presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№44, 14.05.08-ж.
  Оппозиция, программаң барбы?

Равшан Жеенбеков:
"Ич ара келишпестиктерди унутуп, күч - кубатты жеңишке багыттасак!"
(Оппозиция өкүлү Равшан Жээнбековдун кыргыз өкмөтүнө жана байларына кайрылуусу)
Бүгүнкү күндө Кыргызстан жалпы экономикалык, анын ичинде азык-түлүк кризисине батып бараткандыгы эч кимге жашыруун эмес. Өлкөдөгү баалардын өсүшүнө тышкы жагдайлар: дүйнө жүзүндө жүрүп жаткан мунайга, газга, буудайга, күрүчкө, майга, шекерге болгон кымбатчылык өз таасирин тийгизбей койбойт. БУУ менен Дүйнөлүк Банк азыртан эле коңгуроо кагып, дүйнө мамлекеттеринин көңүлүн азык - түлүк көйгөйлөрүнө бурууда. Ачкачылык бунттары Египет жана Мексика өңдүү байгер өлкөлөрдө да болуп өткөндүгү эле эмнени каңкуулоодо?

Азык-түлүктүн тартыштыгына кептелген кандай өлкө болбосун жалпы экономикалык кризиске тушугат. Анын келип чыгуусуна ресурстардын жоктугу, элдин басымдуу көпчүлүгүнүн айыл жеринде жашоосу, жакырчылык (калктын 60 пайыздан ашыгын түзсө), энергосектордун жеке менчикке өтүшүнөн улам инвесторлордун электр энергиясынын баасын көтөрүп жибериши, транспортто жүрүү баасынын мунайдын кымбатташынан улам көтөрүлүшү сыяктуу ички жагдайлар да залакасын тийгизет. Алардан улам азык-түлүк продуктыларынын баасы кескин көтөрүлөт. Баалардын көтөрүлүшү айланып келип эле экономиканы жандандырып, азык - түлүк коопсуздугун каржылоону биринчи планга коюунун ордуна салык өндүрүмдөрүн көбөйтүп, стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүү менен гана алек болуп, кайра инфляциянын өсүшүн күчөтүп жаткан бийликке болгон элдин ишенимин жокко чыгарып салат.
Өлкөнүн агрардык күч - кубатынын алсырашына экология, башкача айтканда аба - ырайынын өзгөрүшү, үшүк алуулар, ортоңку тилкелердеги атмосфералык нымдуулуктун азайышынан улам түшүмдүүлүктүн 30 пайызына чейинки жоготуулар да өз кедергисин тийгизет.
Күзүндө азык - түлүккө болгон баалардын кескин көтөрүлөрүнө көзү ачыктык кылуунун кереги жок, ал үчүн эгин эгилген аянттардын көлөмүн, мамлекеттин кампасындагы дандын өлчөмүн аныктап, аны керектөөчү калктын санына бөлүп көрсөк эле жылдык керектөөбүздү аныктап алабыз. БУУнун божомолдору боюнча 2008-жылдын этек ченинде азык - түлүк каатчылыгына дүйнө калкынын 100 миллиондон ашыгы кептелет экен. Бул коркунучту өлкө ичиндеги биримдик, жеткилең иштелген экономикалык саясат жана эл аралык өз ара жардамдашуу аркылуу гана жеңүүгө болот.
Ушулардан улам Кыргызстандын атуулу катары кризистен чыгуунун төмөндөгү жолдорун сунуш кылгым келет:
1. Кыргыз өкмөтү алдыдагы 2-3 жылдын ичинде бизди эмнелер күтүп тургандыгын жаап - жашырбастан, эл алдында ачык - айкын айтып чыгуусу зарыл;
