№45, 21.05.08-ж.
  Качкыла, Камчыбек келатат!

Ташиевдин талабы, талкалатып салабы?
Бүгүнкү күнү Экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев менен "Дордой" базарынын ишкерлери соттошууда.
Чырдын башы ӨК министрлигинин алдындагы Бишкек шаардык Өрткө каршы кызматынын башкармасынын мурдагы начальниги Б.Кутуев менен 12 жеке ишкердин келишиминен улам чыккан. Тактап айтканда, М.Сыдыков, Э.Эралиева, М.Чындыралиева ж.б. 2006- 2016-жылдарга узак мөөнөткө №2 Өрт өчүрүү башкармалыгына тиешелүү аянттан соода иштерине пайдаланууга келишим түзүп, ижарага жер алышат. Бирок, үстүбүздөгү жылдын 2-мартында Бишкек шаардык мамлекеттик өрткө каршы кызматынын башкармалыгынан жеке ишкерлердин ар биринин дарегине мурдагы жетекчинин келишимин четке каккан кат келет. Жеке ишкер М.Сыдыковго келген каттын мазмуну:"Управление государственной противопажарной службы г. Бишкек информирует что составленный договор с прежним руководством на аренду участка под кафе расположенный на территории пожарной части №2 является не законным. В связи с этим УГПС г. Бишкек требует демонтировать самовольное строение (кафе) в срок до 07.03.2008 года, в противном случае будут направлены подразделения МЧС Кыргызской Республики на выполнение работ по сносу самовольного строения и в последующем будете превлечены к административной отвественности".
Жеке ишкерлер Өрткө каршы башкармалыгынын кассасына ижара акысын өз убагында төлөп келишкен. Келишим узак мөөнөткө түзүлгөндүктөн соодага ыңгайлаштырып №2 Өрт өчүрүү башкармалыгынын айлана-тегерегин оңдоп-түзөп, суу түтүкчөлөрүн киргизүү, реконструкциялоо иштерине өз каражаттарын сарпташкан. Ал гана эмес, ижара акысынан тышкары жардам иретинде №2 өрт өчүрүү башкармалыгынын чатырын 6000 долларга жаап берип, мыйзамдын негизинде, келишимдин талаптарын так аткарып иштеп жатышканда "жылан чакпай, жылкы теппей", - эле мындай каттын келишинен чоочулаган ишкерлер аталган башкармалыкка кайрылышса, бул маселени ӨК министри чечээрин маалымдайт. Иштин чоо - жайын тактоого барган сегиз ишкер айым ӨК министри "К.Ташиевдин каарына кабылдык", - деп катуу нааразы болушуп, Биринчи май райондук сотуна арызданышкан.
Гүлнур Чындыралиева, ишкер:
"Кан басымым жогорулап, балам менен ооруканага жатып чыктым"
- 10 жылдык келишим менен Бишкек шаардык №2 өрт өчүрүү башкармалыгынын жанынан ижарага жер алганбыз. Өзгөчө кырдаалдар министри К.Ташиев биздин келишимди "мыйзамсыз" деп жокко чыгарып, 2008-жылдын 3-мартында 7-мартка чейин ал жерди бошотуп берүүбүздү талап кылды. Биз министр мырза менен көзмө - көз сүйлөшүп, келишимдин мыйзамдуулугун тактоо максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине барсак, күзөттө турган милиционер: - "Ак үйгө кетти. Бүгүн келбейт ", -деп койгон. Эртеси бала - бакырабызды көтөрүп дагы бардык. К.Ташиев кабыл албай койгондуктан, министрликтин имаратынын тышында күтүп отурдук. К.Ташиев сыртка чыгып келатканда жабалактап алдынан тосуп: - "Биз жерди мыйзамдын негизинде келишим менен ижарага алып, болгон каражаттарыбызды жумшап, айрымдарыбыз кредит алып, ар кимибиз алыбызга жараша кафе, эт павильонун, ж.б. соода жайларын курганыбызды, берилген мөөнөттүн ичинде эч кайда көчүп кете албасыбызды, андай мүмкүнчүлүгүбүз да жок",- экенин түшүндүрүүгө аракет кылдык. Бирок, К.Ташиев уккусу да келген жок. Тескерисинче, "Берилген убакыттын ичинде бардык оокаттарыңарды жыйнаштырып алгыла. Болбосо бир түндүн ичинде түрттүрүп салам. Маселеңерди таштандыдан чечип каласыңар!" Келишимиңер мыйзамсыз", - деп күпүлдөдү. Колумда төрөлгөнүнө 20 гана күн болгон ымыркайым бар эле. "Бизди эптеп оокат кылып жаткан жерибизден ажыратпаңыз", - деп ыйлап, көйгөйлөрүбүздү, жашоо - шарттарыбызды түшүндүрүүгө далбастасак: - "Мага десе асынып өлүп алгыла"- деп кетип калды. Нан таап жеген ишимден айрылып, эртең кантип оокат кылам? Эки баламдын күнү эмне болот? - деп карайлап жатканда, министрдин сөздөрү катуу тийди. Кан басымым жогорулап, балам менен ооруканага жатып чыктым. К.Ташиев жаш балалуу энелердин абалын түшүнүүнүн ордуна, көпчүлүктүн көзүнчө, ар - намысыбызга шек келтиргендиги үчүн өз жазасын алуусу керек.
