№50, 25.06.08-ж.
  Өлгөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт!

Ак таңдай акын Осмонкул Бөлөбалаевге 120 жаш
Өнөр болот адамзаттын көмөгү,
Көмөк да эмес, өбөк таяк жөлөгү.
Эчен-эчен акын өттү элимден,
Элде жүрөт нуска болуп өнөрү.
Үлгү кылса эли айткан сөздөрүн,
Ошондуктан өнөрпос да өлөбү.

(О.Бөлөбалаев)


Ар бир чыгармачыл адамдын эл арасында, коомчулукта, эстен кеткис өзгөчөлүгү болот. Ал өзгөчөлүк жасалма жол менен же кандайдыр башкалардын күчү менен пайда болбойт. Чыгармачыл кишидеги өзгөчөлүк баарыдан мурда анын жүрөгүн эргиткен, тынчын кетирген талантына, максатына, кесибине жараша өнүгөт. Сырттан болгон таасирди чыгармачылык сергектик менен өздөштүрүп гана тим болбостон, аны андан ары өрчүтөт, өнүктүрөт. Ойлогон оюна, көздөгөн максатына жетүү үчүн андай таланттар бүт өмүрүн арнайт.
Кыргыз элине гана эмес, бүткүл Орто Азия жана казак элине да белгилүү болгон Кыргыз ССРинин эл артистти, ак таңдай акын Осмонкул Бөлөбалаевдин баа жеткис өзгөчөлүгү - анын төкмө акындыгында болучу.
Анын акындык чыгармачылыгы революциядан кийин жалындап, ырлары учурдун үнүнө, мезгилдин талабына жооп берген. Зор акындык таланты ошол учурдагы тарыхый шартты туура баалай билүүгө жана эл арасындагы жетишкендиктерди, кемчиликтерди таамай көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берген. Акын традициялык үгүт-насиятты, элдик турмуштук ырларды көркөмдөп, чыгармачылык менен пайдаланган.
Осмонкул Бөлөбалаев төкмө акын гана эмес, кыргыз элинин байыркыдан бери оозеки айтылып жүргөн нуска сөздөрүн да жакшы билчү. Бирок, аны залкар акын кара сөз менен эмес, ыр менен келтире айтчу экен.
Осмокул акын айтылуу акын Калык Акиевдин талантына таасирленип, тарбия алган. Өзүнүн эскерүүсүндө: "Калык Чүйгө Аалы деген курбусуна күйөө жолдош болуп келип калган экен. Элди-жерди тааныган даасыккан акын биздин айылга кайрылып калат. Ошондо Калык менен кошо Чүйдө бир айга жакын бирге жүрүп калдым. Ал алымсабак айтып ырдап, кандайча баштап жана аны кантип улап кетүүнүн жолун түшүндүрдү. Кээде өзү баштап, мени улантып ырдатты", - деп эскергени бар.
Залкар акын Осмонкул 1967-жылы, 79 жашында, узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайткан.
Адам баласынын турмушу менен бирге жашаган, жүрөк канынан жаралган өнөрдүн бири көркөм адабият. Аны жараткан адамдын жүрөгү токтосо да, элге таандык болуп калган адабият кылымдан-кылымга чейин өмүр сүрө берет. Ошонун сыңарындай, Осмонкул акындын талантынан таалим алышкан канча акындар өсүп чыккан. Акындын өмүрү жана өлбөс- өчпөс чыгармалары дагы да болсо, жаштарга өрнөк болуп кала берет.

Нускалуу ырлар

Алтындай болот каламым,
Ак шумкар куштай тапталат.
Кымбат болсо бул сөзүм,
Кылымдар бою сакталат.
Орундуу болсо айтканым
Өзүңө өчпөс ат калат.
Жакшы болсо ырыңды
Далай жаштар жатка алат.
Болбос жигит кээ бирде,
Бой көтөрүп мактанат.
Билген жанга чынында,
Билим менен макталат.
Акылдуу жигит жумушун,
Элден мурун аткарат.
Азамат жигит душмандан,
Алдын ала сактанат.
Эстүү жигит бийлесе,
Элин жакшы башкарат.
Акыйкаттап текшерсе,
Адал киши акталат.
Баатырлардын сүрүнөн,
Бата албай душман жазганат.
Колумдан келсе жазайын,
Кооз терме ырымды.
Кызыктуу болсо бул ырым,
Кыдыраар далай кылымды.
Акылдаш жакын адамга,
Айткым келет сырымды.
Эпкиндүүнүн белгиси,
Эмгегин элге көргөзгөн,
Ээн баштын белгиси,
Ээленет ыкка көнбөстөн.
Күлүк аттын жакшысы,
Күндө чыгат жарыштан.
Азаматтын белгиси,
Ак, караны тааныштан.
Эстүүлүктүн белгиси,
Элин жакшы багыштан.
Кымбат баалуу эр жигит,
Кызматынан жагыштан.
Досчулуктун жакыны,
Сураганын алышкан.
Даңкы чыккан жигитти,
Ар ким арзыйт алыстан.
Сөзгө чебер билимдүү,
Иш бузулбайт калыстан.
Ар ишти салат жөнүнө,
Акылы толук даанышман.
Акылы бар азамат,
Ар нерсени ойлонот.
Акылсызга бак консо,
Башын чулгуйт ойдолоп.
Алып учкан асманга,
Ар адамда ой болот.
Устасы жакшы келишсе,
Сынган буюм оңдолот...

