№57, 08.08.08-ж.
  Айтты да эй...

Кыргызстанда кызмат орду сатылабы?
"Кыргызстанда мамлекеттик кызматты сатып алса болобу?"- деген суроо көпчүлүк карапайым калкты кызыктырып келет.
Себеби, акыркы 10 жыл аралыгында, Жогорку окуу жайларды мыкты бүтсө да, бирок өзүнүн кесиби боюнча ишке орношо албай, көрүнгөн тириликти кылып жүргөн жаштар четтен чыгат.
Жогорудагы суроого жооп издөөдө өз оюбузду эле таңуулай бербей, бийлик өкүлдөрүнүн да, ага каршы болгондордун да пикирине ортоктош болуп көрсөк.

"Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариевдин айтымында, республикабызда коррупция кулачын кенен жайып кеткендигинен улам, мамлекеттик кызмат орундарын сатып алса болот.
"Бүгүнкү күнү чиновник болуу деген бизнесмен болуу дегендей эле кеп. Пайдасы көп кызматка олтуруу үчүн ошончо көп акча бериш керек. Мисалы, "Ак жол" партиясынын тизмеси аркылуу депутат болууну каалагандар 500 000 миң доллардан 1 миллион долларга чейин төлөөсү зарыл эле. Жогорку Кеңеште олтурган депутаттардын көбү мен айткан сумманы тиешелүү адамдарга төгүп беришкен"- дейт Сариев.
Жогорку Кеңештин мушкер депутаты Орзубек Назаровдун пикиринде, бүгүнкү күнү эч ким бирөөдөн акча алып, кызмат бербейт. Анын айтымында, акыркы мезгилде жогорку кызматта олтургандардын баары өз ишин мыкты билген проффессионалдар. Ошондуктан, аларды акчасына карабай эле дайындашкан.
Белгилүү саясат таануучу Нур Омаровдун айтканына кулак салсак, ар бир кызматтын өзүнүн тарифтери бар.
"Эң кызыгы, мурдагы тарифтердин баары акыркы 3 жыл ичинде кескин түрдө көтөрүлүп кеткендигинде болуп жатат. Мисалы, Жогорку соттун төрагасынын кызматы мурда 300 миң доллар турса, азыр 1 миллион долларды чапчыйт. Катардагы бажы кызматкери болуу үчүн мурда 5 миң доллар жетсе, азыр 20 миң долларды чапчыйт. Райондук милициянын начальниктери өздөрүнүн креслолорун орточо эсеп менен алганда 50 миң долларга сатып алышкан. Мурда бул орун 12 миң доллар эле. Ал эми министр болууда мурда 100 миң доллар талап кылынса, бүгүнкү күнү ал көрсөткүч 300 миң доллардан жогору турат. Далилди каалайсыңарбы? Жакында президент Курманбек Бакиев өкмөт мүчөлөрүн жыйып алып, жыйын өткөргөнү эсиңердеби? Ошондо министрлерди керек болсо, кызматтан айдайм деп коркуткан, бирок баары эле өз орундарында иштеп жатат. Билесиңерби, эмнеге? Анткени, алардын кызмат орундары белгилүү бир мөөнөткө чейин сатылып алынган, ошондуктан аларды мөөнөтүнөн мурда мамлекет башчысы да кызматынан ала албайт"- дейт Нур мырза.
Маданият министри Султан Раевдин айтымында, мурдагы бийлик учурунда кызмат орундары сатылгандыктан, эл азыр да ушинтип ой жүгүртүп келишет.
"Чындыгында, кызматка олтурууда эч ким пара бербейт"- дейт ал.
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Өмүрбек Текебаев азыркы чиновниктер акча менен эмес, бийликтин кайсы бир иштерин бүтүрүп бергендиги үчүн кызматтарга ээ болушкан деп эсептейт.
"Мэрлерди эле карасаңар, акыркы үч жылы ичинде шаар башчысы болгондордун баары капчыгы калың адамдар. Мындай көрүнүш ар кандай ойлорго түрткү берет. Мен мамлекеттик кызматтар базардагыдай болуп, кимиси көп берсе, ошого сатылат дегенден алысмын. Ар бир талапкерди кайсы бир кызматка дайындоодо анын азыркы бийликке кандай жагынан пайдалуу болооорлугу, мүнөзү да эске алынат"- дейт Текебаев.
Юстиция министри Марат Кайыпов эч кимге акча бербей эле дайындалганын билдирди.
"Башкалардын атынан айтканым туура эмес болуп калат чыгар, бирок жеке өзүм 3 жыл ичинде 4 жолу Юстиция министри болуп дайындалдым. Бирөөгө да бир тыйын берген жокмун"- дейт ал.
Кыргызстандагы Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин комиссарынын орун басары Аскарбек Бакеев кармалбаган адамды ууру деп айтпаш керек дейт.
"Мен өзүм эч кимди колунан кармап алган жокмун. Бирок, коомдун мындай кемчилигин түп тамырынан бери жок кылбаганыбызды сезип жатам. Президенттин сүйлөгөн сөздөрүнө караганда, биз жакында коррупцияны жоебуз го деп айтууга негиз бар"- дейт комиссардын орун басары.
Баарын билген, баарын уккан жер тыңшаар мамыт, то есть, КТРнын башкы директору Мелис Эшимкановдун айткан сөзүнө үңүлүп көрсөк, ал мындай ушакты такыр укпаптыр.
"Балким, мындай көрүнүштөр Орусияда бар чыгар, бирок бизде антүүгө такыр мүмкүн эмес. Эгер кайсы бир жогорку мамлекеттик кызматты сатайын же сатып алайын деген адамдар болсо, алардын аттары кичинекей Кыргызстанга заматта эле угулуп калмак"- дейт Эшимканов.
