presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№44, 14.05.08-ж.
  Болжурова кимге болушат?

Акыйкат издеген Адылбектин арманын ким угат?
Кандай шайлоо болбосун, артынан чатактар чыгат. Мындай нерселер бизде көнүмүш адатка айланууда. Бийлик оруну үчүн болгон саясий күчтөрдүн кармашуусу шайлоолор менен жыйынтыкталат. Шайлоолордун өзү саясий окуялардын бири болгондуктан, андан жабыркагандарды саясаттын курмандыктары катары кабыл алышыбыз керек. Ал эми, ошол шайлоолордо өзүнүн атуулдук парзын аткарган адамдар ошол бийлик тарабынан куугунтукталса, саясий куугунтук катары кабыл албай коюшубуз болбойт. 2006-жылдын 17-ноябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин(мындан кийин КУУ) ректорун шайлоо боюнча шайлоо өткөрүлгөндүгү көпчүлүктүн көңүл борборунда болсо керек. Ошол кездеги шайлоолорго нааразы болгондор көп эле болушкан. Азыркы ректор Ы.Өмүрканов президентибиз К.Бакиевдин жардамы менен атаандашы А.Бөрүбаевди утуп чыкканын ошол кездеги массалык маалымат каражаттарынын баарысы жазып чыгышкан. Атургай, азыркы ректор Ы.Өмүркановду өткөрүш үчүн ошол кездеги бир топ депутаттар дагы чуркашкан. Ы.Өмүркановдун жердеши жана теңтушу депутат З.Эсенаманов КУУнун ректорун шайлоо боюнча комиссиянын курамына кирип алган. Адилетсиз өткөрүлгөн шайлоодо Акүй таптаган Ы.Өмүрканов араңдан зорго 7 гана добуш менен А.Бөрүбаевди жеңип чыккан. Шайлоолор аяктаар менен саясий кысымдар башталып, А.Бөрүбаевди жактаган бир топ абройлуу окутуучулар КУУдан аргасыз кетүүгө мажбур болушкан. Саясий куугунтуктун кучагында калган КУУнун "информатика жана компьютердик технология"(мындан кийин ИКТ) кафедрасынын улук окутуучусу Агыбаев Адылдын арманын уккан адам, азыркы бийликти ашатып сөкпөйт деп айта албайм. Бир жарым жылдан бери акыйкатты таба албай, аргасыздан "Алибиге" кайрылган Адыл мыразанын арманын чогуу иликтеп көрөлү.
2007-жылдын 24-январында(эсиңиздерге түйгүлө) КУУнун экономикалык факултетинин студенттери С.Арыкбаев, Н.Бейшенова, Н.Иманкулов, Б.Ниязбекова, К.Асанов, И.Омурбеков, А.Попов жана Н.Токтомушев КУУнун ректору Ы.Өмүркановдун атына арыз жазышат. Арызданган 8 студент окутуучу А.Агыбаевдин ишмердигине нааразы экенин билдирүү менен, аны тартипке чакырууну суранышат. Аталган арыз КУУнун канцялариясына № 35 кирүү белгиси менен катталат.
2007-жылдын 22-январында КУУнун ректорат кеңешинин жыйыны болот. Жыйында КУУнун академиялык ишмердүүлүк жана мамлекеттик тил боюнча проректору Аскербек Саадабаев сөз сүйлөп, улук окутуучу А.Агыбаевдин үстүнөн жазган 8 студенттин арызын окуп берип, "А.С.Агыбаев фактически никаких занятий не проводил, но с каждого студента требовал знаний , которых не давал, но оценил по 500 сомов с каждого студента"- деп кошумчалайт. Ректор Ы.Өмүрканов ал арызды уккандан кийин мындай деген оюн билдириптир: "Печально, что в стенах университете имеются такие факты, о которых студенты уже начинают писать открытую. Уважаемые деканы и директора, в своих отчетах вы многое не договариваете. Хотелось бы видеть критический подход ко всем подобным явлениям. После одного замечания с такими людми нужно расстаться. В вузах нет массовой коррупции, а только отдельные факты, но они создают общий фон. Проректору по молодежной политике, декану факультета журналистики необходимо освещать все подобные факты в газете". Жыйын протоколунун этегиндеги Ы.Өмүркановдун ордуна А.Саадабаев кол койгон.
Эми өзүңүздөр күбө болгула. Арыз 24-январда кириштелсе, булар андан эки күн мурун, 22-январда талкуулап салышкан. Кыскача айтканда, "өлө элек аюнун терисин бөлүп алышкан". Анда ары жүрө берсек.
