№54, 23.07.08-ж.
  Сөз айтпагын болбоско, суу куйбагын толбоско

Суу артынан чыккан чуу
Кургакчылыктын кучагында, кымбатчылыктын тузагында калган карапайым калкыбыздын казанына кайгы толду. Үстүбүздөгү жылыбыз түшүмдүүлүктүн эмес, үшүк менен үшкүрүктүн жылы болду. Айыл чарба министрибиз А.Ногоев менен орун басары Б.Мураталиев "азык-түлүк кризиси болбойт" дегени менен, элибиз эртеңкисин эсептеп койгон. Айыл чарбасын жетектеген аткаминерлерибиз анчалык кыйын экен, "ундун баасы кымбаттаса, унчукпастан кызматтан кетебиз" дешип, кембагал элибизге кепилдик беришсин. Караандай калпты айткыча, "кышкыга камылга көргүлө, каатчылык болушу мүмкүн" деп, ачыгын айтышпайбы? Суунун башында туруп суудан кыйналганыбызды, энергетиканын кашында туруп караңгы үйдө отурганыбызды кимден жашырабыз? Кыйынчылыктын кырын аша албаган кыргыз мамлекети үчүн алдыдагы азык-түлүк кризиси эмес, энергетикалык кризис алда канча коркунучтуу. Азык-түлүктү гумжардам аркылуу алсаң болот. Электр жарыгын кантип аласың? Кыргызстан бул кыйынчылыктан жападан-жалгыз чыга албайт.
Ушу тапта Бишкек, Астана жана Ташкент бийликтери ортосунда суу чатагы башталды. Кыргызстандан агып чыккан сууларды өзбек туугандар бууп алып, казак туугандарды какшатып койгон. Бул жөнүндө Россиянын "Независимая газетасы" минтип жазат: "Киргизия оказалась перед угрозой энергетического кризиса. Перспективы настолько удручающи, что власти республики уже оповестили о них население. Президент Курманбек Бакиев, побывавший на минувшей неделе в Москве, попросил помощи у Дмитрия Медведева. Ситуация усугубляется нехваткой воды в регионе, из-за чего между Бишкеком, Астаной и Ташкентом назревает скандал. Казахстан угрожает Узбекистану санкциями за невыполнение обьязателств по транзиту киргизской воды. Киргизия вводит новые ограничения на обеспечение населения электричеством. Власти призывают население к экономии и предлагают будущей зимой использовать альтернативные источники обогрев - мазут, уголь и кизяк(тезек). Это означает, что будущей зимой тепла в домах не будет. А с 1-августа начнутся веерные отключения электроэнергии"
Президентибиздин Москвага болгон күтүлбөгөн сапарынын сыры ушунда экен. Кошуналар коркута баштагандан, орус бийлигин ортого салганы барыптыр. Чатак эмнеден чыккан? Ушул айдын башында Астана, Бишкек жана Ташкент бийликтери суу маселеси боюнча чечим кабыл алышкан. Келишим боюнча Казакстан Кыргызстандан электр энергиясын кымбат баада сатып алмак. Ал эми, Кыргызстан Казакстанга 11-июлдан баштап секундасына 85 метр куб сууну кое бермек. Кыргыз тарап сууну кое бергени менен, орто жолдон өзбек туугандар менен тажик туугандар сууну бууп алышкан. Кыргызстан секундасына 145 метр куб сууну агызса, өзбектер 80 метр кубду, тажиктер 65 метр кубду басып алышкан. Эки ортодо казак туугандар как талаада калышкан. Өзбектердин өзүм билемдигинен, Казакстандын Мактаарал районунун эгин талаалары суусуз калып күйүп кеткен. Буга ачууланган Казакстандын виц-премьери Умирзак Шукеев Өзбекстандын вице-премьери Рустам Азимовго телеграмма жолдойт. Анда мындай деп айтылат,"эгер 20-июлга чейин сууну кое бербесеңер, биз Кыргызстандын электр энергиясын кымбат баада сатып алуудан баш тартабыз. Мындан Казакстан гана эмес, Өзбекстан менен Тажикстан дагы запкы тартат"
Азырынча Өзбекстан сууну кое берген жок. Демек, чатак башталды десек болот. Энергетикалык кризис эмнени алып келет? Биринчиден, социалдык-экономикалык абалыбыз төмөндөйт. Экинчиден, өлкө ичиндеги саясий кырдаал курчуйт. Кыргыз оппозициясы кыйкыра турган учур келди окшойт.