Латифа Сабирова, соодагер:
"Башы оорубагандын, кудай менен иши жок"
- Кыргыздарда: "Бейиш- эненин таман алдында", -деген жакшы сөз бар, ӨК министрине атайын эмчектеги балдарыбызды көтөрүп алып, эртең мененки саат 8де барганбыз. Балдарыбыз менен алектенип атып К.Ташиев машинесинен түшүп, министрликке кирип кеткенин байкабай калыптырбыз, артынан чуркап барсак: -"Каяктагы аялдар, чыккыла" , - деп "айдоочусу болом", - деген бир жигит түртүп чыгарып салды. Келген чоо - жайыбызды түшүндүрүп, К.Ташиевге телефон чалдырсак "кабыл албайм" деп койду окшойт, күзөттөгүлөр киргизген жок.
Ошентип К.Ташиевди күтүп отурсак, ал сыртка чыкканда: - "Орун басарыма киргиле" -деп кетип калды. Түшкү тамактануудан кийин М.Касымалиев деген орун басарына барсак -"Маселеңерди министр өзү чечет. Кайрылуу жазып калтырып койгула" -деди. Ошону менен саат 17.00го чейин К.Ташиевди дагы күттүк. Ал саат кечки бештер чамасында ӨК министрлигине кирип кетип кайра, 15 минутадан соң чыкты. Биз келген максатыбызды түшүндүрөлү деп: "Камчыбек мырза, айрымдарыбыз кредит алып, курулуш иштерине жумшаганбыз. Сезон бүткөнчө кое туруңуз?" -деп суранганыбызга карабай "Башы оорубагандын Кудай менен иши жок", - дегендей "Эч нерсеңерди билбейм, кимге акча берсеңер, ошолордон доолагыла. Көзүмө көрүнбөй кеткиле" - деп балалуу, кош бойлуу, оорукчан аялдарды теңине албаганы аз келгенсип "Мага десе асынып өлгүлө!" , - дегенге чейин барды. Андай сөздү күткөн эмеспиз. Ошол ызы-чуудан соң сүтүм жакшы чыкпай, учурда 10 айлык баламды тойгуза албай калдым.
Ал жердин камыштарын оруп, саздарын сордуруп жүргөндө эч ким кызыккан эмес. Ошончо аракет кылгандан кийин мыйзамдаштырып 2006 - 2016-жылдардын аралыгына чейин келишим түзгөнбүз. Малдары барлар малдарын сатып, айрымдарыбыз кредит алып, болгон каражатыбыз менен күркөлөрдү курганбыз. Эми ошол эмгегибизди, кетирген каражаттарыбызды түрттүрүп салса кандай оокат кылабыз? Балдарыбыздын курсагын кантип тойгузабыз?- деген суроолор менен Өзгөчө кырдаалдар министри К.Ташиевге келип катуу кагуу жедик.

Индира Казиева, жеке ишкер:
"Биздин урушуп - чабышып, соттошолу деген ниетибиз жок болчу"
- "Үч күндүн ичинде 10 жылдык келишимди жокко чыгарып, кредитке тургузулган соода жайларыбызды талкалоо биз үчүн оңой эмес экенин түшүндүрөлү, түрттүрүп салуудан башка варианттарын ойлонуп көрүңүз?" - деп жылуу мамиле менен барганбыз ӨК министри К.Ташиевге.
Бирок, сотто К.Ташиев бизди "пикетке чыгабыз, өлсөк да жерди бербейбиз" -дешти. -"Мага пара алууну сунушташты" - деп карандай жалаа жаап олтурат. Андай сөздөрдү айткан эмеспиз. Биз министрге пара сунуштасак, балдарыбызды көтөрүп барбай эле, бере турганыбызды берип коймокпуз. Сотто "параны ким сунуштады, көрсөтүп бериңизчи?" -деген сурообузга так жооп бере албай койду.
