№51, 02.07.08-ж.
  Казак жаштары ойгонгон күн

Желтоксан
Желтоксан (декабрь айынын казакча аталышы) - Казакстандын ар кайсы жериндеги жаштардын Совет бийлигине каршы 1986-жылдын 16-декабрында башталган көтөрүлүшү.
"КОЛБИН- казахи однозначно лишились будущего и Настоящего!"
Нааразычылык эмнеден башталган?
Жаштар арасындагы толкундоолордун, нааразычылыктардын пайда болушуна 1922-жылдан бери Казакстан компартиясынын 1-секретары болуп келген Динмухаммед Кунаевди СССР бийлиги коррупциянын жайылуусуна жол берди деген шылтоо менен кызматтан ыргытып, анын ордуна Орусияда жашап жүргөн орус улутундагы Геннадий Колбинди дайындашы себеп болгон. Көчөгө чыккан нааразычылык акциясынын катышуучулары бул кызматка башка улуттагы адамды эмес, жергиликтүү элитанын арасынан чыккан адамды дайындоону талап кылып чыгышкан. Себеби, ошол учурда казак улутунун кызыкчылыгы көз көрүнөө эле басмырланып жаткан. Атап айтсак, казак тилинин абалы туңгуюкка кептелген. Себеби, 1954-жылдан 1986-жылга чейин эле казак тилинде билим берген 600дөн ашык орто мектептер жабылып, алардын ордуна орус мектептери ачылган.

Алмата
Борбордук аянттагы Компартиянын Борбордук Комитетинин имаратынын алдында 17-декабрь күнү ар кандай ураандар, чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп студенттер митингке чыгышкан. СССРдин Ички иштер министри А.Власов бардык региондогу күчтөрдү Алма-Атага таштоого буйрук берген. Баш бербеген демонстранттарды күч колдонуп таркатуу тууралуу чечимди 17-декабрь күнү кечинде Колбин менен Казакстандын Ички иштер министри Г.Князев кабыл алган.
Тагыраак айтканда, нааразы болгон демонстранттардын тобуна каршы арматуралык ломдор ("против лома нет приема"- деп койчу беле?), сталь тростору, "водомет" менен кошо милиционерлердин кабанаак иттери өзгөчө мыкаачылык менен колдонулган. Мисалы, 18-декабрь күнү Алматанын борбордук аянтында Казак ССРнин Жогорку Советинин депутаты, СССРдин эл артисти А.Мамбетов да милиционерлер тарабынан кармалган. А.Мамбетов ал окуя тууралуу кийинчерээк минтип эскерет: "Мени уруп-согуп, канжалаган денемди жерде сүйрөп бара жатышканда, милиционерлерге Жогорку Советтин депутаты экендигимди тастыктаган күбөлүгүмдү көрсөтүп, мага мындай мамиле кылууга укугуңар жок дегем. Алар болсо, мени кое беришкендин ордуна, кайрадан колумду кайрып, машинеге койлорду ыргыткансып салып, камап салышканы эсимден кетпейт"- дейт. Алматанын көчөлөрүндөгү дубалдардын көпчүлүгүнө төмөндөгүдөй жазууларды жаштар жазып чыгышкан.
"КОЛБИН- казахи однозначно лишились будущего и настоящего!"

Алма-Атадагы декабрь окуяларынын дагы бир катышуучусу минтип эскерет:
Самат Жилмагамбетов:
"Борбордук аянт канга боелуп калган"