Осмонкул




  Карыпбек Алымкулов, "Ай тамга" коомдук бирикмесинин төрагасы:

"Кийиз кимдики болсо, билек ошонуку"
- Карыпбек агай, айтылуу ак таңдай акын Осмонкул Бөлөбалаевдин 120 жылдык мааракесин белгилөө боюнча өкмөттүн атайын токтому чыгыптыр. Мааракеге арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамында сиз да бар экенсиз, даярдыктар кандай болууда?
- Илгерки кишилердин туулган күндөрү кар түшкөндө же эл жайлоого көчкөндө, жайлоодон түшкөндө деп айтылчу эмес беле. Анан ак таңдай акыныбыз Осмонкул Бөлөбалаевдин туулган күнүнүн 120 жылдыгына ушул жылдын күз айлары туура келет экен. Осмокул атабыздын мааракесин өткөрүү демилгесин "Ай тамга" коомдук фонду көтөрүп чыгып, Маданият жана маалымат министрлигине, Жазуучулар союзуна кайрылганбыз. Алар да биздин демилгени колдоп, Өкмөткө кайрылуу жөнөтүшкөн. Ошентип, премьер-министр Игорь Чудинов кол койгон Өкмөттүн 24-майдагы токтому менен июнь айында уюштуруу комитети түзүлдү. Уюштуруу комитетинин төрагалыгына КРнын вице-премьер министри Нур уулу Досбол (азыркы мамкатчы), орун басарлары Маданият министри Султан Раев менен Чүй обладминистрациясынын башчысы К.Сыйданов бекитилип, курамына акын-жазуучулар ж.б. кирди. Ал эми юбилейлик иш-чаралар демөөрчүлүк каражаттардын күчү менен өткөрүлмөй болду.
- Республикалык деңгээлдеги иш-чара болуп жаткандан кийин мамлекеттен каражат сураган жоксуздарбы?
- Мамлекеттен 500 миң сом сураганбыз. Бирок, мамлекет тарабынан андай каражат бөлүнүп бер рилбей турган болуп калды. Идеяны өзүбүз көтөрүп чыккан соң, эл-журтубуз менен өзүбүз эле өткөрүп алалы дедик.
Оозеки чыгармачылыктын классиги Осмонкул Бөлөбалаевге эң мыкты эстелик курганга, чыгармалар жыйнагынан топтоп эки томдук китебин чыгаруу аракетин көрүп жатабыз. Ал эми эстелигин кайсыл жерге тургузуу боюнча жазуучулар жакшы идея беришти. Тоголок Молдонун сквери бар эмеспи, ошол жерге "Эл жазуучуларынын, акындарынын эстеликтеринин галереясын орнотсок", - деген ойлорун ортого салышты. Учурда жазуучулар ал жерди сурап, Өкмөткө жана Бишкек шаарынын мэрине кат жолдоп жатышат. Эгер оң жагына чечилип калса, архитекторлор планын чийип беришсе, биринчилерден болуп Осмонкул Бөлөбалаевдин эстелигин орнотолу деген ниетибиз бар. Эстеликти Кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кыдыралиев жасай турган болуп жатат.
- Маараке кайсыл айга белгиленди?
- Жыйым-терим бүтүп, эл түшүмдөрүн жыйнап алган соң, октябрдын аягында же ноябрь айынын башында өткөрөлү деп чечтик.
- Өкмөт тарабынан бир сом каражат бөлүнбөсө, демөөрчүлөргө ишенип маараке өткөрөбүз деген осолдук эмеспи? Маараке үзгүлтүккө учурап калышы да мүмкүн да.
- Эстелик тургузууга, китеп чыгарууга жана майда-чүйдө чыгашаларга оңбогондой эле каражат керек экен. Бирок, биз аттуу-баштуу инсандарга, чыгармачылыкты түшүнгөн кишилерге кайрылып жатабыз. Дагы да кайрылабыз. Республикалык масштабда июль айынын орто ченинде марафон өткөрүп көрсөкпү деп турабыз. Акындын киндик кан тамган жери Ысык-Ата районунун элдери чыгармачылыкты терең түшүнгөн, баалаган эл экен, болгон жардамдарын аяшкан жок. Башка облустардан да колдогондор көп. Буюрса, элдин жардамы менен өтө турган иш болуп калды, менимче, эч кандай үзгүлтүккө учурабай эле өтөт болуш керек.
- Эмне себептен "Ай тамга" коому ушул маселени көтөрүп чыкты?
- "Ай тамга" коому негизгиси чүйлүктөрдүн коому. Албетте, Осмонкул Бөлөбалаев жалпы кыргыз элинин акыны, ошентсе да "Кийиз кимдики болсо, билек ошонуку",- дегендей, акын чүйлүк болгондон кийин бул маселени биз көтөргөнгө туура келип калды.
Мыкты патриот жигиттерибизден колубуз кур эмес экен. Буюрса үзгүлтүккө учуратпай өткөрөбүз деп бардыгын өз милдеттерине алып жатышат.
- Бардык чыгымды эл өзү көтөрүп жатса, Өкмөт түзгөн комиссия эмне кызмат аткарат?
- Жана айтып өтпөдүмбү эки томдук чыгармасын даярдап койдук деп. Комиссиянын курамында Омор Султанов, Асан Жакшылыков, Сейит Жетимишов деген акынжазуучулар бар. Алар китепке даярдалып жаткан чыгармаларды редакторлоп беришсе чоң жардам болот. Бишкек шаарынын мэри Данияр Үсөнов да комиссиянын мүчөсү, ал киши жазуучулардын эстелигин тургуза турган сквердин башын чечип берсе. Бишкек башкы архитектурасынын начальниги Турсунбаев да комиссиянын курамында бар. Ал киши галереянын ордун эртерээк чийип берсе. Султан Раев уюштуруу иштерине көмөк көрсөтүп жатат. Ошондуктан комиссиянын курамына бардыгы туура киргизилген, ар кимдин бүтүрө турган иши бар.

Гүлниза МОЛДОКУЛОВА,
"Алиби"