№47, 04.06.08-ж.
  Ким келди ыя!

Жаныш Бакиев президенттин жансакчысы болду
Президент Курманбек Бакиев өзүнүн бир тууган иниси Жанышты 3-июнда Мамлекеттик күзөт кызматынын начальниги кылып дайындады.
Революциядан соң, борбордук аянтта турган элге чыгып, эч ким суроо бербесе деле "мен деген Акаевдей болуп, өзүмдүн туугандарымды мамлекеттик кызматка алып келбейм"- деген ким эле?
Кыскасы, ошол адам Коргоо министрлигине кеткен Бакытбек Калыевдин ордуна Жаныш Бакиевди алып келип олтургузду.




  Коңгуроо

Турсунбай Бакир уулу:
"Өлкөнү кризис каптады"
"Эрк" партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу мамлекет башчысы 1-июлга чейин оппозициялык маанайдагы партиялардын өкүлдөрү менен тегерек үстөлдүн үстүндө жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөсө болбойт деп эсептейт.
Анын айтымында, Кыргызстанды төмөнкү кризистер каптап калди:
- өлкөнүн территориялык бүтүндүгү бузулууда;
- стратегиялык энергетика объектилери менчиктештирилүүдө;
- өлкөнү азык-түлүк кризиси каптады;
- көптөгөн жарандарыбыз башка өлкөлөргө жакшы жашоо издеп, ошол өлкөнүн жарандыгын алышууда;
- чогулуш, митинг, пикет өткөргүсү келген адамдардын Конституциялык укуктары бузулууда;
- бийликтин көзүн караган соттор эркин гезиттерге басым жасоодо;
- парламенттик шайлоонун жыйынтыктары бурмаланды.
"Президент өкмөттүк эмес уюмдар, оппозициялык партиянын өкүлдөрү менен тегерек үстөлдө жолугуп, жогорудагы кризистерден кантип чыгуунун жолун издеш керек. Эмесе, нааразы болгон эл күз келсе, көчөгө чыгып, башкача талаптарды коюшу толук мүмкүн. Мен болсо, өлкөдө тынчтык болуусун каалайм"- дейт Турсунбай Бакир уулу.

Фархат Аскарбек уулу




Доор күүсү менен чертилип...
Чыркырайт бүгүн чындыгым!
Атаңдын көрү дүнүйө,
Арманым айтам кимиңе?
Атпай журт көмүп убара,
Акыйкат өлүп күнүгө.
Ажобуз кой-ай дебесе,
Адилет кетет түбүнө.


Алиби неден жаңылып?
Ак жерден калды чалынып?
"Адилет"-деген соту да,
Ай тийген жакка жагынып
Ак үйдө бүгүн той дешет
"Ак төөнүн карды жарылып".

Чыдатпай жанды, кургурум,
Чыркырап бездейт чындыгым.
Чычалай бербей, уксаңар.
Чындыкты коргойт ким бүгүн?
Чын сөздү чын деп айтууга,
Чыдамак беле бийлигиң?


Чындыктын чачкан жалынын,
Чын гезит сенсиң "Алибим".
Чачыңдан асып койсо да,
Чаппайсың бийлик арыгын.
Чаалыгып турган калкыма
Чачырай берсин жарыгың!

Тургунбек Бекболотов, Б.Сарногоев атындагы
эл аралык сыйлыктын ээси. Кара-Буура району




Кайрат кыл, Өмүрбек!
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бабановдун апасы Анипанын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Өмүрбекке терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
"Алиби" гезитинин эмгек жамааты