  Аткарылбас токтом көп, акылмандар боктон көп

Эри өлгөн аял жесир болот, жери өлгөн чоңдор не болот?
Өткөн жума этегинде Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясы өтүп, ага өкмөт башчыбыз И.Чудинов катышкан. Коллегия жыйынтыгында "Ататүрк" багынын жанынан жеке үй курууга берилген жер участоктору боюнча токтомдордун баарысы жокко чыгарылды. Бишкек мэри Н.Түлеевдин мындай кадамга барышына, президенттик администрация коллегиясынын чечими себеп болгон.

Эми, "Ататүрк" багынын жанына курулуп жаткан хансарайлардын баарысы токтотулат. Эсиңиздерге сала кетсек, 2002-жылдан бери Бишкек мэриясы менен Октябрь райондук акимчилиги аталган эс алуу паркынын жанынан 130 жер участогун бөлүштүрүп беришкен. Анын 125 участогу катталган. Бишкек шаардык мэриясынын коллегиясы жеке үй курууга уруксат берген токтомдордун баарысын мыйзамга кайчы келгенин аныктап, аларга жол берген чиновниктердин жоопкерчилигин териштирүү үчүн прокуратура органдарына жөнөттү. Демек, 2002 жылдан баштап иштеген Бишкек мэрлери менен Октябрь районунун акимдерине жана шаардык архитекторлорго кылмыш иши козголушу толук мүмкүн. Ошол кездеги Бишкек мэри М.Керимкулов азыр эч кандай жумушта жок болсо, ошол кездеги шаар архитектору К.Нарбаев мамлекеттик архитектор болуп кызматынан көтөрүлүп кеткен. Айрым саясатчылардын айтканына караганда, К.Нарбаевдин Жаныш Бакиев менен мамилеси аябай жакшы экен. Эми, Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевдин Башкы архитектор К.Нарбаевге кылмыш ишин козгоого кудурети жетеер, жетпесин көрөбүз.
Мэр Н.Түлеев мурунку мэрдин 70 токтомун, аким С.Салиев мурунку акимдердин 56 токтомун жокко чыгарды. Ушуну менен эле, "Ататүрк" багынын жанында курулуп жаткан хан сарайлардын тагдырлары чечилди дегенибиз туура эмес болот. Алдыда канча деген соттук териштирүүлөр күтүп турат. Ал жердеги хан сарайларды куруп жаткандар оңой адамдардан эмес. Арасынан мурунку өкмөт башчыбыз А.Жумагуловду, администрация башчысы А.Карыпкуловду, спикер А.Бөрүбаевди, Башкы прокурор А.Шаршеналиевди, Жогорку сот К.Осмоновду, каржы министри Б.Абилдаевди кездештирүүгө болот. Төмөндө биз "Ататүрк" багынан жер участогун алган генералдар менен "кембагалдардын" тизмесин толугу менен беребиз.

