presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№44, 14.05.08-ж.
  Уурусу күчтүү болсо, ээси доого жыгылабы...?

Жалалабаддагы "беспредел"
Өткөн сандарыбызда 09.04. жана 30.04.08-ж Жалалабаттын шаарпрокуратурасына 60 чакты милиция кызматкерлери басып кирип, андагы прокурорлор менен Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлеринин машинелеринин дөңгөлөктөрүн тешип, бензобактарына кум толтуруп кеткени тууралуу кабарладык эле. Кызыл шапкечендердин мындай "беспредел" кадамга барышынын себеби эмнеде экендигин билүү максатында атайын Жалалабатка барып келдик. Анда сөз кезеги менен болсун.

Максуда Хамракулова,
Искендердин апасы:
"Биз аларды милиция формасын кийген рекет деп ойлогонбуз"
- Менин үйүмө 2008-жылдын 4-апрелинде күндүзгү саат экилер чамасында бир милиция кызматкери келип, "Сиздин балаңыз Искендер героин менен кармалды" - деди. "Биз героин эмне экенин билбейбиз, биздин душмандарыбыздын бирөөсү сиздерге заказ берип, аны атайын кармасаңар керек" - десем, "эже, сүйлөшө турган жер барбы, бүтпөй турган иш жок" - деди.
Үйгө киргенден кийин "эже, бул үч төрт миң доллар менен бүтпөй турган иш. Бизге 10 миң доллар берсеңиз, ишти жаап салабыз"- деди.
Коңшуларымдан акча издеп, эптеп 50 миң сом таап Бегалынын колуна бердим.
Чайханага келсем күйөөм Ибрагим өзүнүн досу, "Ай шоола" ресторанынын кожоюну Курманбекке телефон чалып, чакырдык да болгон окуяны айтып бердик. Ал Жалалабат шаардык ички иштер бөлүмүнө, облусттук ички иштер башкармасына телефон чалып, "сиздерде кылмышкерлерди издөө бөлүмүндө Бегалы Шералиев деген жигит иштейби? Машинасынын номуру 87-32 BL" - деп сураса, "андай адам бизде иштебейт" - деп жооп беришти.
"Ички иштер бөлүмүндө мындай адам иштебесе, бул рекет болуш керек. Здесь что-то подозрительное, это явно шантаж" - деп Курманбек бизди прокуратурага саат 18:30да алып барды. Анда Жалалабат шаарынын прокурору Раимжан жана анын орун басары Таалайбек менен 3-4 кызматкер гана олтурган экен. Прокурорлор бизге арыз жаздыртып, Улуттук коопсуздук комитетине кабар беришти.
Эртеси күнү Бегалы менен "Байэл" базарынын жанынан жолуктук. "Сиз акчаны мага берсеңиз, балаңыз 10 мүнөттөн кийин аркаңыздан үйгө кирет" - деп колун мага узатып жатканда ары жакта турган Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери Бегалыны кармашты да, мени кошуп прокуратурага алып барышты. Күйөөм Ибрагим болсо эс-учун билбей, "Байэл" базарынын жанында калды. Биз прокуратурага баргандан кийин аз убакыт өтпөй эле 60 чакты милиция кызматкери прокуратуранын дарбазасын талкалап, тергөөчү Толкундун кабинетине кирип келишип, Бегалыны жана анын машинесинен алынган эки сотканы жана башка далил буюмдарды алып чыгып кетишти.
Тергөөчү Толкундун колундагы документтерди да алууга аракет кылышты эле, Толкун столдун астына жыгылып, бербей койду. Прокуратурага кирген милициялар сыртка чыгып келе жатканда, мени УККнын жана прокуратуранын кызматкерлери милицияга көрсөтпөй, бир кабинетке киргизип, бекитип калышты.
Облпрокурор Бишкектеги Башкы прокуратурага кабар бергенден кийин Башпрокуратурадан, ИИМден, Улуттук коопсуздук комитетинен атайын тергөө тобу келди. Мына ошол Бишкектен келген комиссиялардын текшерүүсүнөн кийин гана балам эркиндикке чыгып олтурат. Бегалы болсо, "мени такыр көргөн эмесмин" деп танып жатат.

