№52, 16.07.08-ж.
  Алтындан кымбат байлык бар.
Табият талабын эске алсак…

"Суу кордогон кор болор,
Суу сыйлаган зор болор"
(Жеңижок)
XXI кылымдын башында Кыргызстандын төбөсүнө кара булут ороло баштады. Борбордук Азиянын жана Казакстандын сугат жерлеринин басымдуу бөлүгүн суу менен камсыз кылган дарыяларыбыздын сууларынын кескин 2 эсеге азайышы-коңшу өлкөлөрдү коелу, өлкөбүздүн айыл-чарбасына жана Токтогул каскадынын үзгүлтүксүз иштешине өзүнүн кедергисин көргөзүүдө. Токтогул суу сактагычына топтолгон суу 8млрд чарчы метрди гана түзүп, алдыда келе жаткан кыш айларында элди электроэнергия менен үзгүлтүксүз камсыз кылуусун чектөө коркунучун жаратууда. Кургакчылык күч алгандыктан Мекенибиздин бүтүндөй аймагында сугат ишин жүргүзүүдө суу талашуу күчөгөндүгүн тануу мүмкүн болбой калды.
Айрым адамдар бул көрүнүштөрдү табияттын мезгилдүү бир өзгөрүшү катары эсептеши мүмкүн. Тилекке каршы, кургакчылыктын күч алышы, суунун кескин тартылышы орду толгус кырсыкка алып келерин, бийик чокуларыбыздагы "түбөлүк мөңгүлөрдүн" тездик менен ээришине жана бууланышына адам факторунун тийгизген терс таасири негизги ролду ойногонун ойлоп да коюшпагандыгы өкүнүчтүү.
Өткөн кылымдын 50-60-жылдарында Россиянын көрүнүктүү окумуштуусу, техника илиминин доктору Капица өз Мекенинде кен байлыктардын өлчөмсүз казылышы-табигаттын тең салмактуулугунун сакталышына доо келтирерин, өнөр жай ишканалары пайдаланган суулар кайрадан тазаланбагандыгынын кесепетинен Европада жана Россияда 2010-2060-жылдардын аягында ичүүчү таза суу "дефицит" товарга айланып каларын алдын ала айтып чыккан. Бирок, анын бул пикирин ошол кезде гипотеза катары санаган дүйнө эли эми гана туура экенин түшүнүп, таза сууну сактап калуу-экологиялык жактан негизги бир багыт катары кабыл алынды.
Алып көрөлүчү. Европанын экономикалык жактан өнүккөн күчтүү мамлекеттери ичүүчү суунун жетишсиздигинен улам Швейцариядан, ал эми Япония таза сууну коңшу өлкөлөрдөн сатып алууга аргасыз болууда.
Учурунда экс-президент А.Акаев өлкөбүздү экинчи Швейцария кылууга убада берген. Бул кыялданууну ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү бар эле. Бирок, бул ишенимдүү жолду, мурдагы жана азыркы бийлик колдонгусу келген жок, колдонбой келет. Кыргызстанды экинчи Швейцарияга айландыруучу табигый байлык- бул жергебиздеги көк кашка болуп аккан суулар, чокулардагы аппак муз мөңгүлөр. Мына ушул табият тартуулаган байлыгыбыздын баркына жетпей отурабыз.
Бир окуяны угуп, ичим эңшерилет. Тараз-Талас-Суусамыр жолун Ош-Бишкек жолуна кошууну аркалаган түрктөр Талас районундагы Талды-Булак айлынынын чет жакасында жайгашышат. Аларга жакын Жаргарт тоо суусу күрпүлдөп агып жатат. Түркиядан келген жол куруучулар да, алардын жетекчилери да чай кайнатышабы, же суу ичеби, айтор, жалаң газ кошулбаган "Артезиан", "Байтик" сууларын пайдаланышат. Бул жолдо иштеген жергиликтүү кыргыздар суусаганда жата калып, агын суудан ичишет. Ага түрктөр абдан таң калышат.
Күндөрдүн биринде суу сатып келүүгө кеткен автоунаа кечигет. Чаңкаган түрктөр Жаргарттын суусунан ичүүгө аргасыз болушат. Суу эч кандай терс таасирин бербегенин көрүп, андан кийин "Артезиан", "Байтик" сууларын сатып албай калышыптыр. Алар: "-Ушул сууңарды Түркияга, Ирак, Иран жана араб өлкөлөрүнө сатууга неге жөнөтпөйсүңөр? Канча байлыгыңар текке агып кетип жатат?"- деп өкүнүшкөн экен.
