presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№44, 14.05.08-ж.
  Азизбектен азил кеп

"Колобок" же Бакиевдин "мураскору" ким болот?
(жаңы жомок)
Болгонбу.болбогонбу тоголок "Колобок" абышка,кемпирден качып жолго чыгат. "Элиң түлкү болсо,түлкү бол, бөрү болсо бөрү бол" дегендей, айылдагы саясатчы абышка, кемпирдин колунда тарбияланып өскөн "Колобок" саясаттын акесин окутат экен. Ошондуктан бекер эле тоголонуп кете бербестен. маселени кабыргасынан коюп. Бакиевдин "мураскору" ким болор экен деп, божомолдогусу келип "бомждарга" барат. "Бомждардын" арасында "саясий математикадан" аналитиктер жумуш таппай жумуртка чогултуп Түпкө алып барып сатып, капчыктары калың кези окшойт, "Колобокту" көрүп төө куштун жумурткасы турбайбы деп сүйүнүп кетишет. "Колобок" алардан алысырак качып тил бүтүп.суроо берет:
- Бакиевдин "мураскору" ким болот ?
"Жетинин бири Кыдыр" дешип. "бомж" аналитиктер Брадистин таблицасын ачышып, арифметикалык жана геометриялык прогрессияга салып төмөнкүдөй ыктымаалдуу "бомж" божомолун божурап беришет:
1.Мелис Эшимканов 1% мүмкүнчүлүгү бар.
2. Марат Кайыпов 1+1 демек 2 %
3. Камчыбек Ташиев 2+2 анда 4 %
4. Максим Бакиев 4+4 канча болот? 8 %
5.Жаныбек Бакиев 16 %
6. Адахан Мадумаров 32%
7. ?
64%
Ошентип "Колобок" тоголок жер шарын кыдырып, "мураскор" издеп жөнөйт.

Мелис Эшимканов
Жүрүп-жүрүп отуруп "Колобок" Мелис мырзага келет. Мелис :
- Колобок, колобок мен сени жейм.- дейт.
- Кайсы арыңа жейсиң Меке?- дейт "Колобок",- Сенин президент болуу мүмкүнчүлүгүң 1 эле пайыз болсо…
- Жоктон көрө жогору да…
- Аның туура, бирок сенин бийлик "креслосуна" жетүүдөн башка көздөгөн максатың жок да…
- Кантип болбосун, бей-бечаралар деп кан-какшап жүргөн мен эмес белем.
- Чоң саясатка бей-бечараларды көпүрө кылып өтүп алып, артыңды бир карадыңбы?
- Артты эмес.алдыны гана караш керек.
- Кайсы позицияда айтып атасың?
- Менин туруктуу позициям жок эмеспи…
- Бар, Меке бар. Сенин позицияң бараандуу "папке". Акаевби,Сакаевби, Бакиевби, Макиевби "акырдан" жем жеш үчүн акыркы дараметиңди жумшайсың.
- Деги мен президент болсом кандай президент болмок элем?
- Эрнис (Кыязов) премьер-министр , Эрнис (Асек уулу) мамлекеттик катчы. Эрнис (Акрамов) спикер болуп, Эрнистердин күнү туумак.Усубалиевди куугунтуктап, Жусубалиевке Нобель сыйлыгын алып бермексиң. "Асабачылар" менен "агымчылар" Акүйдү каптап, кепке чечендер, Бекендер, нечендер оппозицияга ооп, Мекен эмес жеке кызыкчылык үчүн Үзөңгү-Куушка Ат-Башыңы кошуп сатып ийгенден кайра тартмак эмессиң.
Ачуусу келген Мелис мырза таш алып урайын десе таш жок, окуп аткан гезитин тоголоктоп "Колобокту" согот, "Колобок" буйтап качып андан ары жөнөйт.

