№48, 11.06.08-ж.
  Жаштар жардамга келди

"Сын деген ачуу дары, ал уу эмес"
Гезитибиздин өткөн санында "Мусапыр" фондун ачканыбызды жарыялаганбыз. Ошол күндөн тартып, гезитибиздин ар бир санын үзбөй окуган окурмандарыбыз редакцияга баш багып, гезитти бийликтин азуусунан сактап калуу үчүн өз салымдарын кошуп жатышты. Алардын арасында эл - жерим деген патриот жаштарыбыз "Алибиге" салынган айыптан кутулуу үчүн жер - жерлерди кыдырып, каражат чогултуп берсек деген демилге менен келишиптир. Мындай окурмандарыбызга чоң ыраазычылыгыбызды билдирип, алардын пикирлерин гезит бетине жарыялап коюну эп көрдүк.

Кубанычбек уулу Максатбек, юрист:
"Сын деген ачуу дары, ал уу эмес"
- Демократиялык коомду түзөбүз десек, бийликтин кемчиликтерин оңдоп - түзөп турганга албетте сын көз караш керек. Ал үчүн массалык маалымат каражаттары эркин болуусу зарыл. Сын деген ачуу дары, ал уу эмес. Ошондуктан, бийликтин "Алиби" гезитине салган 1 миллион сом айыбы өтө алыска баралбаган бүгүнкү күндүн саясаты деп эсептейм. Буга окшогон иш - аракети менен бийлик дагы бир жолу өз кадыр - баркын түшүрдү десек да болот. "Сот көз каранды эмес" - деп канчалык актанышса да ал жөн эле "лозунг" экенин аныкташты. Убакыт өткөн сайын бийлик өзүнүн күчүн жоготууда. Себеби, сот, прокуратура, милиция, Жогорку Кеңеш баш болуп кабыл алынган мыйзамдарды сыйлабайт. Бардык кабыл алынган мыйзамдардын артында элдин эмес, биринчи кезекте өздөрүнүн кызыкчылыгы жогору тураарын карапайым эл да түшүнүп бүттү. Ал эми силердин гезитке салынган айыптын саясий заказ экени бешиктеги балага да белгилүү болуп турат.


Кубат Турусбек уулу, жеке ишкер:
"Бийлик эркин гезиттерди соттун жардамы менен ооздуктоодо"
- Мен сот отурумдарына катышпасам да, муну терс көрүнүш катары кабыл алдым. "-Адамдын башын көпүрө кылып аттабайт, хандын башы көпүрө болсо аттаса болот", - дейт. Бул максаттуу багытталган саясат экени көрүнүп турат. Болбосо, кемчилик кеткен күндө деле, айкөлдүккө салып кечирип коймок. Менин оюмча, бийлик эркин басма сөздөрүн соттун жардамы менен ооздуктоонун аракетин көрүүдө. Ал эми өкмөттүк массалык маалымат каражаттарын көрүп-билип эле жүрбөйбүзбү далилдүү так маалыматтарды да, бурмалап берип жаткандарын.

Айжан Кемелова, студент:
"Чындык деп чыккандардын алдын торубаса"
- Бүгүн көпчүлүк эл саналуу гана гезиттерди окуп калышты. Анын ичинен "Алиби" гезити мамлекеттеги болуп жаткан саясий кырдаалды, коомдук турмушту ачык - айкын чагылдырып турганы үчүн жабылуу коркунучуна туш болду. Андыктан жүргүзүп жаткан акцияңарды толук колдойм. Бийликтин чындыкты көздөгөндөрдүн алдын торуп, мүмкүндүк бербей жатканы мени ар дайым бушайманга салып келет. Мен "Алибинин" ар бир санын үзбөй окууга аракет кылам.

- Токтогул уулу Мирхамид, студент:
"Бетеге кетер бел калар, бектер кетер эл калар"
- Басма сөзгө жарыяланган жалган макаланы коомчулук болобу, президент болобу маани бербей кабыл албай коюшу мүмкүн. Ал эми чындык деген ачуу болот. Аны туура кабыл алгандар да жок эмес. Бирок, чындыкка чычалап түрдүү иш - аракеттерди жасай берүү акыйкатка да, элге да каршы. Чынбы - жалганбы, акпы-карабы, ушундай чоң суммадагы айыпка жыгылгандан кийин, кыргыз элинин адилеттүүлүк үчүн күйгөн жараны катары мен дагы "Алиби" гезитинен талап кылынган айып пулга 1 сом болсо да өз салымымды кошуп койгону атайы келдим.

Айбек Саипов:
"Ак ийилет, бирок сынбайт"
- "Ак ийилет, бирок сынбайт", "Дарак канчалык мөмөлөсө, ошончолук ийилиши керек", - деген элибиздин мындай кырдаалга таамай таасир этүүчү жакшы макалдары бар. Эгерде "Алиби" гезитине 1 миллион айып салып жаткан болсо, алардын деңгээли, дүйнөгө көз карашы, адамдык сапаттары начар экенин далилдешти. Мансап үчүн чуркаган, деңгээли төмөн адамдарга мындай нерселер боло берет. Андай адамдар 1 миллион сомду сөзсүз өндүрүшөт. Азыр чындыкты чыркырата беришсин, бирок ал күнгө да жооп берүүчү кез келет. Бардык маалымат каражаттары чындыкты бөпөлөтчү убакытка да аз калды. Мүмкүн "Алиби" гезити келечекте өлкөбүзгө акыйкатты орнотууга себепчи болуп калаар.

ү Глниза МОЛДОКУЛОВА,
"Алиби"