Мейли, бул өлкөлөр алыс экен. Ал эми коңшу Өзбекстан суунун 94 пайызын, Түркмөнстан 98 пайызын сырткы булактардан -Кыргызстан менен Тажикстандан аларын эске алсак, анда неге бул маселени бул эки өлкөнүн бийлик ээлери мамлекеттик мааниде тең ата сүйлөшө алышпайт?!
Кыргызстанда 7821 муз мөңгүсү жайгашкан. Буга мамлекеттик маани берилбегендиктен, акыркы 60 жылдын аралыгында анын саны 14 пайызга төмөндөгөн. Таза суунун очогу болгон мөңгүлөрү, Кыргызстандын булактары жана агын суулары элибиздин алтындан да кымбат байлыгы экендигин эң алгачкылардан түшүнгөн "Мөңгүлөрдү сактоо коомдук экологиялык фондусунун" президенти Үрүстөм Кабылбеков: - Кыргызстанга "Согуштук чыр-чатактардан тышкаркы зона", - катары статус берүү зарылдыгын көтөрүп чыкты. Ошентсе да, Үрүстөм Кабылбековдун бул сунушун башка коңшу өлкөлөрдүн жетекчилерин мындай коелу, өзүбүздүн Өкмөт тарабынан колдоого алынбаганы камырабастыкпы, же кайдыгерликпи?
Бул тынчсыздануу бекеринен эместигин эске салып кетели. Улуу Ата Мекендик согуштун мезгилинде Майлы-Сайдын аймагында урандын алгачкы кени иштетилген, Кадамжай районунда сурьма, сымап чыгарылууда. Ал эми Кара-Балтада россиялыктар уранды өндүрүүнү токтоткон жок. (Экс премьер-министр Алмазбек Атамбаев тарабынан Таластагы Жер-Үй алтын кенинин чыр-чатагында Кара-Балтада эмне чыгарылары кокустуктан айтылып кеткен). Булардын таштандылары жайгашкан жерлерде жардыруулар болуп өтсө, анын кесепети дүйнөгө экинчи Хиросиманы, Нагасакини пайда кылат да, анын салакасын жоюуга 500 жыл да жетпей калат. Ошону менен катар Борбордук Азия ичер сууларынан да толугу менен ажырайт.
"Биз табиятка канчалык кыянаттык кылсак, табият бизден ошончолук айыгышкан түрдө өч алат", өч алып да жатат. Мындан эки жыл мурда окумуштуулар жер семирткичтерди жана пестициддерди колдонгондон кийин, ал аймактарда сугат ишинен кийин жер астындагы суулар да белгилүү өлчөмдө ууланары аныкталган. Ал эми Кумтөр алтыны иштетилгенден баштап Ак-Шыйрак муз мөңгүсү толугу менен жок болуу коркунучуна дуушар болду. Ошол эле учурда мөңгүнүн суусу радиоактивдүү затка каныкканы жашыруун болбой калды. Бирок, бул бийлик бутактарына таасир берген жок, мындан жыйынтык чыгарылган жок. Талас, Чаткал өрөөндөрүндөгү алтын кендерин иштетүүгө күч үрөлүүдө, демек, ал жерлердеги мөңгүлөрдөн кол жубар учур келип жетти.
Илимий изилдөөлөрдөгү тыянакка таянсак, акыркы жылдарда күндүн жылуулук энергиясы дүйнө жүзүндө 0,6 градуска, а Кыргызстанда 1,6 градуска көтөрүлгөн. Ушундан улам океандардын тереңдиги 20 сантиметрге, айрым жерлерде 50 сантиметрге жогорулап, суу ташкыны кескин көбөйгөн. Ошентип, дүйнөдө көптөгөн аралдар мамлекеттери суу басып калуу коркунучу алдында калды.
Ар бир нерсенин экинчи бир терс жагы бар. Океандардын, деңиздердин ташкыны күч алган ушул мезгилде муз мөңгүлөрүнүн ээриши күчөйт, анын көп бууланышы миңдеген булактардын соолуп калышына жана таза суунун азайышына алып келет. Кургакчылык өз үстөмдүгүн орнотот.