Искендер Хамракулов,
жапа чеккен жигит:

"Ак-Кушту" 87 миң долларга сатабыз деп айткандан 3 күн өтө электе, милиция мени кармап олтурат"
- Сен баңгизатты сатып иштегениң чынбы же өзүң үчүн колдоносуңбу?
- Мунун баары калп. Мен баңгизатты колдонбойм дагы,сатпайм дагы. Мени "подстава" кылып, эптеп-акча өндүрүп алууга аракет кылышканы сокурга деле көрүнүп турат. Себеби, биздин "Ак-Куш" деген чайханабызды сатмак болуп, бирөө менен 87 миң долларга келишим түзгөнбүз. Биз жаштык кылып, көчөгө чыкканда ар кимге "биз "Ак-Куш" чайханабызды 87 миң долларга сатмак болуп жатабыз" - деп айткандан 3 күн өтө электе, мени Жалалабат шаардык ички иштер бөлүмүнүн кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн кызматкери Бегалы Шералиев кармап отурат. Алар ошол акчанын кайсы бир бөлүгүнө ээ болуп калуу максатында, уюштурушса керек. Түшүнүктүү болушу үчүн, болгон окуяны баштан-аяк баяндап берсем. Үстүбүздөгү жылдын 4-апрелинде күндүзгү саат 11лер чамасында үйдөн чыгып, "Байэл" базарында кийимдерди карап турганмын. Анан эле тааныш эмес бир киши жаныма келип, "Искендер жүрсөң" деп базардын сыртында турган "Гольф" машинесинин артына олтургузду да дароо эле колума кишен салып койду. Чөнтөктөрүмдү аңтарып, мобилдик телефонумду алып коюшту. Мен эмне болуп кеткенин өзүм дагы түшүнбөй калдым. Анан эле мени машинеге ээрчитип келген милиция кызматкери, "Оногу забордун астында жаткан нерсе сеникиби?"- дегенде, "Ал эмне экен?"- деп сурадым. Ошондо "ал деген героин, аны сен таштап жибердиң"- десе болобу.
"Меники эмес" десем, "көп сүйлөбөй олтурчу. Эгер мойнуңа албасаң, уурдалган соткаларды саткансың деп, эки-үч кылмыш ишин мойнуңа илип салабыз же жок кылып жиберебиз. Андан көрө иштин бүтүшүн кааласаң акча тап" дешти. Менин сотка менен иштегенимди билишсе керек. "Мен табалбайм" десем, үйүмө телефон чалдырышып, апам менен сүйлөштүрүштү.
"Апа үйдөсүңбү, мен азыр барам"- деп туруп, машине менен биздин үйгө бардык. Үйгө жеткенде мени кармаган Бегалы деген милиция кызматкери машинеден түшүп, үйгө киргенде анын артынан Нурис деген милиция кирип, кайра экөө чыгышты. Нурис менин кишенделген колума Үмүттүн башындагы кепкасын жаап, үйгө киргизип, апам менен жолугуштурду да, кайра дароо эле сыртка алып чыгып кетишти. Бегалы апам менен сүйлөшүп калды. Бираз убакыттан кийин Бегалы чыгып, Жалалабат ПЭСинин жанында турган кызыл түстөгү "БМВ" машинесине Үмүттү, Нуристи жана мени таштап, "Гольфту" айдап кетип калды. Көрсө, биз олтурган "БМВ" машинеси Нуристики экен. Андан соң, жанымдагы экөө кишенделген боюнча Жалалабатты айланып, кыдырып жүрө бердик. Кечки саат 18:00да Бегалы Нуриске телефон чалганда, Барпы театрынын алдына келдик. Анда Бегалы машинеси менен күтүп турган экен, ичинде эки кыздын олтурганын көрдүм. Нурис экөө 5 мүнөттөй сүйлөшкөндөн кийин, Нурис анын машинесин ГОВДнын жанына токтотуп келди. Бегалы жана мен тааныбаган дагы бир милиция кызматкери (кийин ал Бегалынын начальниги Таалай Базарбаев экендигин билдим) биз олтурган машинеге түшүп, баарыбыз бирге Ош шаарына жөнөдүк. Ал жакта айланып, анан кечки саат 23:00 чамасында кайра Жалалабатка келип, Таалай деген милиция кызматкерин ГОВДга ташташты да, Сузак районундагы кафеге барып тамактанышты. Мени кафеге кишенделген боюнча киргизишип, колумиа шапкени жаап коюшту. Кишенделип олтурганымды бизди тейлеген Назгүл деген кыз көргөн. Кайра келатканда Бегалыны Тагай бий деген саунанын жанына калтырып, Нурис менен Үмүт машинеде калышты. Анан "качып кетпе" деп, Үмүт өзүнө жана мага кишенди салып, уйкуга кирдик.
Эртеси эртең мененки саат 8дер чамасында Нурис Мунар аттуу жигитке чалып бир жерге келүүгө чакырды. Биз Курманбек көчөсүндөгү бир ишканага келдик да, минип жүргөн машинеден түшүп, Мунар деген жигиттин "БМВсына" түштүк. Мындан соң, мени Жалалабат облусттук Транспорттук ички иштер башкармалыгына (Линейный отдел милиции) алып барып, 2 сааттан ашыгыраак убакыт машинеде кармашты. Бир маалда Мунарга бирөө телефон чалып калды. Ошондо гана алар бир кагаздарды толтуруп туруп, Мунардын диктовать этип айткандары боюнча героин меники дегендей түшүнүк кат жаздырышты да, кол койдурушту. Кечке чейин мени ошол жакта кармашты да, караңгы киргенде Жалалабаттын ГОВДсына алып барып, камап коюшту.
- Эмнеге телефон чалгандан кийин гана түшүнүк кат жаздырышты?
- Аны мен билбейт экенмин. Эми азыр ойлонуп көрсөм, алар Бегалынын телефон чалганын күтүп жатышса керек. Бегалыны СНБшниктер кармады дегенин бирөө айтканда гана, былыгыбызды жабалы деп кагаздарды толтуруп башташкан чыгар.
- Азыр эми камактан бошотулуп, эркиндикте жүрөсүң. Жогоруда ысымы аталган милиция кызматкерлери сага жолугуп коркутушкан жокпу?
- Жолугуша элек. Бирок, жакында чачтарачта иштеген иниме Асанбек деген таксист жигит келип, "акеңдин иши не болуп жатат? Менин бир агамды иштен алышайын деп жатыптыр. Апаңа айт, тигил жакка барып, анын тиешеси жок десин. Эмесе, силерге проблема болот"- деп кетиптир.

