№51, 02.07.08-ж.
  Азизбектен азил кеп

Полит-пародия
"Алибиден" "аңгидот"
Шайлоо учурунда парламентке талапкер болгон, "Ак жол" партиясынын бизнестин битин сыккан мүчөсү, мээсине операция жасатып калат. Хирург мээсин алып койгон кезде, шайлоонун жыйынтыгы менен ал ЖКга мүчө болгонун угуп, ордунан ыргып туруп чуркап жөнөйт. Алдынан тосуп чыккан хирург:
- Бир аз күтө туруңуз, мээңизди салып берейин,- десе.
- Бас десе басам, отур десе отурам.- дейт экен "новоиспеченный" депутат: Эми мага мээнин эмне кереги бар.

№1 М.Садыркуловго
Атайын сени чакырдым,
Айтайын Меке баатырым.
Жеткирип өзүң коерсуң,
Жетпесе эгер акылым.

Тааныш көп жигит оңот го,
Дос,тууганды конокто.
Тагалар бутун тосушат,
Такыр эле жолотпо.

Каргандарын "чал" дегин,
Калгандарын "Бар!" дегин.
Каркыраны жолун таап,
Кандаштарга "Ал…" дегин.

Революционерге караба,
Эмгегин эч санаба.
Ак үйгө толтур досторду
Калбайсың эч жалаага.

Ажоңдун уккун сөзү бал
Акаев сымаал өчү бар.
Дүйнө-мүлктү жыйган соң
Астанаңа көчүп ал!

№2 А.Тагаевге
Март айы чыгып чийинден,
Шералы чокой илинген.
Сандыкка салып бекемдеп,
Сактагам аны кийин мен.

Табылаар шылтоо себепке,
Жарайт деп жүргөм керекке.
Кабинет жакка илип кой,
Берейин сага белекке.

Спикер болуп көктөгүн,
Абайла, бирок көппөгүн!!!
Чокойду дайым карай жүр,
Чогулган анда өткөнүң.

Айтибай үкам эстесең,
Акеңе катта "беш" десең.
Камгактай болуп учасың
Каалаган күнү "Кет!" десем.

№3 И.Чудиновго
Кафеде дайым ооз толуп,
Айдарга жакын дос болуп.
Оозуңду ачып отурдуң,
Кеткенде алар козголуп.

Кайнилер мага эң керек,
Кайын-журт мага эң керек.
Айдарды болсо кубала,
Экинчи мында келбе деп.

Көшүлүп үйдө жатпагын,
Көп ырдап мени мактагын.
Жумурду тешип чыккыча,
Жута бер кайним газ жагын.

Кошомат кылып кой сойгун
Министр болуш ой,сонун.
Көпкүлөң тартып жүрө бер,
Көтөрөр эл-журт той-союн.

Ойлонуп, кайним, турбагын,
Оппозиция жакты урбагын.
"Ак жолсуз" сенде жашоо жок,
Чуркагын кайним, чуркагын.

№4 А.Жапаровго
Түндүктө жалгыз канатым
Түз эле кызмат тандаттым.
Минфинге коюп жаш кезде
Миллиондорду жалаттым.

Кирпикти эле тиктедиң
ХИПКти эле издедиң.
Чет элге барып аракты
Ченеми менен ичпедиң.

Миллиондор менен ойнодуң
Минфинден бирок тойбодуң.
Тажикан кызым келгенде
Базарды көздөй сойлодуң.

Минторгко бардың
"Сиз дейм" деп
Тызылдап эми иштейм деп.
Коңгуроо кагып базарга
Кол салбай,аста тиштейм деп.

Ал жактан жүда жулунгун
Артканын өзүң сугунгун.
Калкыңа мында ач турган
Калбасын сенин жугундуң.

№5 Д.Үсөновго
Билесиң сырын акчанын,
Оюндан "темный" качпадың.
Үзүлүп түшүп мэр үчүн,
Үч жүз миң доллар чачпадың.

Иш кылбай жакшы кудайга,
Акеңди салып убайга.
Данчигим эми барбай жүр,
Адахан менен Дубайга.

Билесиң менде ал гана,
Бишкекти өзүң талкала.
Башыма менин иш түшсө,
Баштыгың менен калкала.

Жерлерди болсо сата бер,
Жемишин өзүң тата бер.
Кереги тиет качканда,
Миллиондор болсо ката бер.

Той бергин, жылкы союлсун
Достордун бары тоюнсун.
"Безразмер" өпкөң бар эле
Дардаңда, Данке дардаңда!

