№47, 04.06.08-ж.
  Ойлон кыргыз, ойгон кыргыз!

Эне тилибиз глобалдашуунун коркунучу астында
Улуу акын Алишер Навои өзүнүн ырларын, чыгармаларын фарс тилинде да, түрк тилинде да жазгандыгы белгилүү. Ал акын гана эмес, аалым да болгон. Тил боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Алишер Навои тилдерди салыштырып изилдеген "Мухамед - ал лугати" аттуу китебинде фарс тилине караганда түрк тилинин бай тил экенин ырастап көрсөткөн экен. Эки тилде тең ыр жазып, эки тилдин тең даремет-мүмкүнчүлүгүн жакшы билген улуу Навоинин ою ушундай болгон.

Түркияда түрк тили канат-бутагы жайылып өскөн күч-кубаттуу мамлекеттик тилге айланып отурат.

Өкмөт жетекчилеринин чет өлкөлүктөр менен сүйлөшүүлөрү, расмий кабыл алуулар мамлекеттик тилде гана жүргүзүлөт. Басма сөз, телерадио бүт түрк тилинде. Ататүрк алдыга койгон асыл мүдөө ушинтип ишке ашкан.

Жыйналышта 99 процент кыргыз отурат. Бирок чогулуш орусча жүрөт, кээ бири кыргызча баштап коюп, орусчага өтүп кетет.

Манастын керемет бай тили БУУнун футурологдору айткандай, жүрө, жүрө тарыхтын сахнасынан түшүп, жоголуп кетиши мүмкүнбү?

Жогорку окуу жайына кирсең, кыргыз тили деп кыйкырышканы менен түркүн предметтер боюнча окуу китептери жалаң орус тилинде.

"Киргиздердин" кубанычына орус тили Конституцияда расмий тил деп жазылып, кыргыз тили менен жол талашып турат.

