presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№44, 14.05.08-ж.
  Ийне менен кудук казып...

(гезиттин 16.04.08-ж
№13 - санында)
Кыргызстандын билим берүү концепцияларындагы космополитизм же өлкөбүздүн билим системасынын айырмалуу улуттук мүдөө - миссиясы барбы?
"Мектепке чейинки билим берүү үй-бүлөдө жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жүзөгө ашырылат жана инсандын деле, интеллектуалдык жана адеп-ахлактык жактан өсүп - жетилишинин негиздерин түптөйт" (15-статья). Мектептеги билим берүү инсандын коомдо активдүү иштеши үчүн жетиштүү болгон, өз баскычтарына шайкеш келгидей билимин, жөндөмүн жана практикалык ык алуусу менен өсүп - жетилүүсүн камсыз кылып, кесип жана квалификация алышына база катары кызмат кылат. (16-статья)
Караңыз, "адеп-ахлактык жактан өсүп жетилишине" дейт. Кайсы адеп-ахлактын негизинде өсүп жетилет? Жалпы адамзаттык адеп-ахлактын негизиндеби же Американын адеп-ахлагынын негизиндеби? Кыскасы, "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзамда да жалпы сөздөр, дүйнөлүк цивилизацияга тиешелүү жалпы эрежелер, жалпы укуктар жана принциптер. Албетте, жалпы прогрессивдүү эреже-жоболорго, укуктарга каршылыгыбыз жок. Алар жазылсын. Бирок менин айтайын дегеним бул жерде башка. Аны жогорудагы кептин жүрүшүнө ансыз да сезип турасыздар го. Бирок ал жөнүндө кийинчерээк. Азыр дагы бир ирет документтерге көңүл буралы.
2002-жылы расмий кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүн 2010-жылга чейин өнүктүрүүнүн концепциясында" жогорку билим берүүнүн башкы максаты төмөндөгүчө түшүндүрүлөт:
"Высшее образование должно стать локомотивом развития Кыргызской Республики в XXI веке. Главной точкой пересечения всех усилий в системе образования должно стать формирование современного человека, способного не только жить в экономически развитом гражданском правовом государстве, но и создавать его, овладевая определенными профессиональными навыками". Бардыгы туура. Бирок ошол "современный" адамдын ушул керектүү сапаттарга ээ болуудан башка да өз мамлекеттүүлүгүнө өз улутунун мүчөсү экендигине байланышкан атуулдук рухий-маданий идеалдары, айырмалуу мүдөөлөрү барбы? Бул эмне үчүн концепцияда көрүлбөйт? Элдик - улуттук менталитке, атамекендик салт-нарктарга, тарыхый эске, этникалык дөөлөттөргө сугарылбаса жаш адам жаран катары кантип өз өлкөсүнүн "локомотиви" боло алат? Дүйнөлүк стандарт жакшы. Бул жерде Кыргыз Республикасы кайда?
Ал эми 2007-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүнү токтому менен кабыл алынган мектепке чейинки билим берүү боюнча Мамлекеттик стандарт бөбөктөрдү окутууда жана тарбиялоодо төмөнкүдөй максаттарга жетишүүнү башкы милдет кылып коет. Окуйлу:
"- өз алдынча, тапкыч, чыгармачыл инсан болуу;
- негизги мүнөздөрдүн, белгилердин иретин колдонуу менен өзүн-өзү баяндап берүү;
- өзүнүн жана өзгөнүн эмоцияларын кабыл алуусун жана түшүнүүсүн демонстрациялоо;
- ар түрдүү коомдук иш чараларга катышуу жана эффективдүү социалдык жүрүш-турушунун жана өзүн-өзү көзөмөлдөөсүнүн көндүмдөрүнө ээ болуу;
- өзүнүн теңтуштары менен жана чоң адамдар менен баарлашуу;
- адамдардын тышкы жана ички окшоштуктарын жана айырмачылыктарын аныктоо;
- толеранттуулукту көрсөтүү жана гендердик тең укуктуулукка умтулуу;
- дене-бою өнүгүү".
