№51, 02.07.08-ж.
  Уктуңарбы?

Бабанов банк сатып алды
Жогорку Кеңештин мурдагы олигарх депутаты Өмүрбек Бабанов аз күн мурда "Кыргызстан" коммерциялык банкынын контролдук пакетин сатып алды.
Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Өмүрбек мырза аталган банктын контролдук пакетин "Ак жол" фракциясынан шайланган Жогорку Кеңештин депутаты Шарипа Садыбакасовадан 20 миллион доллардан ашык акчага сатып алган.




  Кудай сакта!

Эркин Байсалов кырсыка кабылды
Жогорку Кеңештин 57 жаштагы мурдагы депутаты Эркин Байсалов Нарын облусунун Ат-Башы районунда кырсыка кабылды.
Атап айтсак, ал 29-июнь күнү кечинде өзүнүн Тойота-Ландкрузер үлгүсүндөгү машинеси менен катуу келатып, жолдон чыгып кеткен. Автокырсыктын натыйжасында, Байсаловдун жанында олтуруп келаткан жүргүнчү Ж.Дүйшеев ошол жерден эле жан берген. Ал эми экс-депутат болсо, Ат-Башы райондук ооруканасына жеткирилген.




  Шумдугуң кургур!

Орто Азияда суу терорризми башталабы?
Орто Азиядагы күндөн-күнгө күчөп бара жаткан суу дефицити терроризмге алып келүүсү толук мүмкүн экендигин ШОСтун генералдык катчысы Болат Нургалиев аз күн мурда билдирди.

Анын айтымында, суу маселеси региондо өтө орчундуу болуп жатат.
"Эгер Орто Азиядагы мамлекеттер бул маселени азыртадан так чечип алышпаса, жакынкы келечекте регион өзүнөн-өзү эле жарылып кетүүсү толук мүмкүн. Себеби,
суу ресурстарын бөлүштүрүү мурдатан бери чечилбей келаткан территориялык, диний жана улут аралык чыр-чатактардын кайрадан козголуусуна алып келет"- дейт Болат мырза.
Андыктан, азыртадан Кыргызстан чегарасын бекемдеп, суу көйгөйүн чечүүдө маселени кабыргасынан коюшу керек. Аны товар катары коңшуларга танытып, ага тиешелүү деңгээлде төлөп берүүсүн коркпой-этпей эле талап кылуу зарыл. Качанкыга чейин "Ак көңүлдүн аты арыбайт же өзү жарыбайт"- болуп жүрө беришибиз керек?




  Нааразычылык

ЦУМдун арендаторлору жетекчилигин сотко беришти
Борбор калаабыздагы ЦУМдун ичиндеги соода орундарынын аренда акысын кескин түрдө кымбаттатып жибергендиги үчүн анын жетекчилигин арендаторлор сотко беришти.
Себеби, жетекчиликтин буйругуна ылайык, 1-июлдан тарта бир квадрат метр үчүн айына мурдагыдай 4 миң сом эмес, 10 миң сомдон төлөшү керек эле. Бирок, "тапканыбыздын баарын эле буларга берип коебузбу?"- деп нааразы болгондор аренда акынын көтөрүлүшүнө аябай нааразы.
Себеби, соода борборунун айланасындагы чатактын башталганына бир айдын жүзү болсо да, аягына чыкчудай түрү жок.
Анткени, учурда соода борборго байланышкан чатакты Бишкек шаарынын райондор аралык соту карап, соттук териштирүү аягына чыкмайынча ЦУМдун кожоюндары нааразы болгон арендаторлорду сыртка чыгарып салууга укугу жок деген чечимди чыгарды. Азырынча…

Улан МАМБЕТОВ,
"Алиби"




  Кууш жолдор

Жансыз бийлик, алсыз оппозиция
Жыл башынан бери жылыштарга жеталбаган, чыр-чатактан кеталбаган бийлик өкүлдөрү жайкы эс алууга кетишти.Шайлоолорду жайлаган, оппозицияны байлаган бийлик, күзүндөгү күрөштөргө даярдык көрүү үчүн күч топтоодо.

