Сүйүнчүңө мэриядан квартира

Үч эмдин үмүтү Данияр Үсөновдо
Өткөн жылы 16-ноябрда Бишкек шаарынын №2 төрөтканасында Аманбек, Эсенбек, Турсунбек деген үч эм татынакай уулдар төрөлгөн. Адам баласында мындай сүйүнүч чанда гана кездешкендиктен, ымыркайлардын жашоо - шарты, учурдагы жагдайынан кабар алып коюу максатында алардын үйүнө атайы бардым.
Наристелердин ата - энеси үстүндө үйү жок, батирде турушат экен. Турак - жай маселеси тууралуу өкмөткө көп эле кат жолдошсо да, беш айдан бери оң жооп болгон эмес. Балким, балдардын атын Курманбек, Игорь, Данияр деп аташса, бул маселе эртерээк чечилет беле…

Дербиш Турдубаев, балдардын чоң атасы:
"Бирине тартсаң экинчисине жетпейт"
- Неберелерим төрөлгөндө Биринчи май райондук администрациясынан 20 миң сом сүйүнчү беришкен. Андан кийин турак - жай сурап президентке, өкмөткө, шаардык кеңешке, Бишкек шаарынын мэрине кайрылып көрдүк, бирок, азырынча жооп жок. Шаардык кеңештин төрагасынын берген жообунда "каттоодо турган райондук администрацияга арыз жазып кезекке тургула",- дейт. Алардын кезегин күтсөк 20 жылдан кийин дагы тиер - тийбеси белгисиз. Сураштырып көрсөм, эч кандай турак - жай деле курулуп жатпаптыр, ага чейин Кудай буюрса өздөрү деле үйлүү болуп калаар. Кыйынчылыкты азыр тартып жатышат да келин - уулум. Балам 26 жашта, келиним 24тө. Уулум айына 7 миң сом маяна алса, анын 4 миңи балдарынын сүтүнө эле кетет. Баарыбыздын айлыгыбызды кошсок да квартира алууга дарманыбыз жетпейт экен. Эгер, өкмөт тарабынан жардам катары квартира берилип калса, балдар оору-сыркоодон алысыраак болоор эле. Билбейм, биздин өкмөттүн колунан эч нерсе келбей калган окшойт. Эгер Россияда же Казакстанда болсо эмдигиче үй шартын түзүп берип коет эле. Өткөндө телевизордон көрдүм, Жалалабаттан да эки кыз, бир уул үч эм төрөлүп, аларга дароо эле 2 бөлмөлүү квартира берилгенине караганда, Жалабат шаарынын мэри жакшы иштейт го деп ойлоп калдым.
Мындай үч эм эркек бала жылда төрөлө бербейт да. Бул да Кудайдын ырыскысы. Төрөлсө да экөө кыз же бирөө кыз болуп төрөлөт экен. Уккандардын баары эле сүйүнүшүүдө. Эл сүйүнүп жатканда өкмөт кош көңүл мамиле кылбай, колдоо көрсөтүп, ата - энесин сүйүнтүп койсо абдан жакшы болмок. Жаштар балдарын кыйналбай чоңойтушмак. Болбосо, бирине тартсаң экинчисине жетпей турса зээниң кейийт экен.

Фатима Турдубаева, балдардын чоң энеси:
"Бирөө тыңып, экөө вакуумда жатып калды"
- Келинимдин ичиндеги түйүлдүгү үч ай болгондо, УЗИге түшүрүп, үч эм төрөлөөрүн билсек да, "аман - эсен көз жарып алсын" деп ырымдап атасына да айткан эмеспиз. Келинимдин боюндагысы жети айлык болуп калганда буту - колдору шишип кетип ооруканага жатып калды. Догдурлар: "келиндин черепной давлениеси бар экен, балдарды жети айында эле кесарево менен төрөтөбүз", - дешти. Ошентип баарыбызды сүйүнткөн үч эм эркек бала төрөлдү. Аман - эсен торолушсун деп ысымдарын Аманбек, Эсенбек, Турсунбек деп өзүм койдум. Азыр Кудайга шүгүр, алты айга толуп, бираз торолуп калышты. Төрөлгөндө эле бирөө тыңыраак экен, өзүнчө дем алып кетти. Экөө вакуумга көп жатып калгандыктан учурда тез - тезден эле ооруп калышат.

