№47, 04.06.08-ж.
 "Деп жутарларга" баракелде!

Кыйраган айыл чарба же калктын каймактарынын айыптоосу жүйөөлүүбү?
Илгери тарых китебиздеги алакандай жерге эки буту батпай, аргасыз бир бутун көтөрүп турган дыйкандын моюнуна минип алган "ак сөөктөрдүн" каррикатурасы аргасыз эске түшөт. 21-кылымдын астанасына аттап кирсек да, кыргыз дыйкандарынын моюнунан айыл Өкмөтүнөн тартып, Акүйгө чейинки "ак жакачандар", "мамлекеттик күйөөгө" айланган "деп жутаттар" жабылып түшпөй келет. Дыйкандар өкмөттүн өгөй балдарындай сезилет.

Бул пикирдин жаралышына бийлик бутактарынын дыйкандарга жасаган мамилеси себепкер болууда.
Өлкөбүздө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселеси 2007-жылдын кеч күзүндө эле курч мүнөзгө ээ болгон. Айрыкча, ноябрь айынан баштап ундун баасы күн санап өсө берди. Мамлекет башчысы, Өкмөт да азык-түлүктүн зарыл запасынын жоктугун билип турса да, чечкиндүү чара көрө алган жок. Натыйжада, азык-түлүк гана эмес, эл көп керектөөчү башка товарлардын баасы да көтөрүлдү. Түрдүү кырдаалдарга алдын-ала камылга көрүүнү бийлик жолго кое алган жок. Бир нерсе десең эле, дүйнөлүк тенденция, анын баасын биз көзөмөлдөй албайбыз деген шылтоону айтышат. Ошентип, резервдик жетиштүү кор түзүлбөгөндүктөн, бүтүндөй товарлардын "дефицити" пайда болуп, өлкө кризистик кырдаалга кептелген болчу. Бийлик анын түпкү себебин аныктап, кыйынчылыктан чыгуунун жолдорун издеп, иштеп чыгуунун ордуна, ага "күнөөлүүлөрдү" таба баштады. Акыры күнөөлүү "жерди иштетпеген" дыйкандар болуп чыкты.
Жакында парламент Өкмөттүн иш-аракеттерин угуп, өлкөбүздө айыл чарба продукциясын өндүрүүдө дыйкандардын жерди иштетпегендигинен, дан эгиндерин өстүрүүгө көңүл бурбагандыгынан улам каатчылыкка дуушар болгондугун баса белгилешкен. Дыйкандарга коюлган бул дооматы үчүн айрым "деп жутарларга" аргасыз "баракелде-е" дегенден башка эмнени айта аласың?! Алардын түшүнүк деңгээли, азыркы кыйын шартта элибизди ачарчылыктын чеңгэлинен алып чыгуунун жолун издебестен, "эшекче иштеп, итче дем алган" карапайым калктын өзүнө күнөө коюшкандыгына башка эмне дей аласың?!
Дыйканды айыптоодон мурда, эң жөнөкөй, примитивдүү эсеп жүргүзүп көрөлүчү. Анын үлүшүндөгү 2,1 га жерди айдатууга 66 литр күйүүчү майды, 2 литр майлоочу майды даярдоо керек. Буга 2100 сом сарпталат. Трактористтин эмгек акысына 1050 сом төлөйт. Жерди тегиздетүүгө, үрөндү себүүгө 2200 сом жумшалат. Суу үчүн 640 сом, жерге, соцфондго 2312 сом төгүлөт. Ал эми күзгү жыйым-терим мезгилинде жаздагыга караганда чыгашасы 1,5-2 эсе өсөт. Натыйжада, жыл ичинде дыйкан 17 миң сом чыгаша тартат. Эми алып көрөлүк. Азыркы учурда дан эгининин түшүмү гектарына 20 центнерден айланса, бу да жакшы, ал эми базарда анын килограммы 5 сомдон жогору болбойт. Эки гектардыкы 4 тонна болсо, өндүрүлгөн продукция 21 миң сомго айланат. Жыл ичиндеги чыгашаны алып салсак, дыйканга артканы араң 4 миң сомду түзүп отурбайбы?! Дан эгининен дыйкан киреше алуунун ордуна, банкротко түшсө,эгин эгеби? Ушуну бийлик башындагылардын түшүнбөгөнүнө күйөсүң да. Биздин мамлекет башчыбыз да, Өкмөт да, кечээги белгисиз, бүгүнкү "ак сөөккө айланган" депутаттарыбыз азыркы дыйкандарыбыздын абалына "адам эмес, ит да ыйлаарын" билишпейт да, билгиси да келишпейт!