Быйылкы 2008-жыл ушул кырдаалга кептелип отурат. Суунун деңгээли Кыргызстанда башка жылдарга салыштырмалуу 2 эсеге азайган. Мындай кыйынчылыктар 3-4 жылга созулары окумуштуулар тарабынан божомолдонуп айтылууда. Табияттын бул табышмактуу карама-каршылыгынын сыры- бул адамзаттын жаратылышка каршы жасаган иш-аракеттеринин бир натыйжасы болуп саналат.
Албетте, күндүн энергиясынын көтөрүлүшүн эч ким токтото албайт, бирок анын аптаптуу ысыгында жасалма жолдор менен муз мөңгүлөрүнүн ээришин басаңдатуу мүмкүнчүлүктөрү эң кымбат баада ишке ашырылууда. Атап айтканда, айтылуу Швейцария күндүн ысык илебин жана нурларын артка чагылдыруучу пленкалар менен мөңгүлөрдү жаап, сактап келе жатышат. Эртеңки келечегине саресеп салган бул өлкө Европаны ичүүчү таза суу менен камсыз кылып, экономикалык жактан пайда гана таппастан, өздөрүнүн территориясында түрдүү согуштук операцияларды жүргүзүү коркунучунан кутулду. Эң кичинекей мамлекет Европанын бүтүндөй өнүккөн өлкөлөрүнүн үстүнөн үстөмдүгүн орнотуп отурат.
Биздин бийлик бутактары башка өлкөлөргө сууну товар катары сатууга али баа берген жок. Ак-Шыйрак муз мөңгүсүнүн тагдырынан бийлик сабак албады. Тескерисинче, орду толгус экономикалык кыйроонун өбөлгөсү болор Кумтөр, Макмал алтын кендерин толук кубаттуулукта ишке киргизишсе, сол жээк Талды-Булак, Жерүй, Андаш, Чаткал өрөөндөрүндөгү алтын кендерин иштетүү үчүн жан далбас жасоо күч алды. Бирок, бул кендер убактылуу кыска мөөнөттө иштеп, анын натыйжасында ондогон дарыялар ичүүгө гана эмес, сугат иштерине пайдаланууга жараксыз болуп калаарын билмексенге салып, элибиздин жана Мекенибиздин эртеңки келечек тагдырын ойлобостон, ушул кендерден "капчыгын" кантип толтуруу жолун издегендер көбөйүүдө.
Мындан тышкары, кичи ГЭСтерди куруу мүмкүнчүлүгү турганда, Камбар-Ата ГЭСине миллиондогон каражаттарды жумшоонун зарылдыгы канча? Бул курулуштун жүрүшү менен канча гектарлаган айдоо жана жайыт суу алдында каларын, бул аймактагы мөңгүлөрдүн жок болушу Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү канча булактар соолуп, келечекте бул аймакта ичүүчү таза суу "дефицитке" айланарын ойлогондор бар бекен?
Кыргызстанга азыркы шартта ири ГЭСтерди куруунун, жер-кен байлыктарын иштетүүнүн зарылдыгы жок. Тескерисинче, "түбөлүк мөңгүлөрдү" сактап, табият өзү тартуулаган тоолорубуздун туптунук сууларын резервуар орнотулган ири автоунаалар менен ичер суу жетишпеген өлкөлөргө ташып сатуу аркылуу өлкөбүздүн үстөмдүгүн орнотууга неге болбосун? Бул ошол өлкөлөр менен алака түзүүгө, алардан ар тараптуу моралдык да, экономикалык да колдоону алууга эң ыңгайлуу шарт түзүп бермек, а кен байлыктар урпактарыбызга мураска гана калбастан, жерибиз экологиялык жактан таза сакталарын эмитен ойлонуу керек.
Кыргыз элинин бактысына жаралган тоо суулары-бекер агып жаткан зор байлык. Аны элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына кызмат кылууга багыттоо гана керек. Демек, мөңгүлөрдү сактоо коомдук экологиялык фондусунун президенти Үрүстөм Кабылбековдун "Фергана Ру" газетасындагы маегинде: "-Мөңгүлөр жердин нымдуулугунун булагы, чың-ден соолуктун өбөлгөсү, энергия жана Борбордук Азия региондорундагы стабилдүүлүк", - деген пикири колдоого алынышы зарыл.
Ичер суубузду ыйык сактап, табият берген ушул байлыкты максаттуу пайдаланууну негизги максатка айландыруу учур койгон талап болуп калды.

Эртабылды Аттокуров,
"Алиби"