Туура, мындай максаттарды коюуда эч кандай деле чекилик жок. Дегеле, кепке тартылып жаткан "Концепция" менен "Мамстандарт" дүйнөлүк үлгүлөргө салынып дурус жазылган, сабаттуу түзүлгөн. Бирок бир гана жаман жери, бул "Концепция" менен "Мамстандартта" улуттук колорит, улуттук белги, улуттук спецификалуу милдет, "улуттук индивидуалдуулук", улуттук идея, идеология көрүнбөйт. Ооба, баланын дене-бою өнүксүн, бирок анын рухий саламатчылыгы да өнүксүн да. Ал эми кичинекей граждандардын рухий саламатчылыгын ын өнүгүшүнө башка өлкөлөр кандайча кам көрөрүнө дагы бир ирет кайрылып көрөлүчү. Маселен, АКШнын мектептеринин 1-2 класстары үчүн окуу китептеринин дээрлик ар бир барагы "Бул менин Америкам", "Менин америкамдын желеги", "Менин америкамдын символдору", "Менин америкамдын улуу инсандары", "Менин Америкам өнүгүп жатат", "Менин Америкам ырдайт", "Америка - биздин үйүбүз", "Биздин улуттук майрамдар", "Американы курган кишилер", "Американын пионерлери", "Американын ковбойлору", деген сыяктуу сөздөргө жана сүрөттөргө ширелген экен. 3-класстын окуу китебинде Американын рухий нарктары, 20га жакын улуу инсандардын өмүр таржымалдарынын негизинде үйрөтүлөт.
Япондук билим берүү системасы өз жаштарын эки чоң багытта- дүйнөлүк илим-билимди өздөштүрүүнүн жана япондук Рух-дөөлөттөрдүн духунда тарбиялоо философиясына таянат. Япониянын бир өзгөчөлүгү - ар бир мектебинде сөзсүз пианино ж.б. музыкалык аспаптар турат. Кайсы бир аспапта улуттук музыканы ойной билүү - ар бир япондук баланын ар намысы. Мектептеги "мораль" аттуу сабакта улутуңду тааны, адегенде япон бол, анан дүйнө маданиятын тааны деп окутат. (Караңыз, А.Жумагулов. Школьное образование Японии - Бишкек, 2005, 71-бет).
Караңыз, Түркиянын билим берүү мыйзамы ар бир түрк бөбөгүнө өз жөндөмү, талантына жараша керектүү маалымат-билимди берүү менен мыкты жаран болуусу үчүн анын улуттук ахлак түшүнүгүнө ылайык жетилтүү милдетин алдыга коет. (Сервет Өздемир. Көрсөтүлгөн китебиз, 50-бет). Ал эми ошол эле Түркиянын мектеп мугалиминин антында "түрк улуттук патриоттуулугуна, баш мыйзамдын негизги принциптерине берилүү менен иштээриме, окуучуларымды ушуга ылайык тарбиялоого ар-намысым жана абийирим менен ант берем" деп жазылган. Кыскасы, бөлөк өлкөлөрдүн билим берүү башкы документтеринде демократиялык идеалдар менен катар жаштарды өз улутунун, өз мамлекетинин баалуулуктарына тарбиялоого багыттар ачык-айкын жазылат. А Кыргызстандын билим берүү мыйзам-концепцияларында мындай улуттук кызыкчылыктан чыккан тарбия мүдөөлөрү ачык көрүнбөй жатат. Биздин "билим берүү жөнүндөгү мыйзамыбыз" Кыргызстандын окуу-тарбия системасы кандай атуул-гражданинди, конкреттүү кимди, калыптандыра тургандыгы боюнча мугалимге так ориентир көрсөтпөйт. Билим мыйзамыбызда "Мугалимдин милдети" деген бөлүмдө "Сапаттуу билим берүү" тууралуу гана айтылат (29-статья). Кыскасы, кайда гана караба, космополиттик дух өкүм сүрүп турат. Ушундай идеологиялык багытсыздыктан улам Кыргызстандын орус мектептери Россиянын окуу китептери менен окуп, Россиянын идеалдары менен тарбияланууда. Араван районунан бир окуучу Кыргызстандын борбору кайсы деген суроого "Ташкент", президенти ким деген соболго "Ислам Каримов" деп жооп берип турганы бекеринен эмес. ЖОЖдордун ректорлору "Манас тануу" сабагын бирде окуу планынан алып таштайт, бирде кааласа киргизип коет. Мамстандартта кыргыз тилинин сааттары капыстан эле кыскарып калат. Ушунун баары улутук баалуулуктарга системалуу ориентациянын жоктугунда, мамлекеттик саясаттын чаржайыттыгында.