"Ал кезде мен Алматанын айыл-чарба институтунда 3-курста окучумун. 17- декабрь күнү кадимкидей эле болуп, окууга жөнөгөнбүз, бирок сабактар болбой калды. Себеби, студенттердин көпчүлүгү аянтка чыгып кетишиптир. Алардын баарын кууп жиберишти, бирок кеч киргенде кайра чогулушту. Бизди жатаканадан сыртка такыр чыгарбай жатышты эле, 1-курстун студенттеринин театрга болгон билеттерин алып, ошолорду көрсөтүп чыгып кеттик. "Колбинден башка табылбай калды беле?"- деген суроону студенттер коюп жатышты. Митинг тынч эле өтүп жаткан, бирок бир маалда бир жоокер дубинкасы менен демонстрацияга чыккан бир кызды башка уруп жиберсе, кыз кулап калды. Жигиттер башы жарылган кызды көтөрүп, "өлтүрдү эле, өлтүрдү" деп бакырып жөнөштү. Анан эле ызы-чуу башталып, бири-бири менен мушташып кетишти. Кычыраган кыштын суугунда, өрт өчүргүч машине менен калың элдин катмарына суу чача башташты. Биз аргасыздан качып жөнөдүк эле, бир маалда кыздар кол кармашып, катарга тизилип алышты да, "жигиттер кайда качып баратасыңар, намыс барбы силерде?"- деп бакырып туруп алышты. Биз эмне кылууну билбей эле туруп калдык. Ошондо жигиттер аянттагы мрамор плиталарын жулуп алышып, аларды талкалап, солдаттарга каршы ыргыта башташты. Өрт өчүргүч машинелердин шлангаларын жулуп жатышты. Канжалаган, муздак сууга тонуп, калтыраган жигит- кыздарды жоокерлер машинеге ыргытышып, стадионго алып барышып, таштап жатышты. Айрымдарын шаар четине алып барышып, жылаңач чечиндирип, таштап кетишкенин кийин билдик.
Мындайдан жаштар ого бетер жинденип, 18-декабрда кайрадан аянтка чыктык.
Студенттердин колунда ар кандай транспаранттар бар. Баарыбыз "Казакстаным" деп ырдап бараттык. Аянтка барганда, бизди төрт тарабыбыздан жоокерлер курчап алышты. Алар темир чынжыр, тросстор ж.б менен куралданып, ортодо кайрадан кагылышуу болду. Бирок, жаштардын арасында алган соккуларынан эстерин жоготуп, канжалап жерде жаткандар көбөйдү. Биз куралданган мамлекеттик машинеге туруштук бере алган жокпуз.
Эртеси 19-декабрда Алматанын аянтында эч ким болгон жок. Себеби, түнү бою курсанттар аянттагы кандарды жууп, өлгөндөрдүн денесин алып бара турган жакка алып барып, эртеси ал жакка эч кимди жолотушкан эмес. Аянттын жанынан үч казак биригип өтө албай калган. КГБшниктер окуу жайлардын баарын кыдырып, өздөрү тарткан сүрөттөрдөгү "декабристтерди" тааныйсыңарбы?- деп сурап, тапкандарын окуудан айдап, айрымдарын камап жатышты. Биздин жатканага да келишкенде, декан "мында чет өлкөлүк студенттер көп"- деп киргизбей койгон. Ошентип, мен окуудан айдалбай калганмын"
Алмата КГБсынын маалыматына караганда, массалык башаламандыктын натыйжасында 3 гана адам өлүп, 1137си ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Бирок, бул маалыматтардын баары кийин атайы туура эмес жазылгандыгы аныкталган. Укук коргоо органдары 2200гө жакын митингдин катышуучуларын камакка алышса, алардын 90%ы казак улутунун өкүлдөрү болуп чыгышкан.
Декабрь окуялары кантип башталганы тууралуу КГБ менен ИИМдин сводкаларында минтип жазылган:

Как же начались декабрьские события?
"В Верховном Совете Казахской ССР, по данным выборов 1985 года, казахи составляли 36 процентов, русские - 40,8 процента. Кстати, за все годы советской власти ни один представитель республики не был избран коммунистами и народом, все назначались центром и, естественно, контролировались им же.
Теперь настала очередь Г. В. Колбина, обладавшего неограниченной властью в Казахстане и защищающего интересы только центра".
Ошондой тоталитардык режимге карабастан жаштар башын көтөрүп, "Чөгөлөп өлгөнчө, туруп өлөлү!"- деген ураандарды көтөрүп, көчөлөрдү аралашкан.
Митинг таркатылган соң, алардын ана башындагы уюштуруучулары катары 18 жаштагы Архитектура институтунун 1-курсунун студенти Кайрат Рыскулбековду кармап, камакка алышат. Анын түрмөгө кесилишине Кайрат окуган институттун ректору Атрушкевич опол тоодой салым кошот. Ал узакка созулган сот процесстеринин биринен да калбай, дайым орус улутунун өкүлүн дал ушул Рыскулбеков өлтүрдү деп айып тагуудан такыр чарчабайт. Ошентип, Кайраттын мойнуна Савицкий деген "друженникти" өлтүрдү деген айып тагышып, атууга кетиришет. "Эгер сен кафедра жетекчиси Уваковду декабрь окуяларынын башкы күнөөкөрү деп айтсаң, жазаңды жеңилдетебиз"- деп КГБнын кызматкерлери Кайратка кайрылган экен. Бирок, мындайга ал макул болбой коет. Анын адвокаты Горбачевдун атына кат жазып олтуруп, өлүм жазасын 20 жыл түрмөдө олтуруу менен алмаштырууга жетишет. Жазасын өтөй турган түрмөгө жеткирүү үчүн аны алып жөнөгөн поездге Семипалатинскиден КГБнын кызматкерлери киришип, Рыскулбековду поездден түшүрүп калуу тууралуу буйрук келгенин айтып, аны түшүрүп калышат. Кийинчереек маалым болгондой, аны ошол жердеги түрмөгө алып барышып, алгач жалгыз камап, андан соң Власов деген көп жыл олтурган зек менен бирге камап коюшат. Эки күн өткөн соң, тагыраак айтканда 1988-жылдын 21-майында анын өзүнүн майкасына асылып калган өлүгү камерада табылат.
Эң кызыгы, Казакстан эгемендүүлүк алып, декабрь окуясынын айынан камалгандарга Назарбаев амнистия жарыялаган мезгилде Савицкий өлтүргөн декабрь окуясынын катышуучусу табылат. Бирок, амнистияга туш болгонуна байланыштуу жазадан кутулуп, темир тор артына кетпей калат. Эми күнөөсүз Кайраттын өлүмүнө себепкер ректор Атрушкевич өзүн кандай алып жүрдү болду экен? Аны бүгүнкү күнү өткөн жалган жалаасы үчүн жазага тарта турган Казакстанда укук коргоо адамдары табылаар бекен?
Ошол кездеги Казакстандын бийлиги жаштардын көтөрүлгөндүгү тууралуу маалыматты башка региондорго угузбоо үчүн канчалык аракет кылышса дагы, Алматада башталган нааразычылык акциялары, бийлик менен казак жаштарынын ортосундагы тиреш тууралуу суук кабар башка региондорду шамалдай каптап, тынч жаткан элди ойготкон.

Караганда
Алматадагы кагылышуудан кабар алган карагандалык казак жаштарынын намысы ойгонуп, жан дүйнөсү козголуп, 19-декабрь күнү кечки саат 20:00дө Гагарин атындагы борбордук аянтка чогулушат. Бирок, ошол эле күнү алар милиция тарабынан таркатылып, 83 адамы камака алынат. Араң турган отко суу чачкан милициянын мындай аракетине жинденген Жогорку окуу жайлардын 300гө жакын студенти эртеси күнү кайрадан аянтка чогулушат. Ал жолугушуу тууралуу КГБнын архивинде "…никто из них хулиганских действий не допускал"- деп жазылган. Бирок, ошого карабастан митингке чыккан студенттердин 54ү окуусунан айдалса, алардын башында жүргөн 5 студент кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Мындагы студенттерди таркатуу, камака алып, аты-жөнүн тактоо үчүн ИИМдин Карагандадагы окуу жайынын курсанттары тартылган.

Башка шаарлар
Ушуга окшогон толкундоолор Казакстандын Чимкент, Кызыл-Ордо, Актөбө, Жамбыл, Талды-Курган, Жезказган ж.б. аймактарында да болуп өткөнүн баса белгилеп кеткибиз келет.