Жусуп
Акындын жүрөгү ар бир болуп жаткан окуяны астейдил кабыл алат.Жусукебиздин көзү тирүү болгондо кан ыйлатып кетип бара жаткан Каркырага,көл жээгинде пансионаттарга зээни кейип кайрадан "Ук, жер жүзү!" деп ааламга минтип жар салмактыр.

Ук, жер жүзү!
Бүгүн кыргыз жаңырган,
Бийлик жакка
кайышат көп кабыргам.
Суудан кургак боло калат бат эле,
Сууругандай чыгат кылды камырдан.
* * *
Ук Москва! Уккун Париж! Ашгабат!
Эркиндиктин көздөрүнөн жаш тамат.
Акыйкатты үйбүлөгө бетке айтсаң,
"Алибидей" ишиң соттон башталат.
* * *
Ук Нью-Йорк! Уккун Лондон! Астана!
Иштетишсе болмок мээсин аз гана.
Бабалардын каны тамып калган жер
Кемип жатат, кетип жатат башкага!
* * *
Ук Токио! Уккун Пекин! Берлин!
Камак жакка барат кокуй, эми ким?
Садыркулов,Чудиновдор билеби
Кыргыздардын ыйыктыгын жеринин!!!





Акын деген акимден бийик турат
(классиктерге пародиялар)
Аким эмне, падышалардын ичинде да аты калуучулар болот. Омор Хайямдын убагында ким падыша болгон? Токтогул, Аалы, Алыкулдун учурунда кыргызды ким бийлеп турган?Ал эми акындардын аты калды.
Аттиң дүйнө хандан да, бектен да кайра тартпаган, кыргыздын ак таңдай акындары өткөн экен да. Азыр эмне өздөрүн гений сезгени менен, милдет кылышып "мен сойкуга барганды таштадым, мен арак ичкенди таштадым" деп жар салган Аликке окшоп мактангандардын, бийликке сөз айта албай сактангандардын заманы болду.

Коргоол
Акындык жүрөгү менен сталиндик замандын зулумдугуна баш көтөрүп, өз өмүрүн садага чаап каршы чыккан Коргоол:
Сталиндик акынбыз,
Сталинге жакынбыз.
Ушул турган барыбыз,
Сталинге катынбыз,
деп төрт сап ташка тамга баскандай ыры менен сталиндик замандын "арзыматтарынын" таш-талканын чыгарып жиберген. Кокустан тирилип келсе бийликтин алдында корголоп жүргөндөргө Коргоол акын минтет беле:
Бакиевдик акынсың
Бакиевке жакынсың.
"Баксын" жеп бийликтин
Бакиевке катынсың!


Алыкул
Эй, Россия, Россия бир боор энем,
Мен өңдүү тоо кушуна койнуң кенен.
деп патриоттук сезим менен эргиген Алыкул, бүгүнкү күндө скинхеддердин колунан жан таслим болуп жаткан кыргыздарды көргөндө минтип жазмак беле:
Эй, Россия, Россия бир боор энем
Биз өңдүү тоо кушуна таш боор белең.
Балдарын багабыз деп барышкандар
Башы жок келип жатат бүгүн неген?

Жоомарт
Жокебиз жоого аттанып баратып "Кош, Ала-Тоо, уулуң кетти майданга" деп атамекенди коргоого чакырган. Балким бүгүнкү күндө жашаса Мадумаровдун спикерден кеткендигине байланыштуу "Кош, төрага уулуң кетти катарга" деген армандуу ырын жазмак беле.
Бийлик үчүн кас болуп элим менен,
Утулсак да шайлоодо жеңилбегем.
Алдап элди "Ак жолду" алып чыктык
Артта калып "Ата-Мекен элим" деген.
Кетсем болмок, кайынга сатып ийбей
Кап, аттиң ай, Каркыра жерим менен.
Кош, төрага уулуң кетти катарга
Момент күтүп, ичтеги кеги менен!

Аалы
"Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин"
Албетте, Аалыкем балким мындай жазмак чыгаар:
"Бийлик бизден өтүп кетсе,кийинки бийлик жеп кетсин".


Токтогул
Бийликке учурда аналитикалык баасын берип, бийликтин айланасында жүргөндөрдү "Беш каман" деп сүрөттөгөн эсил Током эсен болсо биздин замандын "Беш камандарын" кошуп төгүп кирмектир. Образдуу көркөмдөш үчүн өзүн башкы каармандын ордуна коюп шакирттерин чакырып алып, акыл үйрөтүп жатмактыр.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ,
"Алиби"