№49, 18.06.08-ж.
  Кыргыз качан жана кайдан чыккан?

Улуттук дөөлөттү өксүтүү, унутуу, жок кылуу - муундардын байланышын үзүп, элдүүлүктү уратып, калкты кудуретсиз, эрксиз кылып, өз алдынчалыгын кыйратып, эң коркунучтуу, залакалуу апаатка тете. Буга жол берүү - улутту жок кылуунун башкы кадамы деп бааланышы зарыл.

( Башталышы өткөн санда )
- Мекен жана улут кызыкчылыгы баарынан бийик бааланып, өйдө турушу керек.
Кандай гана саясат жүргүзүлбөсүн, ал Мекен жана Улут тагдырына терс таасир тийгизбесин деген талап - жетимиш жыл совет доорунан калган ачуу жана түбөлүк сабак болушу абзел.

VI. Кыргыз жана дүйнөлүк диндер
Кийинки эки жарым миң жыл аралыкта дүйнө элдерине төмөнкү диний ишенимдер кеңири тарап, жайылган: Буддизм, Христиан жана Ислам. ХХI кылымга чейин Христиан 100гө жакын, Ислам - 70тен ашык агымдарга бөлүнгөнү белгилүү.
Бул диний ишенимдерден мурун, б.з.ч. 1300-1200 жыл илгери иудаизм (жөөт элине гана таандык) жана зороастризм (байыркы перс жана Борбордук Азия көчмөн элдерине таандык) диний ишенимдер пайда болгон.
Бул эки динден беш-алты миң жыл мурун Теңирчилик дүйнөтаанымы түптөлүп калыптанган (Алтай топ элдерине жана шумерлерге таандык).
Теңирчилик кийинки дүйнөлүк диндерден өтө айырмаланган:
- Анын ыйык китеби, Пайгамбары болгон эмес;
- Аны кеңири жайылткан диний кызматчылары да жок болчу;
- Ал бийликти жактап, элди ага баш ийдирүүнү көздөгөн эмес, байлык топтоп, бийлик башында турган эмес.
Бирок ал жалгыз Жаратканды таанып, аны Көк Асмандагы баарына Тең - Көкө-Теңир деп атаган;
- Ал Табиятты ыйык, улуу деп таанып, Арбактарга сыйынып, каада-салтты бекем кармаган.
Бул таш доорундагы жашоо шартка байланыштуу болгон. Ал мезгилде коом бай-кедейге, таптарга бөлүнүп, адам адам эмгегин жегенге шарт жок болчу (таш жана сөөк курал доорунда адамдын баары бирдей эмгектенүүгө мажбур эле).
Жамааттык сезим жана теңдик, калыстык өкүм сүрчү (адилет, калыстык бузулса жамаат кыйроого учурап, жок болчу. Себеби, биримдик сакталчу эмес. Биримдик жоголсо жамаат бөлүнүп, чачылып, талкаланып, кулга айланып, жок болуп калчу).
Демек, адилет, калыстык, акыйкат аман калуунун, жамаат күчтүү болуп, турмуш улоонун негизги шарты деп таанылчу.
Ал мезгилде элди эзип, ага үстөмдүк кылып, жеке кызыкчылыгы үчүн бийлик жүргүзгөн башкаруу тап өзүнчө бөлүнүп чыга элек эле.
Андай кырдаал төрт миң жыл кийин, колодон темир дооруна өтө башталганда түзүлгөн. Так ошол мезгилде түптөлө баштаган жана биздин доордон кийин жаралган дүйнөлүк диндердин маңызында мурдагы дүйнөтаанымдарда учурабаган бийлик жүргүзгөн байлардын кызыкчылыгын көздөө, элди багынтып туруу максаттары орун алган.
XXI кылымда эки миллиард адам христиан, 1,3 миллиард-ислам дининде деп өздөрүн эсептейт.
Илимий булактарда минтип жазылган:
"Ислам ХVI кылымда кыргыздардын арасында таптакыр эле аз тараган болсо, андан кийинки кылымдарда да мусулман диний окуусу олуттуу ийгиликке жетише алган эмес".
"Ислам кыргыздардын моралдык негизине жана турмуш-тиричилик укладына анчалык деле өзгөртүү киргизе алган жок".
"Кыргыз калкынын басымдуу көпчүлүгүндө диний фанатизм байкалган эмес. Исламдын догмалары аз белгилүү болгон, диний ырым-жырымдарды баары эле аткара беришкен эмес.