Ооба, угулуп калмак жана угулуп келди. Бирок, аларды кармай турган тиешелүү органдардын чоң чиновниктерге тишинин өтпөй турганы кичинекей балага деле маалым. Коррупция менен күрөшкөн агенттик, МАИде, бажы жана салык инспекциясында коррупция күч деген билдирүүнү жылына бир жолу таркатып, айлык алгандан башка эч кимди кармап камаганын көрө элекпиз. Агентикке караганда, ИИМдеги кызматтык кылмыштар менен күрөшүү башкармалыгынын начальниги Манас Акматбековдун чоңдор менен кармашып, азуу тишин сынап көрсөмбү деген ою бар окшойт. Себеби, ал июнь айында ИИМде "пара фондун" ачалы деп билдирген эле. Акматбековдун айтымында, кайсы бир чиновник өзүнүн кызматы үчүн бирөөдөн 100 миң доллар сурап калса, ошол учурда аны бере коюуга бизде анча көп акча жок.
"Эгер, Каржы министрлиги жогоруда айтылган "пара фондун" түзүп берсе, пара сурагандарды жеринен кармайт элек"- деген оюн ортого салыптыр Акматбеков.
Билесиңерби, Данияр Үсөнөв 1-вице мэр болуп турганда Феликс Кулов анын бул кызматты 300 миң долларга сатып алганын жар салган эле. Элибизде "шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт"- дечү беле?
Аз күн мурда жаңы шайланган президент Дмитрий Медведев Орусияда жогорку мамлекеттик кызматты сатып алууга болоорун мойнуна алды.
"Сегодня в чиновники в основном идут потому, что знают: на определенных должностях можно работать не за зарплату, а за взятки и откаты. Решение о замещении должности порой принимаются по знакомству, по принципу личной преданности или, что наиболее отвратительно, - за деньги, то есть должности продаются", - деди Орусиянын мамлекет башчысы Медведев.
Саясатчылардын айтымында, мындай билдирүү жасоонун алдында президентке Орусия федерациясынын карамагындагы Башкирия президентинин администрация жетекчисинин былыктары тууралуу маалымат берилген.
Көрсө, Башкириянын мамлекет башчысы Муртаза Рахимовдун администрация жетекчиси Радий Хабиров бийликке келген 5 жыл аралыгында бардык мамлекеттик кызматтарды эле эмес,мандаттарды да соодалап жиберген экен.
Атап айтсак, Орусия Госдумасына депутат болууну каалагандар 30 миллион рубль, жергиликтүү кеңештин депутаты болуу үчүн 6 миллион рубль, администрациядагы бөлүм жетекчиси болуп ишке орношуу үчүн 5 миллион рубль талап кылынат.
Сатыкка дээрлик бардык мамлекеттик кызматтар коюлчу экен.
Бирок, Орусиядан барган буйруктан соң, Башкириянын президенти өзүнүн оң колун жумуштан кетирүүгө аргасыз болгон.
Орусиядагы, "ярый" депутат Жириновскийдин сөзүнө караганда, 5 эле кызмат орду сатылбайт. Алар президенттики, премьер-министрдики жана дагы үч маанилүү кызмат орду татыктуу адамдарга берилет.
"Губернатор болуу үчүн 7 миллион доллар керек"- дейт Жириновский.
Орусияда кандай болгон күндө да, тиешелүү органдар эч кимден коркпостон үркпөстөн коррупциянын бул түрү менен күрөшүп жатканын байкоого болот. Тагыраак айтканда, коррупция менен күрөшүү боюнча улуттук агенттиктин төрагасы, мурдагы ФСБнын жетекчиси Кирилл Кабанов Путиндин командасы Медведевге коррупция менен күрөшүүгө тоскоол болуп жатат деп билдирди.
Кабановдун айтымында, Орусиядагы эң маанилүү кызматтардын жана ири бизнестин 51 пайызын ФСБда жана Коргоо министрлигинде иштеп кеткендер ээлеп олтурат. Жөнөкөй сөз менен айтканда, майлуу-сүтүү орундарга Путин өзүнүн адамдарын коюп койгон.
"Госдуманын депутаты Юрий Щекочихин менен бюджеттен миллион деген долларларды жалмап алган Атом өндүрүшү боюнча министр Евгений Адамовдун ишин иликтедик эле, сот аны актап жиберди. Иликтөө иштерине катышкандыгы үчүн депутатты атып кетишти. ФСБнын генерал чининдеги жетекчилиги катышкан Кытайдан келген контрабанданы иликтедик эле, ошондо гана Путин реакция жасап, 5 генералды иштен алды. Акыркы учурда, бир канча кызматкерлерибизди өлтүрүп кетишти, бирок биз андан коркуп, токтоп калбастан, кайра ишибизди күчөтүп жатабыз"- дейт Орусиянын коррупция менен күрөшүү боюнча агенттигинин төрагасы.
Неси болсо да, жогорку мамлекеттик кызматка алууда адамдын профессионалдык деңгээлине карап коюу ашыктык кылбас экендигин адистер дайым эскертип келишет. Эмесе, кара жанын карч уруп эмгектенгендер менен элдин эсебинен жашаган жатып ичерлердин айырмасы деле болбой калат.

Улан МАМБЕТОВ,
"Алиби"