Ичпей - жебей, кара жаныбызды карч уруп, салган курулуштарыбызды түрттүрөбүз деген (№8/6-88,90) каттын негизинде район аралык сотко кайрылганбыз. 20.07.2006-жылы түзүлгөн келишимдин 4.2 п.на ылайык келишимдин шарттарына жана мөөнөтүнө өзгөртүүлөр эки тараптын макулдугу менен киргизилээрин, эки тараптын бири өз милдеттемесин так аткарбай койгондо гана келишим бузулаарын эске алып, район аралык соттун судьясы Ж.Нурунбетов жеке ишкерлердин пайдасына чечип берген.
Жакында эле 25-апрелден баштап президентибиз жеке ишкердин ишмердүүлүгүнө тосколдуктарды токтотуу жөнүндө мораторий жарыялады. Президенттин демилгесин колдогондун ордуна, Өзгөчө кырдаалдар министри ишкер айымдарга өзү өзгөчө кырдаал түзүп, тоскоолдук кылып жатат. Биз ал жерди менчикке алып жатканыбыз жок. Баштаган ишти аягына чейин келишимдин негизинде иштейли дедик.
Район аралык соттун чечимин да эске албай, сезон башталып калганда коркутуп - үркүтүүлөр дагы деле уланып жатат. ӨК министрлигинде №2 өрт өчүрүү башкармалыгынан башка маселе жок калгансып, министр мырза негедир "Дордой" базарына жакын жайгашкан биздин аянтты эле көрүп калды.
Элмира Эралиева, жеке ишкер:
"Соода кылам деп 3 уюмду, 12 эчкимди сатып..."
- Он жылга келишим түзүлгөн соң, баарыбыз чогулуп, 150 машина шагыл таш түшүрүп, 27 миңге суу түтүкчөлөрүн киргизип, соода кылганга ылайыкташтырып, өз күчүбүз менен оңдогонбуз. Соода кылам деп үч уюмду, 12 эчкимди сатып, кошумча кредит алып кафе куруп жатабыз. Алигиче ишке кире элек. Быйыл базар чоңоюп бизге да жакындап калды, буюрса кеткен чыгымдарыбызды актап, пайда көрө баштайбыз деп сүйүнүп жатканбыз. Бир күнү эле Өзгөчө кырдаалдар министри К.Ташиев биздин кафеге баш багып калды. - "Кафенин ээси кайда?", - деп сурады эле. Жолдошумдун учурда жок экенин айттым. - "Силер кафени мыйзамсыз куруп алыптырсыңар, жакын арада жыйналгыла" -деди. Мен өзүмдүн оюмду айтсам: - "Чоң кыз, тааныш - туунуш издеп, ортого киши салам деп убара болбой эле койгула. Мен министрмин, айтканымды аткарам"- деп Өрт өчүрүү башкармалыгына кирип кетти. Ошондуктан, эч кимге кайрылбастан К.Ташиевдин өзүнө барганбыз.

Биринчи май райондук сотуна арыз берген ишкер айымдар КР Кылмыш жаза кодексинин 128 жана 305 беренелерине ылайык, К.Ташиевге кылмыш ишин козголушун талап кылышкан. Ошондой эле моралдык зыян келтиргендиги үчүн Өзгөчө кырдаалдар министри К.Ташиевден 5млн. сом айып пул төлөп берүүсүн суранышкан.
Биринчи май райондук сотунда 14-май күнү отурум болуп, ага министр Камчыбек Ташиев өзү келип катышты. Бирок, жабырлануучулардын берген дооматтарынын бардыгын Камчыбек мырза чындыкка коошпорун, ишин таштап сотко мыйзамды гана сыйлап келгенин, "менин мыйзамды талап кылгандан башка күнөөм жок. Аялзатына кантип эле "асынып өлүп алгыла", - деп айтайын. Убакыт өткөн соң качандыр бир мезгилде мени убара кылып, ушул жерге алып келгениңер үчүн өкүнүп, уялып каласыңар"- деп айтты. Айтор ӨК министри танып кетеби же айткан сөзүн артка алып кечирим сурайбы, балким чындап эле айткан жоктур, аныгын иликтеп 29- майдагы соттук отурумдан кийин маалымдайбыз.

Гүлниза Молдокулова
"Алиби"