№52, 09.07.08-ж.
  Иттен жок же ит байлаган жиптен жок

Жолу жок тандемдер же жообу жок мандемдер
Революциядан кийинки президенттик шайлоолордун алдында, так талашууга түшкөн талапкерлердин көпчүлүгү тандемдерге биригишкен.

Атасак, "Бакиев-Кулов" , "Мадумаров-Үсөнов", "Атамбаев-Масалиев" тарыхый тандемдери пайда болгон. Алдыңкы тандемдин ал убактагы аброю күчтүү болгондуктан, кийинки эки тандем ажолук орун үчүн ат салышуудан баш тартышкан. Бийлик башына жеткен "Бакиев-Кулов" тандеми эки жылга жетпеген мөөнөттө мандем болгон. "Сен кетсең мен да кетем" деген тандемдин терминдери кургакчылыктан куурап калган.
Айрым саясатчыларыбыздын айтканына караганда, Бакиев "Мадумаров-Үсөнов" тандеминен чоочуркап, "мен канча убакыт бийлик башында отурсам, силер ошончо бийлик сабында болосуңар" деп, амбициялуу Адахан менен олигарх Даниярды көндүргөн имиш. Ажобуздун айтканы чын эле болсо керек, А.Мадумаров вице-премьер, мамлекеттик катчы, спикер кызматтарын аркаласа, тандемдеши Д.Үсөнов биринчи вице-премьер, Бишкек мэри кызматтарын аркалады. Ал эми, "Бакиев-Кулов" тандеми үчүн ажолук амбициясын алып салган А.Атамбаев Бакиев бийлигинен кур жалак калган эмес. Алгач министрлик орунга жетсе, кийин премьер-министрлик кызматка чейин көтөрүлгөн.
Алдыдагы ажолук ат салышууларга "Мадумаров-Үсөнов" тандеминин тымызын даярдык көрө баштаганы Акүйгө коркунуч туудурса керек, бир ай мурун ажолук амбициясы күчтүү Адаханчикти жаңгак чыры менен жалпайтышса, эми эгизи болгон Данчикти мэрлик ээрден шыпырып түшүштү. Жөнөкөй депутат А.Мадумаров менен жөнөкөй директор Д.Үсөнов эми бийлик үчүн коркунуч туудурбайт. Анткени, Данияр мырза азырынча Акүйдүн казыгын айланып турса, Адахан мырза "Ак жолдун" мамысында байланып турат. Аларга караганда А.Атамбаев азыркы бийлик үчүн бир топ ыңгайсыз шарттарды жаратышы мүмкүн.
Амалдуу азыркы бийлик өзүнө ыңгайсыз адамдын беделин түшүрүп, аброюн кетириш үчүн, атайылап ага ор казганды өнөкөт кылып алган. Мисалы, Ф.Куловго маркум Рыспек Акматбаевди, Д.Үсөновду жана А.Атамбаевди каршы коюшса, А.Мадумаровго Эльмира Ибраимованы, Д.Үсөновго Николай Байлону каршы тукурушкан.
Бир кездерде өздөрүн саясий көзүр сезишкен Феликс Кулов, Алмазбек Атамбаев, Данияр Үсөнов, Адахан Мадумаров азыр "иттен жок же ит байлаган жиптен жок" кейпинде калышты. Бакиев бийлигинин баркын көтөрөбүз деп жүрүп, өздөрүнүн баркын кетиришти. Бийликтин ишенимине жетишти, элинин ишениминен кетишти. Буга ким күнөөлүү? Албетте, өздөрү!
Ошентип, бир кездердеги күчтүү тандемдердин баарысы бийликтен такалып, саясаттан какалып калышты. Азыркы учурда "Курманбек-Медетбек", "Максим-Игорь", Жаныбек-Молдомуса" тандемдери гана доор сүрүүдө.




