№50, 25.06.08-ж.
  Азизбектен азил кеп

Жалалабат, "минус" Сузак,
Өзгөн, "плюс" Алайга тузак
"Сузакстан" менен Өзгөн, Алайды салыштырып отуруп чын эле оозубуз Ошту карады. Деги Бакиевдин заманына чейин Сузактан бир министр чыкты беле?Бакиев өзү да өкмөт башчы болгондур, а бирок министр болгон эмес.Адигиненин тукумдары, Алымбек датканын жердештери жеринен бийликтин бир бучкагын чоюп келишкен. Заман өзгөрүп таразанын ташы Сузакка ооду, ичкиликке ооду. Министрдин деңгээлиндеги гана чиновниктерди эсептеп көрдүк, акимден жогоркуларды тизмелесек ак баракка батпай калчудай.
Кочкорго барып Турдакун Усубалиев элден сурап атат имиш:
- Бу Жапаровдун байлыгы бир бай колхоздун байлыгынан ашып кетти дешет. Деги Акылбектин атасынан бир-аз мүлк калды беле?
- Кайсы атасын айтып атасыз, жарыктык,-дейт кочкорлук Коңкобай,-Өз атасынбы же "багып алган" Бакиев атасынбы?
* * *
Жайкы эс алуу учурунда өкмөт мүчөлөрү Африканын жээгинде круиз кылып жүрүшүп, капысынан киши жегич ганнибалдардын колуна түшүп калышат.
- Бул көпкөн өкмөт мүчөлөрүн четинен отко кактап бышырып жей бергиле,-дейт ганнибалдардын жол башчысы,- Ал эми Жапаров менен өзүм эсептешем.Бул ХИПКке өтөбүз деп бизди "кидать" этип кеткен.

Сузактын "бычакка саптуулары" жана Сузакка жакын төрөлгөндөр
К.Бакиев - Президент.
М.Кайыпов - Адилет министри
Б.Калиев - Коргоо министри
К.Ташиев - "МЧС" министри
Т.Калимбетова - Каржы министри
А.Жапаров - Экономика министри
(Бакиевдин бакма баласы)
М.Конгантиев- ИИМ министри
Ж.Алиева - Сот, укук "министри"
К.Кабилова - Шайлоо "министри"
М.Эшимканов - Телеберүү "министри"
(Жалалабатта төрөлгөн)
Б.Асанов- Спорт "министри" болгон
Ж.Бакиев - Күзөт "министри"
К.Темирбаев - Иш чарба "министри"
А.Муйбиллаев - Финполиция "министри"
Н.Шакиев- Басма сөз(пресса)"министри"
К.Конгантиев -ЖК иштери б-ча "министр"
Ч.Баекова - Вице-спикер
А.Турсунбаев - Вице-спикер

Алайдын аткаминерлери
А.Эркебаев -Экс-спикер,министр
А.Келдибеков - Экс-министр
М.Султанов - Экс-спикер, министр
Э.Узакбаев - Экс-министр,губернатор.
И.Исаков - Экс-министр
Н.Сулайманов -Унаа министри
О.Абдыкалыков - Статистика"министри"

Өзгөндөн өскөндөр
А.Мадумаров - Экс-вице-премьер.спикер
Ж.Сатыбалдиев -Экс-министр,губернатор.
Э.Сатыбалдиев - Башкы прокурор
А.Жолдошев - Каттоо "министри"




  Чүчала

Жапан өлкөсүндө бир жакшы саамалык бар экен, фирма жетекчиси болобу, мамлекеттик жетекчи болобу "чучелосун" же кейпин окшоштуруп жасап кызматтан чыгып бара жаткан бир бөлмөгө коюп коюшат турбайбы.
Эртеден кечке шефи менен иштешип, шефинен тил угуп, сөгүү уккан кызматкерлер жумуштан кетип бара жатып, баягы "чучело" коюлган бөлмөгө кирет экен да, шефинин кейпин келиштирип, "чучелосунун" акесин окутуп, кечке тил уккан өчүн алып, үйүнө ырахаттанган бойдон кетишет экен. Жапандардын ушул ыкмасын угуп калган мурунку заманда ат минип кой кайтарып жүрүп байлыкка жетип, байлыктан бийликке жетип, Акүйдүн аткаминерлеринин бири болгону менен жаш кезиндеги "жамбаштап жаткан сонун да" деп жамбаштап жатып кой кайтарганын сагынган чиновник кожоюнунан тил укканда,колун ушалап "Кап! Аттиң ай, бизде ушундай ыкма болсо шефтерибиздин кейиптерин "чүчала" кылып койсо көрсөтмөк эмес белек" деп кыялданып отургандагы кербези экен.

