№52, 09.07.08-ж.
  Акыйкаттан адашсаң, "Алибиге" кайрыл!

"Адвокат профи" түшүндүрөт
Чалгыла, сурагыла!
"Адвокат профи" сиздер менен
Эгерде Сиздер юристтерден кеңеш алгыңыздар келсе, же укук коргоо органдары тарабынан адилетсиздикке дуушар болсоңуздар, биз менен байланышып, акыйкаттыкты коомчулук алдына алып чыгууга мүмкүнчүлүгүңүздөр бар. "Алиби" гезити жана "Адвокат профи" фирмасы сиздер менен кызматташууга дайым даяр.

Дарек: Бишкек ш. Токтогул к.167
Т. 21-66-28 \ gazetaalibi@mail.ru
Өргүүнүн акысы качан берилүүгө тийиш
Биздин мекемеде ар жылдык акы төлөнүүчү өргүүнүн акысы өз убагында берилбей, кээ бир учурда өргүүдөн кайра келген убакытка чейин созулуп кетүүдө. Негизги мыйзам боюнча ар жылдык акы төлөнүүчү өргүүгө чыккан учурда эмгек акысы качан төлөнүүгө тийиш?
№1 оорукананын эмгек жамааты
Бишкек шаары
Ар кандай факторлорго шылтоолоп иш берүүчү ар жылдык акы төлөнүүчү өргүүлөрдүн акысын кечиктирген убактар да болот. Ошондуктан сиздер мыйзамды билип алып иш-аракет кылганыңыздар оң. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 128-беренесинде мындай деп ташка тамга басылгандай жазылган:
"Акы төлөнүүчү өргүүлөрдү берүүлөрдүн кезектүүлүгү иш берүүчү жыл сайын календардык жыл жаңыраарына 2 жумадан кечиктирилбестен бекитилүүчү өргүүлөрдүн графигине ылайык аныкталат.Өргүүлөрдүн графиги иш берүүчү үчүн да, кызматкер үчүн да милдеттүү.
Кызматкер өргүүнү баштаган убактысы жөнүндө 2 жумадан кечиктирбей билдирүүгө тийиш, өргүү акысы кызматкерге өргүү башталаарына 3 күн калгандан кечиктирбестен төлөнүүгө тийиш.
Кызматкерлердин айрым категориялары ушул кодексте, башка мыйзамдарда каралган учурларда акы төлөнүүчү ар жылдык өргүү алардын каалоосу боюнча өздөрүнө ыңгайлуу мезгилде берилет".

Кылмыш дүйнөсү тууралуу
Кылмыш дүйнөсүнө кызыгып жүрөм. "Ворлордун" арасында да мурунку "Воровский закондор" менен жана жаңы түшүнүктөр менен жашап аткандар бар деп уктум. Ушул экөөнүн ортосунда кандай айырмачылыктар бар?

Замир Акматов,
Тоң району
Замир иним, азыркы сизге окшогон жаштардын арасында кылмыш дүйнөсүнө кызыккандар көп. Илгери "Больницадан ары бололу, милициядан бери бололу!",- деп тост айтышчу. Анын сыңарындай түрмө жакка көп деле кызыкпаганыңыз оң. Ошентсе да сурооңузга жооп берип коелу.
Биздин алган маалыматтарга караганда мурунку "Мыйзамдагы ворлордо" көп нерсеге тыю салынып келген. Алар үйбүлө күтүшкөн эмес. Бийлик менен кызматташууга тыюу салынган, байлыктын артынан түшкөн эмес. Эң негизгиси, мурунку "ворлор" сөзсүз түрмөнүн ар бир тепкичин басып өтүүгө милдеттүү болгон.
Өткөн кылымдын сексенинчи жылдары "Ворлордун" чоң "сходкасында" кавказдык кылмыш авторитеттери өздөрүнүн мыйзамдарына өзгөртүү кийирүүнү сунуштаган. Ал "Ворлордун мыйзамынын" негизинде ворлорго бийлик менен кызматташууга жол ачылган. Ошондуктан Грузияда министрге чейин жеткен "ворлор" бар. Ал эми эң кирешелүү тармак болуп кылмыш дүйнөсү жана экинчи орунда баңги зат сатуу эсептелет. Эки жакты тең кылмыш дүйнөсү көзөмөлдөйт.Кылмыш дүйнөсүнүн авторитеттери мурункудай дүйнөдөн так өтпөй экиден-үчтөн аял алгандары да кезигет.
Кавказда "ворлор" эң кадыр-барк-туу кесип болуп саналат. Ошондуктан ал жакта түрмөгө отурбаган адамдар деле байлыгына таянып "мыйзамдагы вор" наамын сатып алган учурлар да жок эмес.
Эми мурунку кылмыш дүйнөсү менен азыркы кылмыш дүйнөсүнүн ортосунда майда-чүйдө көп эле айырмачылыктар болсо керек, эң негизгиси ушулар.

