№44, 14.05.08-ж.
  Бийлик ака жок деди эле го...

Өмүрбек Текебаев, "Ата - Мекен" партиясынын лидери:
"Бизде саясий куугунтуктун жаңы толкуну башталды"
- Түптөгү жөө жүрүштөн соң оппозициянын бедели түштү деген пикирлер айтылууда…
- Учурда көпчүлүк саясий эксперттер "Түп окуясынан кийин оппозициянын алы куруду. Ар кандай акцияларды уюштуруп, өз пикирлерин билдире албай калышты", -деген ойлорун ортого салып жүрүшөт. Бул туура эмес. Биринчиден, май айынын календарынын биринчи жарымында майрам күндөр көп. Эми гана майрамдар аяктады.
Экинчиден, оппозициялык күчтөрдүн Түптөгү иш - чарасы өзүнүн койгон максатына жетти деп эсептейбиз. Себеби, көпчүлүк топтолгон бардык жерлерде мисалы, той - топурда, транспорттордо, жамааттар ичинде Түптө болгон инцидент жөнүндө кызуу талкуу жүрүп жатат. Бүгүн эле Түп районунун эки тургуну келип, ошондогу болгон окуяга өздөрүнүн терс көз караштарын билдирип кетишти. Демек, коомдо биз койгон маселелерге, бүгүнкү бийликтин жүргүзүп жаткан саясатына көңүл кош адамдардын саны азайып, Түп конфликтисинен кийин көпчүлүк элдер "макул же каршымын" деген ачык позицияларын билдире баштады. Бул -коомдук пикир уюмдашып, поляризация боло баштады дегенди билдирет. Эгер, ушул процесс улана берсе көңүл кош адамдардын катмары күндөн - күнгө азаят. Бул көрүнүшкө коомчулуктун саясий активдешүүсү катары баа берсек болот. Эң негизгиси бүгүнкү бийликтин саясатын, чек ара жана башка мамлекеттик менчиктерге болгон туура эмес мамилелери жөнүндө маселелерди элдин көңүл борборуна кое алдык. Мына ушул планда оппозиция өз максатына жетти десек болот.
- Коомдук парламенттин жана "Ата - Мекен" партиясынын алдыдагы иш пландарына токтоло кетсеңиз.
- Ушул айдын аягында Коомдук парламенттин кезектеги жыйынын өткөрөлү деп турабыз. Бир топ оппозициялык партиялар биргелешип, мындан ары кызматташуу, бирдиктүү иш - чараларды өткөрүү боюнча жолугушуу да планда бар. Буюрса, алдыдагы эки жуманын ичинде күн тартиптеги бардык иш - чаралар өткөрүлүп бүтөт.
Майрам күндөрү Ош, Жалалабат облустарына барып, партиянын жергиликтүү активисттери менен жолугуп келдим. Ал жолугушууларда бүгүнкү кырдаалды талкуулап, партиянын иш - чараларын тактадык. Жай айларында Ош, Жалалабат, Баткен аймактарында партиянын аймактык конференцияларын өткөрүүнү пландаштырып жатабыз. Ал эми борбордогу партиялык уюмдарыбыз партиянын Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоого даярдык көрүүдө. "Ата-Мекен" партиясынын активисттери 1-май, 5-май, 9-май майрам күндөрү да тыным албай, партиянын кеңсесинде жыйындарды өткөрүп, иштеп жатышты. Аялдар канатыбыз болсо 13-майдан тартып Чүй облусу боюнча жолугушууларды Кеминден башташат. Мына ушинтип, партиянын карапайым күндөлүк жумуш күндөрү токтобостон жүрүп жатат.
- Өмүрбек Чиркешович, "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" берүүсүндө сиз менен полемикага чыккан республиканын Юстиция министри М.Кайыпов, "Кыргызстанда саясий куугунтук жок", - деп баса белгилеген эле. Министр мырзанын бул айткандары Сиз тараптан жоопсуз калган. Демек, бизде саясий куугунтук жок деп эсептесек болот экен да?
- Жакында эле Ош, Жалалабаттагы сапарымда "Ата-Мекен" партиясынын активисттери куугунтукталып жатканын өз көзүм менен көрүп келдим. Өз муңун ачык айтып чыкпаган катардагы жумушчуларды да кызматтан бошотуулар болууда. Биздин Жылдыз деген активист кызыбызды шайлоо учурунда бирөөнүн ордуна добуш берип жаткан адамды кармап, акт түзүп паспортун алып шайлоо комиссиясына бергени үчүн мугалимдик кесиптен бошотуп коюшуптур. Ал гана эмес, талап-тоноо деген айып менен үстүнөн кылмыш ишин козгоп жатышыптыр. Буга окшогон "Уурусу күчтүү болсо, ээсин доого жыгат" -сыяктуу көрүнүштөр биздин өлкөдө адатка айланып баратат.