Бир сөз менен айтканда, көрүнүп тургандай, биздин доктрина, концепциялар, билим берүү мыйзамыбыз конкреттүү өлкөнүн, эгемендүү Кыргыз Республикасынын атуулдарын эмес, жалпы эле адамды, жалпы эле инсанды, дүйнөнүн граждандарын тарбиялоого көбүрөөк эсептелген. Билим берүү документтери жаштарда улуттук идентүүлүктү, улуттук менталитетти, мекенчил патриотту калыптандыруу зарылчылыгынан келип чыгып турган Кыргыз Республикасынын милдеттери менен анча байланышпайт жана мындай мүдөөгө аркасын салып турат. Билим берүүнүн негизги документтери улуттук маданият, патриоттук жөнүндө сөз арасында кээ бир жерлерде гана катардагы нерсе катары экен-токон оозанып койгону болбосо, бул улуттук чоң проблеманы башкы нерсе деп эсептебейт. Дагы бир жолу айтайын, Республиканын билим берүү концепциялары өзүнүн улутсуз космополиттик мүнөзү, духу менен каптап келаткан дүйнөлүк глобалдашуунун экспансиясына Кыргызстанда ыңгайлуу кыртыш даярдай турган документтер десек жаңылышпас элек.

IV. "Компьютер баштуу" Орозкул же Кыргызстандын билим берүүсүнө кандай улуттук философия керек?
Кыскасы, өз буту басып турган кыртыштын улуттук талап-милдеттерин анча элес албай, жалаң дүйнөлүк даяр жалпы стандарттарга ориентир жасаган биздин билим берүү системабыз, билим берүү программаларыбыз, негизинен жалпы эле билимдүү, маалыматтуу адамды окутуп тарбиялоого ыңгайлашкан экен. Билимдүүлүк жакшы. Бирок жалгыз билимдүүлүк эле тагдырды чечпейт тура. Билимдүү болуу адам болуу дегенди дайыма эле түшүндүрө бербейт. Турмуш, практика көрсөтүп отурат, айланабыздан канчалаган дипломдуу жегичтерди, коррупционерлерди, сойкуларды, жогорку билимдүү киши өлтүргүчтөрдү, криминал "авторитеттерди", жогорку маалыматтуу маңкурттарды, трайбалисттерди, уруучуларды, "компьютер баштуу" (М.Шаханов) мутанттарды, өз ата мекенинин кайгы-муңуна кайдыгер, кайсы өлкөдөн пайда чыкса, ошол жактын граждандыгын алып кете берген дипломдуу "күн тийген жердин күкүктөрүн", билимдүү ташбоорлорду, эгоисттерди, өз коломтосун таштап, чоочун диндердин идолдоруна сыйынган интеллигенттерди, доценттерди, профессорлорду, өзүнүн "Бугу энесине" ок атып, өз бешигин бүлүндүргөн "момундарды", "орозкулдарды" көрүп жатабыз. Ата-журтубуз ушундай илдеттерден азап чегип, ордунан очорулуп тура албай жаткандыгы