Натыйжа
Кийинчерээк Мухтар Шаханов башында турган комиссия Желтоксан окуясын иликтеп чыгып, митингке чыккандардын ичинен 2 миңге жакын адам бийлик тарабынан өлтүрүлгөнүн аныктап чыгышат. Аталган комиссия Алма-Атанын мүрзөлөрүнүн биринен эч кандай белги коюлбаган жерден эле массалык түрдө көмүлгөн адам сөөктөрү табылган. Алардын баарынын баш сөөктөрү окко тешилген экен.
Казакстандагы расмий маалыматтарга ылайык, көтөрүлүш таркатылган соң, 1700 адам денелерине ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышса, 900 адам административдик жазага тартылышса, 1400 адамга катуу эскертүү берилген. Ошондой эле прокуратурага 5324, КГБга 850 адам суракка чакырылса, митингке катышкандыгы үчүн 319 адам ишинен айдалган. Ал эми 309 студент окуусу менен кош айтышса, 99 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылып, темир тор артына кеткен. Алардын арасында өзүнүн жалындуу билдирүүлөрү менен жаштардын намысын ойготуп, алардын башында жүргөн 18 жаштагы Кайрат Рыскулбеков да эркинен ажыратылган. Мындай окуя болгон соң, СССР бийлиги тарабынан казак интеллегенциясынын өкүлдөрүнө куугунтуктар башталган. Объективдүү эмес тергөөнүн жүргүзүлгөнүнөн улам, Совет бийлигине каршы чыкты деген айып менен Казак ССРнин көптөгөн жетекчилери атууга кеткен.
Ошентип, 1987-жылдын 9-январында Компартиянын экинчи секретарлыгына казак улутунун өкүлү дайындалат.
Казакстандын коомчулугу арадан 4 жыл өткөн соң, тагыраак айтканда 1990-жылы кайрадан көтөрүлүп, бийликтин кошкөңүлдүгүнө нааразы болушуп, 1986-жылдагы окуялар үчүн түрмөгө камалгандарды эркиндикке чыгарууну, окуудан, иштен айдалгандарды ордуна олтургузууну талап кылып чыгышкан. Жаштар ачарчылык кармоо менен декабрь айынын курмандыктарына өздөрүнүн колдоолорун билдиришкен. Ошентип, 1991-жылдын 16-декабрында 1986-жылкы окуя боюнча түрмөгө камалгандар эркиндикке бошотулуп, жумуш менен камсыз болушкан. Тилекке каршы, ушул кезге чейин канча адам камакка алынып, канча адамдын өлтүрүлгөндүгү тууралуу так маалымат эч жерде жок. Укук коргоо органдарынын материалдарында бул тууралуу айтылган эмес же белгилүү бир убакыттын өткөндүгүнө байланыштуу өрттөлүп же жоголуп кеткен. Түрмөгө камалгандардын санына келгенде, прокуратура 2401 десе, ИИМ 2336, ал эми КГБ 2212 деп таптакыр башка санды айтат.

Кандуу декабрь окуялары тууралуу 1990-жылга чейин жазууга тыюу салынган. 1996-жылы 18-декабрда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев маркум Кайрат Рыскулбековго "Калк каарманы" деген сыйлыкты ыйгарганын билдирген. 1991-жылдын 16-декабрында Казакстандын Жогорку Кеңеши ушул күндү эгемендүүлүктүн күнү деп жарыялаган мыйзамды кабыл алды. Казакстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң акыркы болуп, ушул мыйзамды кабыл алганын белгилеп кеткибиз келет. Дал ушул күнү Казакстан эли борбордук аянтка чыгышып, өздөрүнүн эркиндиктери үчүн башын тобокелге салып, кан-жанын аябаган жаштарды эскеришет.

Улан МАМБЕТОВ,
"Алиби"

P.S. Андыктан, "өз агасын агалай албаган бирөөнүн эшигин сагалайт" болбой, кыргыз бийлиги да коңшу өлкөбүздө болуп өткөн окуядан сабак алса деген эле ой.