  Тааныйсыңбы

Кечээки "Алга Кыргызстандын" депутаты, бүгүнкү парламенттин төрагасы
Азыркы бийлик Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаровду ээрден шыпырган соң, анын ордуна саясий чөйрөдө эч кимге тааныла элек 50гө чыккан Айтибай Тагаевди олтургузду. Президент Бакиевдин мындай кадрдык жүрүшү коомчулукта ар кандай нааразычылыктарды жаратпай койгон жок.
Саясатчылардын айтымына караганда, Айтибай Тагаев мурда райондун акими эмес, айыл өкмөтү болуп да иштеген эмес. Депутат болгонго чейин мамлекеттик жетекчилик кызматтарды биякка кой. Кызыл-Кыядагы курулуш материалдарын саткан ишкананын бухгалтери гана болуп келгени көпчүлүктү таң калтырат. Ал эми мындай адамды өлкөнүн экинчи адамы кылып коюу уят иш.
Жаңы шайланган спикердин жердештеринин сөзүнө кулак салсак, Айтибай мырза мурда "Алга Кыргызстан" партиясынын атынан Кызыл-Кыя округунан депутат болуп шайланган.
"Эми болсо, "Ак жол" партисынын курамы менен парламентке келип, анын төрагасы болуп олтурат. Бул кызматка шайланышына анын адамгерчиликтүү, жумшак момун мүнөзү себеп болгон"- деген ойду айтышат алар.
"Тагаев мурда Кызыл-Кыядагы цементтин кен байлыгы менен бизнес кылчу. Тагыраак айтканда, андагы кендерди Өзбекстандын Кубасай шаарындагы цемент заводуна ташып, киреше тапчу"- деген оюн ортого салышты спикердин Баткендик жердештери.
Саясат таанучулардын айтымында, президент өзүнүн мындай кадамы менен күчтүү атаандаштарды саясий аренадан сүрүп чыгарууда.
Себеби, президенттик шайлоого аз гана убакыт калды.
"Президент Германияга кеткенде, Мадумаров президент, Данияр Үсөнов премьр-министр болом деп калганы тууралуу маалымат да коомчулукка аралап кетпедиби. Ал эми президентке амбициясы жок, тил алчаак спикер керек"- дешет саясат таанучуулар.




  Уктуңарбы?

Мадумаров оппозицияга өтпөйт
Спикерликтен түшкөн Адахан Мадумаров укмуштай бир канаттуу ой айтты. Саясатта ийгиликтүү оюндарды жүргүзүү үчүн, "Нужно быть хитрее. Надо думать одно, говорить другое, делать третье. Бирок, төрагалыктан түшсөм да, оппозицияга өтө качпайм"- деди ал.
"Оппозиция сизди кабыл алабы?"-деген эч ким болгон жок.
Мадумаров парламент ичин жаңгак менен жасалгалайм деп кеткенден көрө, Каркыра жайлоосун, 4 пансионатты казактарга өтүшүнө каршымын деп кетсе, эл арасында бир аз да болсо кадыр-баркы сакталып калмак беле деп кетет экенсиң.




  Өлүмдөн улук эмне бар?

Садыркулов келди да, кетти
Өзүнүн оюн эч кимден жалтанбастан бетке айткан Дооронбек Садырбаев да 69 жашында бул дүйнөдөн өтүп кетти.
Өткөн жекшемби күнү анын сөөгү жерге берилди.
Саясий чөйрөдө төбөсү көрүнгөнү да, көрүнбөгөнү да, бийлиги да, оппозициясы да кайран Докебиз менен коштошкону келишти. Тилекке каршы, көңүл айтууга келгендердин арасында Кыргызстандагы №1 чиновник Курманбек Бакиевдин жана төрагалыктан жаны эле түшкөн Адахан Мадумаровдун караандары такыр көрүнгөн жок. Ушундай улуу инсан өмүрү менен кош айтышып жатканда, өзүнүн жарым саат убактысын бөлүп, келе албаганын түшүнө албай койдук. Ага караганда, баары сындап жүргөн президенттик администрациянын жетекчиси Медет Садыркулов эч кимдин коштоосу жок эле Ала-Арча көрүстөнүнө келип, Докебизге топурак салып кетти. Көрүп туруп, ичибизден ыраазы болдук. Башка не дейбиз?




  Шумдугуң кургур!

Экс-депутат Жусуп Иманалиев токмоктолду
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жусуп Иманалиевди аз күн мурда белгисиз адамдар сабап кетишкени дайын болду.
Маалыматтарга караганда, Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылындагы Жусуп Иманалиевдин үйүнө чүмбөт кийген төрт адам кирип, анын жубайын, келинин Жана өзүн жип менен байлап, баласын арматура менен башка чаап кетишкен. Жөн кетишпей, алардын чөнтөк телефондорун Жана 20 миң соомго бааланган алтын жасалгаларын да көтөрүп баса беришкен.
Учурда, аталган факт боюнча, кылмыш иши козголуп, сабагандар изделүүдө.

Улан МАМБЕТОВ,
"Алиби"