2. Көптөгөн өлкөлөр (Бразилия, Кытай, Египет, Мексика, Индонезия) "Sash transfer" ыкмасын колдонушат. Ага ылайык пенсионерлер менен айыл жергесиндеги мугалимдерге, социалдык жактан аз камсыз болгон үй - бүлөлөргө, өкмөт тарабынан азык - түлүк инфляциясынын ордун толтурууга көмөк көрсөтүлөт. Биздин өкмөт да ушул ыкмага өтүүсү керек;
3. Буудай, кант кызылчасын өстүрүүнү, көмүрдү өндүрүп, калктын жармач катмарына сатууну мамлекет каржылоого тийиш. Аны кандай жолдор менен жасоону Өкмөт менен бизге окшогон саясатчы - мамлекетчилер биргелешип ойлонуубуз керек. Аларды насыялоо, салык жеңилдиктери, мамлекеттик милдеттүү сатып алуулар, акчалай ордун толтуруулар аркылуу жүргүзсөк болот. Агро жана отун-энергетикалык проблемаларын чечүүнүн ачык жолдорунун айрымдары ушулар. Мамлекеттик резервди бөлүштүрүп коюу, калкка ГСМ, буудай, көмүр таратып берүү менен маселе чечилип калбайт, алар, тескерисинче коррупцияны ого бетер күчөтөт.
4. Ар бир айыл өкмөтү азык - түлүк кризисинен чыгуунун 3-5 жылдык өзүнчө программасын иштеп чыгуусу шарт:
5. Таза атаандаштык аркылуу айыл чарбасын коммерциялык нукка салуу, мамлекеттик милдеттүү заказдарды жана сатып алууларды ишке ашыруу;
6. Дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде илим изилдөө институттарын каржылоо аркылуу ишке ашырылуучу айыл чарбасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана тобокелдикти азайтуу;
7. Дүйнөлүк баанын өсүш тенденциясын, анын биздин өлкөнүн экономикасына кайсыл өңүттөн тийгизүүчү таасирин изилдеп көрүү жана Өкмөткө сунуштоо максатында чукул арада көрүлүүчү иш - чаралардын топтомун иштеп чыгуу үчүн жалаң адистерден турган команда (тобокел менеджмент) түзүү зарыл;
8. Бул милдеттерди ишке ашыруу үчүн биз донор мамлекеттер (АКШ, ЕС, Россия) жана Дүйнөлүк Банк менен каржылык жана гуманитардык жардамдарды көргөзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого тийишпиз.
Дүйнөлүк Банк бизге эки багыт боюнча жардам көрсөтүүсү мүмкүн:
1. Саясий кеңештер, аналитикалык жыйынтыктар, башка мамлекеттердин тажрыйбалары, кризис, инфляция менен күрөшүүнүн натыйжалуу жолдору өкмөт тарабынан иштелип чыккан акыркы жылдардагы иш чараларды дагы бир жолу иликтеп көрүү - учурдун тобокел менеджменти.
2. Каржылык жардам. Жакында эле ДБ Бүткүл дүйнөлүк азык - түлүк программасын колдоо максатында ар кандай инвестициялык долбоорлорго 500 миллион америка долларын бөлүп берди.
Бул иш-чаралар, албетте, биздин өкмөттүн мойнуна, бюджетке илинери талашсыз. Андыктан, Өкмөт мамлекеттик чыгымдарды кескин кыскартууга тийиш. Болбосо, бул маселелерди эл аралык каржы институттары, донор өлкөлөр аркылуу чечсе да болот.
Эгерде, Өкмөт жогоруда мен айткан саясий жолдордон башка дагы ачык - айкындуулук менен иш жүргүзүп, натыйжалуу бир багытты карманса ар кандай кризистерден жеңилирээк чыгууга боло тургандыгын көптөгөн өлкөлөрдүн тажрыйбалары көрсөтүп отурат.

