№58, 12.08.08-ж.
  Айткандын сөзү жаман…

Бийликтин жоопкерсиздиги күчөөдө
Өлкөдө кырдаал күн санап оорлошууда. Дүйнөлүк кризистин кулачын кеңири жайышы көптөгөн курч маселелерди пайда кылды. Буга чечкиндүү күрөш жүргүзүүгө, кыска мөөнөттө анын кесепетин жоюуга өкмөт алсыз болуп чыкты, анткени, өлкөнүн экономикалык кубаттуулугун көтөрүүгө эмес, стратегиялык мааниге ээ болгон мамлекеттик байлыктарды бүтүндөй сатууга өткөн өлкөнүн казынасы куру каларын бийлик бутактары билип турса да, ошол жеке менчикке өткөрүү шылтоосу менен жеке үлүшүн өзүнө алып калууга жан-далбас салып күч үрөөдө.

Тарых соту - тараза
Чындыгында, бүт баарын жеке менчикке өткөрүү менен өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө мүмкүн болсо, Англия, Франция, Германия, Япония, АКШ сыяктуу державалар анда неге бул ыкмага өткөн жок? Ушул жолду таңуулагандар жана аны бизде кызуу колдоого алгандар кыргыз элинин келечекте жок болушун же кайрадан нечен кылымдар бою алгач экономикалык, андан кийин саясий көз карандылыкка дуушар кылууга жасаган тымызын аракети болуп жүрбөсүн?!
Ачык айтуу керек. Бизге сырттан жан тарткандай түр көрсөткөн "боордоштук" сезимдеги өлкөлөр элибизге жана мамлекетибизге жакшылык каалабайт. Кайсы мамлекет башка мамлекеттин экономикалык -социалдык жактан өзүнөн күчтүү болушун каалайт? Тескерисинче, экономикалык абалы начар өлкөлөрдү өзүнө "кыңк" эткизбей, ар тараптан көз каранды абалында кармоого умтулары шексиз көрүнүш эмеспи.
Эмне үчүн АКШ биздин өлкөдөн аскердик-согуштук "Ганси" авиабазасын чыгаргысы келбейт? Россия кеңири территорияга ээ болсо да, аскердик-согуштук бир авиабазасын алакандай Кыргызстанга жайгаштырып отурат? Булардын авиабазасы өлкөбүздүн коопсуздугуна канчалык салым кошот? Эмне үчүн биздин элчиликтер өздөрү жайгашкан өлкөлөрдүн экономикалык жактан өнүгүүсүнүн түпкү сырын изилдеп үйрөнүшпөйт? Жашыруун эмес, күчтүү мамлекеттер чет элдик элчиликтерге бекем көзөмөлдүктү жүргүзөт, эл аралык мамиледе кичине жаңылыштыктар кетирилсе, нон-грант катары өлкөдөн чыгарат. А бизде чет элдиктер курал-жарактарды ачыктан ачык алып кирсе да, алардын элчилиги кийлигишип, бийлик тарабынан аларга кылмыш иши козголбой кала берет? Чет элдиктерге мындай көшөкөр мамиле жасоонун өзү-бул бийликтин жөнөкөй жаңылыштыгы же күнөөсү гана эмес, кылмышы катары саналууга тийиш. Мүмкүн, жеке менчикке өткөрүүгө талап коюп, аны ишке ашырууга каражатты аябай бөлүштүрүп берүү-алдын ала терең ойлонуштуруп, мамлекетибизди бутунан тургус кылар экономикалык саботаж болуп жүрбөсүн?! Эгерде экономикалык абалды көтөрүүдө жеке менчикке өткөрүү ишенимдүү болсо, анда неге эгемендүүлүккө ээ болгон 18 жылдын ичинде мамлекетибиз бутунан тура албай темтендеп отурат?
Демек, биздин өлкөдө мамлекеттик масштабда ой жүгүрткөн акыл-эстүү саясатчы, өлкөнүн экономикалык потенциалын көтөрүүгө жөндөмдүү чыгаан финансист-экономист, өлкөбүздүн келечеги үчүн жаны күйгөн патриоттун жоктугу ачык көрүндү. Кокусунан бийликке келгендер өздөрүнүн жеке амбициясын жана эптеп келген байлыгын сактап калуу үчүн гана аракет жасап, мамлекеттин эртеңки келечегине коркунуч түзүлдү. Мамлекетибиздин бүтүндүүлүгүнө доо кетип, Үзөңгү-Кууш, Каркыра, пансионаттар, түндүк-түштүктөгү чек арага жакын жерлерден ажырай баштадык. Улуттук ар-намысыбыздын жогунан Ош, Жалалабат, Өзгөн аймактарында, болгондо да өз жерибизде кыргыз эли башка элдердин кысымы алдында жашап келген, жашап келет, жашай берет. Бул бир адамдын күнөөсү же жаңылыштыгы эмес, бул бүтүндөй элдин өз тагдырын ишенип берген бийликтин чыккынчылыгы катары баалоого негиз берет. Эртеби-кечпи, алардын тарых сотунун алдында жооп берер учуру келет. Атт-и-иң, бул учур өтө кеч болуп калбаса экен!...

