№52, 16.07.08-ж.
  М а н а с т а а н у у

"Манас" эпосу жана И.А.Батманов
1952-жылы жергиликтүү басма сөздө "Манас" эпосуна арналган талкуу өткөрүлгөн. 1946-жылы орусча чыккан "Чоң казат" китебине Г.Нуров сын жазып, Сагымбайды уруучул, динчил, бай-манапчыл, реакциячыл манасчы катары көрсөткөн. Нуровдун кыйраткан сынын "эки кырчаңгы бир токойдон жолугушат" болуп, куйту П.Балтин менен кыргыздан жалгыз С.Мусаев гана колдоп чыгышкан. Талкууга кыргыздын көрүнүктүү акын-жазуучулары, белгилүү окумуштуулары катышып, "Манас" эпосун эл түзгөндүгүн, элдин чыгармасы экендигин далилдөөгө аракеттенишип, өз ойлорун ачык жазып чыгышкан. Ошондой окумуштуулардын көрүнүктүүсү И.А.Батманов "Манас" эпосу жөнүндө деген макаласын кыргызча ("КК" 21-май) жарыялап, талкуунун мезгилинде өзгөчө пикири менен айырмаланган. Талкууга чейин эле И.А.Батманов "Манас" эпосун изилдөөгө алгачкылардан болуп киришкен түрколог окумуштуулардын көрүнүктүүсү болгон А.Батманов "Азыркы кыргыз тилинин фонетикалык системасы" (6-12-беттер, 46) деген изилдөөсүндө академик В.В.Радловдун "Түндүк түрк ууруларынын эл адабиятынын үлгүлөрү" деп аталган он томдугунун кыргыздарга арналган томунун материалдарын пайдаланып, өзүнүн оюн өнүктүргөн.
В.В.Радловдун "Манас" эпосунун тексттерин арасы алыс үч башка жерден-текестеги бугу, Ысык-Көлдүн батышындагы сарыбагыш, Токмоктун Түштүк чыгышындагы солто өңдүү үч башка уруудан жазып алышы-кыргыз тилинин диалектилик өзгөчөлүгүн изилдөө-анын башкы максаты болгондугун И.А.Батманов биринчи белгилеген. Бирок, кыргыз тилинин диалектикалык өзгөчөлүгүн окумуштуу байкай албагандыктан ар кайсы жерден материал чогултууну туура таппаганын да көрсөткөн.
"Манас" эпосун изилдеп жүргөнүнө жарым кылымдан ашса да С.Мусаев "Манас" энциклопедиясына (127-137, 16-161-беттер, 11.95) жазган үзүктөй эки макаласында В.В.Радловдун башкы максаты кыргыз тилинин диалектилик өзгөчөлүгүн изилдөөнү көздөгөнүн, ошондуктан "Манас" жомогун арасы алыс үч башка жерден, үч бөлөк уруудан жазып алганын түшүнбөгөнүн гана далилдеп койгон. Токмоктун Түштүк чыгышындагы солто уруусунан жазылган делип жүргөн Манастын туулушу деген окуяны да сарыбагыш уруусунан жазып алганын окумуштуу үч томго жазган кириш сөзүндө атайы белгилеши-Мусаевдин макалаларында эскертилип да койбойт. Мунун себеби-солто уруусунда "Манас" жомогун айткан же билген жомокчунун окумуштуу кыргыздарга келген учурда да, мурда да, кийинки мезгилдерде да болбогондугу менен гана түшүндүрүлөт.
