№52, 16.07.08-ж.
  Баш

Бул кимдин желкеси?
Урматтуу окурмандар!
Сиздер үчүн өткөн саныбызда сандан-санга жарыяланчу жаңы "Баш" деген рубрикабызды ачканыбызды билесиздер. Ал рубрикабыз окурмандардын кызыгуусун туудуруп, жарыкка чыгаары менен эртеден- кечке телефон чалгандардын аягы үзүлбөдү.

Эске салсак, өткөн сандагы желкелер Темир Сариевге, Нур уулу Досболго жана Каныбек Иманалиевге таандык болчу. Бирок, окурмандарыбыздын көбү 3-номурдагы Каныбек Иманалиевдин желкесин табууда бир аз кыйынчылык тартышты.

Үч желкени тең, эң биринчи туура тапкан Дамир Султанкуловду редакциябызга чакырып, 500 сом акчабызды ыйгардык. Байгеге илинбей калса да, өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, туура жооп айткан алдыңкы 10 окурманыбыздын аты-жөнүн берип коюуну туура көрдүк:

1. Дамир Султанкулов,
жеңүүчү

2. Кыргызбек Букашев,
Бишкек

3. Азизбек Аликеев,
Ысык-Ата

4. Роза Жумалиева,
Бишкек

5. Өндүрүш Токтонасыров,
Сокулук

6. Айзада Абдылдаева,
Бишкек

7. Бакыт Жакыпов,
Жалалабат

8. Алмаз Алиев,
Бишкек

9. Калыгул Бейшекеев,
Бишкек

10. Урмат Өмүкеев

Маңдайыңызда турган желкелер кайсы белгилүү саясатчылардыкы экенин тапканга аракет кылып көрүңүздөр.
Эгер кимде - ким эң биринчи болуп, мобу үч желкенин кимдерге таандык экендигин туура таап, гезит чыккан шаршемби күнү бизге телефон чалса, анда ал окурманды редакциябыздын 200 сом сыйлыгы күтөт. Анда, эмесе мынабу желкелерди таанып калсаңыз, дароо (0312) 62 44 35 телефонун бураңыз.

"Алиби" редакциясы




  Тапкан тапалак

Желкенин жеңүүчүсү
- Аты-жөнүңүз?
- Султанкулов Дамир Токтогонович.
- Кайсы жерде иштейсиз?
- "Манас" аэропортунда инженер -механик болуп иштегем. Азырынча убактылуу бошмун.
- Бул желке конкурсубузга кандайча катышып калдыңыз?
- Эртең менен адаттагыдай эле "Алибини" алып окуп жаткам. Анан 16-беттеги желкелерди көрүп, Темир Сариев менен Нур Досбол уулун дароо эле тааныдым. Сариевди костюмунан тааныдым, себеби гезитиңердин мурунку сандарынан Темирдин ошол эле костюм менен түшкөн сүрөтүн байкагам. Каныбек Иманалиевди табууда кичине кыйналдым. Биринчи Равшан Жээнбековбу деп ойлоп аткам. Анан Иманалиев менен шайлоо учурунда сүйлөшүп калган учурлар болгон, жакшылап карап көрүп, анан таанып дароо эле телефон чалдым.
- Бүгүнкү саясатка мамилеңиз кандай?
- Эми кесибим инженер болгондон кийин саясатка деле анча кызыга бербейм. Албетте, Кыргызстандын жараны болгондон кийин өлкөдөгү абалдан кабардар болуп турууга аракет кылып турам.
- Биздин гезитти качантан бери окуйсуз?
- Негизи "Алиби" чыккандан бери эле туруктуу окурманы болуп эсептелем. Гезитиңердин тагдырына күйүп-бышып келем.
- Желке рубрикабыздын каармандарына мамилеңиз кандай?
- Эми Темир Сариевди айылдаш катары, саясатчы катары мамилем жакшы эле. Ал эми Нур Досбол уулун мамлекеттик кызматтагы чиновник катары билем. Каныбек Иманалиевди депутат болуп жүргөндө салмактуу эле саясатчы көрүнгөн, азыр кайсы кызматта экенинен кабарым жок экен.




  Анекдоттор

- Апа, ата экөөңөрдү чоң энем жылаңайлак келсин деп чакырып жатат.
- Эмнеге жылаңайлак барышыбыз керек экен?
- Анткени, чоң энем ийнени паласка түшүрүп жиберип таппай жатат.

- Демек, сен кайненеңди кылмышкер кантип өлтүрүп жатканын көргөн турбайсыңбы?
- Ооба, көргөм.
- Анда эмнеге жардам берген жоксуң?
- Кылмышкер менен талашкан чырын өзү чечип алат го деп мен тоскоол болгум келбеди.

- Эртең тоого эс алганы чыгабыз
- Анда жылуу буюм-терим алып алалыбы?
- Ооба, алсаң ал, алты-жети бөтөлкө жетет.

Маршруткада олтурган айылдан келген аксакалдын жанына киндигин көрсөтүп кийинген кыз олтуруп калат. Карыя кыздын киндигин теше тиктеп калса, кыз:
- Аксакал эмне карайсыз. Аны "мода" деп коет десе, карыя:
- Биздин убакта "киндик" деп эле койчу-деген экен.

Кыз жигитине:
- Аз күндө сен ата болосуң-дейт.
Анда жигит таң калып:
- Кызык, атам мени "мэр" болосуң дебеди беле?

Кечээ сиздин аялыңызды автобустан көрдүм, кабагы ачык экен. Жылмайып эле күлүп атты.
- Эки күн илгери алтын тиш салдырган, ошону көрсүн деген аракети болсо керек.

Өзү менен өзү сүйлөшүп келаткан Асанды Үсөн токтотуп:
- Эмне эле өзүң менен өзүң сүйлөшүп келатасың-десе, Асан:
Жакшы адамдар менен аңгеме курганды жеринен жакшы көрөм-деген экен.



Кыргыз күрөш
Далай-далай кылымдарды карыткан,
Касиеттүү Эр Манас,
Намыс үчүн салышкан,
Журт атасы кан Кошой,

Күрөшкө чыгып алышкан
Кыргыз күрөш ата салты, мурасы
Туу тутунуп намыс менен эрдикти
Бар болуп өс, эр болуп өс
Касиеттүү элибиздин урпагы.

Урматтуу кыргызстандыктар!

18-19-20-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарынын ат майданында кыргыз күрөшү боюнча 12 мамлекеттин катышуусунда эл аралык мелдеш өтмөкчү. Кадимки кыргыз күрөшүнө күбө болуп, конок болуп кетиңиздер!!!

Кыргыз улуттук күрөш федерациясы