Тескерисинче, эл массасында антиклерикалдык маанайлар тараган. Алар расмий мусулман динчилдерине каршы багытталган. Алсак, эң жогорку теңир - Кудайга кайрылган бир дубада төмөнкүдөй өтүнүүч бар:
Ала чапан кожодон сакта,
Жыла баскан молдодон сакта"3.
"От жагылып, эркектер менен балдар анын үстүнөн секиришкен, күйгөн арчанын түтүнү менен адамдарды жана малды аласташкан.
Кыргыздардын арасында жашап келген байыркы диний түшүнүктөрдүн көп сандаган калдыктары алардын исламды үстүтөдөн өздөштүргөнүн айгинелеп турат"4.
Ошол калдыктарды тизмелеп, маңызын кеңири түшүндүрүп, Абрамзон С.М. өз китебинде 192-беттен - 235-бетке чейин эл ичинен чогулткан көп маалыматты келтирет.
Жөөттөрдүн дини - Иудаизм, Христиан жана Ислам дининин бирдиктүү болгону жөнүндө илим минтип жазат:
"Истоки христианского учения о Боге следует искать в вероучении древних евреев.
Значительная часть священных книг иудеев вошла в Священное писание христиан (в Библии они названы Ветхим Заветом).
… религии, корни которых идут от вероучения древних евреев - иудаизм, христианство и ислам - называют монотеистическими (от греческого "монос" один и "теос" - Бог")5.
"Бог обещал Аврааму неисчислимое потомство, но до глубокой старости Авраам оставался бездетным.
По настоянию своей жены Сарры, считавшей, что детей у них уже быть не может, он взял себе наложницу, и эта женщина родила ему Измаила, которого арабы почитают своим родоначальником.
Затем ребенка (Исаака) родила и Сарра". (Кыргыздарга Ысмайыл жана Ысак деген аттар менен белгилүү болгон).
Арабдардын түпкү бабасы Измаил жөөт Авраамдын аялынан эмес, токолунан эмес, күңдөшүнөн төрөлгөн.
Жөөттөр да, арабдар да түбү бир, жалпы семит элине кирген соң, ошого байланыштуу - диний ишенимдери да бирдиктүү болгон.
* * *
Кыргыздар, негизинен көчмөн шартта байыркы доордон баштап эле ХХ кылымдын 20-30 жылдарына чейин жашап келген.
Ошого байланыштуу, кыргыздын дүйнөтаанымына бир топ өзгөчөлүктөр мүнөздүү болгон.
Эң негизгилери:
- Коом турмушу жана анын түзүлүшү боштондук менен эркиндикке негизделген. Отурукташкан элдердин коомунда зомбулук менен зөөкүрдүк үстөмдүк кылчу (там-ташын, чарбасын таштап кете албаган адам баарына чыдап, көнгөнгө аргасыз болгон);
- Көчмөн турмуш дүнүйөкорлукту четке каккан, мал чарбага негизделген соң, мал ортодо, жер ортодо болуп, жамааттык (демек, биримдик) мамилелерди коомдун пайдубалы кылган, өзүмчүлүккө жол берген эмес;
- Боштондук жана эркиндик сөзсүз өзү менен кошо Намыскөйлүктү биринчи орунга койгон (дүнүйө-байлыкка байланган, зомбулукка, адилетсиздикке көнгөн отурукташкан коомдо намыс аргасыздан кийинки катарларга жылган);
- Дүнүйөнүн кулу болбогон, боштондук менен эркиндикте жашаган көчмөндөр баарынан бийик Адилет, Калыстык, Акыйкатты баалашкан (үй-бүлөдө да, коомдо да). "Эл байлыгы - Адилет, таянычы - Калыстык, келечеги - Акыйкат" деген сөздү кыргыздан башка бир дагы элден таппайбыз;
- көчмөндөр табият менен эриш-аркак жашаган, табият менен ажыратылгыс бирдикте турмуш өткөрүшкөн, анын мыйзам-талаптарына толук баш ийип, ошол мыйзамдарды гана кабыл алып, таанышкан. Табиятты улуу, ыйык туткан көчмөндөр аны жандуу, тирүү деп түшүнүп, ошого жараша ага мамиле кылган жана бөлөк мыйзам-талаптарга (кийинки дүйнөлүк диндер таңуулаган) моюн сунуп, аларга ишенип, кабыл алган эмес. Нурмолдо өз ырында тозок жөнүндө айтканын Жеңижок "аны барып көрүп келдиң беле" деген суроо менен чекит койгон;
"- Атабыз - Нур, Энебиз - Жер, Каныбыз - суу, Жаныбыз - аба" - деп кыргыз өзүн тааныган.