Шайыбек Турдубаев, балдардын атасы:
"Үч эм уулдуу болдум деп сүйүнчүлөсөм, эч ким ишенбей койду"
- Келинчегимди ооруканага жеткирген соң, абалын билип коеюн деп барсам "үч эм төрөлгөн балдардын атасы сенсиңби?" - деп кызыгып сурашкан доктурларга таң кала, "жок" деп койгом. Аныгын билген соң, сүйүнгөнүмдөн аз жерден эс - учумду жоготуп, жыгылып кала жаздагам. Өзүңөр ойлоп көрсөңөр, биринчи жолу ата болом деп кубанычым койнума батпай турганда үч эм төрөлүп жатса, кош сүйүнүчтөн эмне кылаарыңды билбей калат экенсиң. Досторума, туугандарыма сүйүнчүлөсөм, эч ким ишенбей койсо боло.
Ата - бабабыздын "Балам, балалуу болгондо билерсиң" деген макалы таамай айтылганын бүгүн жон терим менен сезип олтурам. Антип айтканымдын да жөнү бар. Өзүмдүн үйүм жок. "Көлмө" жаңы конушунда эки бөлмөлүү батирде турам. Дубалы шлакобетондон тургузулгандыктан кышында полунан, пайдубалынан ным тартып, бөлмөдө жылуулук турбайт экен. Балдарымдын жалаяктарын жууп - кургатууга шарт жок, кыштан абдан кыйналып чыктык.
Турак жай маселеси боюнча февраль айында Өкмөт башчыбыз И.Чудиновго кат жазып кайрылганбыз. Алардан жыйынтык болбогон соң, март айында президентке кат жолдодук. Президенттин администрациясынан каттын жообун сурасак, "мэрияга жөнөткөнбүз, ошол жактан бөлүнүп берилет", - дешкен. Мэрге эки - үч жолу барып кире албай койдум. Көрсө, үч ай мурда кезекке жазылып, анан кирет экенсиң. Ошентип, ал жактан да жооп уга алган жокпуз.
Өзүм президенттин иш башкармалыгынын "Курулуш инвестициялар жана соода башкармалыгы" мамлекеттик ишканасында курулушчу болуп иштейм. Иште жүргөндө "президентке жолугуп калсам, арманымды көзмө - көз айтаар элем" - деп кыялданып коем. Бир жолу Ак үйдө "белый залды" оңдоп жатсак, президент Курманбек Бакиев баш багып калды. Көйгөйүмдү айтып үлгүрө албай калдым. Жанындагы жан сакчылары жанына барууга мүмкүндүк берген жок.

Жаңылкан Дайырбекова, балдардын энеси:
"Үч жолу ооруканага жатып чыктык"
- Быйылкы кыш өзгөчө суук болуп өзүм да, балдарым да сыркоолоп, кышы менен үч жолу ооруканга жатып чыктык. Эми күн жылыганына сүйүнүп жатсам электр жарыгын күндүзү да, түндөсү да өчүрүп жүдөтүштү. Үч баланы эмизип тойгузуу кыйын экен. Түн ичинде балдар ыйлайт, сүттөрүн ысытып бергенге мүмкүнчүлүк жок. Шымдарын которгондо карайлап калам. Бир бала болсо эч кимден суранбай эле өз оокатыбыз өтө бермек, үчөө менен кыйын болуп калат экен. Ошондуктан өкмөткө квартира сурап кайрылдык.
Келээрки кыш да ушундай суук болсо, "көмүрдүн баасы баланча сомго кымбаттайт" деген имиштерди угуп алып, чиедей үч балам менен эмне кылам деп азыртадан сарсанаа боло берем. Шаарыбыздын мэри Д.Үсөновдон көйгөйүбүздү эртерээк чечип берүүсүн гезит аркылуу суранат элем.
P.S. Мен барганымда жаш жубайлар Бишкек шаарынын Мэри Данияр Үсөновго кат жазып жатышыптыр. Данияр мырза жаштардын өтүнүчүн суутпай, алардын сүйүнүчүнө ортоктош болуп, 1-июнь- Балдарды коргоо күнүн утурлай бөбөктөргө майрамдык белек катары турак - жай маселесин чечип берээрине ишене туралы.

Гүлниза Молдокулова,
"Алиби"