Каатчылыкка өкмөт күнөөлүүбү?
Учурда элдин көкүрөгүн эзген бир гана ой: - Кантип жашайбыз? Каатчылыктан кантип, качан арылабыз? Капчыгыбыздагы каражатыбыз кара курсакка жетпесе, катаал кышка отун-сууну кантип даярдайбыз?
Санаа баскан адамдардын келечекке ишеними үзүлгөндөй. Бийликтин аткарылбаган убадаларына, Өкмөттүн "экономикалык өсүшүнө ээ болгон ийгиликтерине" эч ким ишенбей калган. Системалуу кризис кекиртектен алганга чейин өлкөнүн экономикасын көтөрүүнүн ишенимдүү механизмин иштеп чыгууга жетиштүү убакыт бар болчу. Бул мүмкүнчүлүктөр пайдаланылган жок. Өздөрүн калктын ортоңку классы деп эсептегендер кайрадан жакырчылыктын босогосуна кайрылууга мажбур болушууда. Дүйнөлүк кризис бир "солк" этсе, өлкөдөгү бардык экономикалык көрсөткүчтөр кыйроого учурары элге белгилүү болуп калды, анткени жетишилген "ийгиликтер" жасалма кооз маалыматтардан турганына өздөрү күбө болуп отурушпайбы?!
Өкмөт эл чарбасын өнүктүрүүнүн жолдорун издеп таба албагандыгы үчүн гана эмес, алдыда боло турган кыйынчылыктарды божомолдоп, анын алдын алууга аракет кылышы керек болчу. Албетте, дүйнөлүк кризистен кыйгап өтүү мүмкүн эмес, бирок өлкөдөгү инфляцияны төмөнкү деңгээлде кармап калуу мүмкүнчүлүктөрүн табууга ыңгайлуу шарттарды колдонушу зарыл эле. Ал үчүн тариф жана баа индексин көзөмөлгө алуу, азык-түлүк багытында бааны туруктуу кармоого мамлекеттик дотацияларга жана субсидияга каражат табуу, анын эсебинен калктын санына жараша мамлекеттик резевдерди түзүүгө милдеттүү.
Өлкөдө бул күндө тамтыгы чыгып бүткөн шылтоолор менен бийлик өзүн-өзү актоого аракет жасашат. Кыргызстанда газ жана нефтинин жоктугу, рыноктук мамилеге өткөндүктөн өкмөттүн жеке менчиктеги чарбаларга (субьектиге) көзөмөл жүргүзүүгө жана буйрук берүүгө мүмкүн эместигин чүмбөт катары колдонушат. Ошол эле учурда мурдагы ири завод-фабрикаларды менчикке өткөрүп алгандарды бул ишканаларды нечен жылдар бою иштетпегендиктен, аны кайра алып коюу шарттары тууралуу неге иш козгошпойт? Демек, бул ишканалар мамлекеттик ири чиновниктердин канатында калкалангандыктан, өкмөт "сен мага тийбе, мен сага тийишпейин" принцибинде иш жүргүзөт - деген жыйынтык чыгарууга негиз түзүлүп отурбайбы!
"Кеп чынынан бузулбайт" - дейт элибиз. Бийлик бутактары өпкөсүн калбыр кылып, жыл сайын экономикабызда мурда 15 жылга караганда зор экономикалык өсүш болуп жатканын жар салышат. Анда неге акыркы эки жылдын ичинде товарлардын бардык түрү асман чапчыган баага өсүп чыкты? Бул көрүнүш, тетирисинче, өлкөбүздүн экономикасынын кедери кеткенин айгинелеп жаткан жокпу? Буга бийлик азыркы дүйнөлүк кризистен башка дагы кандай шылтоо таап, жооп бере алат?...

