№58, 12.08.08-ж.
  Күлүктүн Дүбүртү

Аткаминердин алкымы

Каржы полициясы тарабынан мамлекеттик монополияга каршы жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча агенттиктин статс-катчысы Закир Шараповго кылмыш иши козголду.
Аталган аткаминер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, байкатпай 250 000 сомду сугунуп коюптур. Мындан тышкары, кол алдындагыларды каалагандай которуп, кадр саясатында сайран куруптур. Эрке талтаң Закир мырза, эми эсебин таппай отурат.

Осмонакун ойгонду

А.Акаевдин акыркы мамлекеттик катчысы О.Ибраимов Москва шаарында өзүнүн "Испытание историей" деген китебинин ачылыш аземин өткөрүптүр.
Осокемдин бул китеби "Манас" эпосу менен башталып, "Март окуясы" менен аякталыптыр. Март окуяларын мыйзамсыз төңкөрүш катары баалаптыр. Төңкөрүштүн бир гана жакшы жагы бар экен, ал А.Акаевдин 15 жылдык бийлигине чыныгы баа берүүгө шарт түзүптүр. Атургай, ажосу А.Акаевди дагы өз китебинде бир топ сындап кетиптир.

Аскар мырза ойлонду

Опузалуу Осокеңдин китебинин ачылышына барган А.Акаев өз сөзүндө "Жоогазын революциясы Кыргызстанды катастрофанын чегине жеткизди" деп билдирди.
Анын айтымында, азыркы Кыргызстан демократиялык оппозицияга муктаж экен. Азыр андай күчтөр пайда болуп, эл ишенимине ээ болуп жатыптыр. Ошондой эле, экс-президентибиз ошол жердеги орус интеллигенттерине жакында пайда болгон "Бирдиктүү Кыргызстан" кыймылын колдоого чакырды.

Айтматовдун аты берилди

Бир гана Талас жеринин, кыргыз элинин сыймыгы эмес, бүтүндөй түрк тилдүү мамлекеттердин сыймыгы болгон алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун аты Кызыл-Адыр кыштагына берилмей болду.
Мындан ары бул айыл Айтматов шаары деп аталат. Аталган айылдык кеңештин депутаттарынын мындай чечимин, райондук кеңештин депутаттары колдоп беришти. Кезек Жогорку Кеңеште.

"Ак жолдун" айымы,
Данчиктин зайыбы

Экс-мэр Данияр Үсөновдун аялы, Жогорку Кеңештин депутаты Динара Исаева өзүнүн байлыгы тууралуу декларациясын көргөзүптүр.
Жылдык маянасы 119 200 сом, депутаттык жумушунан башка жылдык кирешеси 39 млн755 миң сом, жашаган квартиралары 7 млн. сом, башка квартиралары 2 млн. 726 миң сом, баалуу кагаздары 106 млн сом. Бул жазып бергени. Биздин билишибизче, ал айымдын бир учагы эле 300 млн. доллардан кем эмес турат. Байкебиздин бай аялына "Итэк эйр" авиакомпаниясы тиешелүү. "Болсоң бол, болбосоң кой" деген ушу.

Кечиккен Кеңешбек

"Акыйкат" саясий партиясынын төрагасы, милициянын генерал-майору К.Дүйшөбаев кечээ Т.Үмөталиева менен бирдикте "АКИпресс" маалымат агенттигинде америкалыктардын колго түшкөн курал-жарактары тууралуу маалымат жыйынын өткөрмөк.
Бирок, кечигип келбей калды. Кеңешбек мырзанын керээзин укпасак да, алардын АКШнын ажосу Д.Бушка жана ажолукка талапкер Б.Обамага карата жазган кайрылуусун окудук. Кызматта жок Б.Обаманын Кыргызстанга кандай тиешеси бар эле?

Үмүт үзүлдү, шарт түзүлдү

Коопсуздук Кеңешинин мурдагы катчысы, азыркы кыргыз оппозициясынын камчысы М.Ниязов "Азаттык" үналгысына маек бериптир.
Ал кишинин айтымында, азыркы бийликтин башкаруу системасында реформа жасалбаса, эл өзүнөн өзү көтөрүлүп чыгып, күзүндө күтүлбөгөн окуяларга дуушар болот экенбиз. Бийликтен үмүтү үзүлгөн элге, бийлик аябагандай жакшы шартты түзүп бериптир. Кыраакы чекисттин кыйытканына караганда, кышка жетпей кызык оюндар башталчудай. Чекист айт-са, чекилик айтпайт.

Күйүүчү май арзандаш керек

Бүгүнкү күндө солярканын бир литри бир доллардан ашып, бензиндин бир литри бир долларга чукулдап калган.
Азыркы күндө дүйнөдөгү мунайдын баасы түшкөндүгүнө жараша, бир топ мамлекеттер күйүүчү майларга болгон бааларын төмөндөтүштү. Бизде андай көрүнүштөр байкалган жок. Ажобуз бул тармакты көзөмөлдөө үчүн кечээ өкмөт башчысына тапшырма берди. Ушунча күндөн бери күйүүчү майлардын баасын түшүрбөгөн "Газпром-нефть-Азиянын" башчылары баштыктап акча табышса керек. "Жегендин кусары бар" дечү беле?