Биз дүйнөлүк экономикага көз каранды болуп тургандыгыбыздан улам биздин өлкө менен элибизге алдыдагы 2-3 жыл өтө эле кыйын болот. Ошол себептен мен баарыңарга, өзгөчө өкмөткө, бизнес өкүлдөрүнө, саясатчыларга, дегеле өзүн Кыргызстандын эр - азаматымын деп эсептегендерге кайрылгым келет: Биз өз элибизге, болбоду дегенде туулуп - өскөн айылдарыбызга ушул кырдаалдан мүңкүрөбөй чыгып кетүү үчүн колдон келген жардамыбызды аябайлы. Ачкачылыктан улам, биздин элибиздин бели майтарылып, жок болуп чачырап кетпесин. Себеби, тарыхка кылчайсак кыргыз эли согуш, табият кырсыктары же ачарчылык өңдүү коркунучтардын астында ар дайым ич ара келишпестиктерди унутуп, болгон күч - кубатын жеңишке багыттачу эле. Жакындап келаткан каатчылыктын алдын алуу, агро-өнөр жай тармагын жөнгө салып, өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракеттерибизди бир муштумга бириктирүүбүз зарыл. Себеби, бүгүнкү күндөгү азык - түлүк коопсуздугу - Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна тете.


АКШ. Кембридж шаары
ИА "24.kg" удалось связаться с известным в Кыргызстане оппозиционным политиком Равшаном Жеенбековым, который завершает свою учебу в США. Наше информагентство уже сообщало, что Равшан Жеенбеков объявлен Национальным бюро Интерпола в КР в международный розыск. Сегодня он ответил на вопросы журналистов ИА "24.kg".

"Я не намерен просить политическое убежище в США, так как очень сильно люблю свою страну"
- Равшан, уже известно, что вы объявлены Интерполом в международный розыск. Намеревайтесь ли вы в связи с этим просить политическое убежище в США, где сейчас обучаетесь?
- Никогда. Я слишком люблю свою страну, чтобы просить политическое убежище в США либо еще где-то. Какие бы трудности меня ни ждали при возвращении, я буду жить и работать на родине.
- То есть вернетесь в Кыргызстан?
- Да, как только закончится учеба. Это произойдет в июне 2008 года.
- Вы знаете, что именно инкриминируют вам следователи Службы финансовой полиции? Если да, то прокомментируйте, пожалуйста, уголовные дела, по которым вас обвиняют.
- Я не владею официальной информацией, так как все делается тайно. Однако ко мне поступает неофициальная информация. Могу только сказать: все, что на меня желают повесить, взято из их воображения. Когда я вернусь, то после допроса наверняка смогу рассказать журналистам подробнее, что мне инкриминируют.
Из новостей вашего сайта я узнал, в чем меня обвиняют. Кстати, в международный розыск меня объявили еще в январе 2008-го, имейте в виду. Ни разу не допрашивая, не вызывая, не уведомляя. Поверьте, в Службе финансовой полиции, как и во всей стране, многие знают, где я и что делаю. Думаю, что такие методы - это попытка давления на меня и желание не дать завершить учебу в США, ведь образованный человек вдвойне опасен.
- Какова реакция оппозиции КР на эти новости? Вы поддерживаете связь с ее лидерами?
- Я общаюсь со многими оппозиционерами. Их реакция на последние новости мне неизвестна. Не обсуждал свой международный розыск. Думаю, придет время, и они выскажут свою точку зрения на происходящее.
- Известно, что на малой родине у вас сильная поддержка. Планируют ли земляки какие-либо акции протеста?
- Не вижу никакой необходимости в этом. Однако уверен: если потребуется поддержка, я ее получу.
- Уже в июне вы возвращаетесь в Кыргызстан. Не боитесь, что вас арестуют?
- В нашей стране, конечно, практически невозможно доказать, что ты не верблюд. Тем более, когда уголовные дела "находятся на контроле в администрации президента и правительстве".
Но, несмотря ни на что, я не собираюсь никуда бежать, кого-то бояться. На все воля Бога. Если мне предначертаны судьбой такие испытания, значит, я должен через это достойно пройти.