Кожоюндан тил угуп,
Заманасы куурулуп,
Жапондорду укканда,
Дейт чиновник буулугуп:

Жапондордо заводдо,
Жетекчиси болот го.
"Чучелодой" окшотуп,
Кебин жасап коет го.

Жини келген кызматкер,
Сөгүп кетет экен дейт.
Баштан ылдый суу куюп,
Төгүп кетет экен дейт.

Кожоюнга окшотуп,
Кебин жасап алалы.
Тарап кетип баратып,
Тамашаны салалы.

Сөккөн мындай болот деп,
Үйрөтмөкмүн кожоюн.
Башка -көзгө койгулап,
Жүдөтмөкмүн кожоюн.

Кыштын күнү талаага,
Түнөтмөкмүн кожоюн.
Кечиримди суратып,
Сүйлөтмөкмүн кожоюн.

Күнү-түнү ат минип
"Гүлдөтмөкмүн" кожоюн.
Чычырканак аралап
Сүйрөтмөкмүн кожоюн.




  "Босстук" азилдер

Турсунбек Акун уулуна
КРнын Акыйкатчысы
Мал доктур аке кандайсыз?
Семиз козу тандайсыз.
Акты жазып берем деп
Чабандарды алдайсыз

Советтик кезде бут керген,
Ветврачка кут келген.
Спиртин согуп кочкордун,
Койлорду өзү кууп келген.

Укуктун "сырын" чечет дейт.
Уктабай түнү пикет дейт.
Жактырбай койсо Акаев
"Жашынмак" ойноп кетет дейт.

"Жашынмак" ага жарашып,
Акаев кетти "адашып".
Акүйдө жүрөт Турсукең
Тизгинди улам талашып.

Омбудсмен жакка жетиптир
Кызматты өзү чечиптир.
Ал жерде укук коргобой,
ЛСП болуп кетиптир.

Өмүрбек Суваналиевке
Нарын облусунун
губернатору
Айыл, кыштак тазарып,
Абышка-кемпир жашарып,
Калыптыр көрсө Нарынды
Катани мырза башкарып.

Нарынга өзү кез келип
Турушат эли "беш" берип.
Корголоп жүрөт коррупция
Тойлогон күнүн эскерип.

Сүрдөтүп Нарынды койдуңуз
Сүрүңүз бар экен анткени.
Оюна салдыңыз элдин бир
"Обком чал" Сыдыков Матенди.

Кире албай "ворлор" ал барса
"Кримге" болбойт дарбаза.
Кубалап бийлик ийбесин
Кулпулап аны салбаса.

Сезилер бийлик аксаса
Серпип салат таптаза.
"Север" жактын балдарын
Сейфке салып катпаса.

Ишенбай Кадырбековко
Экс-чиновник
Жеке таз берсе албады
ЖКдан көрүп пайданы.
Жети тазын чогултуп
Жеке тазды кубалап
Жер түбүнө айдады.

Жеке таз кетти айдалып
"Жети кабат" жай калып
Жети тазын чогултуп
Ишекең өзү иштейм деп
Спикер болду шайланып.

Өлкөнү бир күн башкарды
Президентке аз калды.
Бут тосуп ага бийликтен
Ызы-чуу анан башталды.

Оппозиция жакка кайтты деп,
Акыйкат кепти айтты деп.
Артынан түшүп заматта
Камакка аны катты бек.

Түшүнүп бийлик койбосо
Түбөлүк эмес ойлосо...
Түзүк эле иштемек.
Түндүк жактын балдарын
Түрмөгө тыгып койбосо.

Мелис Эшимкановго
УТРКнын башкы директору
Баштап жүрүп,
"Асабаны", "Агымды"
Баткагына саясаттын малынды.
Козгоп элди митингдерде Меликең,
Кол көтөрүп, бийлик деле багынды.

Парламентти өзү отурган таратып,
Досторунун оозун Ошту каратып,
"и.о" болуп келген күздө Меликең,
Идеяны улам жаңы жаратып.

Жакшы беле, же болбосо чекиби
КТРге койчу эле "экини"
"Кара жащик" өзү койгон аты эле,
Эми болсо, төрагага бекиди

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ,
"Алиби"