И.А.Батманов орусча чыккан "Чоң казаттын" баш сөзүн жазышкан Ө.Жакишев менен Евг. Мозольков В.И.Лениндин эки маданият жөнүндөгү окуусун жетекчиликке алышпагандыктан "Манас" эпосунун идеясы ачылбай, Сагымбайдын вариантынын мазмуну, көлөмүнүн чоңдугу курулай макталып, байыркы кыргыздардын кытайлар менен жоолашуусунан жомок жаралган деген ойдун туура эместигин белгилеп, өз оюна өзгөчө токтолгон. Ошол талкуунун жүрүшүндө "Манас" эпосундагы байыркы кыргыздардын кытайлар менен согушунан жомок жаралган деген ойду айтуудан баш тарткандык жеке эле И.А.Батмановдун макаласында айтылбастан Б.М.Юнусалиевдин "Манас" эпосунун доору жана чыгыш жөнүндөгү маселеге карата" ("СК", 23-май"), -деген орусча, кыргызча макаласында да улантылган. И.А.Батманов "Манас" эпосунун жаралышына, жомок катары калыптанышына XV-XVIII кылымдардагы кыргыздардын ойроттор-калмактар менен болгон согуштары негиз болгон десе, Б.М.Юнусалиев аталган макаласында Алтай доорундагы IX-XI кылымдарда кара кытайлардын күчөгөн чабуулунда, тактап айтканда "кыргыздардын улуу мамлекетинин" талкаланган мезгилинде жомок жаралган деп жазып чыгышкан эле. Окумуштуулардын "Манас" эпосунун чыгышына карата айтылган ойлору туура эмес экендиги талкуунун мезгилинде жомоктогу байыркы кыргыздардын кытайлар менен болгон согушу биздин күндөрдөгү кытайлар - деп кабылдоодон улам, атайы саясатташтырып жиберүүдөн жаралгандыгын белгилесек анын кемчилик экендиги ачыкка чыгат. Жомоктогу согушту кытайлар менен болгон деп айтып жазууга болбойт- деп жергиликтүү бийликтегилер тарабынан атайы көрсөтмө берилгенден кийин окумуштуулар кытайдан башка элди-жоону кара кытайлар менен ойротторду-калмактарды тарыхтан табышып, өз ойлорун өнүктүрүү менен аларды далилдөөгө чыгына аракет да жасашкан.
Байыркы мүнөзгө ээ болгон эпосу мифтен жаралгандыгы илимде эбак аныкталган. Индустардын "Махабхарата", "Рамаяна", гректердин "Илиада", "Одиссея", калмактардын "Жангар", армяндардын "Давид Сасунский", карело-финдин "Калевала" сыяктуу эпостору кандай мифтен жаралса, кыргыздардын "Манасы" да дал ошондой мифтен жаралган классикалык эпостун эң ириси болуп саналат.
Адатта аталган дүйнө элдеринин эпосторундагы уруу менен элдердин бири-бири менен болгон согушу тарыхтагыдай ачык-айкындаштырылып айтылбайт. Алсак, ошол эле "Махабхарата" бир туугандар каурава менен пандава урууларынын бирин - бири өлтүргөн согушу баяндалып, индустардын коңшу калк менен уруулардын тарыхына байланыштуу айтылган ой эпосто эскерилбейт. Каурава менен пандава мифтик уруулар. "Илиада" менен "Одиссея" да гректер менен трояндыктарда тектеш уруулардан экендигинде. Жалпысынан жаралышы байыркы мүнөзгө ээ болгон эпостордо аны түзгөн эл менен уруунун аты тарыхтагыдай дээрлик аталбайт.
"Илиада" менен "Одиссеяда" грек деген этноним кезикпейт. Болгону данай, аргос, ахей деген уруулардын аты гана эскерилет. Бир ахейден башкасы мифтик уруулардын аталыштарына кирет. "Жангар" эпосунда да калмак-ойрот деген элдин аты да учкай эскерилип койбойт. Алардын тыргоот, кошоот, чорос, дөтрбөт деген урууларынын аты сөзгө алынбайт. Ушул пикирди толугу менен буряттардын "Гэсэр" эпосуна да колдонсок болот. "Гэсэрдэ" да бурят деген элдин, алардын эхирет, булагат, унгин, хори деген урууларынын аттары да аталбайт.
Мындай болуштун себеби байыркы уруулар менен элдерде маданий мурас кандай түзүлсө, аны дал ошондой өзгөртпөй айтууну, сактоону талап кылган катуу тыюу-табу салгандык бекем салтка айлангандыктан издөө керектигин эске салгандыгында. Буга караганда калмак менен буряттын, алардын урууларынын аттары чыга электе "Жангар" менен "Гэсэр" эбак түзүлүп, кандай жаралса, ошондой айтып-сактоону талап кылган тыюу-табу салуу кадимки салт катары бекем кармоо керектигине өзгөчө маани бергендигинен да, ал узак мезгилдерди басып өткөндүгүнөн да кабар берет. Ошентип, тыюу-табу салуунун катуу талабынын натыйжасынан улам, калмак менен буряттын, алардын урууларынын аттары "Жангар" менен "Гэсэрде" түбөлүккө таптакыр аталбай калат.