Эл тааныган инсандарга гана эмес, жөнөкөй карапайым адамдарга да иш козгоолор жүрүп жатканын өзүңүздөр жакшы билесиздер. Айрым адамдардын көп жылдар мурда түзүлгөн бизнес структураларына чабуулдар тынымсыз жүрүп жатат. Албетте, алар коомчулукка шардана кылып айта беришпесе да, кээде бийлик өз айыбын өзү ачып алган учурлар кездешет. Мен алардын айрымдарына токтоло кетсем:
"24-kg" агенттиги "Равшан Жээнбековго Интерпол аркылуу 100дөн ашык өлкөгө издөө салган бийликтин расмий каты кетти" - деп билдирди. Бирок, бийлик Равшан Жээнбековго койгон айыбын бүгүнкү күнгө чейин ачык айта алган жок. Равшан Жээнбеков элчилик кызматын өз ыктыяры менен өткөрүп, апрель окуяларында өз позициясын ачык айтып, бийликке каршы чыккан инсан. Саясий көз карашынан улам өз ыктыяры менен кызматынан кеткен адамдар Кыргызстанда аз. Ошол апрель митингинен кийин эле Равшандын артынан куугунтуктоо саясаты башталган. Буга окшогон көрүнүштөрдү мен саясий кысым көрсөтүүнүн бир үлгүсү, учуру катары эсептейм. Ал эми "издөө жарыяланды" сыяктуу билдирүүлөр, оппозициялык маанайдагы адамдарга акыркы кезде ачыктан - ачык эле кылмыш ишин козгоо- сот, массалык маалымат каражаттары аркылуу кысым көрсөтүүлөрдүн жаңы толкунунун башталышы катары баалайм.
- И.Кадырбеков да саясий куугунтуктоонун курмандыгына чалынды дегени турасызбы?
- Жакында Ишенбай Кадырбековду да камакка алышып, айып тагышууда. Бирок, реалдуу күнөө таба албастан, жасалма айыптарды издешүүдө. Алардын күнөөлөп жаткан үч айыбы суу кечпейт.
Мисалы, "И.Кадырбеков тендер өткөрбөстөн мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын бузуп, мектептерди курган", - деген айып бар экен. К.Бакиев өз сөзүндө "убакыт аз, тендер дегениңерди койгула. Бул- бюрократия. Тендери жок эле куруп, тоскоолдук көрсөткөндөрдү мага жөнөткүлө", - деп эл алдында жарыялаган. Ошондо сессиядан "Президент К.Бакиев кол алдындагыларын кылмыш ишине түртүп жатат. Бул кылмыш, андай жасабаш керек", - деп айткам. Тилекке каршы, Мамлекет башчысы ага көңүл бурган эмес. А бүгүн болсо, И.Кадырбековду "тендер өткөргөн жок", - деп айыптап жатат. Чындыгында, заказчик катары тендер өткөрө турган болсо, ошол кездеги Билим берүү министри Досбол Нур уулу өткөрүш керек болчу. Жаза ала турган болсо, аталган министрлик жаза алыш керек эле.
Экинчиси- "И.Кадырбеков курулуш курганга уруксат сурап, өзүнө - өзү арыз жазган", - деген айыбы. Албетте, этикалык жагынан мааниси бар. Бирок, кылмыш же административдик айыпка туура келбеген кадам деп эсептейм. Ушуга окшогон документтерди сотто көргөзгөнү менен сот дагы бир айга кармап турууга чечим чыгарды. Финансы полициясы азырынча жүйөлүү нерсе таба албай, бир ай убакыттын ичинде табууга аракет кылып жатышат.
Мына ушундай курч кырдаалда Равшан Жээнбеков "24-kg" маалымат агенттигине берген маегинде жакынкы июнь айында Кыргызстанга келээрин ачык билдирди. "Ал келсе, бийлик кандай чара көрөт?" - деп биздин атуулдар тынчсыздануу менен, кооптонуп күтүп жатышат. Жаш саясатчынын чечкиндүүлүк менен "Кыргызстанга келем. Бийлик айыбым болсо далилдеп берсин" - деген тайманбастыгына баа бердим. Бийликтин Равшанды коркутуу жолу менен мыйзамсыз камакка алууга күчү жетпейт го деп ойлойм. Камакка алса, анда бийликтин өз шору.