1. Апас Жумагулов - 0,08 га
2. Улукбек Узакбаев - 0,08 га
3. Кайыргүл Сартбаева - 0,08 га
4. Болот Абилдаев - 0,08 га
5. Нурлан Өмүров - 0,08 га
6. Турсун Турдумамбетов - 0,08 га
7. Рашид Тагаев - 0,07 га
8. Алиярбек Абжалиев - 0,07 га
9. Айтибай Тагаев - 0,07 га
10. Зиядин Жамалдинов - 0,07 га
11. Сайдилла Нышанов - 0, 07 га
12. Азизбек Турсунбаев - 0,07 га -
баш тарткан
13. Арзыбек Бурканов - 0,07 га
14. Искандер Гаипкулов - 0,07 га -
баш тарткан
15. АООТ "Нур" - 0,14 га
төмөнкүлөргө сатылып кеткен:
Александр Сан, Алексей Сан, Ла-
риса Хан, Римма Ярмухаметова
16. Леонид Калашников - 0,08 га
17. Аида Шаршенова - 0,08 га
18. Аманбек Карыпкулов - 0,08 га
19. Мустафа Кидибаев - 0, 08 га
20. Нурбек Исаев - 0, 08 га
21. Автандил Сыдыков - 0,08 га
22. Кубул Мамыркулов - 0,08 га
23. Өмүрбек Кутуев - 0, 08 га
24. Батырбек Мамыркулов - 0,08 га
25. Алима Латыпова - 0,08 га
26. Николай Скрипко - 0,08 га
27. Айтурган Турапова - 0,08 га
28. Тахир Хамданбаев - 0, 08 га
29. Гүлүмкан Мамакеева - 0,08 га
30. Асанбек Стамов - 0,08 га
31. Нурийля Момбекова - 0,08 га
32. Шааркүл Медетбекова - 0,08 га
Шамшыбек Медетбековго белек-
ке берген
33. Мария Нанаева - 0,08 га
34. Курманбек Осмонов - 0,121 га
35. Кенжебай Конорбаев - 0,08 га
36. Кубанычбек Акказиев - 0,08 га
37. Сооронбай Жээнбеков - 0,081 га
38. Кеңешбек Карачалов - 0,08 га
39. Темирбек Маатов - 0,08 га
40. Александр Костюк - 0,08 га
41. Вячеслав Шаповалов - 0,08 га
42. Жумадил Макешов - 0,08 га
43. Кубанычбек Шейитов - 0,079 га
44. Жумабек Тентиев - 0,088 га
45. Сайрабүбү Момунова - 0,08 га
46. Асхат Саркишев - 0,082 га
47. Замира Абдрахманова - 0,081 га
48. Увазарбек Адылбеков - 0,08 га
49. Бакир улуу Турсунбай - 0,08 га
50. Кылычбек Дүйшөналиев - 0,08
га
51. Аманбек Жайнаков - 0,083 га
52. Алтай Бөрүбаев - 0,1225 га
53. Ашыкбүбү Абыкеева - 0,08 га
54. Канат Керезбеков - 0,08 га
55. Бек Топоев - 0,08 га
56. Эркин Байсалов - 0,144 га
57. Анваржан Турсунов - 0,08 га
58. Асанбек Акматалиев - 0,1035 га
59. Валентина Курдюмова - 0,081 га
60. Венера Картаңбаева - 0,079га
61. Кабылбек Жумалиев - 0,08 га
62. Сарыбагыш Калыбаев - 0,08 га
63. Эркин Орозбакиева - 0,08 га
64. Болот-Адыл Байгазиев - 0,08 га
65. Кеңеш Кулматов - 0,1 га
66. Рысбек Качкеев - 0,08 га
67. Бүбүкан Сайнасырова - 0,081 га
68. Индира Жапаркулова - 0,08 га
69. Сакен Кыдыралиева - 0,1 га
70. Кеңешбек Дүшебаев - 0,08 га
71. Осмонакун Ибраимов - 0,0875
га
72. Курманбек Кубатбеков - 0,08 га
73. Санжарбек Айтматов - 0,08 га
74. Клара Бакчиева - 0,08 га
75. Майрамгүл Давлеталиева - 0,08
га
76. Дмитрий Очкасов - 0,08 га
77. Дамира Борбукова 0,08 га
78. Бейшенбек Болотбеков - 0,08 га
79. Рустам Абдукадыров - 0,08 га
80. Нурбек Каимов - 0,08 га
81. Адилбек Султанов - 0,07 га
82. Канатбек Жороев - 0,07 га
83. Кадырдин уулу Ташали - 0,08 га
84. Шамсинур Осмоналиева - 0,08
га
85. Жаныбек Бокоев - 0,07 га
86. Эрмек Абакунов - 0,07 га
87. Сүйүнчбек Суранчиев - 0,08 га
88. Жаңыл Кожогулова - 0,0783 га
89. Нурзат Аманова - 0,058 га
90. Неля Кудайбергенова - 0,05 га
91. Айгүл Носинова - 0,08 га
92. Айсулуу Уракунова - 0,08 га
93. Алия Аманбаева - 0,08 га
94. Шайыргүл Кудайбердиева - 0,08
га
95. Рахат Дыйкамбаева - 0,08 га
96. Чыңгыз Абылов - 0,094 га
97. ОсОО ПП "Нарын" - 1,12 га
98. Болотбек Исахунов - 0,1561 га
99. Раимбек Мамыров - 0,1308 га
100. Качкын Дыйканбаев - 0, 1255 га
101. Анаркан Аманова - 0, 1025 га
102. Эркин Абдыкадырова - 0,1229 га
103. Сайкал Дыйканбаева - 0,1064 га
104. Николай Ушаков - 0,1045 га
105. Айгүл Эргешова - 0, 1242 га
106. Медеткан Шеримкулов - 0,08 га
107. Чынарбүбү Түлеева - 0,10 га
108. Галина Пугачева - 0,08 га
109. Канатбек Беккулуев - №5Д жа-
шыл жер тилкеси
110. Асанбек Шаршеналиев - 0,08 га
111. Тажымамат Шаболотов- 0,08 га
112. ОАО "Кыргызстандын улуттук
электр түйүнү" 0,1062 га
113. Кадырбек Керимкулов- 396,1 чар
чы метр.

Бетти даярдаган
Рыскелди МОМБЕКОВ,
"Алиби"