presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№44, 14.05.08-ж.
  Адилет Акматов, "Юг- stunts" жаш каскадерлор командасынын жетекчиси,
"Ант" кинотасмасынын режиссеру:

"Бизде талант бар, бирок профессионалдуулук жок"
"Ант" тасмасын тартуу кимдин идеясы жана съемка учурунда кандай кыйынчылыктар болду?
- Буга чейин кыска метраждуу фильмдерди тартып калчубуз. Ал эми "Ант" тасмасын тартуу идеясын Эрнис Кулназаров деген досубуз "Укук коргоо органдарынын кызматы жөнүндө кино тартпайсыңарбы", - деп сунуштап калды. 2004-жылы террористтердин колунан милициянын кенже лейтенанты Нурлан Садиевдин курман болгондугу эсиңиздерде болсо керек. Ошол жигиттин эрдиги бул кинотасмабыздын негизги мазмунун түзөт. Ошентип, сценарийин жазып бүткөн соң, өткөн жылдын август айынан баштап фильмди тартууга кызуу кириштик. Тасма боевик жанрына багытталып, тартылып баштагандан бүткөнгө чейин жардыруу, атышуу сыяктуу сюжеттерди көп пайдалангандыктан, ар кандай кыйынчылыктар болбой койгон жок. Өзгөчө эң чоң оорчулук жараткан учур бул- мектеп окуучуларынын мушташкан жери болду. Массовка менен иштешкен чындыгында кыйын болот экен.
- Азыркы мезгилде кызыгуучулар эмес, чыныгы профессионалдар үчүн да кино тартуу кыйынга турат эмеспи. Фильмде өрттөлүп, жардырылган автоунааларды кайдан алдыңар?
- Миң доллардан эки "Жигули" сатып алып трюктарга колдондук. Бирөөнү аварияга учуратып өрттөп, ичинен адам кошо күйүп чыккан эпизоддо боевой граната менен жардырдык. Экинчисин болсо, жардан кулатып учуруш керек болгон. Дагы бир эпизоддо квартирада бомба коюлуп, ал жарылганда башкы каарман терезеден секирип чыгыш керек болчу. Ошого квартира таппай абдан убара тарттык. Анан тааныштарыбыздын квартирасын "оңдоп беребиз" деп алдап алып жардырганбыз. Тартып бүткөн соң, толугу менен чыкыйта оңдоп, ачкычын колуна тапшырдык. Ал эми техникалык аппаратураларды өзүбүз сатып алганбыз. Тасманын тартылышы 4 айга созулуп, эки айдын ичинде монтаждап бүттүк.
- Курал - жарактарды кайдан алып жаттыңар?
- Ош шаарынын Ички иштер кызматкерлеринин курал - жарактарын пайдаланып, ал гана эмес, кай бир эпизоддорду чыныгы милиционерлер өздөрү аткарып, ар тараптуу көмөк көрсөтүп жатышты. Ал эми финансылык жактан Алмаз Эркинбаев деген өзүбүздүн агабыз чоң жардам берди. Андан тышкары достор, тааныштар да колдорунан келген мүмкүнчүлүктөрүн аяган жок. Учурдан пайдаланып бардыгына ыраазычылыгымды билдирип кетмекчимин.
- Жашыруун болбосо, тасманы тартууга канча чыгым сарпталды?
- Бардык кеткен чыгым 20 миң долларды камтыды. Бул сумма учурда чоң деле каражат болбой калбадыбы. Буюрса тасма өзүн - өзү актайт деп турабыз. Кыргыз киносу жанданып келатканда элдер туура түшүнүп, профессионалдык деңгээлде тартылбаса да, турмуштан алынган фактылар камтылгандыктан элдин кызыгуусун жарата алат го деп ойлойм.
- Буга чейинки тартылган "Башаламан" кинотасмаңда да, жаңы "Ант" кино тасмаңызда да, мыкты мушташ чеберчилигиң байкалып турат. Спорттун кайсы түрү менен машыгасың?
- Биринчи кыргыз күрөшүнөн баштагам. Андан соң акробатика менен өз алдымча машыгып жүрдүм. Айкидого, тайзиге катыштым. Учурда жаңы спорттун түрү паркур менен машыгам. Биздин каскадерлор тобунун балдарынын бардыгы өз алдыларынча спорттун ар кандай түрлөрүндө машыгышат.
- "Ант" кинофильми кайдан тартылды эле?
- Толугу менен Ош шаарында жана шаарга жакын айылдарда тартылган.
- Кайсыл кесиптин ээсисиң?
- Ош Мамлекеттик университетинин искусство факультетин бүтүргөм. Кесибим сүрөтчү.
- Кинодо сүйлөшкөн кызыңдын образын ачып берген бийкеч тууралуу да айта кетсең?
- Тасма боюнча жалгыз эле кыздын ролу бар. Аны Айгүл Акматова ойногон. Тасма тарталып жатканда экөөбүз кыз-жигит болчубуз. Үйлөнгөнүбүзгө бир ай чамалап калды.
- Жубайыңды мындан кийинки тасмаларыңдан да көрө алабызбы?
- Жок. Чыгармачылыктын чыйырына бир үйдөн бир эле киши түшкөнү оң болоор.
- Тасма боюнча өзүңдүн көз карашың кандай?
- "Ант" фильми мурдагы тартылган тасмаларга караганда жакшыраак чыкты деп ойлойм. "Көч бара - бара түзөлөт"- дегендей улам кийинкисинен тажрыйба алып, жетишпеген жерин толуктап профессионал режиссер болбосом да көргөн - билгениме фантазиямды кошуп, улам алдыга умтулуунун аракетиндемин. Кыргыз киносун чет элге алып чыксам деген тилегим бар.
Жакында белгилүү кино режиссер Болот Шамшиевден биздин командага ылайыктуу сценарий жазып берүүсүн өтүнгөн элек. Учурда сценарий жазылып жатат. Кудай буюруп оюбуз ишке ашып калса, бир айдан кийин Бишкек шаарынан жаңы тасма тартып калышыбыз мүмкүн.