Менин айтайын дегеним, ушул дүйнөдөгү бай жана улуу тилдин (бул жерде жалпы эле түрк тили жөнүндө сөз болуп жатат) мүмкүнчүлүгүн илим-билим заманында жаркыратып -жайнатып ачуу керек эле. Ошол байыркы улуу түрк тилинин бир бутагы болгон Анадолу түрктөрүнүн тилинин бактысын Түркияда кантип ачышкандыгынын мисалын кеп башында бир эки ооз сөз менен айтып өткүм келип турат.
Эне тилдин мүмкүнчүлүгүн ачууну жана аны англис, француз, испан тилдериндей дүйнөлүк деңгээлге жеткирүү милдетин 1932-жылы Түркияда калк башчысы Ататүрк алдыга коюп, өзүнүн атайы буйругу менен "Түрк тилин изилдөө коомун" түзгөн. Бул жерде илимий терминдерди иштеп чыгууга айрыкча көңүл бурулган. Кайра, кайра тил курултайлары өткөн. Бүтүндөй түрк мамлекети, түрк эли алдыга коюлган улуу максатты ишке ашыруу үчүн изден тайбай тынымсыз күн-түн иштеп отуруп, натыйжада бүгүнкү күндө Түркияда түрк тили канат-бутагы жайылып өскөн күч-кубаттуу мамлекеттик тилге айланып отурат. Эне тил үчүн күрөштүн башында Ататүрк жанагинтип өзү турган. Азыр Түркия Республикасынын Конституциясында бир гана түрк тили мамлекеттик тил болуп саналат. Мамлекет ичиндеги бардык чогулуштар, межилистер, курултайлар, Парламенттин иши, иш кагаздар, Өкмөт жетекчилеринин чет өлкөлүктөр менен сүйлөшүүлөрү, расмий кабыл алуулар мамлекеттик тилде гана жүргүзүлөт. Басма сөз, телерадио бүт түрк тилинде. Ататүрк алдыга койгон асыл мүдөө ушинтип ишке ашкан.
Ал эми дүйнөгө даңкы чыккан океандай "Манасты" жараткан кыргыз тили түрк тилдеринин ичиндеги эң бай жана кылымдарды карыткан байыркы тил болуп эсептелет. Атактуу академик Малов Байыркы Орхон-Енисей эстеликтерининдеги жазуулар - байыркы кыргыз тилинде жазылган деп эсептеген. Соңку салыштырма лингвистикалык-адабий айрым изилдөөлөр Жусуп Баласагындын атактуу "Кут табуу билиминин" тили байыркы уйгур тилине караганда, байыркы кыргыз тилине жакындыгын белгилеп жатат. Дүйнөлүк тилдерди изилдеген аалым Альбертас Лауринчюкас "Ковбои истории и торжество разума" деген китебинде жер-суу, тоо-ташты атоо жагынан кыргыз тилинин абдан бай экенин таңгалуу менен жазат. Дегеле коомдун, адамдын, табияттын не бир түркүн-түстүү кылдат жагдай - көрүнүштөрүн чагылтып берүү жагынан кыргыз тилинин мүмкүнчүлүк - байлыгы миң кырлуу десек жаңылышпайбыз. Бир эле эне тилибиздеги адамдын күлк-мүнөзүнө карата айтылган аталыштарды мисал катары учкай санап өтөлүчү. Карыңыздар, мынакей:
Эмгекчил, мээнеткеч, ак көңүл, кең пейил, кылдат, калыс, жоомарт, берешен, колу ачык, мээримдүү, тобокелчи, саресеп, бүйрө, сылык, дейди, кыйды, какбаш, мастан, долу, дөдөй, суукуйду, серкекөөдөн, меймандос, сыпайы, сынчы, чечкиндүү, чечен, кыраакы, боорукер, нарктуу, калбаат, салмактуу, кара мүртөз, митаам, арамза, карөзгөй, куудул, тилалчаак, жапакеч, назик, жайдары, мактанчаак, алөпкө, желөпкө, жандими, калпычы, шыпыр, жылпыш, жылдырма, куутакым, ичимтап, шалаакы, нускалуу, айкөл, оорбасырыктуу, ишенчээк, жеңил ойлуу, кылтыйма, мылжың, кежир, керкакшык, чагымчыл, макоо, кырс, орой, осол, оолукма, чогоол, кейбир, курч, баатыр, тайманбас, кашкөй, эр жүрөк, оома, жүүнүбош, жойпу, шылуун, мүлтүлдөк, куйту, алакөөдөн, көйрөң, куучирен, сылаңкороз, кызкыял, жүрөгүндө жалы бар, эркеталтаң, топуктуу, кыялкеч, суу жүрөк, коркок, майболпоч, чоркок, сараң, эзме, алаңгазар, көк тил, көкбет, түнт, кепжебес, өжөр, кенебес, тоң, көпкөлөң, сайпана, ушакчы, көралбас, жалакай, коңур, эринчээк, уялчаак, коймаарек, кызганчаак, айдайкел, ажаан, тажаал, ийменчээк, күлкүчү, оозу ачык, алабарман, айдама, күнкарама, корс, көрөгөч, тайбас, жанбакты, кыраан, элпек, момун, жоош, дейди, аккаптал, копол, тартынчаак, жүдөмүш, чечкинсиз, дардаңкүү, мактанчаак, жалтанчаак, маңгибаш, дүңбаш, дөбөй, аңкоо, чыйрак, илээнди, канаат, сабырдуу, ызакор, аяр, сууктумшук, чынтийбес, ачкөз, куу, таскак, керооз, терсаяк, кылыктуу, шайдоот, шашма, желтаман, тапан, кебекбаш, көржеме, көшөкөр, чуукуйрук, чыр, жылкы мүнөз, иткыял, чаарбаш, жалкоо, тентек, ээнбаш ж.б.
