presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№44, 14.05.08-ж.
  Акыйкаттан адашсаң,
Алибиге кайрыл!

"Адвокат-профи" жооп берет
Жер үлүшүмө үй кура аламбы?
- Мен айыл чарба багытындагы жер үлүшүмө үй кура аламбы? Амантай, Жумгал району
- Жер үлүшү Сизге айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн гана берилген. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 74-беренесине ылайык, айыл чарба багытында жер үлүштөрүн анын максатына ылайык колдонуш керек. Эгерде курулуш курган болсоңуз, Өкмөт жерди мыйзам негизинде алып коет. Эгерде жер үлүшүңүз үйүңүздөн абдан алыс жайгашкан болсо, анда сиз капиталдык жерпайы жок, оңой бузууга боло турган жеңип курулмаларды курсаңыз болот.

Жер участогу кере к
- Мага жер участогун менчикке ким бере алат?Алтынбек, Бишкек шаары
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-17, 20-21 беренелерине ылайык, мамлекет тарабынан жер участокторун өз аймагынын чегинде менчикке бере ала турган ыйгарым укуктуу органдар аныкталган. Алар, айыл өкмөтү, райондук мамлекеттик администрация жана шаардык мэриялар.

Жерди кайдан алсам болот?
- Мага үй куруш үчүн жер керек, эмне кылышым керек? Алмаз, Талас шаары
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 33-беренесине ылайык, эгерде сиз акысыз жер алууга муктаж болсоңуз жана курулуш куруу үчүн жер участогун алууга укуктуу болсоңуз, анда сиз жашан жериңиздеги ыйгарым укуктуу органга арыз беришиңиз керек. Жер участогун акысыз берүү жөнүндөгү сиздин арызыңызды ыйгарым укуктуу орган карайт да, бош жер бар болгондо, кезекке жараша берет. Жеке турак жай үйлөрүн жайгаштыруу облустун, шаардын, райондун башкы архитектору менен макулдашылган башкы пландын чиймесине ылайык жүргүзүлөт.
Балдарымдын жер үлүштөрү кандайча бөлүнөт?
- Мен 1986-жылы турмушка чыгып, бүгүнкү күнү үч балалуу болдум. 1993-жылдары жер бөлүштүрүү учурунда биздин үй-бүлө мүчөлөрү 2,50гектар жер үлүшүн алганбыз. Ар бир жанга 0,5га жер үлүшүнөн тийген. Эгерде күйөөм менен ажырашсам, менин жана балдарымдын жер үлүштөрү кандайча бөлүнөт? Жамал, Бешташ айылы
- Жубайлардын жалпы мүлкү алардын макулдашуусу боюнча бөлүнүшү мүмкүн. Эгерде мындай макулдашуу болбосо, сот тартибинде бөлүнөт. Мүлктү бөлүү процессинде сот мүлктү да, жерди да так бөлүп бериши керек. Жер участогу бөлүнгөн учурда ар бир тарап өзүнчө укук күбөлөндүрүүчү документти Мамкаттоонун жергиликтүү органынан алат. Соттук кароо учурунда өспүрүм балдардын кызыкчылыгы эске алынып, балдар кайсы ата-энесинин карамагында калса ошого бөлүп берет. Тактап айтканда, үч балаңыз сиздин колуңузда болсо, аларга таандык 1,5гектар жер үлүшүн тескей аласыз. Бул Үй-бүлө кодексинин 39 беренесине жана "Эрезеге жете электердин укуктарын сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 26 беренеси менен жөнгө салынат.

Башка мамлекеттин жарандыгын алгам
- Мен 2006-жылы контракт менен Түркиянын Анкара шаарына иштеп келүү үчүн кеткен элем. 2004-жылы 3 га жер үлүшүн Кыргызстанда жашап жүргөндө сатып алгам. Эгерде мен башка мамлекеттин жарандыгын алсам, жер үлүшүм эмне болот? Анвар, Бишкек шаары
- Эгерде жарандыгыңызды алмаштырсаңыз, анда бир жылдын ичинде жериңизди Кыргызстандын жаранына сатышыңыз керек. Эгерде бир жылдын ичинде жериңизди сатпасаңыз, анда ыйгарым укуктуу орган бул жер участогун сатууну уюштурат да, жерди сатууга кеткен чыгымдарды кармап калып, калган акчаны сизге берет. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекстин 283 беренеси менен жөнгө салынат.

Жеримди жашыруун мураска калтырсам болобу?
- Мен өзүмө таандык жер үлүшүмдү жашыруун мурастасам болобу? Манзура, Сокулук айылы
- Ооба. Жарандык кодекстин негизинде жашыруун керез кагаз мурас калтыруучунун эрки боюнча анын мазмуну менен таанышылбастан туруп, нотариус тарабынан күбөлөндүрүлөт. Сиз өзүңүзгө гана таандык жер үлүштү керээзге калтыра аласыз. Эгерде, башка адамдардын жер участогун кошумчалап керээзге калтырсаңыз, ал керээз кагаз жараксыз болуп эсептелет. Мыйзамды бузуу менен түзүлгөн керээз кагаз юридикалык күчкө ээ болбойт.