Дыйкандарга катуу талап коюдан мурда мамлекет тарабынан аларга кандай шарт түзүп берди? Дыйкандардын үзүрлүү эмгектенишине кандай камкордуктар көрүлдү? Союз учурунда мол түшүм берген жерлерден азыр эмне үчүн түшүмдүүлүк кескин төмөндөп кетти? Бул маселеге кызыккан деги бир мамлекеттик чиновник бар бекен? Дыйканга талап коюудан мурда, аларга шарт түзүү керектигин алар неге унутуп отурушат? "Өндүрүштү жакшы билген" президентибиз К. Бакиев оппозиция менен күрөшүп, энергетикалык тармактарды менчиктештирүү менен гана алек болбостон, айыл чарбасын өнүктүрүүнүн алгылыктуу чараларын көрсө, керек десе иштетилбей жаткан жерлерди мамлекеттин эсебине алып, мамлекеттик чарбаларды уюштурса, менчиктин көп түрдүүлүгүнө көңүл бурса, ошондо анын иштеп жатканы элге даана көрүнмөк да, карама-каршылыктар өзүнөн-өзү жок болмок, жоюлмак.
Көпчүлүктүн эсинде чыгар. Союз учурунда айдоо талаасынын жээгинде тоо-тоо болуп жаткан жер семирткичтер кароосуз калуучу. Азыр ал көрүнүш дыйкан үчүн түш сыяктуу болуп калды. Жер семирткичтерди сатып алууга дыйкандын чамасы чарк. Каражаты жок дыйкан бул маселени кантип чечет? Өнүккөн өлкөлөр дыйкандарга, фермерлерге үстөгү жок кредиттерди берет, алар өндүргөн айыл чарба продукцияларын сатып алууга, же башка тарапка сатып берүүгө кепилдик беришет. А бизде дыйкандын абалы тууралуу ойлонуп да коюшпайт.
Жакында айыл чарба тармагы боюнча көзгө базар белгилүү адис, Улуттук илимдер академиясынын академиги Жамин Акималиевдин "Азаттык" үн алгысында берген маегинде СССРдин учурунда Кыргызстан "2 миллион тоннага чейин дан" өндүрүп келгенин, "1991-жылы … 1 миллионго жакын тонна буудай", ал эми өткөн жылы "700 миң тонна гана" түшүм алынганын белгилеген. Ошону менен катар "дүйнөлүк тенденцияга шылтоо кылбай элибизди" азык-түлүк менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн пайдалана албагандыгын ачык көргөзгөн.
Тилекке каршы, биздин бийлик айыл чарбасын өнүктүрүүгө иштиктүү чара көргүсү келбейт. Дыйкандардын муктаждыгын чечүүгө, алар өстүргөн түшүмдү коромжусуз жыйнап алууга кызыктар эмес. Өздүк продукцияны сатып алууга мамлекеттик маани берилген жок. Бюджеттин тартыштыгын шылтоо кылышат да, андан кийин чет өлкөлөрдөн кымбат сатылып келинип, үстүнө үстөк кошуп, каржалган элге сатуу менен өздөрүнө кошумча киреше топтошушат. Анан кантип элдин жашоо-шарты жакшырат, турмушу оңолот? Ал эми өлкөдө экономикалык абал жакшырып, дүң продукция жогорулоодо, өлкөдө экономикалык өсүш болуп жатат,- деп көкүрөктү өргө айдаган адат күчөп баратат.
Ачык айталык, дыйкандарыбыз алган түшүмдүн бир аз бөлүгү гана коңшу өлкөлөргө экспорттолбосо, калган бөлүгү ички рынокто гана жүгүртүлөт. Чийки сырьену жарым фабрикат кылып чыгарууга шарт түзүүнү өкмөт капарына да алган жок.
Президент К. Бакиевдин Казак республикасына жасаган сапарында бул өлкөдөн быйыл 350 миң тонна буудай сатып алууга макулдашканын бийлик зор жетишкендик катарында баалап жатышат. Бирок, бул жолугушууда президенттердин сүйлөшүүлөрү тең укукта өткөнү ишеничсиз. Казак президенти Н. Назарбаев бизден алган Каркыра жана 4 пансионат үчүн гана ушул буудайды бекер берсе да, булардын кунуна татымак эмес. Эң кур дегенде бизге сата турган буудай арзан алынабы, же эл аралык баада сатып алабызбы, бул жашыруун сыр катары калып отурат. Ушул жолугушууда президентибиз байлыгыбыздын бири болгон сууну сатып алуу маселесин козгоду бекен? Эгерде буудайды эл аралык баада сатып алсак, казактар биздин дыйкандардын продукцияларын, электроэнергияны эл аралык баада сатып алары макулдашылдыбы? Казак буудайы келгенден кийин азык-түлүк арзандайбы? Элибиздин жүрөк өйүгөн бул суроолору жоопсуз калды.
