№46, 28.05.08-ж.
 "Ак жол" сага айтам, Адахан сен ук!

Өмүрбек Текебаев, Парламенттин экс-төрагасы:
"Президенттин жан-жөкөрлөрү төрт топко бөлүнүп тирешүүдө"
- "Ак шумкар" партиясынын өз алдынча бөлүнүп кетиши көпчүлүк эл үчүн күтүүсүз саясий жүрүш катары бааланышы мүмкүн. Ушул өңүттө сөз козгосоңуз?
- Күтүүсүз парламенттик шайлоого бийлик бир жыл катуу дайынданды. Бийликтин алдын ала даярдалган күтүүсүз шайлоо планы 2006-жылдын январында ишке ашпай калып, Парламенттин колу менен Куловду курмандыкка чалып, анын Өкмөтү отставкага кеткенин баарыбыз билебиз. Ошентип, парламенттин өмүрү бир жылга узарган. Мен муну сыртынан байкоочу катары эмес, ичинде аралашып жүргөн түздөн - түз катышуучусу катары айтып жатам. Бул үч тарап катышкан татаал оюнда Кулов өзүнүн аңкоолугунун, ишенчээктигинин курмандыгы болгонун элге айтып коюшубуз керек.
Ал эми кийинки шайлоого бийлик абдан дыккат дайындалган. Ал күтүүсүз Референдумга коюлган Конституциядан жана эң негизгиси кабыл алынган шайлоо кодексинен көрүнүп турат. Шайлоо кодекси ар кандай буктурмаларга толгон. Бир жерден болбосо, экинчи жерден чалганга, адилеттүүлүк сиз тарапта болуп турса да, "токсон тогуз" тоскоолдуктар коюлганы сокурга деле маалым. Эң чоң тоскоолдуктардын бири- "Партиялар шайлоо алдында биригип, союз түзө албайт. Бир блокко биригип чыга албайт. Ар бир партия өз алдынча чыксын", - деп шайлоо блокторуна тыюу салган. Бул кыргыздын психологиясын изилдеп туруп, өтө этияттык менен жасалган иш. Себеби, кыргызда "мен кыйынмын, мен президент болом"- дегендер четинен чыгат. Биринин партиясына - бири басып барбайт. Ар ким өзүнчө партия менен ат салышка даярданат деп ойлошкон.
Бирок, кыргызды кур намысынан илебиз деген тузактан ийгиликтүү өтүп кеттик. "Ак шумкар" партиясы менен "Ата Мекен" партиясы бирдиктүү оппозициялык тизме жарыялады. Чынын айтыш керек, тизмени түзүү жеңил болгон жок. Ар кандай пикир келишпөөчүлүктөн улам, он жолу тарап, он жолу бириктик. Бирок, "ийри отуруп, түз кеңешип", акыры бир жыйынтыкка келдик. Ошентип, биз биринчи тузактан өттүк. Албетте, эки партиянын идеологиялык багытында айырма бар. Бизди эң негизги бириктирген жалпы принцип, бул - патриоттуулук. Кыргызстанда болуп жаткан мыйзамсыздыкка, адилетсиздикке каршы күрөшүү.
"Партиялар жабылбайт. Зарыл болгон учурда ал партиялар өз алдынча иш алып кетет", -деп ошондо эле партиялаштарга эскерткенбиз.
Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу "фальсификация күч алып, документтерди жасалмалоо менен сотту пайдаланып, уткан партияны парламентке киргизбей койду", -деп Эл аралык уюмдар өздөрүнүн баасын ачык билдирди.
Чындыгында шайлоодо биринчи орунду биз алсак дагы, парламентке кирбей калдык. Парламенттен орун албаганыбыз менен, шайлоочуларыбыздын көңүлүнөн орун алдык десем болот. Бул биз үчүн абдан маанилүү баа жана ишеним!
- Саясий күрөш токтобойт эмеспи. Бул эки партиянын өз ара байланышы сакталабы?
- Бизде жүз партия бар. Эл эч убакта жүзгө бөлүнбөйт. Учуру келгенде таразалап талдап бир партияны тандап алат. Эгер керек болсо, партиялар бирдиктүү бир тизме менен дагы деле чыга алат. Муну учур тастыктады.
Шайлоодон мурда да, кийин да "Ак шумкар" партиясы менен кызматташып келгенбиз. Дагы да кызматташа беребиз. Азыр деле бир топ акцияларды чогуу өткөрүп, бирдиктүү программаларыбыз, пландарыбыз бар.