Кыргыздын дүйнөтаанымынын, ишеничинин түркүгү болгон түпкү түшүнүктөр: Адал, Арам, Пейил, Сооп, Убал, Кесир, Кусур, Арбак, Теңир, Умай, Жан, Үрөй, Шаабай, Ынды, Бата, Алкыш, Каргыш ж.б. баардык дүйнөлүк диндерден эки-үч миң жыл мурун эле пайда болуп, калыптанып, бүткүл Азия аймагына тарап кеткен.
Ошол үчүн Саргон Аккадский-Теңир деп, жөөттөрдүн эң байыркы бабасы Теңирдин буйругун аткарган адам деген мааниде чопо жазууларында б.з.ч. 2300 жыл мурун сакталып калган.
Жөөттөрдүн дини - Иудаизмде, "жөөттөр - Кудайдын сүймөнчүгү, Кудайга жагып, кудай тандап алган эл" деп жазылат.
Демек, жөөттөрдүн дининде алардын өзгөчөлүгү, дүйнө элдеринин баарынан бийик, Кудайга жакын болгону даңазаланат (буга кыргыз макул болобу? Манкурт кана кыргыз макул болбосо, намыстуу, түбүн билген кыргыз макул болбойт деп ойлойм).
Христиан динин тутунган немис улутундагы адамга суроо берсем, ал жооп кайтарды: "Ии, ыраз, жөөт элин Кудай тандап алган эл" деп.
Анткени, Христиан дининде минтип жазылат: "адам - Кудайдын кулу" деп (Человек - раб Божий). Демек, жөөт Кудайдын сүймөнчүгү болгон соң, христиан дининдегилердин баары жөөткө кул экен да! Буга кыргыз макул болобу??
"Эркек - сел, аял - көл", "Эркектин билеги күчтүү, аялдын тилеги күчтүү" деген кыргыз кабыл алабы "аял - эркектин кабыргасынан жасалган" дегенди?? Кабыл алса, "кыздын кырк чачы улуу" деп айтат беле?
Төрт-беш миң жыл мурун калыптанып, жашоо шартка айланып калган кыргыздын дүйнөтаанымы тынбай көчмөн турмуш менен бекемделип, ырасталып турган үчүн кийинки эки миң жылда кандай гана дүйнөлүк диндер тарабасын, кыргыз бирине да баш-оту менен кирген жок.
Арча менен аластоо, келинди отко киргизүү, арбакты ыйык тутуу, мазарларга сыйынуу, улууну урматтоо, түлөө өткөрүү, сөөктү аземдеп койуу, Умай эненин аты менен эмдеп, Кызыр даарысын, Теңирим жалгасын деп кыргыз дагы да болсо өз түпкү рухун, төл дөөлөтүн сактап келүүдө.
* * *
Дин деген түшүнүктүн өзүн чечмелөө көптөгөн илимий пикирди жаратып, ар кандай көз карашка алып келүүдө.
Ошолордун бири (көп илимий көз караш буга жакын болгон үчүн) минтип аныктайт:
Ыйык китеби бар, Пайгамбар деп тааныган жана диний кызматчылары диндин эреже-талаптарын аткарып, аларды элге таркатса - бул диндин белгилери дешет.
Ушул аныктама менен карасак, кыргыздын дүйнөтаанымы - Теңирчилик ага ылайык келбейт: Ыйык китеби жок, Пайгамбар деп эчкимди тааныбайт жана диний кызматчылары да болгон эмес (шаман, бакшылар эмчи-домчулук кылган, бирдиктүү уюм түзүп, айлык алган эмес).
Эгерде аныктамадан затына өтсөк, айырмалар өтө терең жана маанилүү.
Биринчи.
Дүйнөлүк диндердин ыйык китептери өтө көлөмдүү, кайчы маанилүү ой жана сөзгө арбын. Аларды окуп, чечмелеп, түшүндүрүү - саналуу аалымдардын гана колунан келет. Динди туткан миллиондогон катардагы мүчөлөрү ал китептерди окуп, чечмелей албайт.
Экинчи.
