№55, 30.07.08-ж.
  Абайла, алдыда кризис!

Кечиккен чечим
Ушул мезгилге чейин Кыргыз Өкмөтү ички жана тышкы факторлорду эске албагандыктан, өлкө экономикалык жактан зор кризистин чеңгээлине тушугуп отурат. Бардыгыбызга белгилүү, күндөлүк турмушка керектелүүчү бүтүндөй товарлардын жана калкка кызмат көрсөтүүнүн баасы күн санап кымбаттоодо.

Бул калктын жону жука катмарынын жашоо шартын ого бетер туңгуюкка алып барары шексиз. Жакында болуп өткөн Өкмөттүн жыйынында мамлекет башчысы К.Бакиев Кыргызстандын экономикасы эңшерилүү коркунучуна кептелгенин, айрыкча кескин төмөндөө үстүбүздөгү жылдын акыркы кварталында жана келерки жылдын башталышында күтүлөөрүн, кыйын кырдаал түзүлөрүн ачык белгиледи.
Актануубу же апыртуубу, инфляциянын жогорулашын эсепке албай, Өкмөт азык-түлүк кризисинен чыгууга өбөлгө бар экендигине президентти ишендиргендей болду. Атт-и-иң! Эгерде жергебизде агрардык секторго мамлекет тарабынан мурдатан эле айрыкча көңүл бурулса, анда азык-түлүк маселеси оңго чечилерине ишенмекпиз?!
Албетте, эл аралык валюта фондусу тарабынан азык-түлүк үчүн берилүүчү 10 миллион доллар аркылуу бир кыйла кыйынчылыктарды тизгиндейбиз, ал эми Кыргыз Өкмөтү бул максатка канча каражат бөлөрү ачыкка чыгарылбагандыгы элди күдүк ойго түртүп турганын ойлобогондугу таң калыштуу.
Мезгилдин ушул оор шартынан чыгууга аткаруу бийлиги жөндөмсүз экендигин өзү айгинелегенсийт. Кыйынчылыкты жеңүү - кайра эле каражатка көз каранды болору талашсыз. Ал эми мамлекеттин казынасы ар түрдүү салыктардан топтолорун эске алсак, өлкөнү кризистен куткаруу мүмкүн эместиги ачык көрүнөт. Бүткүл дүйнөлүк финансылык кризистин башталуу коркунучу - Кыргызстан сыяктуу экономикасы начар өлкөлөрдүн эки далысынын ортосуна урулган канжар катары кароого болот. Учурдагы мындай пессимисттик көз караштын күч алышына бюджеттин киреше бөлүгүнүн төмөндөшү себеп болууда.
Кыргызстандын башкы салыкчысы Т. Курманбеков ушул өкмөттүк жыйында бул багытта да зор тоскоолдуктар түзүлөрүн, август-сентябрь айларында салык чогултуу төмөндөөрүн, ал гана эмес үзгүлтүккө учурарын моюнга алууга аргасыз болсо, Өнөр-жай, энергетика жана отун ресурстары боюнча министр С. Балкыбеков электроэнергиянын 30 пайызын үнөмдөбөй туруп энергетикалык кризистен чыгуу мүмкүн эместигин баяндаган.
Өлкө башчысы К. Бакиев ушул кырдаалдар менен таанышып, агынан жарылды. Бүтүндөй "ак сарайлардын" электро жылыткычтарын, кыш мезгилинде бүтүндөй мончолордун, сауналардын, айрым ишканалардын электроэнергиясын өчүрүүгө, аларды отун менен иштөөгө өткөрүүгө көрсөтмө берди.
Чиновниктердин "кыйынчылык болбойт" деген сөздөрүнө ишенбөөгө, тезек менен көмүр даярдоого элди чакырды.
Кечиккен чечим.... Кыш босогого жакындоодо. Кымбатчылык өкүм сүргөн учурда элдин көмүр сатып алууга кудурети жетер бекен? Бүтүндөй электро жылыткычтарга өткөн мектептер быйылкы окуу жылында кандай шартта сабак өтүшөт? Жарыбаган айлык, пенсия алган үй-бүлөлөрдүн каражаты азык-түлүккө жумшалабы же отун сатып алабы? Мындай суроолор калктын жакыр бөлүгүнүн айныксыз баш оорусуна айланууда.
Кептин ачыгы, зор коркунуч дале алдыда. Бир нече жылдарга созулуучу кризис босогодо турат. Бийлик мунарасы да, Өкмөт да өлкөнү кризистен кыйгап алып өтүүгө алсыз экендиги ачык көрүнүүдө. Эгерде мурда бийлик менен оппозициянын ортосунда саясий жана идеологиялык гана күрөштөр жүргүзүлүп келсе, эми аларга экономикалык күрөштүн кошуларына шек жок болуп калды. Бул революциялык кыймылга өсүп жетиши мүмкүн. Буга Кыргызстан, кыргыз эли чыдаар бекен?
Өнүккөн өлкөлөрдө саясат экономиканы эмес, экономика саясатты башкарат. Бизде бардыгы тетирисинче. Ушундан улам, экономикалык потенциалы эң төмөн Кыргызстанды дүйнөлүк эксперттер бир кылымга жакын аралыкта жок болуп кетүүчү мамлекеттердин катарына бекеринен кошпосо керек, - деген ой пайда болот. Алар биздин өлкөдөгү саясий, экономикалык жактан стабилдүүлүктүн жоктугун иликтеп, өлкөдөгү бүтпөгөн курч карама-каршылыктар Кыргыз мамлекетинин түбүнө жетерин илимий божомолдоолордун негизинде аныктап отурушат.