Ибрагим Хамракулов,
Искендердин атасы:
"Чайхананы маңдай-терим менен тапкан акчага кургам"
- Чайханаңыздарды неге сатайын дедиңиздер эле?
- Чайханабызды 2001-жылдан тарта иштеттик, бирок андан жарытылуу киреше ала алган жокпуз. Өзүбүз жакшы иштете албай, ижарага берсек, алар иштетип туруп, акчаны берүүгө келгенде баса беришти. Жөнөкөй сөз менен айтканда, муну иштетүүгө биздин күчүбүз жетпей калды. Себеби, өзүм 2-топтогу майып болуп, мурдагыдай күч-кубатым калбай, кара-жумушка жарабай калдым. Аз күн мурда өтүмдөн да операция болдум. Бул менин үчүнчү турмушум. Биринчи аялымдан такыр балалуу болбогонумдан, экинчи жолу күйөөсү менен ажырашкан бир балалуу аялга үйлөнгөм. Ал менен бир топ жыл жашасам да, бала эркелетүү бактысына туш болгон жокмун. Бул дүйнөдө баласыз өтүү баарынан коркунучтуу экен. Ошентип, аргасыздан үчүнчү жолу үйлөнүүгө туура келди. Кудайдын боору оорудубу, айтор, Манзурадан үч эркек балалуу болдум. Алардын улуусу Искендердин үйлөнгөнүнө 3 жылдын жүзү болду. Андан кийинки балдарым да бойго жетип, ар бирин үйлөнтүп-жайлантып, өзүнчө бөлүп, аталык милдеттен кутулайын дегем.
Мен башынан бери эле арам оокат менен күн көргөн адам эмесмин жана балдарымды да ошого тарбиялап келем. Искендерден кийинки балдарымдын бирөө чачтарачта эркектердин, экинчиси аялдардын чачын алат. Экөө тең, Жалалабаттагы мыкты чачтарачтар болгондуктан, эс алуу күнү жок иштешет. Ошолорго өзүнчө чачтарач ачып берсемби деген планым бар эле.
Учурда, 59 жашка чыктым. Мен алгачкы жолу 36 жашымда балалуу болуу бактысына туш болдум. Бала дегенде жеген ашымды таштап, башымды өлүмгө саюуга даярмын. Ошолордун камын көрөйүн деп жатсам, бирөөнүн мүлкүнө, ырыскысына көз арткан милиция кызматкерлеринин аракеттерине нааразы болдум…
- Бул чайхананы кайсы акчаңызга салдыңыз эле?
- Илгери, мен Жалалабаттагы "Чолпон" деген бут-кийим чыгарган фабрикада кайыш чойгуч болуп иштечүмүн. Бирок, ашказанымдагы жара катуу ооругандыгынан Бишкектеги Ахунбаев атындагы клиникада 1972- жылы жана 1974-жылы эки жолу операция болдум. Ошондо мага операция жасаган грузин улутундагы Шибиладзин деген профессор аба алмаштыруум керектигин айтты.
"Кыргызстандын климаты нымдуу, сага кургак аба-ырайы зарыл. Өзбекстандын Кашка-Дарыя облусу чөлдүү аймак. Ошол жакка барышың керек"- деген өзүнүн кеңешин берди.
Ошентип, 1975-жылдын март айында аталган аймакка бардым. Анда дыйканчылык менен күн өткөрдүм. Жайкысын коон, дарбыз эксем, кышкысын машинелердин моторлорун оңдоп жүрдүм. Он бир жыл жашап, 1998-жылы Жалалабатка келип, 35 миң сомго 10 сотых жер алып, өзүмдүн маңдай-терим менен тапкан акчага бул чайхананы кургам.

