Көр заман

Он төрт жашар Амандын сөөгүн кайда жашырабыз?
Нарын областынын губернатору
Өмүрбек Субаналиевге
Биздин сизге арыз жазуубуздун себеби - 18-май 2008-жылы Куланак айылынын тургуну Исаков Алымбектин 14 жашар уулу Аман каза болгон. Эртеси, 19-май күнү эртең менен Куланак айыл өкмөтүнүн чечими аркылуу атайын көрүстөн үчүн бөлдүрүп алган жерге (күбөлүктүн копиясы тиркелүү) маркумдун сөөгүн жашыруу үчүн жай казыла баштаганда, Куланак айылынын тургундары:
1. Иманов Кенжебек (имам)
2. Сатаров Бейшен
3. Жээналиев Сукуй
4. Үсөнов Каныбек
5. Сокеев Айдарбек
6. Кыдыралиев Калмырза
7. Ашымов Руслан
8. Орозакунов Нурбек
9. Курманалиев Алтымыш
10. Асанбаев Алмаз
11. Үсөнов Айбек
өздөрү менен бирге дагы элүүдөн ашуун (кээ бирлери күрөк көтөргөн, арасында мас абалындагылары бар) ээнбаш адамдарды уюштуруп келип: "Биз бул жерге өлгөн балаңардын сөөгүн көмдүрбөйбүз, анткени силер диниңерди саткан баптиссиңер, ал турмак бүткүл Куланак айыл өкмөтүнүн аймагына койдурбайбыз", - деп бизге жай каздырбай коюшту. Алардын бул иштери коркутуп-үркүрткөн жемелөөлөр менен коштолду. Биз бул иштин тынчтык жана мыйзам жолу менен чечилишин көздөп ошол эле күнү Куланак айыл өкмөтүнүн башчысы Абдраимов Бердибек менен бирге Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким Медетов Ишенбек Бектурсуновичке кайрылганыбызда, ал киши өзүнүн орун басары Алымкулов Эмил Абдыраимовичти жана аны менен бирге прокурор Калбаев Каныбекти, РИИБ начальниги Жумаев Махабатты, Талант деген участковыйды кошуп, биз менен Куланак айылына жөнөттү.
Биз кайра айылга келип, өкмөттүн конторунда жогоруда аттары аталган Куланак айылынын тургундары менен сүйлөшкөнүбүздө, алар дагы эле: "Өлгөн балаңардын сөөгүн койдурбайбыз", - дешип, ал турмак Исаков Алымбекти (өлгөн баланын атасы) "Христиан дининен чыгып, Исламды кабыл алсаң, анан балаңдын сөөгүн жерге көмдүрөбүз" - деп кысым көрсөтүштү. Ал эми Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан тартипсиздикти жөнгө салуу тапшырмасы менен барган Алымкулов Эмил Абдыраимович, райондун прокурору К.Калбаев жана милициянын начальниги Жумаев Махабаттар ал жерде чогулган тартип бузуучуларга мыйзам жолун түшүндүргөнгө аракет кылганы болбосо, эч кандай мыйзамга ылайык чечкиндүү кадамдарды жасап, мыйзам бузуучуларды жөнгө салып, биздин укугубузду коргоп бере алышкан жок. Тескерисинче чогулган элдин: "Ислам динин кабыл ал, болбосо өлгөн балаңдын сөөгүн койдурбайбыз"- деп Исаков Алымбекти кысымга алган сөздөрүнө ортоктош болушуп, кайра бизди күнөөлөштү. Ошону менен бирге айыл өкмөтү тарабынан көрүстөн үчүн бөлүнүп берилген жердин 19-апрель 2006-жылкы токтомун жокко чыгарышты. Аягында: "Биз бул ишти чече албайбыз, бизден жогорку инстанцияларга кайрылгыла", - деген сөз менен жыйынтыкташты.
18-майдан бүгүнкү күнгө чейин маркумдун сөөгү жерге коюлмак турсун, жайы казыла элек. Ушул кырдаалга байланыштуу, жогоруда аты аталган Куланак айылынын тургундарына мыйзамга ылайык чара колдонуп, тез арада маркумдун сөөгүн жерге коюуга жардам берип, биздин жарандык укугубузду коргоп берүүңүздү суранабыз.

Нарын шаардык Евангелисттик
Христиан Баптисттер жыйынынын
атынан:
1. Рыскелдиев Сагынбек
2. Чүйтиев Рахат
3. Акынбаев Асылбек
20.05.2008-ж.

Редакциядан:
20.05.2008-жылы гезит басууга даярдалып жаткан кечки саат 17лер чамасында ушул кайрылууну жазган үч адамдын бири - Чүйтиев Рахат редакция босогосун шашылып аттап, Нарындан жаңы эле келгенин, кайрылуунун бир даанасын губернатор Ө.Субаналиевге бердирип, эки саат бою жооп алалбай сырта турушса, ал киши бир топ убакыттан кийин жандоочулары менен кетип баратканда жолугушкандарын, губернатор бул окуя тууралуу 19-майда эле кабардар болгондугун, бирок эч кандай жардам көрсөтө албастыгын айтып, "мыйзам бузууларга ким жооп берүүгө тийиш?" - деген суроого "баптисттер өздөрү" деп басып кеткендигин аптыга айтып берди.
Биздин "Куланактын эли баптисттерди жерип, жадагалса өлгөн баланын сөөгүн жерге койдурбай жатканына эмне себеп?" - деген сурообузга Р.Чүйтиев "биз кыргыздын каада-салттарынын баарын таза карманабыз. Чеки иштерге жолобой, өзүбүздү таза кармайбыз. Ошол себептен айыл мусулмандары биздин таасирибизден чочулап, жаштарга жайылып кетет деген сактануудан улам бизди элге жолотпой, жадагалса айыл өкмөтү бөлүп берген көрүстөнгө да койдурууга уруксат бербей жатышат" маанисинде жооп кайтарды.
Бир айылдын эли кырды-бычак болуп, башка диний агымга өтүп кеткен өз кандаштарынын жадакалса өлгөндөн кийин сөөгүн жерге бердиртпей жатканынын чыныгы себеби эмнеде? Айыл өкмөтүнөн тартып облус губернаторуна чейин бул маселени чече албай отурушса, анда аны ким чечүү керек? Президентпи?
Ушундай окуялар мындан беш-алты жыл мурда ошол эле Нарындын өзүндө, 8-март айылында, Таластын ар кайсы жерлеринде болуп өткөн. Ал окуялардын аягы эмне менен бүттү эле?
Бүгүнкү күндө өлгөнүнө төртүнчү күнгө айланып бараткан 14 жашар Алымбек уулу Аман ата-энесинин баптисттерге кошулуп кеткени үчүн күнөөлүбү? Бул маселеде мыйзам эмне дейт? Көмүлбөй турган өлүккө кимдер сот болууда?
Өздөрүн мусулманбыз деген кыргыздар үчүн бул маселе өтө кылдат, аяр мамилени талап кылаарын эске алуу менен мыйзамчылардын, жалпы окурмандардын, Куланак элинин ой-пикирин угуп көрөлү деген пикирде өз иликтөөбүздү жүргүзүүнү ылайык көрүп отурабыз. Сөз сенде, окурман.