Мынакей, мындай бай мүнөздөмө-аталыштар менен педагогика жана психология илими кенен-кесир чабыттаса болбойбу? Эң сонун болот. Адамдын күлк-мүнөзүнө карата мынчалык түркүн-түстүү тилдик байлыкты мисалы, ушунчалык даражада орус тилинен учурата албаспыз.
Сурагым келет, ушундай орошон тил, Манастын керемет бай тили БУУнун футурологдору айткандай, жүрө, жүрө тарыхтын сахнасынан түшүп, жоголуп кетиши мүмкүнбү? Келечексиз болушу мүмкүнбү? Менин бекем ишенимимде уул-кыздарыбыз, тукумдарыбыз эне тилибиздин баркына жете билсе, ага болгон сүйүүбүз ашып-ташып турса, эгерде калк башчылары мамлекеттин күчүн, ресурстарын толугу менен пайдаланып, өз эл-журту менен бирдикте эне тил үчүн тикесинен тик туруп, уюштуруучулук иштерди бийик деңгээлде жүргүзүп, мамлекеттик тилдин учурдагы муктаждыктарына жана перспективалуу маселелерине кадалана көңүл буруп, тил көчүнүн башында даанышмандык менен туруп беришсе, төмөнтөн түрүлө кайнап чыккан элдик умтулуу менен өйдөкү бийлик тарабынан чыккан атуулдук демилге кошулуп, улуу кыймыл жаралса, анда кыргыз тилинин келечеги кең жана түбөлүктүү болоруна эч кандай шек жок. Биз дагы эне тилибиз үчүн Ататүрк башында турган түрктөр сыяктуу түп көтөрө аттанып, күрөшүүгө тийишпис.
Жок, непада андай болбой турган болсо, анда массалык маданият жана күчтүү дүйнөлүк тилдер, күчтүү маалыматтык технология менен куралданып, алакандай Кыргызстанга чабуул коюп жаткан глобалдашуу процессинин кысымы алдында бутуна туралбай жаткан жаш мамлекеттик тилибиз белинен майышып, канчалык бай болсо да, каптап кирип келген компьютерлешкен дүйнөлүк цивилизация селине туруштук берүүгө үлгүрө албай, прогресс дөңгөлөктөрүнүн тепсендисинде калып, бара, бара жоголуу жолуна түшүшү да мүмкүн. Мына ошон үчүн биз кыргыздар, дагы айтайын, башка элдерге караганда эки эселенген, жүз эселенген кайрат, күч-кубат менен карууну казык, башты токмок кылып, эне тилибиздин сакталышы үчүн, анын болочогу үчүн жан аябай иштешибиз, күрөшүшүбүз керек. Байыркы жана түптүү, ар намыстуу улут экенибизди дүйнөгө далилдешибиз керек.
Бирок карап көрөлүчү, бүгүнкү күндө Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамды турмушка ашыруу үчүн күч-аракетибиздин деңгээли, эне тилибиздин өнүгүшү үчүн атуулдук күрөшүбүздүн даражасы канчалык? Көздү чоң ачып, ушуга көңүл буралычы.
Ырас, бул багытта саамалыктарыбыз, жетишкендиктерибиз, ийгиликтерибиз бар, жылыштар бар. Аны танууга болбойт. Президенттин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия күжүрмөндүүлүк менен иштеп жатат. Анткен менен көңүлдү чөгөргөн, жүрөктү өйүгөн көйгөйлөр чачтан көп болуп жатат.
Момундай бир социологияга көңул буралычы. Маселен, адамдын адам катары калыптанышында, анын ичинде тилдик жактан өсүп-өркүндөшүндө инсанды курчап турган социалдык чөйрөнүн көрсөткөн өрнөктөрү чоң роль ойной тургандыгы белгилүү. Эгерде социалдык чөйрө кыргыз тилинин турмуштук зарылдыгын, практикалык керекчилигин, эне тилге практикалык муктаждыкты, анын сөзсүздүгүн, ансыз коом ичинде жашаш кыйын экендигин, аны колдонбосоң моралдык жактан да, материалдык жактан да азап чегип каларыңды кадам сайын тастыктап билгизип, туйгузуп турса, бул боюнча айныгыс өрнөктөрдү көрсөтүп турса, анда кишиде кыргыз тилин, эне тилин беш колундай билүүгө умтулуу, кардарлык-муктаждык, стимул пайда болот, ал улам күчөйт. Ошон үчүн эгемендүү кыргыз мамлекетинде кыргыз тилинин атмосферасы, туташ чөйрөсү, өлкөнүн учу - кыйырында тынымсыз "жүрөк кагып" турган практикасы зарыл. Ал эми бүгүн кыргыз коомунун чөйрөсү, өзгөчө улуттун жүрөгү болгон Бишкекте кандай "өрнөктөрдү", "үлгүлөрдү"бизге көрсөтүп жатат?
