№55, 30.07.08-ж.
  Эй-эй калайык, канча катын алайык?...

Токол алсаң толосуң, көп балалуу болосуң
Адилет министрибиз Марат Кайыпов аткаруу бийлигине келгени канча мыйзам жазганын билбесек да, кабаттап катын алуу боюнча какшап келатканын жакшы билебиз.

Башка мыйзамдарыбыздын баарысы Баш мыйзамыбызга бап келгенсип, экиден аял алуу маселесин эрмектеп келет. Бул мыйзамга мынчалык аракет кылганына караганда, ашыкча аял алгандардын таасири күчтүү болуп жатса керек. Адилет министрибиздин айтканына ишенсек, жылына 40 миңге жакын ымыркай никесиз төрөлөт экен. Көп аял алуу кылмыш иши болсо да, 10 жылдан бери бул берене боюнча болгону 10 кылмыш иши козголуптур. Ошондуктан, токол алуу боюнча мыйзамды токтоосуз кабыл алышыбыз керек болуп жатыптыр. Көп аял алуу боюнча көгүлтүр экрандан, "раз они сами этого хотят и выходят замуж за тех, у кого есть одна или две жены, это уже не преступление" - деп агынан жарылды. Көп катын алган "көнөк баштардын" баарысы көрүнүктүү адам болгондуктан, бул мыйзамды кабыл алып бергенибиз оң, ансыз да аларды жоопко тарта албайбыз. "Капчыгың калың болсо катын ал, жука болсо самын ал" дей берсек болчудай.




  Азык-түлүк көтөрүлсө, ар-намыс төмөндөйт

Далбаевдин боткосу, Ногоевдин ноктосу
"Де-факто" гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобекова менен укук коргоочу Качкын Булатовго козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму кайра тергөөгө жиберилгени менен, Бишкек салык инспекциясынын башчысы Таалайбек Далбаев менен айыл чарба министри Арстанбек Ногоевдин арызын караган Биринчим ай райондук соту "Де-факто" гезитин 2 миллион сом доого жыкты.

Кызыгы, бул соттук отурумга жоопкер тарап чакырылган эмес. Ушул эле Биринчи май райондук соту буга чейин доогер Асылбек Салиевдин арызы боюнча "Де-факто" жана "Алиби" гезиттерин 2 миллион сом доого жыккан. Үч айдын ичинде үч миллион сом айыпка жыгылган "Де-факто" гезити боюнча ажобуздун пресс-катчысы Нурлан Шакиев, "Мен муну эч кандай кысым деп айта албайм. Газетанын кемчилиги - макаланы текшербей, ийне-жибине чейин аныктабай басып жиберген. Анан эми бул бардыгыбызга ачуу сабак болуш керек да" - деген пикирин билдирди.
Мейли, кысым болгон жок дейли. Бирок, министр Арстанбектин ар-намысы, студент Асылбектин ар-намысынан төмөндөп кеткенине эмне дейли? Эсиңиздерге сала кетчү дагы бир жагдай, буга чейин адамдын ар-намысын биздин "көз карандысыз" соттор ар кандай баалап келишкен. Мисалы, экс-мамлекет башчыбыз Т.Усубалиевдики - 1.5 миллион, экс-өкмөт башчыбыз Н.Танаевдики - 500 миң, экс-президенттик администрация башчысы А.Карыпкуловдуку - 200 миң, экс-мамлекеттик катчыбыз Д.Сарыгуловдуку- 200 миң, экс-тышкы иштер министрибиз А.Жекшенкуловдуку - 25 миң сомго бааланган. Эмне үчүн биздин соттор Президентибиздин инисинин ар-намысын жогоруда айтылган жогорку даражалуу адамдардыкынан ашырып жиберишкен? "Адилеттүү" соттор кайсы критерий менен адамдардын ар-намысын аныкташты? Бааны оппозициялык гезиттерге асмандатып, бийликчил гезиттерге басаңдатып жатканы кысым эмеспи?