Өзүбүздүн экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясынын ордуна чет өлкөлөрдөн алынып келген кымбат баадагы азык-түлүктөр бүтүндөй базарларды, соода түйүндөрүн басты. Ошентип, импорт азык-түлүктөр 60-70 пайызды түзгөн шартта мамлекетибиздин экономикасы өнүгүп жатканына ким ишенет? Андан көрө окумуштуу Жамин Акималиевдин кеп-кеңешин угуп, айыл чарбасын көтөрүүгө көңүл бурулса, өзүбүздүн продукциялар конкуренцияга туруктуу деңгээлге көтөрүлсө, чоң утушка ээ болмокпуз. Атап айтканда, 350 миң тонна буудайдын акчасына дыйкандарыбыздын басымдуу бөлүгүн сапаттуу үрөнгө, белгилүү өлчөмдө жер семирткич менен камсыз болушуна жетишмекпиз. Мамлекет тараптан өндүрүлгөн продукция сатылып алынарына кепилдик берилсе, эки тараптан тең укуктуу келишим түзүлсө, дыйкандардын ишеними артып, ишке кызыгуусу күчөмөк.
Эгемендүүлүккө ээ болгондон баштап, өнөр жай ишканаларын толугу менен кыйраттык. Айыл чарбасын бутунан тургуз кылып ойрондодук. Ушундан улам,"жылуулугу жок тонуңду урайын, тынчы жок мамлекетиңди урайын",- деп ишке жарактуулардын чет өлкөлөргө кетүүсү күч алды.
Дүйнөлүк экономиканын өнүгүү тепкичтерине саресеп салып көрөлүчү. Өнүккөн күчтүү мамлекеттердин бардыгында өнөр жай ишканаларынын 68-75 пайызы, жер, суу, токой, кен, байлыктары дээрлик мамлекеттин менчигинде. Эгерде экономика жеке менчиктештирилген шартта күчтүү өнүксө, анда АКШ, Англия, Франция, Германия, Кытай сыяктуу державалар эмгиче "экономиканы кайра курууга" өтүшмөк. Бирок булар мындай жолдон бекеринен баш тартышкан жок. Ал эми биздин өлкө ар кандай экономикалык ыкмаларды сыноодон өткөрүүчү полигондун милдетин аткарып жатканын акыл-эси ордунда адам илгиртпей эле түшүнөт.
Азыркы күндө азык-түлүк коопсуздугу дүйнө жүзүндө зор коркунуч катары көтөрүлүүдө. Мындай кыйынчылыктарга биздин мамлекет даяр эместигин учур аныктап берди. Ачарчылык эң алгач биз сыяктуу экономикасы кыйраган начар өлкөлөрдү каптайт. Кыргыз Өкмөтүнөн тарта бүткүл бийлик бутактары ушул оор кырдаалдан алып чыгуунун алгылыктуу жолун табууга алсыздыгын көргөзүүдө. Жоопкерчиликти өздөрүнөн четтетүү үчүн алдын-ала камылга көрүшкөн "калктын каймагы" депутаттар дыйкандарыбыз "караманча жер иштетпей калышты",- деп күнөө койгонго өттү. Демек алар элдин абалы, мүдөөсү, эмне максаты бар экендигин билбеген, элден четте калгандыгын өздөрү журт алдында ачып беришти.
Акыркы маалыматка таянсак, азык-түлүк маселесин чечүүгө Кыргызстанга МВФ (Эл аралык валюта фондусу) Кыргызстанга 16 миллион доллар карыз бермек болуптур. Бул каражаттар өз максатына жумшалабы, же ал кайсы бирөөлөрдүн кызыкчылыгына колдонулуп кетеби, бул азырынча чечилбеген табышмак.
Ошентип, мамлекетибиз калкыбызга камкордук көрө албай жаткан учурда МВФнын кол сунушу бөлөк ойду пайда кылууда.
Биз өз алдынча көз каранды эмес мамлекетпиз,-дейбиз. Менимче, биздин өлкө шарттуу түрдө гана эгемендүү мамлекет болуп саналат. Демек, биздин бийлик бутактары да мамлекетти шарттуу түрдө гана башкарат. Моюнга алууга туура келет, официалдуу мүнөзгө ээ болбосо да, чыныгы бийликти жүргүзгөн башкаруучубуз Дүйнөлүк валюта фондусу болсо, ал эми биздин жергиликтүү бийлик марионетканын милдетин аткарып калгандай сезимди гана пайда кылат…

Эртабылды Аттокуров,
"Алиби"