Бийликтин максаты - мени окуумдан ажыратуу
Кыргызстандын каржы полициясы Равшан Жээнбековдун үстүнөн мамлекеттик мүлк комитетин жетектеп турганда кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген айып менен былтыр 25-июнда кылмыш ишин козгоп, андан кийин издөө жарыялаган. Ага эл аралык издөө жарыяланганы бүгүн ачыкка чыгууда.
Учурда АКШдагы Массачусетс технология институтунда билим алып жаткан Равшан Жээнбеков болсо издөө жарыяланганынан кабары бардыгын, бирок анын кай жерде жүргөнү белгилүү болгондуктан эл аралык издөөнүн кажети жоктугун, бул бийликтегилердин анын окуусунан ажыратуу амалы экенин айтат:
- Бул жерде мени камоо же башка максаттар деле жок. Негизгиси - менин окуумдан ажыратуу, себеби Америкада эле эмес, дүйнө жүзүндө кадыр-барктуу Массачусетс технология институтун бүтүп жаткан адам келечекте буларга чоң коркунуч туудурушу мүмкүн. Ошондуктан муну эптеп окуумду бүтүрбөштүн амалы деп эсептейм. Менин кай жерде жүргөнүмдү Каржы полициясы менен ИИМ эле билбесе жамы кыргыз журту жакшы эле билет болуш керек ММКдагы маектерим аркылуу.
Каржы полициясынын ага тергөөчүсү Рафкат Абдырауфов болсо бул иште эч кандай саясий себеп жоктугун айтып, иштин чоо-жайына мындайча токтолду:
- Равшан Жээнбековго мамлекеттик мүлк боюнча комитетти жетектеп турганда Кайынды кант акционердик коомунун мамлекеттик акциясынын 10 пайызын сатууга байланыштуу былтыр 25-июнда иш козголуп, 25-августта сырттан айып тагылып, издөө жарыяланган. Андан соң быйыл 12-январдан тарта ага Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган.
Каржы полициясынын тергөөчүсү ошондой эле Равшан Жээнбековдун атасынан анын АКШда окуп жатканын укканын, бирок бул боюнча расмий тастыктама жок экенин кошумчалады.
Равшан Жээнбеков болсо коррупцияга каршы күрөшкөн мамлекеттер кызматкердин айыбын иштеп турганда ачаарын, кызматтан кеткенден кийинки айыптоолор кандай болсо да саясий өңүт алаарын белгилейт:
- Коррупцияга каршы күрөшкөн мамлекеттер эгер министрлери коррупцияга малынса алар иштеп турган учурда кармайт, пара алып атса ошол учурда кармайт. Кызматтан кеткенден кийин кармалса күнөөсү болсо да ал саясий өңүткө айланып кетет. Мына Ишенбай Кадырбековду кызматта турганда кармашпайбы анчалык кыйын экен. Анан ал киши иштен кетип, оппозициянын курултайына катыша койсо эле баса калышпадыбы. Менин ошол кызматтан кеткениме беш жыл болду. Ошончо убакытта биздин Каржы полициясы менен Башкы прокуратура эмне кылып жүрдү анда?
Айрым саясатчылар жана талдоочулар да Равшан Жээнбековго минтип, аталган кызматтан кеткенден 5 жылдан кийин козголуп жаткан иштин артында саясий себептер бар экенин түкшүмөлдөйт. Саясат таануучу Токтогул Какчекеев да мына ушундай пикирде:
- Эгерде чындап кылмышкер болсо президент аны элчи кылбай эле ошол маалда эле камап койсо болот эле да. Эми убакыт өткөн соң "кылмышкер, аны издеп табыш керек" дегени ар кандай суроо туудурат. Менимче, бул жерде саясий себептер же кандайдыр бир жеке кызыкчылыктар бар.

www.azattyk.kg









??.??