№56, 06.08.08-ж.
  Кыштын камын жазда көр

Кайталанган каталардан качан арылабыз?..
Жаңылыштык кокустуктан улам пайда болот. Ишке жоопкерчилик мамиле жасаган адамдар кетирген катасын оңдойт да, аны кайталабаш үчүн аракет жасайт. Ал эми биздин Кыргыз Өкмөтү кетирген кемчиликтерин улам бир тармактан кайталап, эл арасында ишенимин жоготконун ачык белгилейлик.

Өткөн жылдын күз айларында эле азык-түлүктүн кымбатташы жана анын өлкөнү кризиске батырары белгилүү болсо да, учурду өткөрүп жиберишти.
Анын натыйжасында өлкөдө каатчылык өз үстөмдүгүн орнотту. Мамлекет башчысы К. Бакиев азыркы Өкмөттүн ишке жөндөмсүз экендигин акыры моюнга алып, мамлекеттик чиновниктерге ишенбөөгө аргасыз болду. Буга албетте, стратегиялык зор мааниге ээ болгон отун-энергетика ресурстарынын жетишсиздиги да себеп болду.
Кыргызстан Союз учурунда "Борбордук Азиянын кочегары" катары таанылган эле. Ал эми азыркы күндө да Мекенибиз бул артыкчылыгын туура колдонсо, өзүбүздү гана эмес, коңшу өлкөлөрдү да көмүр жана электроэнергия менен камсыз кылууга толук мүмкүнчүлүгү бар болучу.
Алып көрөлү, нечен жылдар бою иштетилип келген Сүлүктү, Таш-Көмүр кендери толук кубаттуулукта иштетилбей калды. Тегене, Маркай, Кумбел көмүр кендери өздөштүрүлгөн жок. Бул табигый байлык бүтүндөй кыргыз элин отун менен камсыз кылмак.
Ал эми Жумгалдагы Кабак көмүр бассейниндеги иликтенген 450 тонна, болжолдуу кору 1 млрд. тоннадан ашат. Бул бүтүндөй Кыргызстанга 250-300 жылга жетмек.
Тилекке каршы, бул байлыктарыбыз дээрлик акционердик коомдорго же жеке менчикке өткөрүлүп, мамлекеттик көзөмөлдөн четте калып отурат. Анын кесепетинен кенди жаңы технология менен иштетүүнү мындай коелу, Союз учурундагы техникалар, технологиялык жабдуулар тонолуп жок болгон. Натыйжада, көмүр өндүрүү кескин төмөндөп, көмүрдүн баасы өз наркынан ондогон эселеп кымбаттап отурат.
Бийлик мунарасындагылар быйылкы жылда электроэнергия таңсык товарга айлана тургандыгы тууралуу коркунуч коңгуроосун кагышууда. Президент К. Бакиев Өкмөт жыйынында элди тезек, көмүр отундарын даярдап алууга чакырык таштады. Бирок, ушул отундарды даярдоого же сатып алууга калкыбыздын негизги бөлүгүнүн кудурети жетеби?-деген көптөгөн суроолор чечилбес табышмакка айланууда.
Кечээ эле электроэнергияны менчиктештирүүгө каршы чыккандар, бүгүн менчиктештирүүнүн туруктуу жактоочуларына айланышты, акыры чындап эле элибиздин "тезек терип калышына" алып келди. Бирок, бул "тезектер" да "алтын" баасына чыгат көрүнөт. Илгеркидей 9 миллион баш кой, 100 миңдеген бодо малдар жок. Мал ээси короо-сарайлардагы малдын кыгын да бербесе, тезекти эми кайдан алаарын билбегендер да көбөйүүдө.
Кыйын кырдаал борбор шаарыбызда да түзүлүп отурат. Мамлекеттик мүлк фондусу ТЭЦти сатууну жарыялагандан кийин бул тармак кароосуз калгандай таасир калтырат. Ушул мезгилге чейин бар болгону ТЭЦте 11 миң тонна гана көмүр топтолгон. Ал эми кышкы суукта шаарды жылуулук менен толук камсыз кылуу үчүн 800 миң тонна көмүр керектелээрин эске алсак, үрөй учураарлык көрүнүш эмеспи.
