presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№44, 14.05.08-ж.
  Дүйнө дүрбөлөңү

Кудай сакта!
Кытайдагы жер титирөө он миң адамдын өмүрүн алды
Кытайдын Сычуан провинциясында 12-май күнү эртең менен болуп өткөн жер титирөөдөн он миң адам каза болду.
Дүйшөмбү күнү Кытайдын түштүк-чыгыш аймагындагы Сычуан провинциясында күчү 8 баллга жеткен жер силкинди. Акыркы жолу эки жүз миң адамдын өмүрүн алып кеткен мындай ири масштабдагы кырсык 1976-жылы Кытайдын борбору Бээжин шаарында катталган.
Кытайлыктарды сүйүнткөн жалгыз жылуу кабар Олимпиадалык имараттар жана Кытайдын эң ири "Үч капчыгай" деп аталган суу тосмосуна бул жаратлыш кырсыгы залакасын тийгизген эмес. Эгер бул ири дамбадан кичине гана жарака кеткенде бир нече шаар, кыштактардагы миллиондогон адамдар тирүүлөй суу астында калмак.

Өткөндү эстеп
Берлускони кайтып келди
Туура бир жума мурун Италиянын премьерлик кызматына кайрадан отурган Сильвио Берлускони жаңы өкмөт курамын түзүп чыкты.
Эскерте кетсек, ушул жылдын башында Италия Сенаты тарабынан жарыяланган ишенбөөчүлүк вотумунан кийин премьер-министр Романо Проди өз каалоосу менен отставкага кеткен. Мөөнөтүнөн мурда 13-апрелде өткөрүлгөн парламенттик шайлоолордо 2001-2006-жылдары премьерлик кылган Сильвио Берлускони жетектеген коалиция жеңишке ээ болду.

Так талаш
Кличконунун саясий мушташы
Бокстун WBC версиясы боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпиону, Беловодскийлик атактуу жердешибиз Виталий Кличко Киев шаарынын мэрлигине ат салышаары дайын болду.
Бокс майданында бир топ ийигиликтерге жетишип келген В.Кличко 25-майда украиндердин борбор калаасы Киев шаарынын мэрлигине өтө турган шайлоолорго кызуу даярдык көрүүдө.
Эскерте кетсек, мындан эки жыл мурун да В.Кличко Киев мэрлигине ат салышып, учурдагы шаар мэри Леонид Черновецкийге уттуруп койгон эле. 25-майда өтө турган шайлоодо да Кличконун негизги саясий атаандашы катары Л. Черновецкий чыкмакчы. Алардан башка мэрлик орунга 79 талапкер катталган.
Буга чейинки Виталий Кличконун саясий риңгдеги жетишкендиктерине көз чаптырсак, ал Киев шаардык Кеңеште депутат болгон жана президенттин кеңешчиси кызматын аркалап келген.

Табигат кырсыгы
Мьянмадага алаамат
Өткөн жумада Мьянма мамлекетинде "Наргис" циклонунан кийин болуп өткөн суу ташкындоолорунан 100 миңдей адам каза болду.
Мьянма өлкөсүн талкалап өткөн бул жаратылыш кырсыгынан 2-май күнү бир жарым миллиондой адам жапа чегип, жүз миңге жакын адам каза болгон. Алардын башына түшкөн апаат күндөн бир жумадан ашык убакыт өтсө да, өз элинин кайгы-муңунан саясий кызыкчылыгын жогору койгон Мьянманын бийлик башындагы аскердик хунта эл аралык коомчулуктун көрсөтүп жаткан жардамдарын бир топ тоскоолдуктар менен өлкөгө киргизүүдө. "Наргис" циклонунун курмандыгы болгон жүздөгөн адамдардын жансыз денелери ылай-баткактын арасынан дагы деле тазаланбай, өлкөдө эпидемиялык коркунуч пайда болду. Ал эми тирүү калган миңдеген мьянмалыктар таза сууга жана азык-түлүк продуктуларына зар болуп, күрүч жана кокос сүтү менен гана азыктанышып, жан сактап келишет. Бул кырсыктан өзгөчө жапа чеккен өлкө борбору Янгон шаарында да абал өтө курч бойдон калууда. Кырсыктан кийин өлкө борборунда иштей баштаган бир нече дүкөндөрдүн алдында бир тамчы сууга зар болуп, ачкалыктан ичегиси карышкан янгондуктардын бир нече чакырымга созулган кезеги пайда болуп, кезекте тургандардын жаңжалынан дүкөн ээлери иштерин токтотууга мажбур болушкан.
Эскерте кетсек, 1988-жылы мурунку Бирма азыркы Мьянма мамлекетинде аскердик төңкөрүш болуп, Тан Шве баштаган генералдардын аскердик хунтасы өлкөдө аскердик-тоталитардык бийлигин орнотушкан. Ал эми өткөн жуманын 10-майында өлкөдөгү аянычтуу абалга карабастан өткөрүлгөн жалпы элдик Референдумдун жыйынтыгы боюнча көптөгөн мыйзам бузуулар менен, Мьянма мамлекети аскердик башкарууну, демократиялык мамлекеттик башкарууга алмаштырган Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алышты. Кырсыктан өзгөчө жапа чеккен райондордо шайлоо 24-майга жылдырылган.