Ажобуз эс алууга кетти

Пекиндеги олимпиадалык оюндардын ачылышынан учуп келген ажобуз, эми кыска убактагы эс алууга жөнөп кетти.
Курманбек Салиевич көл жээгиндеги резиденциясында 23 - августка чейин кумга жатып, кумардан чыгат. Бирок, өлкө ичиндеги кырдаалды көз жаздымынан чыгарбай, маал-маалы менен маалымат алып турат.

Санжардын саясаты

"Ак жол" партиясынын депутаты Санжарбек Кыдыралиев Ош жергесинде жүргөн сапарында, "Курманбек Салиевичти кайрадан президенттикке койдуртабыз.
Себеби, үч жылдын ичинде мурдагы заманга караганда өзгөрүштөр болуп жатат. Бул жумуштун башы" деп, жар салды. Буга чейин спикер А.Тагаев "ажобузду 95% менен колдоп берели" деп коңк эткен. Ажобуз айта электе эле, укалары удургута башташты. "Ак жол" талапкерин тактады, а оппозициячы?

Туурасын айтчы, Турусбек мырза?

Быйылкы жылы көгүлтүр көлүбүзгө келип эс алгандардын саны былтыркы жылга салыштырмалуу аз болуптур.
Муну көл жээгиндеги пансионаттардын ээлери айтып жатышат. Кошуна казак туристтеринин келбей калышына, Казаксатндагы оор кризис себеп болуптур. Жыл башында туризм боюнча агенттиктин директору Т.Мамашев быйылкы жылы жакшы болоорун божурады эле. Эми эмне дейбиз? Аткаруу бийлиги анализ жасай албайт дегендерге, кантип кошулбай коебуз?

Кедейди көчкөндө көр

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ошко көчкөндөн бери оңолгон жок.
Бул министрликтин кызматкерлеринин алган айлык маяналары баш калкалаган батирлерине жетпей жатыптыр. Кыйналган кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери арман катын Ак үйгө жолдошуптур. Жаратылыш кырсыгы болгон жерге жардамга баргандарга, жардам берер киши жок. Дагы борборду Ошко көчүрөбүз дегендерине кантесиң?




Корумдудагы коогалаң

Көлдүн Корумду айылындагы "Салимар" пансионатында кошуна Казакстандан келген беш адам жергиликтүү эс алуучулар менен мушташа кетишип, аягында пистолеттен ок атышкан.
Беттешкен гана адамдарга ок чыгарышпастан, эс алып жаткандарга чейин аткылашкан. Эс алып жаткандардын айтымына карганда, жергиликтүү милиция кызматкерлери окуя болгон жерге 40 мүнөттөн кийин келип, коогалаң чыгарган конокторду алып кетишкен. Бирок, эртеси күнү кое беришиптир. Анткени, алардын бириси ИИМдин кызматкери болсо, биринин атасы казакстандык чиновник экен. Ок атышуудан жаракат алган кыргызстандыктардын бирөө ооруканага жеткирилиптир. Коогалаң чыгарган конокторду эмне үчүн кое беришкен?

Жети-Өгүздөгү жети адам

Жети-Өгүз районундагы Көк-Жайык курортуна бара жаткан жолдогу көпүрөдөн 4-август күнү "Фольксваген-Джетта" автомашинасы кулаган. Унаа ичиндеги төрт адам ооруканага жеткирилсе, үч адамдын дайыны жок. Кырсыкка кабылгандардын баарысы Аксуу районунун Челпек айылынын тургундары болуп чыкты. Азыркы күнү аман экени же агып кеткени белгисиз үч адамды областтык куткаруу кызматынан 10, райондук кызматынан 15, жергиликтүү элден 12 жана туугандарынан 12 адам издөөдө.

Аксуудагы үч адам

Аксуунун аскаларына чыкканы келишкен Орусиянын Барнаул шаарынын үч альпинисти А.Ю.Ивницкий, С.Н.Русских жана А.Н.Афаньковдор жоголуп кетишкен. Эми аларды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы куткаруучулар борборунун 9 кызматкери эки багыт менен издеп жатышат. Бир тобу Эңилчек-Теректүү-Үчкөл багыты менен кетишсе, экинчи тобу Сары-Жаз-Үчкөл-Теректүү багыты менен кетишти. Бири-бирине карма-каршы багыт алышкан куткаруучулар эки күндө кезигишет.

Кара куурай кайгысы

Ушу тапта кирешелүү бул өсүмдүктү өздөштүрүп алгандар, өзгөчө байып жатышат. Кадимки Карабуура аймагы кара куурайдын каймагы болуп калган. Жергиликтүү ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кармап камагандан тажашпайт, соттор актагандан тажашпайт. Каракуурай менен кармалып, үч миллион сом менен кутулгандар да бар экен. Ал ортодо, муну жок кылам деген эки милициянын кызматкерлери оо дүйнө менен коштошуп кетти. "Акча бар жерде ажал бар" деген ушу.

Бетти даярдаган
Рыскелди МОМБЕКОВ,
"Алиби"