент Бакиевдин бир тууган инилеринин амбициясынан чындыкты жогору коюуга күчү жетеби?
Күтө туралы.
Биз ушул "аргасыз арызыбыздын" бир даанасын жогорудагы аты аталган адресаттарга жөнөтүүгө мажбурбуз.
Себеби, 7-август күнү сот аткаруучулар келип, "Алиби" гезитинин кеңселериндеги болгон иш куралдарды тизмелеп, камакка алып отурушат. Шамалдын кайдан согуп жатканы айтпаса да түшүнүктүү.
Кыргызстандын аймагындагы элчиликтердин, саясий партиялардын, бейөкмөт, коомдук уюмдардын, укук коргоочулардын, жалпы элдин, анан албетте, "Алибинин" күндөн-күнгө көбөйүп бараткан фанат окурмандарынын колдоосуна жана коргоосуна бүгүнкү күнү биз аябай муктажбыз.
Мыйзамга баш ийген, аны сыйлаган адамдар катары 17-августка чейин биздин жамаат бир миллион сомду президенттин кичүү инисинин эсебине төгүп берүүгө милдеттүү. Гезит, биринчи кезекте, чындыкка суусаган силерге керек. Биригели, достор.

Бабырбек Жээнбеков,
Рыскелди Момбеков,
Асан Шыгаев,
Улан Мамбетов,
Гүлниза Молдокулова,
Азизбек Келдибеков,
Эртабылды Аттокуров,
Азима Акунова,
Урмат Иманалиев,
Эрнис Балбаков,
Ильяс Омуралиев,
Данил Акжолов,
Иличбек Нарматов,
Анатай Өмүрканов,
Тургунбек Бекболотов.