Шаарда жылуулук берүү апрель айынын аягында токтотулса да, ушул мезгилге чейин кышка карата даярдык көрүлбөгөндүгү отун-энергетика жана өнөр-жай министрлигинин шалаакылыгыбы же кайдыгерлигиби, түшүнүп болбойт. Себеби, калктын басымдуу бөлүгү айылдыктар болгондуктан, алар кышка оруп-жыюу өнөктүгү аяктагандан кийин камылга көрө башташат. Ошентип, эл менен шаардын жылуулук борборлоруна жетиштүү көмүр отунун жеткирүүдө автоунаалардын тартыштыгы күчөйт. Натыйжада, көмүрдүн баасы көтөрүлөт. Ушундан пайдаланган көмүр кендеринин ээлери бааны жетээр чегине чейин кымбаттатаары ачык көрүнөт.
Шаардын көмүр саткан айрым түйүндөрүнө кайрылып көргөнүбүздө, алар отунду чектелген көлөмдө гана алып келип жаткандыктарын, көмүрдүн баасынын быйылкы кышта 2-2,5 эсеге көтөрүлөөрүн айтышты.
- Азыр көмүрдү көп алып келүүнүн кереги жок. Кесек көмүрдүн бир кабы 200-250 сом. Бул өзүбүздүн күнүмдүк керектөөлөрүбүз үчүн жетиштүү.Биз суук түшкөнгө чейин алып келсек, көптү уттурабыз,-дейт атын атагысы келбеген көмүр сатуучу.-Кеч күздө баа мындан да көтөрүлөт. Тоннасы 5 миң сомго чейин көтөрүлөр учур али алдыда. Мына ошондо кирешебиз көбөйөт. Ошондо көмүр тынымсыз алынып келинет.
- Элге оор болбойбу, Айрыкча карапайым калкка?
- Ар кимдин өз көйгөйү бар.Колунан келгени алсын. Бирөө үчүн мен кирешемден кол жуумак белем… Өзүңө отун керекпи? Көмүр аласыңбы, арзан кезинде алып кал, суук түшкөндө азыркыдан эселеп кымбатка түшөсүң-деди.
Эмне демекчибиз, отун саткандардын сөздөрү да жүйөөлү. Азык-түлүк кымбаттаган ушул шартта мамлекет тарабынан көмүрдү үзгүлтүксүз ташууну уюштуруу жана бекем көзөмөл жүргүзүү зарылдыгы пайда болуп отурат. Кышка даярдык көрүүдө Кыргыз Өкмөтү элдин мүмкүнчүлүктөрүн эске алабы же калкыбыздын тагдырына кайдыгер мамиле кылабы, аны учур көргөзөр...
Менимче, азыркы күндүн орчундуу маселеси-калктын кышка жетиштүү санда көмүр менен камсыз болушуна өбөлгө түзүү болуп саналат. Демек, отун-энергетикалык таңсыкты ооздуктоого Кыргыз Өкмөтү чечкиндүү чара көрүп, көмүр кендерин толук кубаттуулукта иштөөсүн жолго коюусу, жер-жерлерде убактылуу болсо да отун базаларын түзүп, калкты көмүр менен камсыз кылууну колго алуусу керек. Ансыз электроэнергияны пайдаланууга чек коюу-бийликтин калкка каршы саясаты катары эсептелинет. Казынада каражат жетишсиз болсо,Камбар-Ата ГЭСинин курулушу сыяктуу обьектилерди болсо да токтотуп, калктын муктаждыгын чечүүсү зарыл. Эл көйгөйүн чече албаса, анда мамлекеттин, өкмөттүн кереги канча?
Убакытты уттургандар ар качан кыйынчылыктарга дуушар болот. Азыркы инфляция күч алган шартта мунун залалы элдин жашоо деңгээлине гана терс таасирин тийгизет. Анын натыйжасында өлкөнүн стабилдүүлүгүнө доо кетет. Элдин толкундоолору башталат. Бизде калкыбыздын нааразычылыгынын пайда болушунун себеби иликтенбейт. Тетирисинче, бизде "Айран ичкен кутулат, табагын жалаган тутулат"-дегендей бийлик өз жаңылыштыгын жаап-жашыруу максатында кимдир бирөөлөрдү күнөөлүү кылып чыгарат. Ал эми уттурган убакыттар артка кайрылбайт.
Өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүүсү чындык болсо, анда мамлекет башчысы К. Бакиев баш болуп, Өкмөтү төш болуп, азыркы инфляциянын шартында эң кур дегенде отун-энергетика ресурсу үчүн каражат бөлүштүрүп, элибизге камкордук көрүүгө милдеттүү экендигин унутпоосу зарыл. Эгерде "өнүгүп-өсүү" кагаз жүзүндө болсо, арга жок, элибиз "өлбөгөн жанга жаз келерин" күтүп жашай берет…