Айтылбай турган сөз эле
Түйүндү ким чечет?
Мекенибиз- тоолуу өлкө. Илимпоздордун аныктамасына ишенсек, жергебизде тектоникалык кыймыл үзгүлтүксүз жүрүп турат. Мунун натыйжасында бизге билинбеген, биз күтпөгөн табигый кырсыктар учур-учуру менен кайталанып турат. Мындай кокустуктар адамга айтпай келет тура!

Кырсыктын алдын алуу, кырсык болгондо жабыр тарткандарга жакындан жардам көргөзүү-мамлекеттин маанилүү бир милдети болуп саналат.
Тилекке каршы, республикабыздын каржы министри Тажикан Калымбетова Ошто район акимдери менен жолугушуу учурунда табигый карсыктардан жапа чеккендерге мындан ары мамлекет тарабынан үй курууга көмөк көргөзүүгө милдеттенме албай турганын баса белгиледи. Тажикан Калымбетованын бул сөзү- "өлгөндүн жазасы көмгөн"- дегенге тете болду.
Ушундан улам, суроолор пайда болот. Деги, мамлекеттин аткаруучу милдети эмне? Эл эмне үчүн мамлекетти коргоого, мамлекеттин кызыкчылыгын коргоого милдеттүү? А эмне үчүн мамлекет табигый кырсык болгондо өз жарандарынын көйгөйүн чечүүдөн баш тартууга тийиш?
Мамлекет өз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуудан баш тартса, анда ал адамдарды жарандык милдеттерден дагы бошотууга тийиш эмеспи? Каржы министри Тажыкан Калымбетова айым бул суроолорубузга жооп кайтарар бекен?
Менимче, ар бир жетекчи аткарган ишине катар, сүйлөгөн ар бир сөзүнө жооп берүүгө милдеттүү. Маселени мамлекеттик масштабда көтөрө билген, жоопкерчиликти сезген, түрдүү кырдаалдарда ишти чече билген кадрлар өлкөгө керек. Ансыз жетекчинин беделине доо кетет. Каржы министринин сөзү бийлик бутактарына элдин терс көз карашынын өнүгүшүнө шарт түзүп отурган жокпу? Азыркы күндө Өкмөттүн курамы кырдаалдын күрөө тамырын таба алышпай, ушундан улам жоопкерчиликтен качып жатышы байкалууда. Мындай шартта элибиздин жашоо шарты оңолоруна ишеним болбойт. Өлкөдө "жогоркулар төмөнкүлөрдү мурдагыдай башкара албай калышса, төмөнкүлөр жогоркуларга мурдагыдай баш ийбей", - отурат. Ага кошул-ташыл кымбатчылыктын күн санап өсүшү социалдык жарылууга алып келерин эстен чыгарбоо керек эле. Бийлик кырдаалды баамдоого алсыздыгын көргөзүп, элдин кыймылын күч структурасы аркылуу басууга бет алды. Курч маселелерди сүйлөшүү жолу менен эмес, репрессиялык ыкманы колдонууга аргасыз болууда. Ошентип, Кыргыз республикасында революциялык кырдаал өсүп жетилүүдө. Ал эми Өкмөт курамындагы жетекчилер өздөрүнүн ойлоппу же ойлонбойбу, терс маанидеги сүйлөгөн сөздөрү менен отко май чачууда.
Кырдаалга ылайык, өзүнөн жоопкерчиликти четтетүүгө мамлекет башчыбыз жана "Ак жол" партиясы Өкмөт курамын таратабы, же элдин нааразылыгына жооп кылып, репрессиялоо жолуна өтөбү, аны учур өзү көргөзөр…
Түйүн чиеленип түйүлдү. Түйүндү ким чечет?
Өкмөт аке, сом берчи! - деп көздөрүн жашылданткан кутман карыларыбыздын кантип күн көрөбүз деп баштары маң…




  Өкмөт аке, сом берчи!