  Үзөңгүдөн бут тайды, ээрден көчүк кылтайды

Мэрден шыпырылды, ээрден шыпырылган жок
Убадага кол берген, убарага жол берген Бишкектин(эми мурдагы) мэри Данияр Үсөновдун ордуна темир жолду тескеген, бийлик жолун кеспеген Нариман Түлеев келди.
Данияр Токтогулович Бишкек мэрине келгени жарытылуу иштей алган жок. Митинг, пикеттер боюнча шаардык кеңештин токтомун токутуп, "мен ишенбейм" акциясы менен митингке чыккандардын акесин окутуп, кожоюнга кошомат кылды эле, эми экс-мэрлердин катарына кошулду. Даниярдын демилгеси менен кабыл алынган бул токтомду Консот жокко чыгаргандан кийин, Токтогулдун баласы токтоосуз кызматынан кетсе болмок. Анткени, анын ойлоп тапканы баш мыйзамга карама-каршы болуп калыптыр. Эми, Данчиктин дайыны жок токтому менен соттолгондор Данчиктин өзүн сотко берсе болчудай. Демек, "Бишкек шаардык кеңешинин токтомун бузду" деген шылтоо менен айыпка жыгылгандар акталышы керек да, токтомду токугандар жаза алышы керек. Мэрлик кызматынан кетип жаткан Данияр мырза, "Биз президенттин командасы болгондон кийин, ал адам кайсы жайды аныктаса, ошол жайда иштейбиз" дейт. Бакиев Даниярды бала бакчага жиберсе көрөт элек, команда мүчөсү экенин?
Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Нариман Түлеевдин темир жолду оңдогонун калыстык үчүн айтып коюшубуз керек. Бирок, ордо калаабызды ойдогудай оңдой алабы же жокпу, аны убакыт өзү көрсөтөр. Данияр мырзанын түбү таластык кушчу уруусунан болсо, нарындык Наримандын түбү таластык кытай уруусунан экен. Эгер, Ч.Айтматовдун, ө.Субаналиевдин, А.Атамбаевдин, А.Чотбаевдин кытай уурусунан экендигин эске алсак, анда Түлеев да кыйла жерге барат окшойт. Бакиев бийлигинин төртүнчү мэри көпкө отурабы же чөпкө отурабы, азырынча белгисиз.




  Баткенге барсаң аш жейсиң, Таласка барсаң таш жейсиң

Жаңы спикердин алгачкы сапары Баткенден башталды
"Өзүмдүн атымдан жана үй-бүлөмдүн атынан ыраазычылык билдирем" деп, күлбөгөн адамды күлдүргөн Жогорку Кеңештин жаңы спикери Айтибай Тагаев ушу тапта түштүк жергесин түрө кыдырып жүрөт.
Убагында Акаевдердин "Алга Кыргызстан" партиясынын асабасын булгалаган бул спикер, эми Бакиевдердин "Ак жол" партиясынын асабасын айлантып жүрүптүр. Айтибай ака Баткен районунда "Ак жол" партиясынын штабын ачканга караганда, ажолук ат салышуу оюндары жакындап келе жатса керек. Жаңы эле шайланган спикердин жайкы эс алууга кетпей жатканы, күзгү оюндар катуу болоорунан кабар берет. Айтибай мырзанын артынан чууруган былыктары, парламенттин күзгү жыйындарында кайрадан козголот. Жогорку Кеңештин жоош спикеринин жосунсуз жоруктарын жоон топ депутаттар көтөрүп чыгып, Айтибай аканы алмаштырып коюшу толук мүмкүн. Экс-спикер А.Мадумаров эс алып жатса, жаңы спикер жандалбастап жатса, "Ак жолдо" абал тынч эмес окшойт?




  Биримдик болбой, тирилик болбойт

Оппозиция бирикти, бийликтин башын чиритти
Өткөн парламенттик шайлоолордон кийин, айрым мурдунан алысты көрө албаган мутант саясатчылар "кыргыз оппозициясы өлдү" дешкенге чейин барышкан.
Атургай, "Лица" гезитинин башкы редактору Б.Букашева коомдук парламенттин түптөлүшүн "это похороны кыргызской оппозиции" деп, өзүнүн гезитине басып чыккан. Чындыгында, бийликтик "Ак жол" партиясынын оппозициялык "Ата мекен" партиясынан жеңилиши, алар үчүн өлүмгө тете иш болчу. Эми, бийлик оңкосунан сайдык деген кыргыз оппозициясы ойгонуп, ойлонуп, тирилип, биригип, бийликке кайрадан коркунуч туудура баштады.

Бетти даярдаган
Рыскелди МОМБЕКОВ,
"Алиби"