Ат жалындагы маек

Элдин кыш мезгилине карата даяардыгын билүү максатында борборубуздун Ош базарында жолуккан адамдарга бир канча суроолор менен кайрылдык:
- Быйыл электроэнергияны пайдаланууга чектөөлөр киргизилмекчи. Кышка карата отун сатып аласызбы?

Сапар 48 жашта:
- Көп кабаттуу үйдө жашайм. ТЭЦ түзүк эле тейлейт болушу керек. Катуу суукта гана кез-кезде электрожылыткычтарды пайдаланбасак…
Муктарбек, 53 жашта
- Алатоо жаңы конушунда жашайм. Туруктуу жумушум жок. Жайкысын жеке курулуш иштери менен алек болом. Тапканыбызды үнөмдөп жашайбыз. Үч балам мектепте окуйт. Азыркы кымбатчылык бизге окшогондордун канын сорууда. Электроэнергияга чектөө киргизүү бизге кыйын болот. Арга канча, көмүрдү кабы менен алабыз. Электрди өчүрүп, кайра күйгүзгөн учурда 2-3 приборду бир сайып, үйдү ысытканга аракет кылабыз да…

Уулча, 65 жашта:
- Алган пенсиям 800 сом. Ага бир кап ун да келбейт. Көмүрдү кантип сатып алам? Бул өкмөттүн эл менен иши жок болуп калды. Мага окшогон карыяларды суукка тоңдуруп же жарым курсак кылып ачкадан өлтүрөбү?

Элнур, 22 жашта:
- Өзүм да, келинчегим да ЖОЖдо билим алып жатабыз. Квартирантпыз. Ата-энебиз айылда. Алган стипендиябыз өп-чап, тамак-ашыбызга эмес, жол киреге да жетпей калды. Кышта кандай кылабыз, көмүр сатып алганга да каражат керек. Электроэнергияны чектөөгө өтсө, аргасыз ага да көнөбүз да. Эптеп азык-түлүксүз калбасак болду деп отурабыз. Биздин үнүбүздү эми эч ким деле укпай калбадыбы?

Сагымбай, 63 жашта:
Пайгамбар жашына келдим. Таласта айылда жашайм. Мурда айлыгыбыз тамак-ашка, кийим-кечекке, отунга жетчү. Азыр 900 сом пен- сиям эч нерсеге жетпейт. Светти өчүрсө, токоюбуз бар, аргасыз отун уурдайбыз да. Өлбөстүн күнүн дагы көрөбүз да. Ушуга жеткирбей Өкмөт бир жагын чечер. Чечпесе элдин каргышына, Кудайдын каарына калышат.

Сабира, 42 жашта:
- Өзүм Нарынданмын. Бизде кыш узак, суук болот. Ансыз деле көмүр сатып алабыз. Азыр кымбаттабаган эмне калды? Эми көмүрдүн баасы канча болот? Эң өкүнүчтүүсү, Өкмөттүн эл менен иши болбой калбадыбы?! Өзүңөрдү өзүңөр баккыла,-дейт. Өз күнүбүздү өзүбүз көрүп жатканда, Өкмөттүн эмне кереги бар?

Арсланбек, 25 жашта:
- Баш ооруткум келбейт. Биздин сөзүбүз бийликке жетпейт. Алар өз билгенин кылып келген, кылып келет, кыла берет. Электр энергиясын чектесе чектээр. Учурунда көрөбүз…

Маектешкен
Эртабылды АТТОКУРОВ,
"Алиби"