- Учурда парламенттин имаратын оңдоп - түзөө жөнүндөгү маселе парламентте "Ак жол" фракциясынан келген депутаттардын кызуу талаш-тартышын жаратты. Сиздин көз карашыңыз боюнча имаратты оңдоо зарыл беле?
- Жогорку Кеңештин имараты абдан эски. Менин оюмча жаңы имарат курсак эп болмок. Жыл сайын миллиондогон сомдор оңдоп - түзөө иштерине кетет. Бирок, кабаттарынын ортосу жыгач менен жасалган, шыптары жарылган эски имаратты канча оңдосоң деле жыл айланбай таз кейпин кийип калат. Ачыгын айтканда көйгөйү көп, бирок, Кыргызстанда көйгөйү жок уюм же көйгөйү жок адам табылбайт. Ар бир ишти жасап жатканда, коомчулук кандай кабыл алат? Көпчүлүктүн берген баасы кандай болот?- деген суроолорду мамлекеттик чиновниктер эске алышы абзел. Кечээки сүйлөгөн сөзүңө, тутунган принциптериңе бүгүнкүң туура келеби? Эгер каршы болуп чыкса, "ишенген кожом сууга акты", - болуп, элдин саясаттан, мамлекеттен ишеними кетет. Ошондуктан алдын ала саресеп салып, иш жасаардан мурда баа бериш керек.
Төрага болуп турган кезимде, менин да сүзүлүп жыртылган пардалардан уялган жайым бар. Алмаштырайын деп эсептетип көрсөм, 900 миң сом болуп кеткен. Анан ушунча сомго алмаштырсам, эл туура түшүнбөй "Текебаев бөлмөсүнө алтындан парда тагып алганбы?", -деп ойлошот деп токтоп калгам. Анда биз саясий кырдаалды эске алып, эл туура эмес баа берет деп алмаштырган эмеспиз. Менден кийинки төрага да алмаштырган жок. IV чакырылыштагы жетекчилик бул маселени көтөрөбүз деп өздөрү ыңгайсыз абалга кабылды. Мен аларды түшүнөм. Ошентсе да, шашылбастан маселени чечүүнүн башка жолдорун, мисалы гранттык акчаларды издеп, бюджеттен тышкары демөөрчүлөрдү табуунун аракетин көрүшсө болмок.
Эң негизгиси парламентке жаңы заманбап имарат курушубуз зарыл. Албетте, бюджеттин акчасынан эмес. Казакстан бизге караганда бай өлкө. Ошентсе да, алардын мамлекеттик мекемелеринин имараттарын курууга чет элдик уюмдар, башка мамлекеттер абдан чоң салым кошкон.
- Жогорку Кеңештин төрагасы Мадумаров менен Садыркуловдун карама-каршылыгы бул окуядан кийин ачык байкала баштадыбы?
- Имартты оңдоп - түзөө деген жөн эле шылтоо. Оппозиция бир аз активдешпей калгандан кийин алардын тиреши күчөдү. Анткени, жалпы коркунуч аларды айласыз бириктирип турган. Шайлоонун алдында оппозициянын жеңишинен кооптонгон бийлик, бир нече партияларды "Ак жол" партиясына кошуп алып, жалпы тизмеге кирбей турган адамдар да кошулуп кеткен. Анткени, аймактардан добуш алыш керек болгон. Президенттин айланасындагы топтордун кызыкчылыктары бири - бири менен төп келбейт. Алардын экономикалык, финансылык кызыкчылыктарын бийлик толугу менен канааттандыра албайт. Ошондуктан алардын ортосундагы чыр - чатак, талаш - тартыш басылбайт. Байлык талашуунун айланасында президенттин жан - жөкөрлөрү 3-4 топко бөлүнүп, күрөшүп жатышат. Күрөш тымызын жүрүп жатканы менен кай бир учурлары коомчулукка да белгилүү болуп калууда. Алар президентке таасир эте алышат. Ошондуктан президент алардын жетегинде деген жыйынтык чыгарууга болот. Парламентти оңдоп-түзөө маселесинин айынан бийликтин көптөгөн карама - каршылыктарынын жашыруун сырлары ачылды. Бул келишпестик узакка созулган кармашуунун негизинде болду. Нервдер чыңалып турган мезгилде, баардыгы ачык эле айтылып кетти окшойт.
