№47, 04.06.08-ж.
  КЫЛТАК

Абышканы башка чаап өлтүргөн келин
Кыргызстандын түштүгүндө 75 жаштагы абышканы өлтүргөн келин күч органдары тарабынан колго түштү.
Баткен областына караштуу Исфана шаарынын 75 жаштагы тургуну Вайдуллаев 14-май күнү кечке маал башынан жаракат алым оор абалында ооруканага жеткирилип, ошол жерде каза болгон.
Укук коргоо органдары тарабынан кылмышка шектүү делинип, каза болгон абышка менен чогуу жашаган 28 жаштагы Эски-Ноокаттык келин кармалган.

Өз энесин өрттөйм деп…
Ушул жылдын 25-май күнү Панфилов районунун Кайыңды айылынын тургуну, 73 жаштагы Вафина укук коргоо кызматкерлерине арыз менен кайрылган.
Байбиченин айтымында, 24-май күнү 40 жаштагы өз баласы Вафин мас абалында энесинин үйүнө келип, уруш чыгарып, бензин чачып, аны өрттөөгө аракет кылган.
Панфилов РИИБнин кызматкерлери тарабынан өз энесин өрттөгүсү келген Х. Вафин кармалып, сурак берүүдө.

Эне-баланы бычактап кетти…
Талас областына караштуу Өзгөрүш айылында 26-май күнү жүрөк титиреткен окуя болуп өттү.
Талас шаардык ички иштер бөлүмү кабарлагандай, 26-май күнү түнкү экилерде Бакайата районунун Өзгөрүш айылынын тургуну Кабылбекова Айнуранын үйүнө белгисиз бирөө кирип келип, үй ээсин жана анын он эки жашар уулун бычактап өлтүрүп кеткен.
Бул кылмыш иши боюнча оперативдүү топ түзүлүп, кылмышкерге издөө жарыяланды.
Карызын өндүрө албай, адам өмүрүн кыйды

Балыкчы шаарында 29-май күнү шаардык көл жээгинде мыкаачылык менен өлтүрүлгөн адамдын сөөгү табылган.
Балыкчы ШИИБнин маалыматы боюнча шаардык пляжда кароолчу болуп иштеген 57 жаштагы Т. Исакуновдон карызын өндүрө албаган Жетиөгүз районунун 22 жаштагы тургуну К. Оболоев кароолчуну башка чаап өлтүрүп, качып кеткен. Учурда кылмышка шектүү Оболоев кармалып, сурак берүүдө.

Автосүйүүчү жаш кылмышкерлер
Көчөлөрдө кыйма-чийме, ары-бери зуулдаган, кычыраган кызыл-жашыл автоунааларга көзүн кызартып, оңой-олтоң темир тулпарлуу болгусу келген кээ бир замандаштарыбыз бирөөнүн өмүрүн кыюу менен өз максаттарына жетүүнү туура көрүшөт.
Жайдын алгачкы күнү 17 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну таңкы саат төрттөр чамасында Токомбаев көчөсүндө токтоп турган Мазда 626 автоунаасынын кожоюнун артынан келип муунтуп, автоунаасын айдап качууну көздөгөн. Бирок, муну кокустан байкап калган Бишкек шаардык ИИБнин патрульдук-күзөт кызматынын кызматкерлери бул өспүрүмдүн арам оюна бөгөт коюп, жаш кылмышкерди тергөөчүлөргө салып берди.

Кырчындай адам өмүрлөрүн кыган айдоочулар

Баткен областынын Кызылкыя шаарында 1980-жылкы "Ауди 100" автоунаасынын айдоочусу 2004-жылы төрөлгөн 4 жаштагы Мойдунбек кызын сүзүп кеткен. Көп убакыт өтпөй наристе кыз шаардык бейтапканадан жан берген.
Ал эми Ош областына караштуу Нариман айылында Рахматулла аттуу 13 жаштагы Кыргыз-Түрк лицейинин окуучусун сүздүрүп, качып кеткен ВАЗ 2121 автоунаасынын айдоочусу 54 жаштагы Юнусов аттуу адам колго түшүп, сурак берүүдө. Бул өспүрүм да алган жараттарынан бул дүйнө менен кош айтышкан.

Өз наристесин дааратканага таштай качкан күкүк эне
Төрөгөндү билип, бакканды билбеген кээ бир кыздарыбыздын өз наристелерин көрүнгөн жакка ырыгытып кеткен фактылары акыркы мезгилде көбөйүп кетти.
Ушундай зээнди кейиткен кылмыш иши Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында да катталды. Айылдагы "Темир Уста" ишканасынын дааратканасына ушул жылдын 13-майында төрөлгөн азиат улутундагы ымыркайды таштап кетишкен. Бактыга жараша кичинекей наристени адамдар байкап калышып, Бөкөнбаев айылдык төрөт үйүнө жеткиришкен. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, өз канынан жаралган наристесин даартканага ыргытууга батынган күкүк-эне изделүүдө.
Жогорудагыдай аянычтуу фактылар 2008-жылдын башынан бери эле он бешинчи жолу катталып отурганы ойлондурбай койбойт.

