№48, 11.06.08-ж.
  Европада футбол майрамы башталды

"А" тобу
Ошентип, өткөн ишемби, 7-июнь күнү Европанын футбол жашоосундагы төрт жылдыктын көптөн күткөн футбол майрамы, Швейцариянын Базель шаарындагы "Сант-Якоб Парк" стадионунда жергиликтүү Швецария менен Чехия курама командаларынын ортосундагы ачылыш беттеш менен башталып, дүйнө жүзүндөгү футбол күйөрмандарынын көңүлүн өзүнө бурду.

"А" тобунун алгачкы командалары Чехия жана Швецария ортосундагы беттеш көпчүлүк күткөндөй эле оюндун фаворити эсептелген Чехиянын жеңиши менен аяктады. Оюндун 70-мүнөтүндө атактуу Ян Коллердин ордуна алмаштырылган чехиялыктардын жаш чабуулчусу Вацлав Сверкоштун жардамы менен Чехия алгачкы үч упайын капчыкка салды.
Мындан тышкары, бул беттештин эсте калган эң эле орчундуу окуясы, чехиялык коргоочу Зденек Грыгери менен болгон кагылышууда кожоюндардын көзгө басар, белдүү оюнчусу, швейцариялыктардын команда капитаны Александр Фрайдын өтө оор жаракат алып, оюндан чыгып калуусу болду. Дарегерлердин айтымында, таланттуу бул форварддын кайрадан калыбына келип, оюн талаасына чыгуусу үчүн жок дегенде, 7-8 ай талап кылынат. Ошентип, Александр Фрай быйылкы Европа чемпионаты менен эрте эле кош айтышты.
Ал эми бул топтогу бүйүр кызыткан дагы бир орчундуу оюн Португалия менен Түркиянын ортосунда болуп өтүп, Европанын эң мыкты командаларынын катарындагы пиренейликтер 2:0 эсебинде түрктөрдү талкалашты. Рауль Мейрелеш менен Пепенин голдору Луис Филиппе Сколаринин командасын алдыга чыгарды.

"В" тобу
"B" тобунда оюн көргөзүп жатышкан быйылкы 13-чемпионаттын биринчилигине негизги талапкер катары каралып жаткан Германия курама командасы коңшусу поляктарды 2:0 менен утуп алышты. Эки голдун тең жаралышына түбү польшалыктар болгон Мирослав Клозе менен Лукас Подольски өз салымдарын кошуп, активдүү оюн көрсөтүштү. Оюндун 20- жана 72- мүнөттөрүндө Клозенин оң капталдан чыгарып берген тобун Подольски текке кетирбей, польшалыктардын дарбазасына таамай багыттай алды. Ал эми экинчи бөлүктүн 72-мүнөтүндө Лукас Подольски "Бавариядагы" өнөктөшү ошол эле Мирослав Клозенин ыңгайлуу чыгарып берүүсүн туура колдонуп, бул чемпионаттагы алгачкы "дубльду"жаратты.
Бул топтогу экинчи жуп Австрия жана Хорватия 8-июнь күнү бет келишип, бул чемпионаттын тандап алуу турунда оруссиялыктарды Европага сүйрөп чыгышкан "шахматчандар", австриялыктарды өз үйүндө чөгөлөтүштү. Оюндун башында, 4-мүнөттө эле хорватиялык жаш чабуулчу Лука Модричтин айып тобу бул оюндун тагдырын чечип, Хорваттарга алгачкы үч упайды алып келди.

"С" тобу
Футболдун түшүн жооруган адистердин "Өлүм" тобу деген баасына татыган "С" тобунун биринчи оюну 2002-жылдагы Европа чемпиону Франция менен атактуу Дракуланын мекендештери Румыниянын ортосунда болуп өттү. "Үч түстүү" деген каймана атка ээ Франциянын күчү кайтканбы же, каталондук "Барсанын" намысын коргогон Тьерри Анринин бул оюнда чыкпай калышы себеп болдубу, айтор Франция европалык орточолордун катарындагы Румынияны жеңе албай тең чыгып, керектүү эки упайдан ажырап калды.
Берн шаарындагы "Стад-де-Суисс" стадионунда Евро-2008дин эң алгачкы "талкалануусу" болуп өттү. Европалык футболдун жогорку класстагы чебер курама командалары Италия менен Голландиянын беттешүүсү көпчүлүктүн кызуугусун арттырып, башкасын болбосо да, ушул эки команданын оюнун көрүүгө ашыккан футбол күйөрмандарын көгүлтүр экранга чогулткан бул беттеш курч мүнөздө өттү. 2007-жылдагы дүйнө чемпиону "Скуадра Адзурра" каймана аттын ээси Италия "кызгылт сарычандардын" чагылгандай чабуулдарына туруштук бере албай, 3:0 эсебинде багынып берди. Испаниялык "Реал Мадриддин" намысын коргоп жүргөн Рууд Ван Нистельрой 26-мүнөттө Жанлуижи Буффондун дарбазасын жыртып, голландиялыктарга алгачкы голдун кубанычын тартуулады. Арадан беш мүнөт өтпөй, Уэсли Снейдер эсеп тактасын дагы бир голго көбөйттү. Акыркы үчүнчү топту голландиялыктардын ардагери Ван Бронкхорст киргизип, Марко Ван Бастендин шакирттери өз тобунда биринчиликти камсыз кылышты.

"D" тобу
Акыркы "D" тобунда мелдешке түшмөкчү болгон мурунку мекендешибиз Орусия курама командасы, 10-июньда Испания командасы менен бет келип, өз күчүн сынамакчы. Ошондой эле, эски континенттин учурдагы чемпиону Греция менен Швеция да ошол эле күнү беттешет. Мындай ири чемпионаттарда биздин өлкөнүн курама командасы катышпаса да, "Россия бир боор энем" деп, жетимиш жыл бир өлкө болуп жашап келген орусиялыктарга ийгилик кааламакчыбыз.

Эрнис БАЛБАКОВ,
"Алиби"