Аймактык, кландык топтор бийликтин бүтүндөй булактарын колго алып, өздөрүнүн саясий амбициялары үчүн гана күрөшпөстөн, тымызын ири байлыкты ээлеп да алышты. Эми небере -чөбөрөлөрүн ойлоп жатышат. Биздин клан түбөлүккө Бакиев башкарган каста болуп калса экен деген аракет. Чоң каста болуп калыш үчүн бүгүнкү таламайда эң негизги тармактарга үстөмдүк кылып калыш керек.
Алардын философиясы жөнөкөй. Кимде акча болсо, ал ошол замандын кожоюну, ошол замандын эркеси. Эгер базар экономикасынын негизги рычактарын ээлеп калса, Парламентти, Президентти, Өкмөттү деле өзүбүз тандайбыз, шайлайбыз деген ойдон алыс кете албай жатышат.
- Жаңгак токою жабыркап жаткандыгы тууралуу коркунуч коңгуроосу тынымсыз кагылууда. Мамлекеттик машиналар көзөмөлдүктү колдон чыгарып койгондой. Ушундан улам, бул маселеге тиешелүү мыйзам жокпу, же мыйзам иштебейби?
- 2005-жылдын март окуясынан кийин, талап - тоноочулук, алдым - жуттум саясаты абдан күчөбөдүбү?! Мына ошондо Жалалабат, Ош облустарындагы жаңгактар кыйылып, массалык түрдө сатыла баштады. Жергиликтүү эл бул маселени далай ирет көтөрүп чыкты. Ал кылмыштык топтун арасында Укук коргоо органдарынын жетекчилери, бийлик органынын өкүлдөрү болгон. Эгер андай болбосо, ал чөнтөккө салып кете турган кичинекей буюм эмес.
Автокрандар менен көтөрүп,
Камаздарга жүктөп, тоодон өткөн бир эле тар жол менен ташып баратканда байкалбай өтүп кеткидей. Бирок, ага карабай эки жыл токой жаңгагы уурдалды. Ошондо бир топ депутаттар анын ичинде мен дагы, жаңгак токоюн кыюуну чектөө үчүн мораторий жарыялоо мыйзамын иштеп чыкканбыз. Ошол мыйзамдын негизги жоболорунун бири: - "Уурдалган жыгачтар колго түшүп конфискацияланса, ал өрттөлүш керек", -дегенбиз. Эмне үчүн? Анткени, кармап алган каптын акчасын прокуратура, милиция кызматкерлери ала турган болсо же токой чарбасы сатып, өз кызыкчылыгына пайдалана турган болсо, кызыкдар адамдар "уурдалды", - деген шылтоо менен ири суммадагы кирешеге туйтунмак. Ал эми официалдуу түрдө бир баада сатса, иш жүзүндө эки эсе кымбат сатып, дагы деле ошол шылуундардын чөнтөгүндө калмак. Ошондуктан "сатылбасын, өрттөлүп жоготулсун" - деген чечимге келгенбиз.
Бүгүнкү парламент "Көкүйдү оңдоп - түзөө иштерин жүргүзөбүз; деген шылтоо" менен ошол мыйзамды жокко чыгаруу аракетин жасап жатат. Бул жөн эле оңдоо эмес, анын тамыры тереңде. Жаңгакты кыюну чектөө жөнүндөгү мораторий жокко чыгарылса, ошонун шылтоосу менен азыркы колго түшүп, кармалып турган 200 тоннага жакын капты гана эмес, жаңыларын кыйып сатууга жол ачылмак. Ошондуктан, бул кокусунан болгон иш эмес деп ойлойм. Мунун артында тигил же бул саясий топтун кызыкчылыгы бар. Жаңгактын кабынын бир килограммы 10 доллардан кем эмес сатылат. Эгер 200 тоннаны 10 долларга көбөйтсөк эки миллион доллардан ашык акча. Албетте, бул кимдир бирөөлөрдүн уйкуларын бузуп, тынчтык бербей жаткан болуш керек?!

Маектешкен
Гүлниза Молдокулова,
"Алиби"




Кыргыз Республикасынын президенти К. С. Бакиевге
Жер "жегендер" жазасын алабы?
15-октябрь 2007-жыл "Ак жол" элдик партиясынын жыйынында "ким бизнес тармагын өнүктүрүүгө каршылык кылса, мен ал адамды биздин коомго каршы деп эсептеймин" деген элеңиз.