Ажырашкан соң
Ар кандай пикир келишпестиктен улам жолдошум экөөбүз сот аркылуу ажырашып кеткенбиз. Бирок, жолдошумдун мүлктөрү мага "мешайт" этип квартирамдын бир бурчун ээлеп алды.Көзүмө көрсөтпөй аларды кантип жоготом? Үйүнө жеткизип барсам болобу?
Жыпара Кудайбердиева,
Бишкек шаары
Жыпара! "Сабырдын түбү сары алтын"- дейт эмеспи, бир аз сабыр этип туруңуз. Соттун чечимдерин сот аткаруучу гана аткарууга тийиш. Ошондуктан сиз сот аткаруучуга кайрылып, соттун чечими боюнча бөлүнгөн мүлктөрдү мурунку жолдошуңуз тезирээк алып кетүүсүн талап кылыңыз. Өзүңүз жеткизгениңизде экинчи тарап мүлк тууралуу доо коюп калса, сиз чыгым болуп калышыңыз мүмкүн.


Сот аркылуу гана
Айлык акыны эсептеп жаткан учурда биз иштеген мекеменин бухгалтери арфиметикалык ката кетирген. Анын жыйынтыгында биздин мекеменин бир кызматкери өзүнүн айлыгынан ашыкча акча алган. Бирок, мунун бары үч ай өткөн соң такталды. Айлыктан ашыкча алгандарын кызматкер кайрып бергиси келбейт. Ушул ашыкча кеткен акча каражатын анын айлыгынан кармап алса болобу? Эгерде болсо кандай өлчөмдө?
Бактыгүл Орозалиева,
Балыкчы шаары
Кыргыз Республикасынын профсоюздук федерациясынын билдиргение караганда кызматкердин эмгек акысын төлөп берүү учурунда каталар кетип, эмгек акыдан кармоого туура келген учурда кызматкердин ашыкча алгандарын кармап алуу маселесин мекеменин администрациясы же иш берүүчү чечет. Бирок, бул буйрук ошол ашыкча акча бергенден кийин бир айдын ичинде ишке ашышы керек. Сиз айткан убак үч ай болгон соң, бул маселени бир гана сот аркылуу чечсе болот.
Ал эми кармала турган акчанын өлчөмү кызматкердин эмгек акысынын 20 пайызынан ашпаш керек. Кармалгандан кийин кызматкердин эмгек акысы эмгек акынын минималдуу өлчөмүнөн аз болууга тийиш эмес.




Адвокат профи +
ар кандай кеңештер
Кыргызстанда семирүүнүн сөлөкөтү жүрөбү?
Канчалык кымбатчылык болгону менен Кыргызстанда деле семирүүнүн сөлөкөтү кыдырып жүргөнсүйт. Сиздерден сурарым: семирүүгө эмнелер себеп болууда? Ашыкча майды кантип жоготсо болот.
Шамыркан Бейшеев
Кочкор району

Урматтуу Шамыркан мырза!
Сиздин сурооңузду толугу менен канааттандыруу максатында Таш-Дөбө (Воронцовка) айылындагы Кыргыз Курортологиясы жана денсоолукту калыбына келтирип дарылоо институтунун бөлүм башчысы, мыкты адиси Айгүл Казаковага кайрылдык.

Айгүл Казакова:
Семирүүнүн негизги беш себеби:
1. Батыш продуктыларынын таркашы, даяр тамактардын жана тез даярдоочу продуктылардын көбөйүшү.
2. Ишканалардын жана башка жайлардын компьютерлештирилиши.
3. Автоунаа көбөйүп, жөө басуунун азайышы.
4. Айыл жерлеринде камырдан жасалган тамакка басым жасалышы.
5. Денсоолуктун баалуулугун жана денсоолуктун артыкчылыгын, жигердүү жашоо образынын түшүнүүнүн жоктугу.

Семирүүгнүү көбөйтүүчү продуктылар.
Биздин Кыргыз Курортологиясы жана денсоолукту калыбына келтирип, дарылоо илим-изилдөө институтунда денсоолук үчүн зыяндуу болгон ар кандай продуктылардын тизмесин түзүп жатышат. Эң эле коркунучтуулары төмөнкүлөр:
1. Газдалган таттуу суусундуктар. Алар чаңкаганды басуу үчүн эмес эле, кайра чаңкоону чакыруу үчүн жасалган, канттын катыштык бөлүгүнүн көптүгү менен айырмаланат: мисалы, 1 стакан Колада 5 тен кем эмес чай, кашык кант болот, бир литрде- 15 чай кашык, же 125 грамм кант бар.
2. Картошкадан жасалган чипсылар, айрыкча картошка пюресинен жасалгандары,- булар, углеводдор мене майдын аралашмасы жана даамдуулук үчүн жасалма кошумчалар болуп эсептелет.
3. "Сникерс", "Марс" сыяктуу таттуу шоколаддар- алар дагы ачкачылыкты басуу үчүн эмес, кайра аны чакыруу үчүн жасалган. Канттын катышынын жана химиялык кошулмалардын көптүгү жогорку калориялуулукту камсыз кылып, улам кайра жегиңди келтирип, каалоону козгойт.
4. Сосиска,сардельки,бышырылган колбаса, паштеттер жана башка майлуулугу билинбеген продуктылар. Алардын курамында майлар (сало,ички май, чочконун эти ж.б) 40 пайызга чейинки салмакты түзсө да эт арасында, анын ичинде даамдуулук кошумчаларынын жардамы менен дагы билинбей кала берет.
5. Эттин майлуу сорттору, айрыкча куурулган түрүндө.