Дүйнөлүк диндердин эреже-талаптары жашоо шартка айланбаган үчүн арам иштер адамзатты жыл өткөн сайын улам катуу чырмап, турмушун тозокко айландырып жатпайбы. Өзгөчө батыш элдеринин ыймансыз иштери, кыял-жоруктары буга талашсыз далил болгону жалпыга жакшы белгилүү эмеспи.
үчүнчү.
Кудайды адамга түспөлдөш кылып адамдын өзүн Пайгамбар деп тутуу - коом бай-кедейге, байлык менен бийлик жүргүзгөн жана аларга багынып, алардын буйругунан чыга албаган таптарга бөлүнгөн доордо гана пайда болгон.
Таш доорунда, теңдик өкүм сүрүп, ар адам иштегенге аргасыз болгон мезгилде адамды Пайгамбар деп тутуп, Кудайды адамга окшоштуруу мүмкүн эмес эле. Ал доордо - Табият баарынан ыйык, улуу, жандуу деп кабыл алынып, адам анын ажыратылгыс бир майда күкүмү деп таанылчу.
Манас - пайгамбар эмес, баатыр. Теңир - адамга түспөлдөш эмес. Арам иш кылсаң - бул дүйнөдө жазаланасың (тозок-бейиш дегенди кийин ойлоп табышкан).
Ошол үчүн кыргызда сөз бар: "Бейиштин миң күнүнөн, бул дүйнөнүн бир күнү артык" деген.
Кыргыздын дүйнөтаанымы, аруулугу, ыймандуулугу жашоо шартка айланган.
"Качан Адам болосуң?". "Буга калп айтканды ким үйрөткөн" деген сөздөрдүн мааниси терең. Кыргызга калп айтканды үйрөтүш керек эле!!!
Бүгүнкүдөй, кыргыз байлык, мансап, бийликтин кулу болгон эмес. Ошол үчүн түз сүйлөгөн, арамзалыкты, эки жүздүүлүктү, кошомат кылууну жаман көргөн, мунун баары кийинки отуз-кырк жылда элге кеңири тарап кетти.
өзүн мусулман деп эсептеген кыргыз эненин курсагынан жарык дүйнөгө түшкөндө намаз билип, куран окуп келди беле? Албетте, жок.
Кыргыздын жанынан, канынан, жеринен, абасынан, суусунан жаралган кыргыздын насили болуп жарык дүйнөгө келгенибизди кантип танабыз?!
Бул - эң башкы өзгөчөлүгүбүз, аны көз өткөнчө бекем сактап, кармашыбыз керек.
Диний ишеним - андан кийинки маселе. Дин эркиндиги Башмыйзамда бекилген соң, ар адам кайсы динди тутат - өз ыктыяры. Бул жерде талаш болушу мүмкүн эмес.
Бирок, кыргыз төрт миң жыл тарыхында эгерим болбогон сөөк менен көр талашканга бүгүн учурап жатканы - эл биримдигин, журт ынтымагын бекемдеп, чыңоого алып келбегени жакшы көрүнүш эмес.
Кудай талашкан эл эгерим бирдиктүү, демек - күчтүү, кубаттуу боло албаганын тарых нечен жолу тастыктап бергенин унутпайлык.
* * *
Бул кыска тарыхый маалымат кайсы бир динди өйдө же төмөн балоо дегенди түшүндүрбөйт, андай болуу мүмкүн да эмес (үч миллиард адам тутунган дүйнөлүк диндер бир адамдын пикиринен кемип калбайт, "кылы да кыйшайып койбойт" дегендей),
Бул маалымат бир гана максат менен берилди:
- Бүгүн кыргыз элинин, Кыргыз мамлекетинин тагдыры бир гана маселеге байланыштуу болуп турат. Ал маселе - кыргыз өзүн таанып, билип, барктап, өзүнө, өз Мекенине ишенип, намысына келип, рухун бийик көтөрүү.
Ошол үчүн тарыхый маалыматтар менен бирге кыргыздын наркына, салтына уюп, анын коом түзүлүшүнө жана башкаруусуна терең сиңген байыркы дүйнөтаанымы кыргызга ХХI кылымдын сыноосунан ийгиликтүү өтө турган өбөлгө болсун деген тилек менен берилди. Окурман муну туура түшүнөт деп ишенем.

( Уландысы кийинки санда )
Дастан САРЫГУЛОВ,
коомдук ишмер