  Бийчиге катылган чыр, бийликте катылган сыр

"Хаяттын" коргону, чоң чатактын чордону
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Тышкы иштер министрлигине наразычылык нотасын жолдоду. Эсиңиздерге сала кетсек, кимдир бирөөлөр өткөн жумада Бишкектин чок ортосунда жайгашкан "Хаят Ридженси Бишкек" мейманканасынын курчаган тосмолорун алышып, тосмо ичиндеги атактуу бийчи кызыбыз Бүбүсара Бейшеналиеванын айкелине жол ачышкан. Элчиликтин айтымы боюнча Бишкек мериясы мыйзам бузуп, мейманкананын менчигине зыян келтирген. Шаар башчылыгы мындай жолго Акыйкатчынын кайрылуусунун негизинде баргандыгын баяндайт. Качан бизде Акыйкатчынын кайрылуусу соттун чечиминен жогору турчу эле? Ажонун сөзү менен Ататүрк сейил багындагы курулуштар токтотулса, Акыйкатчынын кайрылуусу менен тосмолор алынса, анда сот бийлигинин кимге кереги бар? Бул болбогон шылтоо. Мунун артында чоң саясат жатат. Жакын арада АКШнын "Ганси" учак базалары боюнча маселелердин көтөрүлүшү толук ыктымал.




 "Катуу экен өтүгүң,
ооруп калды көчүгүм"

Чудинов "чу" койбосо болду
"Ак жол" партиясы атка мингизген аткаруу бийлигинин алты айлык иш аракети ажобуз тарабынан канаатандырарлык эмес деп табылды.
Өткөн жумада өткөрүлгөн өкмөттүн кеңейтилген жыйынында ажобуз агынан жарылып, анализ жасай албаган аткаминерлерге атырылып алды. Инфляцияны ооздуктай албаган, азык-түлүк, энергетика кризистерин аныктай албаган өкмөт мүчөлөрүнө катуу талаптарды койду. Энергетика министри С.Балкыбековго сөгүш берди. Ажобуздун "кышкыга тезек, отунуңарды камдагыла, буларга(министрлерге) ишенбегиле" дегенине караганда, чуудан башы чыкпаган Чудиновдун өкмөтүн жылдын жыйынтыгы менен шыпырат өңдөнүп калды. Мурдагы өкмөт башчыбыз Алмазбек Атамбаев азыркы өкмөттү "кирип келаткан кризиске эч кандай даярдыгы жок"деп сынга алып өттү. Айрым маалыматтарга таянсак, мамлекет башчыбыз Курманбек Бакиев өкмөт башчыбыз Игорь Чудиновдун "Түндүкэлектро", "Кыргызтелеком" боюнча жашыруун былыктарын билип калып, жыл аягына чейин сатыкка чыгарганды токтотосуң деген команданы бериптир. Ошентип, алты айдын жыйынтыгы боюнча "алсыз" деп табылган өкмөтүбүз кышкыга өтүгүн камдайбы же тепкенге көчүгүн камдайбы, азырынча табышмак. Чуу чыкканча Чудинов мырза "чу" койбосо эле болду.




  Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт

Ак үйдүн айласын кетирген Атамбаев
"Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Социал демократтар партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев жолугушкандан бери, артын карап кылчайган, алдын карап ырсайган кыргыз оппозиционерлери жандана түштү.
Күзүндөгү жергиликтүү шайлоолорго бирге аттана турган СДПКчылар менен "Атамекенчилерге" кошула турган күчтөр оголе көп. Мурдагы спикер менен мурдагы премьердин кошулганы, алсыз бийликтин амалын алты кетирүүдө. Ушу тапта мурдагы жылкы ноябрь митингдеринин башында болушкан Өмүрбек менен Алмазбек бир топ адамдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышканы маалым болду. "Өмүке, билесиң го, мен боецмин" - деген Алмазбек мырзанын кайрадан оппозицияга келиши - Акүйдүн алдыдагы пландарын бузуп жиберди окшойт. Айрым билермандарыбыздын айтканына ишенсек, жазында жарга такалаарын билген бийлик, ушу күздө кезексиз президенттик шайлоолорду өткөрүүнү пландаштарып жаткан имиш.

Бетти даярдаган
Рыскелди МОМБЕКОВ,
"Алиби"