Эки тизгин, бир чылбыр
Медведев президент, Путин премьер
Орусиянын үчүнчү президенти Дмитрий Медведев өткөн шаршемби күнү салтанаттуу түрдө ант берип, такка отурду.
Ушул жылдын 2-мартында Россияда болуп өткөн президенттик шайлоолордо "Бирдиктүү Россия" партиясынан президенттикке көрсөтүлгөн Д.Медведев жеңишке жетишкен эле. Ошол күндөн туура 67 күн өткөн соң, 7-май күнү жаңы президент Медведев расмий түрдө өз кызматына киришти.
Ал эми орустардын алмаштыргыс лидерине айланган В. Путин жаңы президенттин эң алгачкы жарлыгы менен премьерликке көрсөтүлүп, орус парламентинин көпчүлүк колдоосуна ээ болуу менен өкмөт башчылык кызматка дайындалды.
Ельцинден мураска калган чабал, алсыз Россияны бир кездеги дүйнөлүк держава деген сыймыктуу статусуна жакындаштырууга бир топ эмгегин сиңирип, эл аралык коомчулукта кадыр-барк топтоого жетишкен В. Путин, саясий аналитиктердин баамында өлкөдөгү саясий таасирин дагы деле көрсөтө бермекчи.

Кудай кошкон куда болот
Буштун кызы күйөөгө чыкты
АКШ президенти Жорж Буш эгиз кыздарынын бирөөсүн күйөөгө узатып, кайната болуп калды.
Жорж Буш кызы Женнини билим берүү министринин мурдагы орун басары, Америкадагы тамеки магнаты, Жон Хагердин уулу Генрих Хагерге күйөөгө берди.
Эки жаштын үйлөнүү-үлпөт аземи Буштардын Техастагы үй-бүлөлүк ранчосунда өттү. Кудалардын эки жүзгө жакын жоро-жолдош, тууган-уруктары чогулган бул той массалык маалымат каражаттарысыз жашыруун өттү.
Эки жаш 2004-жылы Жорж Буштун шайлоо компаниясы учурунда таанышып, төрт жыл бою кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөн.
Эрнис БАЛБАКОВ,

Баш кесмек бар, тил кесмек жок
Сөз эркиндигине чек койгон Вьетнам бийлиги
Эки вьетнамдык журналист өлкөдөгү ири коррупциялык чыр-чатакты чагылдырганы үчүн түрмөгө отургузулду.
Акыйкатты элге жеткирүүнү максат кылышкан Нгуен Ван Хай жана Нгуен Вьет Чьен аттуу эки журналист Вьетнамдын транспорт министрлигиндеги коррупциялык иштерди жазып чыгышкан.
Өтө курч жазылган макаланы сындап чыккан, өлкө премьери Фан Ван Кхай транспорт министрин жумуштан айдоо менен, басма сөз кызматчыларын түрмөгө каматтырган.
Африкалык жаңжал
Эки африкалык мамлекет Судан жана Чаддын өлкө бийликтери чек араларын бекитип, бири-бири менен болгон бардык дипломатиялык байланыштарын үзүп салышты.
Тагыраак айтсак, ушул айдын 13-майында Судан мамлекетинин борбор шаары Хартумга куралчан боевиктер кол салып, өлкө бийлигине каршы бир катар иш-аракеттерди жасашкан. Судан мамлекеттик суверендүүлүгүнө шек келтирген мындай аракетти Чад мамлекети каржылап, уюштурган деп коңшусун күнөөлөп, президент Омар аль-Баширдин атайын жарлыгы менен чаддык телекөрсөтүүлөрдүн бардыгы токтотулуп, чад музыкасындагы компакт-дискилер сатыктан чыгарылып салынган.

Төшөк жаңыртуу
Немистер жаңы жеңелүү болушту
Германиянын 78 жаштагы мурунку канцлери Гельмут Коль экинчи жолу үйлөндү.
Германияда 1982-жылдан 1998-жылга чейин дээрлик 16 жыл бою канцлерлик кылып келген Гельмут Коль 8-май күнү Гейделберг шаарында 43 жаштагы Майке Рихтер менен үйлөнүү тоюн өткөрдү.
Эсиңиздерде болсо, экс канцлердин биринчи жубайы, айыкпас дартка чалдыккан Хеннелора Коль 2001-жылы 68 жаш курагында өз жанын өзү кыйган эле.

"Алиби"


Ким берет?
Кыргызстанга 4 миллиард доллар керек
Адистердин эсептөөсү боюнча, Кыргызстандагы жети гидроэлектростанцияларды аягына чейин куруп бүтүрүү үчүн 4 млрд. доллар талап кылынат экен.
Эгер, алар курулуп бүтүп калса, жылына 5000 МВт электрэнергия өндүрүүгө болот.
Энергетика боюнча министрликтин эсептөөсү боюнча, ар бир электростанциянын курулушуна төмөнкүчө акча сарпталышы керек.

1) Камбарата ГЭСи №1 (1900 МВт) - $1 млрд. 200 миллион - курулуш мөөнөтү 2010-2020- жылга чейин.
2) Камбарата ГЭСи №2 (360 МВт) - $280 миллион - курулуш мөөнөтү 2007-2012- жылга чейин.
3) Жылан-Арык ГЭСи №№ 1, 2 (200 МВт) - $220 миллион - курулуш мөөнөтү 2007-2010- жылга чейин.
4) Акбулуң ГЭСи (200 МВт) - $200 миллион - курулуш мөөнөтү 2010-2014- жылга чейин.
5) Сары-Жаз ГЭСи (1200 МВт) - $900 миллион - курулуш мөөнөтү 2010-2025- жылга чейин.
6) Кавак ГРЭСи (1200 МВт) - $1100 миллион - курулуш мөөнөтү 2008-2015- жылга чейин.

Мамлекетибиз 2 млрд. долларга жеткен тышкы карызыбыздан кутула албай, башыбыз маң болуп жатканда, 4 млрд. долларды бизге ким берет? Кыргызстанды түп орду менен сатып алууга акчасы жеткен еврей улутундагы Машкевичпи, ыя бийлик аке?

Тамчы ТАШТЕШЕРОВ,
"Алиби"










??.??