Марат Кайыпов
Жүрүп-жүрүп отуруп "Колобок" Марат мырзага туш келет. Марат:
- Колобок, колобок мен сени жейм,- дейт.
- Мелис алдап жей албаган мени кантип жейсиң?- дейт "Колобок".
- Мен сени мыйзамга такап туруп жейм.
- Мыйзамды түзүп, мээсин түзүк чагарыңды билем. Бирок "Колобокту" жей бер деген мыйзамыңар жок да.
- "Мыйзам буйлалаган төө экенин" билбейсиңби?
- Билем, анткени менен алып келген мыйзамдарыңдын бары эле "суу кечпей" калбадыбы. Аялзатынын арына тийип "сегизинчи мартты" серпип түшөйүн дедиң, тишиң өтпөдү. Кожоюнга таянып Коомдук парламентке тиш салайын дедиң, тиштетмек тургай иши өркүндөп кетти.
- Канчалык кайым айтышсаң дагы мен Кайыпов эмесминби,кайып кетет,кайып…
- "Мураскорлук" да сенден кайып өтүп баратат.
- Деги мен президент болсом кандай президентболмок элем?-дейт Марат мырза.
- Путин деле өзүнөн он үч жаш кичүү Медведевди жетелеп жүрүп президент кылбадыбы.Кожоюнуң он үч жаш кичүү өзүңдү жетелеп президент кылса, өзү премьер- министр болмок. Эч кандай өзгөрүү болмок эмес, мыйзамдардан башка.Эркектер экиден ашык аял алмак. 8-март майрам катарынан чийилмек. Экс-бажаңыз Саркозинин мекенине барып Марат деген "тезкаларың" менен мамиле түзмөксүң. "Лишний" гап ургандарды "лишайт" этмексиң.
Дагы эмнелерди айтып жиберет деп жаны чыккан Марат мырза "Токтот!" деп толуп турган том-том мыйзамдар менен урса. "Колобок" буйтап качып андан ары жөнөйт.

Камчыбек Ташиев
Жүрүп-жүрүп отуруп "Колобок" Камчыбек мырзага туш келет. Камчыбек:
- Колобок,колобок мен сени жейм,-дейт .
- Мелис алдап,Марат мыйзамга такап жей алган жок, а сен кантип жейсиң?
- Сени "груша" кылам,-дейт Камчыкең бокс мээлейлери менен "стойкага" тура калып.
- Мен "груша" болгудай Эшимканов эмесмин да.
- Эшимкановсуңбу, Эшимканов эмессиңби, билбейм, мен "эмчеэс" экенимди эске сактап кой
- МЧС Рүстенбековго өзүң үстөмдүк кылчу эмес белең.
- Үстөмдүк кылсам дагы Рүстенбековдун ордун алдым. Үстүртөдөн айтпай, ачыгын айт мен президент болсом кандай президент болмок элем.
- Үстүнөн айтып алып үстөккө -босток таяк жээр турган алым жок,- деп "Колобок" коркуп алысырак туруп айта баштайт.- "Бригаданын" күнү тууйт. Садыркуловдун ордун Садыр Жапаров ээлейт. Ахматбек шахматта бек позицияда туруп премьер-министр, Санжар спикер болот. Сугалак сузактыктар кетип, суусаган сузактыктар бийликке келет.Айылда, райондо, облуста "Бригадалар" түзүлүп, барып келип мамлекеттик "Бригадага" айланат. Ташиев президент болсо президент эмес бригадир аталып калат.
Камчыбек мырза ринге чыккандай качырып сала берет, "Колобок" буйтап качып андан ары жөнөйт.

Максим Бакиев
Жүрүп-жүрүп отуруп "Колобок" Максим мырзага туш келет. Максим:
- Колобок, колобок мен сени жейм,- дейт.
- Мелис алдап, Марат мыйзамга такап, Камчыбек коркутуп жей алган жок, а сен кантип жейсиң?
- Байлык менен сатып алам.
- Өз өмүрүмдү кантип байлыкка сатам.
- Башкаларды жалдап коюшум мүмкүн.
- Үкөсү,- деп чоочуп кетет "Колобок",- Мен да өз күнүмдү көрөйүн.
- Деги менин президент болуу мүмкүнчүлүгүм канча?
- Хандын баласы хан болот, президенттин баласы президент болот. Анын үстүндө атасы Гейдар Алиевдин сөөгүн бийлик үчүн бир ай жерге бербей, жашырып, Илхом Алиев мурасчыларга үлгү көрсөтүп кетпедиби - деп "Колобок" коркконунан мактай баштайт,- атаңдын баласысың, атаңдан "ашасың".
Белоконь баш болгон "битин сыккан" "ГИЛЬДИЯЛАР" бийликке келет. "Кой үстүндө торгой жумурткалап. көл үстүндө (Түптө) тооктор жумурткалап" "каминисм" заман болот.
Максим мактоого магдырай баштаганда, "Колобок" "пырр" коюп качып жөнөйт.