Ошол эле күнү, 2007-жылдын 22-январында КУУнун тартип комиссиясынын №6 жыйыны болот. Жыйынга профессор А.Саадабаев төрагалык кылат. Күн тартибине кызматынан кемчилик кетирген профессор К.Бараталиев жана экономика факультетинин студенттери арызданышкан Ж.Солтонбеков менен А.Агыбаевдин маселелери киргизилет. Соңунда атайын токтом менен Ж.Солтонбековко эскертүү, К.Бараталиевге сөгүш берилип, А.Агыбаевдин үстүнөн кызматтык териштирүү жүргүзүү үчүн комиссия түзүү жагы профессор К.Исаевага жүктөлөт.
Көрдүңүздөрбү? Кириштеле элек арызды күн тартибине киргизип, комиссия түзгөнгө киришкен. Арыз жазылган күндө деле, аларды тактап койсо болмок да? Бул жөнөкөй адамдардын чогулушу эмес, профессорлордун жыйыны. Эгер биз ишенген профессорлордун деңгээли ушул болсо, анда алардан билим алган студенттерди сурабай деле койсок болот.
2007-жылдын 25-январында Ы.Өмүркановдун № 7 буйругу менен экономикалык факультеттин студенттеринин А.Агыбаевдин үстүнөн жазган арызынын негизинде комиссия түзүлөт. Комиссиянын төрагалыгына Ш.Сазыкулов, мүчөлөрүнө В.Иванов, Д.Осмонов, К.Альчибеков, А.Байзаков, Н.Акбаев бекитилет. Аталган комиссияга беш күндүк мөөнөттө же 26-январдан 30-январга чейин арызды иликтеп чыгуусу тапшырылат. Комиссиянын төрагасына комиссиянын жыйынтыгы боюнча аныктаманы 30-январга чейин берүүсү милдеттендирилет. Буйрукту көзөмөлдөө жагы А.Саадабаевге жүктөлөт. Кызыгы, Ы.Өмүрканов буйруктун алдындагы өзүнүн фамилиясынын тушуна А.Саадабаевге кол койдурат. Эмне үчүн Ы.Өмүркановдун ордуна А.Саадабаев кол кое берген?
Алты кишиден турган комиссия арызданган сегиз баланын аты жөнүн, бар жогун тактабастан, А.Агыбаевдин өткөргөн сабактарын тактаганга өтүшкөн. Натыйжада, арызда келтирилген дооматтардын жарымы далилденди деген тыянакка келишет. Бирок, аныктамага буйрук менен бекитилген алты адамдын үчөөсү гана кол коюп, А.Байзаков баш тартып койгон. Ал эми, комиссиянын курамына кирген Н.Акбаев менен К.Альчибековдун фамилиялары чыгарылып, ордуларына Е.Писаненко менен Ы.Төлөгөнова киргизилген. Демек, жарым жартылай далилденди деген бүтүмдү, комиссиянын жармысы гана колдоду десек болот.
Эми кайрадан арызга кайрылалы. Аталган арызга кол койгондордун баарысы жалган болуп чыгыптыр. Аталган арызда фамилиясы жазылып, колу коюлган Иманкулов Марлен мындай деген түшүнүк жазыптыр: "Я Иманкулов Марлен, студент 2 курса экономического факультета группы ФКК-5-05 опровергаю заявление группы студентов, обвиняющих старшего преподователя Агыбаева А.С, в котором я числюсь. Я свою подпись ни в каком документе не ставил. Если есть подпись, то она фальшивая. К старшему преподователю А.Агыбаеву ни каких претензий не имею. По существу обвинения ст.пр.Агыбаева заявляю, что он читал лекции постоянно по расписанию. Экзамен сдал своими силами. 07.02.07". Эмне үчүн Ы.Өмүркановдун буйругу менен бекитилген комиссия арыздануучулар менен жолуккан эмес? Арызды жазгандар чынында эле студенттер болсо, аларды эмне териштирген эмес? Же, көчөдөн бирөө арызын көтөрүп келсе эле, комиссия түзө салабы?
Эми, экинчи түшүнүк катка назарыңыздарды бурайын. "Мен Өмүрбеков Улук ФК-04-05 группасында окуйм. Мен эч кандай арыздарга кол койгон эмесмин. Менин Агыбаев Адыл Суюнтбековичке эч кандай претензиям жок. Адыл агай эч кандай барактарды берген эмес(лекциянын копиясын) Студенттерден эч кандай акча талап кылган эмес. Арыз жазгандардын арасында менин да фамилиям жана колум болгондуктан, мен ушул түшүнүктү жаздым. 08.02.07"
Жогоруда аты аталган сегиз студенттин баарысы А.Агыбаевдин үстүнөн арыз жазбаганын айтып гана бербестен, түшүнүк каттары менен бекитип берип отурат. Анда арызды ким жазган? Алардын атын ким пайдаланып, колдорун ким койгон? Жалган арызды жазган адам кылмыш жообуна тартылыш керек эле го?