Маектешкен Гүлниза Молдокулова,
"Алиби"




  Казакты карап какырба,
түркмөндү карап түкүрбө

Россия мамлекети өздөрүндө өндүрүлгөн жаратылыш газын өзгөчө куралга айландырып алганы эч кимге жашыруун эмес. Газ гиганты "Газпром" менен өлкөнүн экономикасын гана эмес, тышкы саясатын дагы бекемдеп жатат. "Газпромдун" газ түтүктөрү жөргөмүштүн желесиндей болуп, Батыштын да, Чыгыштын да бир топ өлкөлөрүнө тартылса, жөргөмүш Кремлде отурат. Мурунку СССРдин курамына кирген мамлекеттердин көпчүлүгү жаратылыш газын Россиядан алышкандыктан, аларга көз каранды болуп калууда. Эсиңиздерге сала кетчү жагдай, Россиянын азыркы президенти Д.Медведев "Газпромдун" директорлор кеңешинин төрагасы болгон. "Орус оюндагысын кылат" дегендей эле, орустар каалаган убагында көгүлтүр отко болгон бааны көтөрүмүш этип, көңүлүнө жакпаган мамлекетти чөгөлөтүп койчу. Украина Россиянын көгүлтүр отуна көз каранды болгондуктан, Кремлдин айтканынан алыс кете албай отурат. "Унчукпа да, тумчукпа" деген саясат менен укурук салынган "Украина эки жылдан бери ээнбаш" саясаты үчүн кыш айларында "Газпромдун" кысымына кабылууда. "НАТОго мүчө болуп киребиз" дешкен Ющенко менен Тимошенко, быйылкы кышта Кремлге кирип чыкканы буга далил боло алат. Качанкыга чейин орус бийлиги "Газпром" деген муштуму менен кошуналарын коркута берет?
Жакынкы аралыкта жаратылыш газы менен жарга такаган саясаттан арылабыз көрүнөт. Анткени, Россияда өндүрүлгөн көгүлтүр оттун запасы күн санап азайып баратса, аны керектөөчүлөрдүн саны күн сайын өсүүдө. "Газпром" өндүргөн 550 миллиард кубометр газ жакынкы аралыкта Россиянын ички керектөөсүнө жетпей калат экен. Россия мамлекети 1991-жылдан бери жаратылыш газын чыгара турган бир дагы жаңы жерди тапкан эмес. Москва бийлиги жаратылыш газынын жаңы булактарын ачыш максатында чалгындоо иштерине 420 миллиард доллар жумшоого даяр экенин билдиргени менен, азырынча Орто Азиянын арзан газын сатуу менен шугулданып келет.
Кошуна Түркмөнстан, Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттери өз өлкөлөрүндө өндүрүлгөн жаратылыш газын Батыш өлкөлөрүнө сатууга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, азырынча Россияга арзан баада сатууга мажбур. Россия түркмөндөрдөн 65 долларга алган жаратылыш газын Батыш өлкөлөрүнө 250 доллардан сатат. Мисалы, ошол эле Украинага. Батыш өлкөлөрү керектеген 80 миллиард кубометр газдын 50 миллиардын орустар Түркмөнстандан алат. Оңой олжого туйтунган орустардын "Газпрому" былтыркы жылдын алты айында эле 21 миллиард доллар кирешеге ээ болгон.
Жакынкы аралыкта Орто Азия мамлекеттери эми өздөрүндө өндүрүлгөн жаратылыш газынын тагдырын башкача чечмей болду. Жаратылыш газына бай Түркмөнстан менен мунайга бай Казакстан өз түтүктөрү аркылуу Кытайга жана Батыш мамлекеттерине сатууну пландаштырууда. Орустарга оңой оокат таап берген Орто Азия мамлекеттери эми өз түтүктөрү менен жаратылыш газын башка мамлекеттерге сата турган болсо, 2010-жылы орустар өз өлкөсүн жаратылыш газы менен камсыз кыла албай калат экен. Демек, энергетика державасы болуп келген Россия мамлекети кыйын кырдаалга учурайт десек болот.