жалганбы? Дагы муну кошумчалайлы, Кыргызстан бүгүнкү күндө күчтүү мамлекеттердин, державалардын геосаясий умтулуштарынын объектисине айланып, бир жагынан тымызын эл аралык күчтөрдүн жергебизди христиандаштыруу, экинчи жагынан исламдаштыруу миссияларынын, диний экстремизмдин, массалык маданияттын, глобализмдин чабуулдарына кабылып, анан дагы өз ичинен криминалдашып, жик-жиктерге ажырап, адеп-ахлак кризисине, саясий туруксуздукка учурап, суверендүү мамлекет катары өз алдынчалыгын колдон чыгарып жиберүү опурталдуулугунда туруп жатат. Улуттун келечеги болгон жаш муундарыбыз чет өлкөлүк боевик фильмдердин, республикабызда жайнап чыккан компьютердик клубдардын катаал нраваларды үгүттөгөн идеологиясынын тарбиясына жамырап кирүүдө жана бул процесстин азыр эле терс натыйжаларды бере баштагандыгын социологиялык иликтөөлөр, турмуш фактыларды ачыкка чыгарууда.
Демек, жалаң жалгыз билимдүүлүк, маалыматтуулук, жалаң гана кесипкөйлүк бизге гарант эмес экен. Демек, доктрина, концепцияларыбызда, мыйзамыбызда басым коюлуп жаткан ошол билимдүүлүк түздөн-түз бийик адамдык аруу сапаттар, атуулдук бийик ар намыс, эл-жерим деген граждандык азаматтык, ата-уулдук күжүрмөн дух-кайрат, калкыбыздын социалдык генетикасында илгертен жашап келген айкөл Манастын, Курманжан датканын улуу патриотизми менен айкалышуусу эгемендүү жаш жумуриятыбыз үчүн аба менен суудай зарыл экен.
Кыргыз Ата, Манас Ата баштап калтырган улуттук Рух казынабызда эмне улук, эмне ыйык? Биринчи иретте, Ата-журт ыйык, аскасы бийик Алатоо - мекен ыйык. Ата журттун, ак калпак калктын азаттыгы, эркиндиги, эгемендүүлүг ыйык. Өлсөк бир чуңкурда, тирүү болсок бир дөбөдө бололу, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаралы деген кыргыз элинин биримдиги, баш кошкондугу, ынтымагы ыйык. Атажурттун алдындагы атуулдук парз ыйык. Калк үчүн каруусун казык, башын токмок кылган атуулдук ак мээнет ыйык. Элим-жерим деп күн тынымын билбеген, түн уйкусун көрбөгөн, саргара жорткон, кызара бөрткөн эмгек ыйык. Апа ыйык, ата ыйык. Айлана-тегерекке, алыс-жакынга агынан жарылып ачылган достук ыйык. Жаратылыш менен жуурулушкан биримдик ыйык. Жамаатчыл адеп-ахлак, жандүйнөнүн айкөлдүгү, адамдык асылзат нарк-насил ыйык. Ата-бабалардан келе жаткан салт ыйык. Эне тил ыйык. Үч кылдуу комуз ыйык ж.б.