Сиздин эл алдына чыгып, кыргыз элинин жакшы жашоосуна кам көрүп, өзүңүз дайындаган чиновниктерге берген көрсөтмөлөрүңүз иш жүзүндө аткарылбай жаткандыгын өзүңүз деле сезип жүрсөңүз керек. Карапайым эл арыздана берип жадап бүткөндө, өкмөткө аргасыз нараазы болот экен. 3 жылдан бери мыйзамсыз иш жасады деп Жунушова Д.И. дегендин үстүнөн "Элдик-Курулуш" өндүрүштүк - турак-жай корпоративинин атынан тийиштүү органдарга арыз жөнөтүп тажадык. Орган кызматкерлери ушул убакытка чейин акыйкаттык менен текшерип туура чечим чыгарбады. Натыйжасда, куносун сезбеген көп адамдар өкмөткө каршы элди үндөп, митинг уюштуруп, карапайым элди алдап, эл менен өкмөттүн ортосунда жаңжалды курчутуп жүргөндүгүн көөдөнү сокур, көзү көр адам да сезбей кое албайт. Ушунун бары орган кызматкерлеринин күнөсү.
2005-жылы координациялык кеңештин мүчөлөрүнө "бир нече ЖСК уюштургула, "Көк-Жар" конушунан жер беребиз", - деген ошол кездеги вице премьер-министр Керимкулов М.Т. тарабынан көп кабаттуу үйлөрдү кургула. Жерге жетпегендер квартира алышсын", - деген сунуш болгон. 5-6 ЖСК уюштурулуп ар бирине мэриянын чечими менен 0,19 жер берилген. ПЖСК "Элдик-Курулуш" үй салууга тийиштүү документтерди топтоп, квартира алууну каалаган адамдардын акчаларын чогултуп, банкттан счет ачып, элдин акчасын салганбыз.
Акматов Ж.А., Айткулов Ш., Жунушова Д.И., ж.б. жашыруун кеңешип сейфте чогулган документтерди, кассадагы чоң суммадагы акчаны уурдап кетишкен. Алган акчаны өздөрүнүн керектөөсүнө пайдалануу максатында 16.02.06-жылы мыйзамсыз чогулуш өткөрүп, ПЖСК "Элдик-Курулушка" жаңы жетекчи Айткулов Шаршенди шайлашкан. Айткулов Ш. ПЖСК "Элдик-Курулуштун" атынан жалган печать, штамп жасап алып, банкттагы элден чогулган акчаларды өз кызыкчылыгына жок кылган. Андан тышкары 54 адамдын арызынын негизинде 6 миллион акча алган. Ал акчага Айткулов Ш. Джип машина алды жана жаш кызга үйлөнүп, тоюн кымбат кафеде өткөрдү. Апамүдүн райогунан 3 га. жер сатып алып, ал жерге үй сала бергиле деп, ар бир 4-5 сотик жерин 10 000 доллардан сатып жүрөт. Мындан 2 жыл мурда эле акчасы жок, кредитке карыз адам, эч жерде иштебей көп суммадагы акчанын эси болуп калышы, Айткулов ким экендигин көрсөтүп турбайбы.
Элди алдап акча алганы аз келгенсип, өкмоттү жамандап,жер бербей жатат силерди өкмөт ойлобойт деп , ак үйдүн мэриянын алдында митингдерди уюуштурду. Бул кылыгы эфир аркалуу элге көрсөтүлгөн.
Акматбаев Рыспекке кошулуп, борбор калабыздын ортосуга палатка тигип, элге карабаган өкмөттүн кимге кереги бар деп чуу салган. Октябрь райакимиятында биринчи этаждагы үч эшиктин кулпусун талкалап кирип, "Элдик-Курулуш" кооперативине таандык документтерди алып кеткен.
Жунушова Дамира "мен ЖСКнын директорумун жеке үй куруу үчүн бир айдын ичинде жер берем", - деп калп айтып өзүнүн таанышы Нарбаева Сайнаканды алдап, анын туугандары Сатымкулова Таалайкандан 26 000 сом, Далбаева Сейнептен 31 000 сом, Далбаева Чынаркандан 26 000 сом, Сайнакандын өзүнөн 50 000 сом жана башка үч адамдан 90 000 сом, баардыгы 249 000 сом алган.