Өз атасын тепкилеп өлтүрдү
Үй-бүлөлүк чырчатактын айынан мушташа кеткен уулу өз атасын тепкилеп өлтүрүп салганы дайын болду.
Ыссык-Көл облустуна караштуу Ананьева айылдык ооруканасына 17-май күнү Кожояр айылынын 1956-жылы туулган Дулатов оор абалында жеткирилип, ошол эле күнү каза болгон.
Бул кылмыш иши боюнча иликтөө жүргүзүшкөн Ыссык-Көл райондук РИИБнин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делинип, Дулатовдун 30 жаштагы уулу кармалган.

BMW үчүн өз жанын өзү кыйды
Бирөөнүн кычыраган BMWсын талкалап салган жаш жигит өз өмүрүн өзү кыйды.
Аксуу районуна караштуу Шапак айылынын 19 жаштагы тургуну, Бишкектик таанышынын BMW автоунаасын айдап бара жатып, аласалып кеткен техниканы башкара албай, аварияга учуратып алган.
Кожоюндун алдындагы күнөөсүн сезип, эмне кылуунун айласын таппай, алдактап калган жигит өз өмүрүн өзү кыйып салган.

Айбандык кумары үчүн баарына даяр аңгилер
Акыркы күндөрү өлкөбүздө жүрөк титиреткен кыз зордуктоолор күч алып, коомчулукта бир топ чыңалууну пайда кылууда.
Жакында эле 31-май күнү Рыскулов жана Павлов көчөлөрүнүн кесилишинен 1983-жылы туулган баткендик Бегалы уулу аттуу бир бала 37 жаштагы аялды күч колдонуп зордуктап салган.
Ушундай эле кылмыш иши 17-май күнү Бишкек шаарынын Фучик көчөсүндө жайгашкан №1 шаардык клиникалык бейтапканасынын короосунда катталып, Акөргө жаңы конушунун 25 жаштагы тургуну 20 жаштагы бир кызды зордуктап салган.
ИИМдин пресс-кызматынын маалыматында акыркы төрт айдын ичинде эле эки жүздөн ашык жаш кыздарды зордуктоо фактысы катталып, алардын ичинен эң эле аянычтуулары Талас шаарында 6-май күнү 59 жаштагы абышка 8 жашар кызды зордуктоого аракет кылганы, Ошто 10 жашар майып кыздын зордукталганы, Бишкекте казармандык 29 жаштагы жигит алты жаштагы кызды зордуктап салганы, Чүйдө топтошкон эргулдар 14 жаштагы мектеп окуучусун зордукташканы ж.б айтсак болот.

Пакистандыктар кыргыздарды сабап кетишти
Аз күн мурда борбор калаабыз Бишкек шаарында пакистандык студенттер менен кыргызстандык жаш балдардын ортосунда мушташ чыккан.
Өткөн айдын 27-майында Донецкий көчөсүндө жайгашкан Бишкек гуманитардык университетинин жанында кыргыз балдар пакистандык студент менен мушташып кеткен. Мекендешине жардамга чуркап келген бир нече пакистандык студенттер тиги балдарга кошуп, мушташка эч кандай тиешеси жок көчөдө өтүп бара жаткан кыргыздарды кошуп тепкилеп салышкан. Алар окуя болгон жерге жетип келген милиция кызматкерлерине да баш ийбей, каршылык көрсөтүшкөн. Натыйжада, үч кыргызстандыкты катуу сабап салышкан пакистандык жети студент камакка алынып, сурак беришүүдө.

Күйөөсүн сабап, аялын зордуктап кетишти
Бишкек шаарында 3-июнь күнү күйөөсүн сабап, аялын зордуктап кеткен төрт эргул колго түшүрүлдү.
Жумуштан кеч кайтып келе жатышкан бул жубайларга жолдон төрт жигит ширеңке сурап кайрылышкан. Урунаарга тоо, урушаарга жоо таппай турган эргулдар тамеки чекпесин айткан бул жигитти көмөлөтө коюп, катуу сабап салышкан. Ортого түшүп, күйөөсүн арачалоого аракет кылган аялын да ур-токмокко алышып, төртөөлөп кезектешип, күйөсүнүн көзүнчө зордуктап салышкан.

Эрнис БАЛБАКОВ,
"Алиби"