Кыскасын айтканда, өйдөтө саналган идеалык-рухий ыйык дөөлөттөр - кыргыз элинин жүрөгү. Улутубуздун көөдөнүндө ушул "жүрөк" дүкүлдөп согуп турганы үчүн, дагы бир жолу айталы, ак калпак калкыбыз тарыхтын бороон-бурганактарында буюгуп жоголуп кетпей, бүгүнкү күнгө жеткен жана мындай ары да журтубуз тарыхтын бороондоруна, кыйын-кезең сыноолоруна ушул "жүрөк" менен туруштук бермек жана жеңмек. Ушул улуттук "жүрөктүн" нур-жарыгынын убайын өлкөбүздүн ичиндеги боордош калктар да көрмөк. Элибиздин социалдык-маданий генетикасындагы ушул ыйык нарктар, асыл рух дөөлөттөр билим берүү системабызга трансформацияланышы зарыл. Өзүнүн улуттук кыртышына таянбаган билим берүүнүн келечеги жок. Билим берүү аркылуу өйдөтөгү "жүрөктүн" "мотору" активдүү айланып, бала бакчалардан тартып, жогорку окуу жайларына чейинки окуу-тарбия программаларынын өзөк-тамырларына кан болуп куюлса, анда Кыргызстандын эгемендүү мамлекет катары келечегине бекем ишенүүгө болот. жогорудагыдай элдик идеалдар, элдик адеп-ахлак, Манастын, Курманжан датканын патриотизми Кыргызстандын билим берүүсүнүн улуттук башкы философиясы, ушундай менталитетти кайра жаратуу, сактоо, өнүктүрүү - башкы улуттук идея - мүдөө катары билим берүү концепциябыздын, мыйзамыбыздын эң башына бадырайта кенен жазылышы жана жетекчиликке алынышы керек деп ойлойбуз. Өз документибизге өз мамлекетибиздин, өз улутубуздун кызыкчылыгын ачык-айкын жазуудан эмнеге тартынабыз?
V. Экономика колдогу аспап, курал-каражат, ал түпкү маңыз эмес, маңыз - рухта, адеп-ыйманда, маданиятта же биз качан ойгонобуз?
Билимдүүлүк аркылуу материалдык байлык жаратабыз, күчтүү экономиканы түзөбүз дейбиз. Туура, бул зарыл нерсе. Ооба, кудай аман койсо, бара-бара экономикабыз да болоор. Бирок түшүнүп коелу, экономика, техника деген түпкү максат эмес. экономика улуттун бакыбат, мазмундуу, маңыздуу жашоосунун каражаты, аспабы, куралы. Экономика деген каражат. Маңыз эмес. "Технотронный рай - рай иллюзорный… столь же иллюзорен и "рай" сугубоматериального благополучия, культ наживы, культ потребления" (Б.С.Гершунский). маңыз - рухта, ыйман-адепте, маданиятта, жогорудагы "улуттук жүрөктө". Дагы бир жолу образдуу айталы, билим берүү системабыз акыл-эсинде дүйнөлүк илим-билим, дүйнөлүк технология, экономика орун алган, ал эми дилинде, жан дүйнөсүндө болсо, Манастын, Курманжан датканын, Искак Раззаковдордун руханий наркы, патриотизми, боордош калктардын маданияты жана дүйнөлүк орток кенчтер отурган муундарды окутуп, тарбиялап жетилтсе, улутубуз эч убакта жоголбойт, глобализмге жутулбайт жана түбөлүктүү болот.
Кыскасы, Кыргызстандын билим берүү системасынын өйдөтө айтылгандай, өзүнүн улуттук стратегиялык мүдөө-миссиясынын аныкталып, билим берүүнү негизги документтеринде муундарды тарбиялоого багыт бергендей болуп ачык жазылышына жетиштүү- бүгүнкү күндүн талабы. Жакында Улуттук куррикулум деген жаңы билим документинин долбоору менен таанышып калдым. Баягы эле космополитизм. Кыргызстандын улуттук башкы мүдөө-стратегиясы, философиясы көрүнбөйт. Деги биз качан ойгонобуз? Ырас, республиканын бала бакчалары, мектептери, ЖОЖдору улуттук баалуулуктарга көңүл бурууда. Бирок бул өз алдынча демилге катары стихиялуу мүнөздө болууда. Элдик баалуулуктарды окутуу, патриотизмге, атуулдукка тарбиялоо маселеси мамлекеттик деңгээлде документтештирилген, аткарууга милдеттүү идеологиялык багыт болсун да.

Советбек Байгазиев,
педагогика илимдеринин доктору, публицист











??.??