Боксер Бакиев башында турган бийликтен нокаут алган оппозиция араңдан зорго эсине келип, келеерки раундга кам көрүп баштады. Билгенин жасаган бийлик менен бириге албаган оппозициянын күзүндөгү тиреши опурталдуу окуялар менен коштолоору эч кимге жашыруун эмес. Жакында гана Россиянын, Американын, БУУнун өкүлдөрүнүн жана ЕККУ баш катчысынын Кыргызстанга болгон иш сапарлары буга далил боло алат. Солкулдаган "сокур" бийлик менен кошула албаган "котур" оппозициянын жаңы эрөөлдөрү жагымсыз жагдайларга алып келиши толук мүмкүн. Алсыз мамлекетибизди алкымдан алган азык-түлүк кризиси менен кокодон алган коммуналдык төлөмдөрдүн кымбатташы, бийлик бутактарындагы реформалардын кечиктирилиши менен энергетика тармагынын менчиктештирилиши, чегара маселелерини чийки чечилиши, күзгү саясатыбызды курчутаарын бөркүңүздөй көрүңүз. Азыркы күндө кыргыз оппозициясы катарларын тактоо менен аракеттенип жатса, бийлик ишенген кадрларын сактоо менен аракеттенүүдө. Демек, күзүндөгү күрөштөргө тымызын даярдыктар башталды десек болчудай. Акүйдүн политтехнологу М.Садыркулов эмне сюрприздерди камдап жатканын билбесек да, оппозиция аймагында эмнелер болуп жатканы тууралуу азыр-көптүр маалыматыбыз бар. Ушу тапта "Ата мекен", "Ак шумкар", "Асаба", СДПК партиялары биригүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Оппозициянын ордосу түптөлсө, аларды колдой турган күчтөр көбөйөт. "Эркиндик", "ЭрК", "Улуу биримдик", "Жашылдар", "Кыргызстан патриоттору" партиялары мындай чоң оппозициялык күчтү колдобой коюшу мүмкүн эмес. Буга чейин конструктивдүү оппозицияда болуп келген Топчубек Тургуналиев деле жакында жарылып кетпедиби? Ким билет? Балким, жакында гана кызматтарынан кол жуушкан А.Мадумаров менен Б.Асанов дагы бир нерселердин ойлонуп жатышкандыр? Айрымдардын айткандарына караганда, Бектур мырза азыркы күндө чет өлкөдө жүрүптүр. Ушунча болгондон кийин Адахан мырза "Ак жолдон" кетсе болмок. Добуш берген 78 депутаттын 77 каршы болгондон кийин, ал жерде олтуруунун өзү уят эмеспи? Адахандын Ак үй саясатына каршы чыгышына, өнөктөшү Данияр Үсөновдун бийлик бутагында отурушу тоскоол болуп тургандай сезилет. Ак үйдөгү "өз" кабарчыбыздын айтканына ишенсек, жакында Медет Чоканович Бишкек шаарынын мэрлик кызматына келет экен. Ал эми анын ордуна "комиссар Каттани" аталган Ө.Суваналиев барат деген каңшаар кеп бар.
Буга чейин буктурмада жаткан "акаевщиналар" баш көтөрүшүп, "Бирдиктүү Кыргызстан" деген кыймылды түзүп жиберишти. Эмнеге? Анткени, алар дагы күзгү кармаштардын катуу болоорун сезип турушат. Алардын "конструктивдүү оппозицияда болобуз" дегени болбогон кеп. Бакиев бийлигинин басмайылы бошоп баратканынан баш көтөрүшүп, саясий соодагерчиликке жетишкенге аракет жасап жатышса керек.
Кыргыз оппозициясынын бириге албай жатышын, алардын позициясынан эмес, амбициясынан көрүшүбүз керек. Баардыгы эле лидер болууну каалашат. Алардын мындай кемчилиги, бийлик үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүдө.
Бирисине жумуш сунуш кылса, экинчисине акча сунуш кылып, үчүчүсүнө иш козгоп, бириге албаган оппозицияны бириндетип салууда.
Эгерде кыргыз оппозициясы ноябрь, апрель митингдеринен, өткөн шайлоолордон тыянак чыгарып, күрөшүүнүн жаңы ыкмасын ойлоп чыгышса, чоң ийгиликтерге жетишет. Күзгү күрөш бийлик үчүн да, оппозиция үчүн да, акыркы болчудай. Анын аркы жагында ажолук так талаш оюндары оркоюп көрүнүп турат.
"Өлбөгөн жанга жаз келеер" дегендей эле, күткөндөргө күз келеер.

Рыскелди МОМБЕКОВ,
"Алиби"




  Терме тезек, келме кезек

"Ата журт" ак жолдо, калкыбыз кайсы жолдо?
"Ата журт" партиясынын лидерлеринин бири Садыр Жапаров президенттин жарлыгы менен Коррупциянын алдын алуу боюнча агенттиктин комиссары болуп дайындалды.

Эсиңиздерге сала кетсек, "Ата журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектесе, дагы бир лидери Марат Султанов соцфондду жетектейт. Бул партия лидерлери өткөн шайлоолордун алдында "биз эч кандай партияга кошулбайбыз, өз алдынча барабыз" дегени менен, шайлоолорго барышкан эмес. "Ак жол" партиясына жандалбастап жардам бергени үчүн, минтип Акүйдүн устукандарына ээ болуп отурушат. "Ата журттун" үч азаматы "Ак жол" партиясы түптөгөн өкмөттө отурса, жалгыз гана Ахматбек Келдибеков "ата журтту" кайтарып отурат. Ахматбек депутат кезинде М.Садыркуловго асылбаганда, мандатка же мансапка ээ болмок. "Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө" деген ушундай беле? Ата журт ак жолго түштү, калкыбыз кайсы жолдо?




  Айла жок бирок, айла вю

Бишкекке бирөө, Астанага экөө
Президентибиз Курманбек Бакиев жазында Астанага расмий сапары менен барганда, "коңшулаш эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелер гана жөнгө салынбастан, Астана-Бишкек аба каттамын ачканга жетиштик" кыязында жар салган. Эми ошол жаңы аба каттамы боюнча канча адам учуптур дебейсиңби? Айтканга араң оозуң барат. Астана-Бишкек рейси боюнча бир адам учса, Бишкек-Астана рейси боюнча эки адам учат экен. Мындай маалыматты транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулайманов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Демек, бул аба каттамы менен учкан учактар банкрот болууда десек жарашат. "Бирок, биз бул каттамды элдерибиз жакшы билиш үчүн реклама менен иштеп, эффективдүү кылганга аракет жасоодобуз"-дейт, Нурлан Сулайманов.
Канчалык реклама жасаган менен каражаты жок карапайым калкыбыз кантип учмак эле? Андан көрө арзан автобус менен барган оң эмеспи? Ушинтип уят болгуча, учактарды учурбай эле койгонубуз оң.

Рыскелди МОМБЕКОВ,
"Алиби"