Байыркы адамдар өздөрү жараткан маданий мурастарында да сыйкырдуу касиети бар чыгарма катары эсептөө менен андан колдоо да күтүп, бериле кастарлашкан. Тыюу-табу салуу да "Жангар" менен "Гэсэрдин" сыйкырдуу касиети бар чыгарма катары эсептелген элдин байыркы ишеними менен эриш-аркак айкаша жаралып отурат.
"Манас" эпосу да мына ошондой сыйкырдуу касиети бар кыргыздын бирден - бир байыркы сейрек мурасы. "Манас" жомогу качан жаралса, тыюу салуу да бирге жаралып, мезгилге жараша көп өзгөрүүгө да дуушарланган. Ырасында, "Манас" эпосун айттырып угууда тыюу-табу салгандык алгачкы мезгилде абдан бекем кармалган. "Манас" эпосу менен кыргыздын улуттук оюну Ордонун тектеш, коңшу элдерде кезикпеши ошол тыюу-табунун катаал натыйжасы. Тыюу-табу салгандыктын мындай катуу талабы эпосто "калк башчысы он миң жан кең-кесири баткандай, Манас баштап кырк бала кеңири Ордо аткандай"- деп жашыруун жайда- Капка сарайда ойнолгон. Себеби, "Манас" эпосу согуштук турмушту көрсөткөн көркөм чыгарма, Ордо согуштук оюн болгондуктан алгачкы мезгилде экөө тең сыйкырдуу касиети, жашыруун сыры болгондуктан колдоочу күчү бар мурас катары эсептөө салтка айланып кеткендигинде.
Коомдун өсүшү кыргыздардын турмушунда да жүрүп, жогоруда аталган дүйнө элдеринин байыркы эпосторундагыдай мифтик уруулардын, баатырлардын, ар кыл мамилелери "Манас" жомогунда сакталбай, тарыхтагы эл менен уруулардын, адамдардын айтылышы менен мурас кандай жаралса, куду ошондой сактоону талап кылган тыюнун-табунун бекем салты кармалбай, кыйрай баштайт. Кийин кыргыздардын мусулман динин кабыл алууга өтүшү да кошул-ташыл болуп, ага чейин "Манас" жомогу элдин дини катары таанылып келсе, аны кодулоо да күч алат. Бу дагы "Манас" жомогунун ар кыл тарыхый маалыматтар, уламыштар менен бирге ислам дининин түркүн болумуштарынын, мифтеринин киришине ыңгайлуу шартка кабылтат. Буряттар менен калмактар бул өңдүү диндик өзгөрүүгө тушукпагандыктан, алардын жомоктору кандай жаралса, аларды дал ошондой айтып-сактоону талап кылган тыюу-табунун күчү да түбөлүккө кармалып калган.
"Манас" эпосунда ислам динин кандайча айтылып, кантип чагылдырылганы окумуштуунун көңүлүн өзгөчө бурган. Башка байыркы элдердей эле кыргыздардын диний ишеними "Манас" эпосунда да айтылганын белгилеп, ал жөнөкөй гана диний көз карашпы же панисламизмби?! деп суроо коюп алып, ага окумуштуу өзү жооп берүүгө аракеттенген. Аны аныктоодо "Манас" эпосунун негизги варианттары эсептелген Сагымбай менен Саякбайдан жазылган тексттерден ынанымдуу мисал келтирген. Саякбайдын айтканында эпостун башкы карманы Манастын динге ишеними бекем эместиги "чын жинине тийгенде канкоруң молдолорду сабоочу" делип айтылган ыр саптарында атаган. "Болбой ичти бозону, боздотуп урду кожону" деп Манас ислам динин таркатуучуларды мазактап, катуу кордойт. Чоң казатта салгылашуунун шыгы Манаска ооп турганда тыныгуу болуп, кыргыздын колу жоктолот. Колдон согушта өлгөнү өлүп, аттуу-баштуудан Чубак менен Төштүк жок болуп чыгат. Ага жаны ачый, күйүгө калган Манас каардана согушту ошо замат баштамак болуп, чамына күүлөнөт. Кол жапырт намаз окуп жатканда капысынан Чубактын карааны алыстан Манастын көзүнө чалдыгат. Ошо замат Манас катуу кубангандыктан токтоно албай, ыйык намазды бузуп тура калат. Кубанганда Манастын оозуна келген сөзү:
Береним Чубак келатат,
Бейишиңди өзүң ал!