Карылар коргоого муктаж
Азык-түлүктүн, электр энергиясынын, жол киренин кымбатташынан кийин калк катмарынын эң тынч бөлүгү болгон пенсионерлер бийликке нааразылык билдирип, пикетке чыгышканын баары эле биле бербесе керек. Шаардын мурдагы мэри Данияр Үсөновдун митинг, пикеттерди өткөрүүгө тыюу салган буйругуна кошул-ташыл болуп, коммунист-депутат Искак Масалиевдин митингдерге чек коюу мыйзамынан улам пенсионерлерди бийлик жана анын күч структуралары карыяларды борборубуздагы Горький көчөсүнө сүрүп салышкан эле. Улгайган бул адамдар бул аймакта бир канча күн турган менен алардын көйгөйүн чечүүнү мындай коелу, угуп койгонго бийлик бутактарынын моюну жар берген эмес.
Акыры президент Курманбек Бакиев 2008-жылдын 15-июлунда КРнын Социалдык фондунун төрагасы Марат Султанов менен пенсияны 15 пайызга жогорулатуу тууралуу буйрукту талкуулашты.
Бирок буга кубанбай туралы. Бул жогорулатылган пайыздын өзгөчөлүгү эмнеде экендигин талдап көрөлү. Жыл башында пенсия 11,4 пайызга көбөйтүлгөн. Эми 1-октябрдан баштап ушул кемтикке кошумча гана киргизилип, тактап айтканда, 2008-жылдын ичиндеги жалпысынан алганда 15 пайызды түзөт.
Пенсионерлердин басымдуу бөлүгүнүн алганы - 800-900 сомдун тегерегинде экенин эске салсак, октябрь айынан кийин бар болгону 120-135 сомго жогорулайт.
Босогого каатчылык баш баккан ушул шартта карыяларыбыз жарыбаган бул акчага азык-түлүк алабы, электроэнергияга төлөйбү, же отун-көмүргө жумшайбы? Бирине тартса, бирине жетпеген зар заман,




  Кеп чынынан бузулбайт

Импорт оорусунан качан кутулабыз?
Өлкөнүн экономикалык өсүшү жомоктогудай жогорулап жаткандыгы тууралуу маалыматтар көбөйгөнү менен акыры Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы 2008-жылдын биринчи жарым жылдыгында товар жүгүртүүдөгү жетишилген "ийгиликтер" импорттук операциялардын өсүшү аркылуу ишке ашкандыгын ачыкка чыгарды. Атап айтканда, импорт операциялары аркылуу башка өлкөлөргө товар жүгүртүү 47,5 пайызды, ал эми экспорт операциялары аркылуу товар жүгүртүү 1,4 айызга өскөн. Демек, өлкөдө өнөр жай жана айыл чарба продукцяиларын өндүрүү төмөнкү деңгээлде кала бергендигин айгинелеп отурат. Жергиктиктүү ишкерлер чыгарган товарлардын дээрлик басымдуу бөлүгү айыл чарба продукциялары болуп саналарын эске алсак, жүгүртүүгө коюлган өнөр жай товарлары реэкспорттук мүнөздө болуп, бул акыры мамлекеттин экономикасын эңшерип түшүү коркунучун күчөтүүдө.
КРнын Улуттук Банкынын маалыматына таянсак, товар жүгүртүүнүн жогорку көрсөткүчүн кыргыз алтыны аркылуу гана кармап отурабыз, же болбосо, алтынды экспорттоо быйылкы жылдын январь-июнь айларынын ичинде 30,1 пайызга өскөн. Бул экономикалык жактан өсүштү жасалма жол менен кармап туруунун амалы катары кароого туура келет.
Ал эми экспортко караганда, импорттук товарлардын жүгүртүүлөрү жогору. Кыргызстанга жөнөтүлгөн КМШ өлкөлөрүнүн импорт товарлары 56,3 пайызга ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн импорт товарларынын жүгүртүлүшү 36 пайызга өскөн. Бул жергиликтүү ишкерлердин товарларынын жүгүртүүсүнө өзүнүн терс таасирин тийгизери далилдөөнү талап кылбайт. Биздин кичи жана орто ишканалары чыгарган товарлар эски технологиялык каражаттар жана жабдуулар менен иштейт. Чыгарылган продукциялардын саны да аз, сапаты да бир кыйла төмөн. Натыйжада, чет өлкөлүк ири завод-фабрикалардан чыгарылган кымбат болсо да, сапаттуу товарлары өзүнүн үстөмдүгүн орното берет. Ошентип, жергиликтүү ишкерлердин товарлары конкуренцияда жеңиле берет.
Мамлекет жергиликтүү ишкерлерди колдоого тийиш. Импорт товарларынын агымын көзөмөлгө алуу, жеке менчикке өткөрүлүп, бирок, иштетилбей жаткан ишканаларды жандандыруу маселесине тез арада чечүү зарыл. Ансыз "төңкөрүлгөн ишканалар, эңшерилген экономика" өнүкпөсүн унутпасак…

Бетти даярдаган
Эртабылды Аттокуров,
"Алиби"