Кытай мамлекети Түркмөнстандан жылына 30 миллиард кубометр газды сатып алуу үчүн 30 жылга келишим түзүп, Синьцзян провинциясына чейин газ түтүктөрүн орнотууну каржылай турган болду. Иран мамлекети ошол эле түркмөндөрдөн жылына 14 миллиард кубометр газды сатып алуу үчүн келишим түздү. Жылына 50 миллиард кубометр түркмөн газын алып жаткан Россиянын Түркмөнстан менен болгон келишими 2009-жылы аяктайт экен. Арийне, абадан акча жасаган орустар үчүн мындай келишимдер түзүлүшү өтө чоң сокку. Себеби, мындан ары "Газпром" аркылуу кошуналарын коркута албайт. Экинчиден, экономикалык зор жоготууларга учурайт. "Азыр орус монополиясы чоң соккуга учурады, анткени, жаратылыш газын өндүргөн анын кошуналары жаңы газ түтүктөрүн орнотуу менен, акылдуу жана куу боло баштады" дейт, Орто Азиянын энергетикалык саясатын изилдеген окумуштуу Стив Ливайн. Стив мырзанын айткан сөздөрүнө кошулбай кое албайсың Кытай башчысы Ху Цзиньтао менен түркмөн башчысы маркум С.Ниязовдун эки өлкөнүн келечегине керектүү келишимге кол койгондору куулукка эмес, акылмандуулука жатат десек болчудай. Ал эми "Газпромдун" өкүлү И.Волобуев мырза болсо: "Биз Кытайды Орто Азиянын жаратылыш газын, мунайын сатып алуу боюнча атаандаш деп эсептебейбиз. Биздин түркмөн өкмөтү менен 25 жылдык узак мөөнөттөгү контрагыбыз бар, алар өздөрүнүн алган милдеттерин аткарууга милдеттүү", - дегени эмнени түшүндүрөт?
Көрдүңүздөрбү? Кичинекей Түркмөнстан эки чоң мамлекет менен теңата гана сүйлөшпөстөн, экөөнүн ортосунда атаандаштыкты жаратып койду. А эмне үчүн кыргыздар Өзбекстан менен Казакстанга суу, энергетика маселеси боюнча теңата сүйлөшө албайт? Эмне үчүн алар эмне десе да айтканына макул болуп, башыбызды көтөргөнгө жарабайбыз? Газ, мунай сыяктуу эле суу дагы жаратылыш байлыгына кирет. Алар бизге сатса болот да, биз аларга сатсак болбойбу? Жаратылыш суулары жакынкы аралыкта алтындан кымбат болоорун сезгендиктен, Кытай Үзөңгү-Куушту, Казакстан Каркыраны алып жаткан жокпу? Анткени, аталган жерлерде суунун зор запасы болгон мөңгүлөр бар да
Казакстан өзүндө өндүрүлгөн мунайдын бөлүгү 2015-жылы 150 миллион тоннага жеткирмей болду. Мунун көпчүлүк көлөмү кошуна Кытай мамлекетине сатылат. Казакстандан Кытайга мунай акчу түтүктөрдү орнотууну Кытай тарап каржыламай болуптур. Ошондой эле, кошуна казактар да өзүнүн мунайын Россияны айлана, Баку-Джейхан түтүгү аркылуу Батыш мамлекеттерине сатууга мүмкүнчүлүк алды. "Жакында велосипед минген кытайлар машинага отуруп калышат, андан кийин алардын биздин мунайга болгон керектөөсү көтөрүлөт. Биз бактылуубуз, ушундай стабилдүү чоң мамлекет менен чектеш болгонубузга. Орто Азиянын канча мамлекеттери "Газпромдун" кайырмагында отурушат? Өткөрүп койгону үчүн бизге тыйын гана төлөшөт"-дейт казак парламентинин депутаты Камал Бурханов.
Украина менен Грузияны чөгөлөткөн Россияны Казакстан менен Түркмөнстан чөгөлөтмөй болду. Элинин келечегин ойлогон эл башчылары деп Бердымухаммедов менен Назарбаевди атасак болот. Бизчи? Биз чөгөлөмөк турсун, боортоктоп калдык. Кыргызстан суу, энергетика каражаттары менен кошуна өлкөлөрдү коркутуп койгонго эмнеге болбосун? Болмок. Биз качанга чейин казактарды карап какырынып, түркмөндөрдү карап түкүрүнүп качанга чейин отурар экенбиз?

Рыскелди Момбеков,
"Алиби"