Ак жеринен азап чеккен А.Агыбаевди кызматтык териштирүүлөр бүткөнчө кызматынан убактылуу четтетип коюшат. Болгондо да, оозеки буйрук менен. Адамы жок арызды кабыл алган, кагазы жок буйрукту аткарган кайсы өлкөдө, кайсы заманда болду экен? КУУда мындайга жол берилет болсо керек? А.Агыбаевдин буга чейин өткөрүп келген сааттарын Ж.Солтонбеков, Т.Мудунов, К.Шаршенова, Р.Имангазиев, Н.Эстебесова, З.Усупбекова, Н.Жамангулова, А.Калдиеваларга бөлүштүрүп берип коет. Аталган окутуучулар эки айга жетпеген мөөнөттө профессор К.Исаевге мындай деген арыз менен кайрылышат. "доводим до Вашего сведения, что мы, ниже подписавшиеся преподователи кафедры ИКТ, заменяли все занятия старшего преподователя Агыбаева А.С. с 05.02.2007 года, так как его отстранили от занятий по решению дисциплинарной комиссии. С 15.03.2007 года мы отказываемся заменять, так как эти часы нам не оплачивается"
Оозеки буйрук менен кызматынан четтетилген А.Агыбаевге эмнегедир эки айлык маянасын иштебесе да төлөп беришкен. Ал эми анын сааттарын бөлүп алышкан жогорудагы сегиз окутуучу эмгек акыларын алышкан эмес. Муну кандай түшүнсөк болот? Же, аларга дагы оозеки буйрук менен сааттарды бөлүштүрүп берди беле?
Комиссиянын чечимине нааразы болгон А.Агыбаев ошол комиссиянын түптөлүшүнө негиз болгон арызды ким жазганын текшерип берүүсүн өтүнүп, Ленин райондук прокуратурасына арыз менен кайрылат. Ленин райондук прокуратурасы иштеги материалдарды иликтөө үчүн Ленин райондук милициясына жөнөтөт. "Төрөлбөй жатып басып кеткен" арызды ким жазганын териштирүүнүн ордуна, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кылмыштын курамы жок деген шылтоо менен, ишти токтотуп коюшкан. Ички иштер бөлүмүнө ичи жылыбагандан кийин, аргасы түгөнгөн Адылбек мырза шаардык прокуратура органдарына кайрылат. Прокуратура өкүлдөру кийлигишкенден кийин, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн ага тергөөчүсү Г.Кыргызбаева "табышмактуу арызга" коюлган колдордун аныгын билип берүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине караштуу соттук экспертиза борборуна жөнөтөт. Экспертизага күмөн туудурган С.Арыкбаев, Н.Бейшенова, Н.Токтомушевдин колдору келип түшкөн. Эксперт Э.Булатов арызга коюлган колдор аларга таандык эмес экенин аныктап, жыйынтыгын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтөт. Табышмактуу арыздын тарыхын тергөөчү Г.Кыргызбаева азыркы күнгө чейин изилдеп жатса керек? Чындыкка жетпей чыдамы кеткен Адыл мырза комиссиянын чечимине нааразы болуу менен Ленин райондук сотуна кайрылат. Тамаша ушул жактан башталат. Сот органдары тиешелүү документтерди талап кыла баштагандан кийин, иш кайрадан ырбай баштайт. Көрсө, А.Агыбаевдин үстүнөн иштеген комиссия КУУнун ректору Ы.Өмүркановго сунуш келтириш керек экен. Ошол сунуштун негизинде гана буйрук чыгарылмак. Комиссия буйрукта көргөзүлгөн 5 күндүк мөөнөттө эмес, 45 күндүк мөөнөттө араңдан зорго аныктама(сунуштама эмес) чыгарышыптыр. Орто жолдо кандайча комиссиянын курамы өзгөртүлүп кетти десек.
2007-жылдын 29-январында Ы.Өмүркановдун 10 "а" деген буйругу чыгыптыр. "А" деген белги коюлганына караганда, бул буйрук кийин кириштелген десек болот. 10"а" деген буйрук бирөө эле эмес, экөө экен. Экөөсүндө тең 2007-жылдын 25 январындагы № 7 буйрукка өзгөртүү киргизүү жөнүндө сөз болот. Биринчисинде, комиссияга киришкен К.Альчибеков менен Н.Акбаевди колдору бошобогондуктан комиссиянын курамынан чыгарып, ордуларына Е.Писаненко менен Ы.Төлөгөноваларды киргизет. Комиссия өзүнүн жыйынтыгын 30уна чейин бүтүрсүн деген талапты коет. Мындайча айтканда, ошол эле күнү бүтүргүлө деп жатат. Экинчи буйрук менен ошол эле комиссияны, "Чистая сессия" деген программанын негизинде окутуучулардын милдеттери жөнүндө студенттердин арасында анкеталык сурамжылоо жүргүзүүнү табыштайт. Бир күндө эки буйрук чыгарууга эмне түрткү болгонун, кандай түшүнсөк болот?


Рыскелди МОМБЕКОВ,
"Алиби"
(Уландысы кийинки санда)









??.??