Жаныш Бакиев
Жүрүп-жүрүп отуруп "Колобок" Жаныш мырзага туш келет. Жаныш:
- Колобок, колобок мен сени жейм,- дейт.
- Мелис алдап, Марат мыйзамга такап, Камчыбек коркутуп, Максим байлыкка сатып жей алган жок, а сен кантип жейсиң?
- А сен менин көзгө атаар мерген экенимди билесиңби?
- Жок, бирок "Монронун доктринасын" колдонот деп уккам.
- Маңыроонун доктурмасы дегениң эмне?
- Маңыроонун доктурмасы эмес, "Монронун доктринасы"- чоң дубинка саясаты.
- Кандай, кандай?
- Сталин болсоң Берия керек.
- Деги менин "мураскор" болууга мүмкүнчүлүгүм канча?
- Орус империясынын тушунда падышанын бир тууган инилерин "Великий князь" деп аташчу. Сен "Великий княздардын" "великийисиң". Адахан адыраңдабаса эле, Данияр дардаңдабаса эле бийликти көздөй "Ак жолуң" ачык. Оппозицияга жетерлик "матрешкаларды" даярдасаң, бутунан чалган боюнча Медет "мерген" болуп калды, Түштүктү губернаторлор эмес айыл өкмөт үкаң тейлеп турганда, сен президент болбогондо ким президент болот?
"Матрешка" дегенди укканда аллергиясы кармап кеткен Жаныш мырза жанында турган матрешка менен урганда, "Колобок" буйтап качып андан ары жөнөйт.

Адахан Мадумаров
Жүрүп-жүрүп отуруп "Колобок" Адахан мырзага туш келет. Адахан:
- Колобок. Колобок мен сени жейм,- дейт.
- Мелис алдап, Марат мыйзамга такап, Камчыбек коркутуп, Максим байлыкка сатып алып, Жаныбек атып жей алган жок, а сен кантип жейсиң?
- Унчукпа, мен турганда балык болуп калышың керек.
- Мен депутат эмесмин да, эмне үчүн балык болуп калышым керек?
- Эмне сен менин криминалдык дүйнөнүн авторитеттери менен бирге тойго барып жүргөнүмдү уккан жок белең?
- Уккам, бирок укуктуу мамлекеттерде криминалдык дүйнө менен байланышкан бийлик өкүлдөрү бир күн да кызмат ордунда отурбайт эмеспи
- Сен көп келжирей бербе, кандай мыйзам жазсам да өз эрким. Колобок эмес балакет болсоң да сатып жиберем.
- Кайындарыңа саткан. берген жагынан өтө мартыгыңды көрсөттүң. Мойнуңа сорпо төгүлгөндө билерсиң.
- Мени билесиң элим үчүн ат болуп берүүгө да даярмын.
- А кожоюнуң үчүн эшек болуудан качпас элең.
- Токтот, эми андан көрө, менин президент болууга мүмкүнчүлүгүм барбы?
- Бар эмей, "Мурдунан көпкөн" Данчик досуң менен тандем түзсөң, ал Түндүктү түрө кыдырса,өзүң Түштүктөн түртүлсөң башка ким президент болот. Бир гана жаман жери министрлериң азыркы депутаттардай ооз ача албай турса, иш кантип жылат, көз жетпейт.
Адахан мырза "Колобокту" казак кайындарына сатуу жөнүндө мыйзам токуп, парламентке сунуш кылгыча, "Колобок" өз жолуна түшүп жөнөйт.

Курманбек Бакиев
Жүрүп-жүрүп отуруп "Колобок" Курманбек мырзага туш келет. Курманбек мырза:
- Оо, колобок мага келдиңби…
- Мени жебейсиңби?
- Жок. жеп эмне кылайын кардым ток эмеспи.
- Башка элдин карды ачка…
- Ушул премьер- министрлердин "көк чычкандары" бар болсо керек.
- А бирок орден алып кетип атышат го.
- Деги менин мураскорум ким болот экен?
- Жыйынтыгы чыга элек.
- Эмне дейсиң, жакыныраак келчи кулагым укпай атат?
- Жебейсиңби?
- Жебейм, жесем Маанаке болоюн мен эч качан калп айтпайм…
"Колобок" ага ишенип, жанына жакындап келет, Курманбек мырза шап кармап Колобокту жеп салат.
Ошентип К.Бакиевдин "мураскору" К.Бакиев болуп калыптыр.


Азизбек КЕЛДИБЕКОВ,
"Алиби"










??.??