№55, 30.07.08-ж.
  Кара-Кечени "кара басты"

Мамлекеттик тендерби же "өлүм" жазасыбы?
Кайсы маселеге кайрылбайлы, өткөн күнгө көз салмайын болбой калды. Анткени анын ар жагында Аскар Акаев түзүп кеткен системанын сөлөкөтү жатат. Экономикабыздын начардыгы, жергиликтүү элдин миграциясы, тоо-кен байлыктардын , маанилүү стратегиялык обьекттердин менчикке өткөрүлүшү, мамлекет үчүн тыйындай пайдасы тийбеген инвесторлордун келиши жана башка "чалмакейлер" бүгүнкү кордуктун уңгусун түздү. Муну мамлекет башында турган чиновниктердин өз элине жасаган чыккынчылыгы деп бааласак болот.

Кыргызстан мамлекет катары өз жарандары жана ишкерлери менен бирдикте "ийри отуруп, түз кеңешип" дегендей, айрыкча инвесторлор маселесине келгенде ачык,айкын иштеши керек эле. Бизде андай болгон жок. Тескерисинче, тар чөйрөдө талашып-тартышып, көбүнчө өз көмөчүнө көбүүрөөк күл тартышкан биздин чиновниктер малекеттин атынан чыгып, чет элдик инвесторлорго элдик мүлктү талап-тоноого мүмкүндүк түзүштү. Мын ушундай оор кырдаалга кабылган кен байлыктардын катарын азыр Кара-Кече толуктады.
2002-жылы, Кара-Кече көмүр кенин иштетүү маселеси күн тартибине чыкканда, дал ушундай абал түзүлгөн. Тендер жең учунан өткөрүлүп, белгилүү "Беш-Сары" фирмасынын пайдасына чечилген. Аталган фирма көмүр казуунун бардык эрежелерин бузуу менен ишти баштап, өзүнө бөлүнгөн жерди сууга чылап коюп, аймактын экологиясына чоң зыян келтирди. Азыр да эч нерсеге жооп бербестен кең-кесири иш жүргүзүүдө.
Кыргыз Өкмөтү быйылкы жылдын 28-майында "кара баскан" Кара-Кечени кайрадан тендерге койду. Дагы эле болсо мамлекет жана анын мансаптуу атка минерлери эки ача жолдо турат. Бири-мамалкеттик кызыкчылык, экинчиси жеке кызыкчылык. Бул эки кызыкчылыктын кайсынысы жеңип чыгарына кыргыз эли чукулда, август айында күбө болот. Бизге жеткен маалыматтарга караганда өткөрүлө турган тендерге Орус, Кытай, Индус, Корей өлкөлөрүнүн компаниялары катышып жатышат. Тилекке каршы, кыргыз компаниясы дагы эле жок. Болгону Кыргыз-Корей биргелешкен компаниясы турат. Бирок, анын деле утуп чыгышы күмөн. Ал эми так маалыматтарга таянсак, орусиялыктар ушул жылдын апрель айында Жумгалда болушту, Кара_-Кече менен Миң-Кушту түрө кыдырып чыгышты. Натыйжада, алар Арал айылынын айланасында жылуулук энергия борборун курмак болушкан. Кара-Кечеден жылына эки миллион тоннага чейин көмүр казып алышып, аны аталган жылуулук борборуна жумшоону жана алынган энергияны өздөрү үчүн курмакчы бопуп жаткан алюминий заводунун кызыкчылыгына пайдаланууну көздөшүүдө.
Бизге ушундай инвестор керекпи? "Мындан элге кандай пайда келтирилет, эмне жардам болот деген суроолорго: "Биз салык гана төлөйбүз" дешкен. Алар ырас, кандай гана инвестор болбосун, өздөрүнүн программасындагы келишимдик макулдашуулардан тышкары жергиликтүү калктын экономикалык, социалдык абалын жакшыртууга багытталган милдеттенмелери болууга тийиш. Мына ушундай шартта гана элибиз тендерден жеңип чыккан инвесторду колдоору бышык. Эгерде инвестор бир же бир нече адамдардын кызыкчылыгы менен келсе, мындай инвестордун иштешине көпчүлүк көнө койбойт.
Тендер боюнча түзүлгөн комиссия мамлекеттик кызыкчылыкты, элдин келечегин баарынан жогору коюуга милдеттүү. Президент,өкмөт тарабынан коюлган талаптар так жана таза, кынтыксыз аткарылууга тийиш. Комиссия тендердин жыйынтыгын жалпы элге массалык маалымат каражаттары аркылуу толук маалымдап туруу керек. Ошондой эле тендерден утуп чыккан компаниянын финансылык ишмердүүлүгү, башкача айтканда, Кара-Кара-Кече көмүр кенине жумшалуучу каражат, анын мамлекеттин экономикасына келтирүүчү пайдасы, жергиликтүү калктын турмуш тиричилигин оңдоого тийгизген таасири жөнүндөгү маалыматтар ачык -айкын болуусу зарыл.
Кыргыз-Корей биргелешкен компаниясы Жумгал районунда 2007-жылдан бери иштеп келе жатат. Ушул мезгилдин аралыгында таза суу, мончо сыяктуу социалдык багыттагы жана башка иш-чараларга жардам берип келди. Эки жылдан бери согуш ардагерлерине 9-майда 500 сом өлчөмүндө кол кабыш жасап келет. Ал тургай , келечекте жол салуу, мектеп курууга даяр экендиктерин район жетекчилерине билдиришкен. Айтайын дегеним, аталган компания тендерге чейин эле ушундай иш-аракеттери менен элге билинди. Эми ким тендерди утуп алса, алар деле ушундай ишин көрсөтсө деген тилек.
Акырында айтайын дегеним, ушул жазда мамлекет башчыбыз Курманбек Салиевич Бакиев "бизге жеке керт башынын кызыкчылыгын ойлогон инвестордун кереги жок, элге пайдасы тийе турган инвестор керек" деп айтканы эсимде. Эл карап, көрүп, баалап турат. Андыктан, элиңерди, жериңерди, келечегиңерди ойлогула дегибиз келет, Кара-Кеченин тагдырын чечкен тендердик комиссия мүчөлөрү.