Бийлик бир колго топтолобу?
Кыргызстанда калкыбыздын саны 5 миллионду чапчыйт. Өлкөдө азык-түлүк маселесин чечүүгө түшүмдүү сугат жерлер, мал киндиктүү өрөөндөр жетиштүү. Көк кашка тунук сууга байбыз. Нефти жана газы болбосо, уникалдуу алтын, көмүр, сурьма, сымап сыяктуу көптөгөн башка кендерибиз бар. Бекер энергетикалык ресурстар колубузда. Бирок, ушул байлыктарды максаттуу багытта иштетүүгө, уюштуруу иштерин жүргүзүүгө Өкмөт мүчөлөрүнүн жөндөмсүздүгү, чечкиндүүлүгү жетишсиз болгондой таасир көргөзүүдө.
Кытай мамлекетине саресеп салып көрөлүчү. Калкынын саны 1,5 миллиарддан ашык, территориясы чакан, калктын жыштыгы көп болгонуна карабастан, өз калкын азык-түлүк менен камсыз гана кылбастан, дүйнөлүк рынокко да чыгарууда. Ал эми дүйнө жүзүндө Кытайдын өнөр жайынын продукциясы кеңири ассортиментте өз ордун таап отурат. Бул өлкөдө биз сыяктуу "кызарган жерлерди" менчикке сатуу үчүн жан талашпайт. Эл мамлекет үчүн эмес, мамлекет эл үчүн иштейт. Ишкерлердин аракеттери ооздукталбайт.
Мамлекеттик ири өнөр жай ишканалары менен менчик ишканалардын ортосунда конкуренция күчтүү, бирок, өзгөчөлүк алардын ортосунда болгон карама-каршылыктарды мамлекет көзөмөлгө алып, калыстык менен чечүү жолго коюлгандыгында.
Агрардык тармак мамлекет тарабынан камкордукка алынган. Айыл чарбасын көтөрүүдө адам факторунан тышкары табияттын түрдүү кубулуштары жана кырсыктар да таасир көргөзөрүн, ал үчүн кыйын кырдаалдар түзүлгөн шартка каршы чараларды көрүүгө мамлекет толук даярдыкта турат.
Түшүмдүн төмөн болушу же коромжуга учураганы үчүн Өкмөт да кандайдыр бир деңгээлде жоопкерчиликти моюнга алат. Ошондуктан, кытайлык дыйкандар өздөрүн коопсуз сезишип, азык-түлүктүн бүтүндөй түрлөрүн өндүрүүгө кызыктар болору шексиз.
Ал эми АКШда, Европа союзуна кирген өлкөлөрдө, Австралияда монополияга каршы мыйзам өтө катаал мүнөзгө ээ болуп, аларда ички рыноктордо азык-түлүк баасы бир калыпта сакталат, мамлекеттин бекем көзөмөлүндө турат. Эгер мамлекет тарабынан кымбат сатып алууга туура келсе, баадагы айырма дотациялык жол менен жабылат. Бирок, бул катаал тартип тышкы рынокко чыгаруучу азык-түлүк продукциясына колдонулбайт, керек десе мамлекет башка өлкөлөргө келишим баада кымбат өткөрүүгө өз фермерлерине мүмкүнчүлүк түзүп беришет.
Экономиканын төмөндөшү, инфляциянын жогорулашы Өкмөттүн бүтүндөй курамынын отставкага кетишине алып келет. Демек, ар бир чиновник өзү тейлеген тармактагы ийгиликтер жана кемчиликтер үчүн жоопкерчиликти жону менен сезет.
Кыргыз Республикасында Өкмөттүн экономиканын өксүгөнү үчүн жоопкерчилиги чектелүү же жок деп эсептесек болот. Азыркы күндө мамлекеттин менчигинде калган энергетикалык ресурстун негизи болгон электротармактардын, ТЭЦтин жеке менчикке өткөрүүгө даярдык көрүшү- бул бүтүндөй бийликтин шалаакылыгы же атайын даярдалган сценарий катары бааланууга тийиш. ГЭСте суунун кескин түрдө азайышы, электроэнергияга элдин карызынын көбөйүшү үчүн жалпы кыргыз элин жапа чектирүү -бул кылмыш. Мына ушул деңгээлге алып келген жетекчилерди иштен бошотуп, экинчи жооптуу кызматка жолотпоо, керек десе мамлекетти кооптуу кырдаалга жеткиргендиги үчүн жоопко тартууга чейин катуу чара көрүлүүгө тийиш эле. Бирок, мындай чечкиндүү иш аракеттер жүргүзүлөөрүнө ишеним жок. Бийлик муну шылтоо катары колдонуп, энергетикалык тармакты менчикке айландырууну максат кылууда. Ошондон улам, мунун артында бул бекер байлыкты ээлеп алууга кимиси көмүскө аракет жасап жатат болду экен? - деген күмөнсүнүү пайда болот. Эгерде булар менчикке сатылып кетсе, анда Кыргыз Өкмөтүнүн деги зарылдыгы барбы? Азыркы Өкмөт мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү үчүн гана түзүлгөн сыяктанат. Мүмкүн, мамлекеттин башчылыгы да, аткаруу бийлиги да бир гана адамдын колуна топтоого жасалган амалдардын бири болуп отурбасын?... Маселенин учугу ушуга такалып жатат.
Дүйнөлүк кризис - дүйнөлүк экономиканын кайрадан жаңы бийиктикке көтөрүлүшүнө чейин үстөмдүгүн жүргүзөт. Дүйнө эли мындай сыноолордон неченин башынан өткөрүп келген, өткөрө берет. Мунун жыйынтыгы Кыргызстанга кандай өзгөрүүлөрдү алып келет болду экен?
Өлкөбүздүн келечекте жашап кетишине жетиштүү ресурстар- энергетика, кен байлыктар, суу, токой сыяктуу байлыгыбыз, түшүмдүү жерлерибиз бар. Бирок, мамлекетти башкарууга жана экономиканы көтөрүүгө комплекстүү жана системалуу мамилебиз жок экендигин, бийлик ээлери дээрлик кирешелүү тармакты банкротко түшүрүп, өз менчигине чыгарып кетүүгө аракет кылары эми далилдөөнү талап кылбай калды…


Эртабылды Аттокуров,
"Алиби"