Султаным Чубак келатат,
Сообуңду өзүң ал!
Мунусу менен Манас атеист атала албайт. Болгону динди жакшы кармай албагандыгын гана билдирерин белгилейт окумуштуу.
Сагымбайдын вариантына келгенде анын айткан чөйрөсүнө-угуучуларына жараша "жаңы мазмун" киргизилгенин айтып келип, "Манас" эпосун жаман аттуу кылган, тескери идеялар менен жыктолгон реакциялык вариант" деп мүнөздөгөн.
Мындай болуштун себебин Сагымбайдан эпостун "Манас" бөлүгүн жазып алуу мезгилинде тарыхый жагынан улутчул тарыхчылардын, дин жагынан "консультация" берген Токмоктогу калпа болгондугун да окумуштуу ачык жазган. Ошону менен бирге токмоктук калпа советтик түзүлүшкө чейин Түркиядан келген өкүлдөр менен тыкыс байланышта болгондугу да көрсөтүлгөн.
Сагымбайдын вариантындагы Нуров көрсөтө албаган панисламизм пантүркизм идеяларын Мусаев "Элдик эпостун туура бааланышы зарыл" ("КК", 13-апрель) деген макаласында биринчи жазып чыкса, И.А.Батманов негиз кылып, атактуу пантүркист Заки Валиди деген тарыхчынын "Муктасар Каум турки" деген китеби алынган… Мына ошондуктан Сагымбайдын варианты белгилүү адамдардын жана китептин таасири боюнча жазылгандыктан, эл эпосу болуудан калып пантуркизм, панисламизм идеясын тараткан жеке кишинин чыгармасы болуп калган" деп окумуштуу өз убагында абдан туура жалпылаган. Сагымбайдын вариантында "Манас" эпосунун салтында дээрлик айтылбаган Дагалак кан, Дүрбө кан, Шоорук кан, Түлкү кан, Арслан кан, Текес кан, Алаку кан, Айган кан, Орго кан, Илья Муровец жана арийлер менен күрөшүү сыяктуу кошумчалар айтылганын талкууга катышкандардын ичинен биринчи белгилеген окумуштуу И.А.Батманов болгон. Кыскасы, Манасты түрк урууларынын башын кошуу үчүн күрөшкөн баатыр, чыныгы мусулман кылып көрсөтүү экендигине да окумуштуу өзгөчө көңүл бурган.
Эпостун салтында жок тарыхый, диний уламыштардагы адамдардын, жер-суу мамлекеттердин айтылышы аябай жыш экендигине мисалды бир эле томунан келтиргени мына булар:
Афрасиян, Шилдат, Огуз кан, Искендер, Илья Муромец, Тимучин Яфос, Иса, Абунасир Самани, Кутбидин, Измурут, Сайид, Баттал газы, Нух, Маани, Кабыл, Жемшит ж.б.
Жер-суу, мамлекеттерге: Гималай, Индустан, Кара кум, Балык, Бадахшан, Алтай, Амур, Орхон, Черногория, Сербия, Италия ж.б. кирерин мисалга тарткан.
В.В.Радловдун жазып алган эпостун окуяларында "орустун журту боорукер, орустан кирип жай алгын" деп түндүк кыргыздардын орустарга өз ыктыяры менен кошулуп бергенин жомокчу жакшы жышана катары ырдап жатса, андан жарым кылымдан ашык мезгил өткөн соң, Сагымбайдын вариантынын бардык томунда, айрыкча биринчи томунда "орус элин жек көргөн толуп жаткан ушактар" айтылганын дале биринчи көрсөткөн И.А.Батманов болуптур.
В.В.Радлов жазып алган вариантта ак падыша эпосто каарман катары такай катышат.
Манас ак падыша менен да, орус эли менен да дос адамдай болуп көрүнөт.

Мундук Мамыров

(Уландысы кийинки санда)