Мирлан Рапиев, актер
- Терс каармандын ролун аткаруу кандай сезим алып келди?
- Атам көп жылдар бою телевидениеде иштегендиктен, кичинемден эле кино искусствосуна жакын болчумун. Анан турмуш шартка байланыштуу каалаган кесибимди окуп, эмгектенбестен, мектепти бүтүргөн соң көпчүлүк кыргыздардай эле Россияда, Казакстанда иштеп жүрдүм. Эми гана көңүл сүйгөн кино багытына аралашуудамын. " Ант" тасмасынан мурда кыска метраждуу эки кинодо ойногом. Негедир мага дайым терс ролдор туш келет. Жашоо деген киного окшош эмес, ал таптакыр башка болгондуктан кандай каарман болсо да, чын көңүлдөн аткарууга аракет кылам. Анын үстүнө кыялкеч мүнөзүмдүн да жардамы көп тийет. Кинодон тышкары социалдык роликтерге, клиптерге тартылып жүрөм.
Биздин командада талант бар. Таланттын шериги жок болуп жатат. Эгер өзүбүздү профессионалдык деңгээлге көтөрүп алсак, идеялар көп.

Эрнис Туленов, актер
- Уруш - мушташ коштолгон кинолордо каскадерлор көп жаракат алат эмеспи…
- "Ант" тасмасында терс каармандын- террористтин ролун ойнодум. Эки жыл мурда белимден оор жаракат алгам. Ошондон бери жеңил гана трюктарды аткарам. Бул фильмде Адилет көп жаракат алды десем болот.
Биздин топтун каскадер балдарын атайын үйрөткөн деле киши жок. Ар кимдин өз кызыгуусу менен эле ар кандай трюктарды жасай алышат. Кино жаатынын аттуу -баштуу адамдары Болот Шамшиев, Жамал Сейдакматовалар "кинонун эрежелеринен чыгып кеткениңер менен каскадерлук жактан мыкты чеберчиликте, профессионалдык деңгээлде аткарыптырсыңар",- деген бааларын беришти. Кыргызда "беш кол тең эмес"- деген жакшы макал бар. Ошондуктан көрүүчүлөрдүн сынына коюп жатабыз. Учурда "Манас" кино театрында 20- майга чейин "Ант" тасмасынын сеансы жүрүүдө.

Гүлниза Молдокулова
"Алиби"










??.??