  КЫЛТАК

Алты жашар кызды зордуктап…
Адам деген атты алып жүрүүгө татыксыз, көр пенделик кумары үчүн бардыгына даяр эки бутуу айбандардын жасаган акмакчылык иштерине аргасыз баш чайкайсың.
Айтайын дегеним, Талас шаарындагы Тельман жана Оторбаев көчөлөрүнүн кесилишинен 6-май күнү күндүзгү эки жарымдар чамасында 59 жаштагы адам 2000-жылы туулган секелек кызды зордуктоого аракет кылып жаткан жеринен укук коргоо кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн.
Жүрөк титиреткен дагы бир зөөкүрлүк иш Бишкек шаарына караштуу "Учкун" кичирайонунда болуп өткөн. Кичинекей алты жашар наристени Жалалабат областына караштуу Казарман айылынын 1981-жылкы тургуну күч колдонуп зордуктап салган.

Тоодон токсон төрт миң доллар табылды
Тажикстандын Мургаб районунун 30 жаштагы тургуну Алай районундагы тоолорго ири өлчөмдөгү героин каткандыгын Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча агенттикке билдирген.
Тажикстан жаранынын айтымында, ал үстүбүздөгү жылдын апрель айында Тажикстандан Кыргызстанга ири өлчөмдөгү баңгизатын алып келип, аны Алай районундагы бийик тоолордун бирине катып койгон. Бирок, өтө бийик жана суук жакка каткандыктан бутун үшүккө алдырып, жыйынтыгында дарыгерлер аны кесип салууга аргасыз болгон.
Агенттиктин оперлери аталган жерге барып, жашырылган чуңкурдан 3 килограмм 385 грамм таза героинди табышкан. "Черный рынокто" анын баасы 94 миң долларды түзөт экен.

Эки бала жарылып өлдү
Ош областында болуп өткөн жардыруудан 8-класста окуган эки өспүрүм курман болду.
ИИМдин пресс-кызматынын маалыматынд,а 8-май кечки алтылар чамасында Ош облусунун Тээке айылынын тургуну А.Рахмановдун үйүндө жардыруу болуп, 8-класста окуган уулу М. Рахманов жана анын классташ курбусу Г. Баймурзаевдер шеит кетишкен. Ал эми көптөгөн жараттар менен үй ээлери 1963-жылы туулган А. Рахманов жана 1964-жылкы анын жубайы Ж.Рахманова Ош шаардык бейтапканасынын реанимациялык бөлүмүнө жаткырылган.
Маалыматтарга таянсак, эки классташ Ош шаарынын чет жакасында жайгашкан Коргоо министрлигинин аскердик-окуу полигонунан белгисиз жардыруучу зат таап алышат. Аны үйгө алып келип ачып көрүүгө аракет кылышкан учурда экөөнүн өлүмү менен коштолгон жарылуу болгон.
Өткөрүлгөн ар бир машыгууларында ок-дарыларын көрүнгөн жакка таштай берген аскер адамдарыбыздын мындай шалаакылыгынан он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек бейкүнөө өспүрүмдөрдүн кырчындай өмүрлөрү кыйылып отурат.

62 жаштагы кемпир жаш кызды тоноп…
Өлкөбүздүн борбор калаасынан 6-май күнү чаламандын чак түшүндө эле 1946-жылы туулган Ж. Бакирова аттуу пайгамбар жашындагы бир байбиче 1986-жылы туулган Ж. Бекеева деген жаш кыздын 600 долларлык компакт-дискин тартып алган деп шектелип, Бишкек шаардык ИИБнин кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн.
Эми минтип, бул апабыз неберелерин эркелетип, балпайып төрдө олтурар курагында, тергөөчүлөргө сурак берүүдө.

Бычак такап...
Ал эми Ош областындагы Өзгөн районуна караштуу Гузар кыштагында 9-май күнү, Кызыл-Октябрь айылынын 46 жаштагы тургуну ошол эле айылдын жашоочусу 10 жаштагы кызга бычак такап, уюлдук телефонун тартып алган.

Шылуундар колго түштү
Кыргыз Улуттук университетинин кызматкери контрактык бөлүмдө окуган студенттердин акчаларын жеп алган деп күнөөлөнүүдө.
ИИМдин пресс-кызматынын маалыматына караганда, өткөн жумада КУУнун факультеттерди уюштуруу секторунун 33 жаштагы инспектору А. Садыгалиева финансы-кредит адистиги боюнча билим алып жатышкан беш студенттин 18650 сомду түзгөн контрактык акчаларын өз кызыкчылыгына пайдаланып жиберген.

Милиция кызматкерин бычактап кетишти
Ордолуу Ош шаарында милиция кызматкерине бычак шилтеп, өлтүрүүгө аракет кылган адамдар изделүүдө.
Ош шаарындагы Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан "Меркурий" кафесинде 5-май күнү 24 жаштагы милициянын старшинасынын мойнуна жана көкүрөгүнө бычак менен урушкан.Кызыл шапкечен оор абалында Ош шаардык бейтапканасына жеткирилген.

Француз жараны тонолду
ОШМУда мугалим болуп иштеген Франциянын жаранын тоноп кетишти.
Жабыр тарткан француз айымы П. Кутонун айтымында 11-май күнү кечки он бирлерде белгисиз бирөөлөр кол салып, 12 миң сомдук уюлдук телефонун жана 15 миң сомдук санарип фотоаппаратын тартып алган.
Ош шаарынын күч органдары тарабынан кылмышка шектүү С. Грунковский аттуу адам кармалган.

Эрнис БАЛБАКОВ,
"Алиби"










??.??