№43, 07.05.08-ж.
 9-май - Жеңиш күнү

Келдибек ЭСЕНБАЕВ, согуштун ардагери:
"Дайынсыз кеткендерди күтүп келем"
Экинчи дүйнөлүк согуш алты жылга созулуп, өзүнө 61 мамлекетти же жер шарынын калкынын 80 пайызын тарткан. Согуш оту Европада, Азияда жана Африкада гана тутанбастан, Жаңы Жердин жээктеринен түндүктө Аляскага чейин, Чыгышта Курилден Гавай аралдарына чейин, түштүктө Мисир, Индия, Австралияга чейин жеткен. Согуш 50 миллиондон ашуун адамдын өмүрүн алып кеткен, анын 20 миллиону советтик адамдар эле. Согуштун запкысын миллиарддаган адамдар көрүшкөн.
1780ден ашуун күн жана түн, миллиондогон адамдардын өмүрү, миллиондогон адамдардын түйшүгү… XX кылымдагы бул Улуу жеңиш оңойго турган жок. Жеңиш күнү төрөлгөндөр бүгүн пайгамбар жашы 63кө келип отурат. Чоң аталарыбыздын эрдигине, эли, жери үчүн жанын аябаган, Мекенге болгон сүйүүсүнө таазим этип, Кочкор районунда жашоочу Келдибек Эсенбаев ата менен маек курганбыз.
Бир гана Кочкор районундагы Кара-Суу айылынан 200гө чукул адам согушка аттанып, 116 адам кайтпай калып, аларга түбөлүк эстелик орнотулган. Бүгүнкү күндө ушул айылда согуш отун кечип келген 3-4 гана адам калыптыр.
Келдибек Эсенбаев согуштун ардагери, көптөгөн орден, медалдардын ээси, советтик, партиялык жооптуу кызматтарда иштеп, азыр персоналдык пенсияда. Күлүйпа апа менен бирге он төрт баланы тарбиялап - өстүрүп, бүгүнкү күндө жүзгө жакын уул, кыз, күйөө бала, келин, небере, чөбөрөсүнө кут болуп, аксакалдык кебин айтып, төрдө отурган убагы.


- Саламатсызбы ата, 9-май Жеңиш күнүңүз менен куттуктайбыз! Сиздей аталарыбыз алып келген жеңишти бүгүн бүт калкыбыз майрамдап жаткан убагы. Келдибек ата, сиздердин муундун шыбагасына өтө оор иштер туш келди. Сиз Улуу Ата Мекендик согушка азыр кандай баа берер элеңиз?
- Тарых кайталанса кайталанаар, өмүр кайталанбайт тура, кызым. Ал согуш саясий тирешүүлөрдөн улам чыкканы эми белгилүү болуп отурбайбы. Биз канчалык кан төгүп, кыйынчылык, ачарчылык, өжөрлүк менен жеңишке жеттик. Эми карасаң жеңген мурдагы СССРге караганда жеңилген Германия көп эсе мыкты жашап жатат. Согуш болор алдында Сталин Ворошиловдун сөзүнө кирип, эң мыкты аскер башчыларынын көзүн тазалаганын тарых ырастады. Гитлер ал кетирген кемчиликти пайдаланып биздин мамлекетти чагылгандай тез басып алуу максатында, жарыялабай согуш ачкан.
Бизде Германияны "тез эле талкалайбыз" деген ишеним бар эле. Бирок, согуш узарып кетип, канчалаган бейкүнөө адамдардын жаны шейитке кетти.Бөтөнчө, бизге окшогон элдердин өкүлдөрүн жүз грамм арак берип "Сталин үчүн" деп, жамгырдай жааган окко салды. Дайынсыз кеткен ага-туугандарымды ушул күнгө чейин күтүп келем....
- Сиздин үй-бүлөдөн канча адам согушка аттанды эле?
- Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" китебиндеги Толгонай менин апамды эске салат. Менин Намазбек, Надырбек, Турумбек, Турдубек,Ополоң деген агаларым согуштан калды. Кандай мыкты жигиттер кайтпай, согуш талаасында калбадыбы…Негизи, немецтер таза эл болушат экен, окко учкандарын бирин калтырбай тазалап кетишип атты. Биздин аскерлер боо-боо болуп эле тоңгону тоңуп, талаада калышканын өз көзүбүз менен көрдүк. Бизге күнүгө жүз грамм арак берип турчу. Мен порциямды Вася деген оруска берип койчумун. Кийин жарадар болуп, бир суткадан ашык талаада жатып калганымда,ал мени издеп жүрүп таап келиптир.Канча адам каралбай, тоңуп өлгөндөр болду. Мага үч ирет кара кагаз келип, акырында ошо жаракаттан медсанбат, госпиталда жатып, Мекениме кайтып келдим.
- Согушка кайсы убакта бардыңыз?
- Согуштун алдында мектептин директору болуп иштеп калгам.Бизге "бронь" деле бар болчу.Бирок 1942-жылы немецтер бир топ жерге кирип келгенде, Ата Мекенди коргоо сезими тынч жаткызган жок. Военкоматка барып суранып, 1942 -жылдын кеч күзүндө комиссиядан өтүп, бир айлык командирлер курсунан окуп, Батышты көздөй аттандык. Биз менен Мукай Элебаев да болгон.Ал киши отуздан өткөн убактары болсо керек, он сегиз жаштардагы бизге салабаттуу адамдай көрүнчү.Саратовко баратып он беш-жыйырма күн поездде бирге болдук.Кээ бир шылуундар өтүк, аскер кийимдерин сатып, алмаштырып тамак-аш алып ичип жүрүп отурушту. Саратовко барган соң бизди катарга тизип, кийими жокторду калтырып,кийими барларды отун жыйнаганга алып кетти. Ал жерде да Мукай Элебаев менен эки айдай бирге болдук. Тамак өтө тартыш эле, бир жолу ашканага дежур болуп бир котелок толтура тамак алып келип, Мукай агайды чакырып, чогуу тамактанып атсак, жарыктык киши: "Ушунун барын Сталин билбейт болуш керек.Ортодо аскерлерди ачкадан өлтүрөбүз деген душман болсо керек" дегени бар. Кийин мени снайперлерге кошуп бөлүп кетишти. Коштошуп бөлүндүк. Ал кишинин Ленинград фронтунан кайтыш болгонун согуштан келгенден кийин уктум. Асыл киши эле, жарыктык! Мен да ошол Ленинград фронтунда кызмат өтөдүм.
- Ошол согуш учурунан эсиңизде калган бир окуяны айтып бере аласызбы?
- Ат менен маал-маалы менен тамак-аш ташып келчү. Тамак келген маалда кайдан-жайдан болбосун бир өзбек жигит эң биринчи кезекке туруп калчу эле. Ошондой күндөрдүн биринде, тамак-аш алып келген учурда баягы өзбек биринчи жетип барат. Так ошол маалда ошол жерге бомба жарылып, баягы жигит тамак-аш менен кошо каша болуп калды. "Кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет" деп ойлоп коем, кээде эстегенде.
- Сиз Баялы Исакеевди көрдүңүз беле?
- Менин атам Эсенбай көп жылдары бий болуп тургандыгы үчүн кулакка тартылып, бой жеткен агаларым туш-тарапка баш калкалап, тарап кетишти. Мени "бай-манаптын баласы"- деп мектептен чыгарып жиберишкен. Мен кичинекейимден Жайлообай деген таякелеримдин малын багып калдым. Жайлообай менен Баялы жакын тууган болгондуктан, ал Кочкорго келген сайын Жайлообайдыкына келип конок болуп кетчү. Алардын колуна суу куюп калганда "Аа, Эсекемдин баласы чоңоюп атабы?" деп койчу. Кочкордун атка минерлери коштоп жүрчү эле, көрсө ошол мезгилде, азыркыча айтканда премьер-министр болсо керек.
- Жердешиңиз Турдакун Усубалиев жөнүндө эмне айта аласыз?
- Турдакун БКнын биринчи секретары болуп келгенде, мен Кара-Суу колхозунун башкармасы катары Борбордук Комитеттин пленумуна катышкам. Ошондо Турдакун кырктын кырындагы жапжаш жигит, кара костюм, кызыл туфли кийип алып, орусча, кыргызча так сүйлөп элдин көңүлүнө жаккан.