Мурадил Кокиев, "Байэл" базарындагы соодагер:
"На помощь" дегенде эле чуркап баргам
- "На помощь" дегенди укканда эле базардын сыртына чуркап чыктым. Карасам эле милиция формасындагы бир адамды граждандык кийимчен эки адам колун кайрып кармап жатышыптыр. Милиционерге ким кол көтөрүп жатат деп, ага жардам берүү үчүн жанына чуркап барып, ажырата баштадым. Бир маалда "тийбе ага" деген Искендердин апасын жана видеокамера менен тартып жүргөн адамды көрүп калдым. Көрсө, аны СНБешниктер кармап жатышыптыр. Мен милиция формасындагы адамды көргөнүм чын.

P.S. Эң кызыгы, Искендердин ата-энеси Бегалы Шералиевди сурап, анын машинесинин номуруна (8732 ВL) чейин айтып, Жалалабат ШИИБсине чалганда, "мындай адам иштебейт, андай номурлуу машинени Жалалабаттан эмес, Бишкектен издегиле"- деп жооп бергенине таң каласың. Эгер өздөрүндө иштеп жаткан оперкызматкерин иштебейт десе, анда ШИИБнин жетекчилиги аны "мындай иштерге далай ирет колдонуп жүрүшкөнбү?"- деген суроо туулбай койбойт экен. Себеби, дал ошол телефон чалган учурда Бегалынын машинеси Жалалабат ШИИБсинин короосунда турган экен. Экинчиден, Шералиевдин Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлеринин колуна түшүп, прокуратурада сурак берип жатканын уккан Облусттук Ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары 60 чакты милиция кызматкерлерин артынан ээрчитип, прокуратураны басып алууга чейин барышкан. Тагыраак айтканда, тергөөчүнүн иш бөлмөсүнө басмачылардай бакырып-өкүрүп кирип, анда сурак берип олтурган Бегалыны жана анын машинесинен табылган далил буюмдарды алып чыгып кетишкен. Жөн кетпей, мыйзамдуулуктун аткарылышына көзөмөл жүргүзгөн прокуратуранын терезелерин талкалап, анын короосунда турган машинелердин дөңгөлөктөрүн жарып, бензобактарына кум салып кетишкен. Облпрокурордун телефон чалуусу менен келген облусттун жаңы дайындалган начальниги, генерал-майор Кемелбек Кыязов прокуратурага келип, "Балдар, бул кылганыңар жакшы эмес. Болду токтоткула, талкалаганды"- дегенде, көп жылдардан бери Жалалабат ШИИБсинин начальниги анын эскертүүсүн кулак сыртынан гана кетирбестен, сөккөнгө чейин барганы нени каңкуулайт? "Подстава" кылып кармаган Искендерди 29 саат мыйзамсыз алып жүргөн генде, жалган документтерди арткы число менен толтурган кесиптештерине кандай баа берүүгө болот? Бүгүнкү күнү сурак берип жаткан Бегалы Искендердин апасын такыр көргөн эмесмин, аны таныбайм деп жатканына ким ишенет? Атын атагысы келбеген айрым прокуратура кызматкерлеринин сөзүнө караганда, Бегалы Шералиевге облусттук ИИБсинин начальнигинин орун басары "крышевать" этет экен. Анын эч кимди тоготпогонунун бир белгиси катары өз кезегинде азыркы Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев менен бирге иштеп, аны менен жакшы мамиледе экенин кыйытыптыр. Эгер андай эмес болсо, Молдомуса мырза өзүнүн ысымына көлөкө түшүрбөстөн, ага тиешелүү жазаларды бериши зарыл. Ошондо айрым милиция формасындагылардын колунан жапа чеккен адамдардын гана эмес, жалпы карапайым калктын ишенимине ээ болот . Минтип айтканыбыздын себеби, ИИМдин коллегиясында Кыргызстандагы №1 милиционер Молдомуса Конгантиев Жалалабат ШИИБсинин начальнигин жана үч орун басарын иштен айдаганын билдирген эле. Искендердин кармалышына тиешеси бар делген Жалалабат ШИИБсинин начальниги Таалай Базарбаевди көбү кызматынан кеткен деп жүрүшкөн. Көрсө, эл көзүнө которулумуш этип, Базар-Коргон РИИБсине кылмышкерлерди издөө бөлүмүнө начальник болуп олтуруптур. Мындай "жүрүштөрдүн" канчалык деңгээлде жарандарыбыздын коопсуздугу үчүн опурталдуу экендигин өзүңүз баамдап алыңыз, окурман!


Даярдагандар
Бабырбек ЖЭЭНБЕКОВ,
Улан МАМБЕТОВ жана
Ильяс Омуралиев,
Бишкек - Жалалабат - Бишкек










??.??