Жунушова Д. ПЖСК "Элдик-Курулуштун" бухгалтердик милдетин аткарып жүргөндө сейфтин ачкычы колунда болгондугунан пайдаланып: Идирисова М. - 120 000 сом, Токоева К. - 41 000 сом, Нурмамбетова Г. - 2800 АКШ доллары, Жаманова В. - 500 сом, 600 адамдын личное делосун чогултканы үчүн ар биринен 150 сомдон 100 миң сом алган. Мындан тышкары "За достойную жизнь" коомуна мүчө эмес жүздөгөн адамдын ар бири Жунушова Дамирага 5 соток жер үчүн 5-10 миңден акча берген. Болжол менен 600 000 сом. Жунушованын Д. калп айтып, алдаган сөзүнө ишенип, же квитанция же расписка албагандар өтө көп. Эч тиешеси жок "Алтын казык" курулушунан квартира алып берем деп бир топ адамдардан да акча алган. Мындан тышкары "Көк -Жар" айыл өкмөтүнөн 6,6 га. жерди 630 миң сомго сатып алган, Ысыккөл областынын, Кумбел айыл өкмөтүнөн 2 га. жерди 15 000 доллар берем деп жер ээсин алдаган. Ушул ызырап болгон акчалардын баардыгы "Элдик-Курулуш" кооперативине тиешелүү.
Жунушова Дамира "Мерседес" маркасындагы машина алды, Люксембург айылында 4 подъезд төрт этаж үйдү сатып алып, кайра элге кымбат сатып жатат. Жунушова Дамира өзүнчө офис ачып арендага ай сайын 200 доллардан төлөп турган. 3 жыл күн-түн такси жалдап, жума сайын Ысык-Көлгө барып турат. 3 адвокат жалдап ар бирине 200 доллар төлөйт. Офисте иштегендерге жана жер саткандарга акча берет. Бул акчалардын дарегин аныктаган тергөө болбоду.
Акматов Ж.А. Аламүдүн районуна караштуу "Көк-Жар"айыл өкмөтүнөн жер сатып алып, полицейский городок курам деп, өкмөттүн чечими да жок, жердин картасы да жок, участок алам дегендерге сатып, айдоо жерлерге мыйзамсыз үй салдырып жатат. Жунушова Д. ПЖСК "Элдик-Курулушунун" документтерин жана элден чогулган акчаларын уурдап кетүүгө үндөгөн да ушул киши.
Жогоруда аты аталган адамдарга окшогон дагы ондогон адамдар үчүн, 700дөн ашуун адамдардын арызын текшерүүгө Бишкек шаарынын вице-мэри Ч.Алымкулов 124 барактан турган жана ИЖС департаментинин директору Рысбеков Жыргалдын жөнөкөй адамдарга 434 миң сом зыян келтирген деген катын 2007-жылы күнөөлүү деген адамдардын фамилиясын көрсөтүү менен ГУ ВД жиберген. Алигүнчө эч жыйынтык чыккан жок. Ушунун баары мыйзамсыз экендигин түшүнбөгөн жана чындыкты териштире албаган орган кызматкерлери, чын эле билим деңгээли өтө төмөн, өз кызматына татыксыз адамдарбы же коррупционерлерби? Түшүнбөй койдук. Бардык фактылар ачык жазылып мыйзамсыз ишщке барган адамдардын фамилиялары турса да, акыйкаттык кылып карапайым эл үчүн, өкмөт үчүн туура чечим чыгарбаган алтындай убакытты текке кетирип, ай сайын айлык алган, күнөөкөрлөрдөн акча алып туура эмес чечим чыгарган кызматкерлердин өзлөрүнө да жаза көрөр деген үмүттөбүз.

Кооперативдин мүчөлөрүнүн атынан,
Абдырасулов Дүйшөнбек

Редакциядан:
Жер маселеси, үй маселеси учурдун эң курч, эң татаал маселелеринин алдыңкы сабында тургандыгы бүгүн эч кимге жашыруун эмес.Ар кандай коомдук уюмдарга жамынып, алардын атынан карапайым калктын канын соруп, капчыгын каккандардын өзүнчө бир "биргадалары" иштеп жаткандыгын баарыбыз эле билебиз. Атүгүл, коррупциялашкан мындай топтордун башында өкмөттүк чиновниктер да бар.
Гезиттин жакынкы сандарынан баштап Бишкек шаарынын айлана - тегерегиндеги жер участкаларынын кандайча, кимдер тарабынан бөлүнгөндүгү, "жер бөлгүчтөрдүн" "крышалары" кимдер экендиги тууралуу макалаларды беребиз.
Ошол эле убакта, "жер берем" - дегендердин "жел" сөзүнө алданып, сызга отуруп калгандарды биздин редакция менен байланышууга чакырабыз.