Ашыкча майды кайда жоготсо болот?
Демейде дене-бойдогу майлар айрым бир жерлерге гана чогулат, Анын эң коркунучтуусу деп врачтар курсак алдындагы чогулганын. ички органдарды басып, курсактан сыртка чыгып калгандарын эсептешет. Аны менен күрөшүү кыйын, бирок, көнүгүүлөр, диета, тренажеролор аркылуу күрөшсө болот. Хирургия жамбаштарда, Жоон санда, жондо, колдордо жана буттарда чогулган майлар менен липосакциянын жардамы менен күрөшүүнү сунуш кылат.
Башкача айтканда, аны майдалап, вакуумдук сордуруп алуу жолу менен семиздиктен арылууну сунуштайт. Анын үстүнө, аны сабаттуу пайдалануу жолу табылган. Липоскульптура улам барган сайын популярдуу болуп баратат.
Урматтуу Шамыркан мырза! Өзүңүздүн ашыкча майларыңыз менен эле бетиңиздеги бырыш-тырышыңызды жазып, бетиңиздин түзүлүшүн жана бутуңуздун ийрисин оңдоого, эриндериңиздин, төшүңүздүн, жамбашыңыздын ж.б формасын өзгөртүүгө болот.Бул ыкма ар кандай имплантаттарды, Геллди, химиялык заттарды пайдаланган косметологиялык түзөтүүлөргө караганда коркунучсуз.

Чет элден келген кандаштар…
Урматтуу "алибичилер". Чет элден келген кандаштарыбыз үчүн паспорт алууда жеңилдиктер каралганбы?
Үмүт Торсукеева.
Аламүдүн району
Урматтуу Үмүт айым!
Сиздин сурооңузга жооп издөө максатында Аламүдүн райондук ИИБ паспорт бөлүмүнүн жетекчиси, милициянын майору А.С. Кудайбердиевге кайрылдык.
Абдрахман Кудайбердиев:
Биздин мамлекетибиздин жарандыгын алууда кандаштарыбызга жеңилдиктер каралган.Ошондуктан, паспорт берүүдө да алар мыйзамга карата жеңилдиктерди колдоно алышат. Алсак, биздин райондо Өзбекстандан келген кыргыздар үчүн атайын паспорт бөлүмүнүн офицердик курамындагы кызматкерлер жер-жерине барып, документтерин топтоп, паспортун берүүгө көмөк көрсөтүп келишти,

Бүтүрүүчү бал канча турат?
Ардактуу гезит жамааты!
Быйыл менин уулум мектепти аяктап, жакында бүтүрүүчү балды өткөздү. Башка балдардан кур калбасын деп, тапкан-ташыганыбызды чогултуп, 5 миң сомдун тегерегинде чыгым болдук. Бизге окшоп түштүктөн көчүп келгендерге бул акча оор эле тийди. Деги, бүтүрүүчү балга башкалар канча чогултат, ушуну билейин дедим эле.
Нурали Курбанов
Сокулук району
Нурали мырзаны кызыктырган маселе азыркы мезгилде бардыгынын жүрөгүн өйүгөн маселе болуп саналат. Себеби, ушундай кымбатчылык маалда да балдарырыбыздын көңүлүн карабасак, алар да башкалардан кемсинип жашагысы келбейт эмеспи. Эми сиз короткон 5000 сом бүтүрүүчү балга кеткен орточо эле чыгым болуш керек. Шаардын мектептеринде андан да кымбат төлөгөндөр бар экен. Капчыгы калыңдар өздөрүнүн балдар, кыздары үчүн саатына 100-200 доллардан ашык төлөп "лимузиндерди" таң аткыча жалдап алат. Андан тышкары, чачтарын жасаш үчүн чачтарачка 500дөн 2000 сом, маникюрга 400дөн 1000сомго, ал эми педикюрга 300 сомдон 700-800 сомго чейин акча жумшалат. Бүтүрүүчү балга кийимдерди 100 доллардан 1000 долларга чейин алышса, ал эми таңкы күндүн чыгышына чейин кафе, ресторанда отурганды эсептеп көрүңүз, жок дегенде ар бир балага 100 доллардан 1000 долларга чейин чыгымдалышы мүмкүн, капчыгы калыңдар андан да кымбат төлөшөт Эми мунун бардыгын өзүңүздөр эсептеп көрүңүздөр.
Анча акчаны жаны кыйналбай туруп таап алгандар да бар, андай акчаны жыл бою төбөсү менен жер казып тапкандар бар.Ошондуктан, "Казды туурайм деп карганын буту сыныптыр"- дегендей болбойлу. "Алыбек алына жараша" дегендей өз алыбызга жараша эле иш кылганыбыз оң болуп жүрбөсүн.

Бетти даярдаган
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ,

"Алиби"