Маселен, бүгүнкү күндө өсүп жаткан жаш адам өзүн курчап турган чөйрөдөн, кыргыз коомунун ичинен, турмуштун реалдуу жүрүшүнөн эмнени көрүп турат? Мисалы, ал мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдан төмөнкүнү окуйт: "Ушул мыйзамды бузгандыгы жана аткарбагандыгы үчүн мамлекеттик органдардын, менчиктин бардык түрүндөгү уюмдардын жетекчилери, ошондой эле юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде жоопкерчиликке тартылышат". Жаш адам ушул статьяны окуйт да, айланасына карайт. Ал тилекке каршы мыйзамдын талаптарын бузуп, аткарбай жатышса да, эч бир начальниктин эл көзүнчө жоопкерчиликке тартылып, жазалангандыгын ушу күнгө чейин көрө элек. Дагы эмнени көрөт? Иш кагаздары далайлаган мекемелерде, министрликтерде, өкмөттө баягыдай эле орусча жүрөт. Жыйналышта 99 процент кыргыз отурат. Бирок чогулуш орусча жүрөт, кээ бири кыргызча баштап коюп, орусчага өтүп кетет. Буга эч ким эчтеке дебейт, тескерисинче, бул биздин чөйрөдө норма катары сыяктуу. Үйдө болсо, балдарын "мама", "папа" дегенге үйрөтүшөт. Телевизордон мамлекеттик чоң чиновник: "незаконно курулган үйлөр снос кылынат; самостоятельно иштеп атат; ушундай бир случай болду; организацияга рахмат айтабыз; МЧС министерствосу; лично звонок кылдым; продукты питания түгөндү; андайлар уже жок; обходной жолдорду жасайбыз; экономикабыз не прозрачный; дополнительный доход; ошондой тенденция болуп атат; риск көбөйүп атат; инициатива кылып.." деп сүйлөп турат. Мындай "сөз маданиятына" эч ким деле кыткылыктап күлбөйт, кескин айыптабайт, боло берет дегендей мамиле өкүм сүрөт.
Кыргызстанда интернет, компьютерлер системасы бүт орусча, англисче. Компьютердик оюндар клубуна барган бала ал жерден кыргыз тилин укпайт да, көрбөйт дагы. Кафе, ресторандардын "Менюлары" жалаң гана орусча жазылат. Рекламалар айлыгы жогору жумушчу орундарга англис тилин жана компьютерди мыкты билгендерди гана чакырып турат. Кыргыз тилинде мыкты сүйлөп, мыкты жаза билгендер кызматка чакырылбайт деле. Кыргыз тилин мыкты билгениң үчүн айлыгың да, кызмат даражаң да жогорулабайт. Дүйнөлүк ар түркүн фильмдерди телевизордон орусча гана көрөсүң. Дүкөндөрдөн кыргызча жомок китеп табыш кыйын. Жогорку окуу жайына кирсең, кыргыз тили деп кыйкырышканы менен түркүн предметтер боюнча окуу китептери жалаң орус тилинде. ЖОЖдо кыргызча окуу китептери чочугансып экен-токон гана жолугат. Мынча илим кандидатыбыз, профессорубуз, докторубуз бар деп мактанышат, а кыргызча окуу куралдары көздөн учат… Мамлекет ичинде долбоор-пландар, концепциялар, мыйзамдар, конституция адегенде орусча жазылат, андан кийин кыргызчага которулат. Жогорку инстанциядагы расмий кабыл алуулар жалаң гана орус тилинде жүргүзүлөт. Мамлекет жалгыз гана мектеп окуу китептерине акча бөлүп, башка окуу-методикалык куралдарга, хрестоматияларга, көркөм чыгармаларды басып чыгарууга максаттуу түрдө финансалык каражат бөлбөйт. "Киргиздердин" кубанычына орус тили Конституцияда расмий тил деп жазылып, кыргыз тили менен жол талашып турат. Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамды аткарбаган адам расмий тилге шылтоолоп, "конституциялык укугун" коргоп, жаза чарасын сот аркылуу жокко чыгарып коюуга толук мүмкүнчүлүгү бар. Санай берсек көйгөйлөр дагы толтура.
(Уландысы кийинки санда)

Советбек БАЙГАЗИЕВ,
публицист