Каныбек ТЕЗЕКБАЕВ,
Бишкек шаары




  Кыргыз элине
расмий кайрылуу

Урматтуу калайык!
Ушул, 2008-жылдын 10-август күнү Бишкек шаарында жалпы кыргыз элинин курултайы өткөрүлөт. Бул курултайга өлкөнүн ар бир райондорунан жана шаарларынан эл өзүнүн эң таза, ак жүрөк жана жалындуу патриот уул-кыздарынан 20 дан- 50гө чейин өкүл катары делегаттарын жөнөтүшү керек.

Курултайга Кыргызстандагы 73 административдик - территориялык округдар боюнча кеминде 2000ге жакын делегаттар катышышат.
Курултайдын негизги максаты - Кыргызстанды коррупциялык- капиталисттик жана марионеттик системадан кутултуп, чыныгы элдик- демократиялык көз карандысыз мамлекетти түзүү.
Курултайда: Кыргызстандагы саясий кризис жана социалдык - экономикалык курч кырдаал талкууланып, элдик коалициялык өкмөт менен Жогорку Элдик Конгресс түзүлүп, алардын өкүлдөрү жана конгрессмендер шайланышат.
Курултайдан Бакиевдик - коррупциялык бийликке расмий кайрылуу жасалып, 2008-жылдын 20-августунда өз ыктыяры менен тынчтык жол аркылуу өзүнүн президенттик бийлигин жана укуктарын элдик коалициялык өкмөткө өткөрүп берүүсү талап кылынат. Андай кылбаса, президент Бакиевге каршы импичмент ыкмасы козголот. Эл менен коррупциялык бийликтин ортосундагы конфронтациянын күчөшүнө жана саясий куугунтуктарга Бакиевдик бийлик түздөн - түз жооптуу болуп саналат. Элдик курултайды татыктуу өткөрөлү!
Кайдыгерлик менен чечкинсиздикти токтотолу!

Уюштуруу комитети
Кыргызстан Патриоттук партиясы,
Коррупцияга каршы күрөшүү кыймылы




  Капкандагы калыстык

Каршы чыксаң
Калбаев эскертет
Камакта жаткан Ишенбай Кадырбековдун жактоочулары кечее "Акипресс" маалымат агенттигинде прессконференция өткөрмөк. Бирок, айтылган убакытта Кадырбековчулар келишкен жок. Анткени, аларды кимдир бирөөлөр кармап кетишиптир. Аз күн мурда алардын лидери Асыл Жаманованы Нарын районунун акими И.Медетов, прокурору К.Калбаев жана милиция башчысы М.Жумаевдер чакырышып, колуна эскертүү кагазын карматышканын укканбыз. Эсиңиздерге сала кетсек, ушу жумада камакта жаткан И.Кадырбековдун тарапкерлери Нарын-Бишкек жолун бууп салышмак. Жол тосула электе эле, эмнеге эскертишти? Бийликтин мындай ыплас иш аракеттери аызырынча жоопсуз калганы менен, күзүндөгү күтүлбөгөн окуяларга алып барып жүрбөсүн?