Кийин бир ирет Усубалиев Кочкордун активи менен жолугушуу өткөзгөнү келгенде Кочкорлук чарба жетекчилери акылдашып, Усубалиевке маселени кабыргасынан койгонбуз. Эми ойлосом, биз ошондо чоң эле маселени көтөргөн экенбиз. "Турдакун Усубалиевич, темир жолду Кочкорго чейин жеткирип бербейсизби?"-десек Тукем, "Ой, кочкорлук туугандар, поюз келсе, орус келет. Тынч эле малыңарды багып жата бербейсиңерби"-деп койгон. Кийин эстетсек "аттиң, бекер кылыптырмын"- деп өкүнүп калды. Өкүнө турган эле иш болду да... Усубалиевден башка биринчи секретарь болгондо кочкорлуктар чуркап жүрүп советтик мезгилде эле Кочкорго чейин темир жол курдуруп алмак белек…
- Ата, эми биротоло, андан кийинки мамлекет башчылары тууралуу карыялык пикириңизди айта кетпейсизби?
- Апсамат Масалиев Ысык-Көл облусунда биринчи секретарь болуп турганда эле ишке так, карапайым, эң жөнөкөй адам катары эл-журтка белгилүү болгон. Бир гана Москвасыз сүйлөй албаганы, анын президент болушуна тоскоол болду.
Аскар Акаевди президент болгондон мурун эле таанычумун. Өтө билимдүү, элпек, жумшак адам. Президент болуп турганда бир нече жолу кабыл алуусунда болдум. Иш кабинетине эшиктен кирип келе жатканда эле колун суна ордунан ыргып туруп, алдымдан утурлай чыгып учурашаар эле.
Курманбек Бакиев президент болгондон бери жолукканым жок. Премьер - министр кезинде ишке жөндөмдүү жигит сыяктуу сезилчү. Азыркы болуп жаткан кымбатчылык бөтөнчө кары-картаңдардын айласын кетирип жатпайбы. "Карысы бардын, ырысы бар"деп кыргыз элинин жакшы сөзү бар. Эми кызым, мен мына сексен алтынын тамагын ичип атам. Эчкиникиндей жашым калдыбы, калбадыбы ким билет, деги эл журтка токчулук, бейкутчулук болсо экен деген эле ой. Бул чалга эмне болду деп ойлобогула, жанагынтип телевизордон, радиодон жерибиздин кеткенин угуп алып, ичимден ыза болом. Биз кенедей жер үчүн кашык каныбыз калганча күрөшпөдүк беле. Балдарыбыздын, келечеги үчүн… Кудай аман коюп, аркы дүйнөгө кетсек биз да ата- бабаларыбыздын барган жерине жүзүбүз жарык баралы да.
- Саякбай Каралаев менен да сиз бирге болгон деп уктум эле сизди?
- Элүүнчү жылдардын аягында бутумду дарылатканы Ысыккөлгө курортко барып, Сакем менен бир бөлмөдө жатуу бактысына туш болгом. Күнүгө кеч киргенде ал кишини машинага салып алып кетишип, кадырлап конок кылышып, "Манасын" угушчу эле. Мени баласындай көрүп, көп ирет кошо ала жүрдү.Эми "Манас" айтканда төкчү да, кайран киши. Бир айга чукулдап калган мезгилде,бир-эки күн катары менен Сакеме киши келбей, кадимки жаш баладай бирөөнү күтүп, жүдөгөнсүп кетти.Ошондой күндөрдүн биринде эшиктин алдында басып жүрдүм эле, бир "Волга" келип токтоп, ичинен бир костюм- шым кийген киши Саякбай Каралаевди сурап калды. Мен Сакеме ээрчитип бардым.Сакем ал кишини көргөндө көзүнө жаш алып, экөө узакка кучакташып, бөлүнө албай турушту. Көрсө Мухтар Ауэзов Сакеме атайын Казакстандан келген экен.Ошол күнү Сакемдин чечекейи-чеч болуп жүрдү.
- Согуштун ардагери деп сизге кандай жардамдар берилет?
- Мен согуштун II-группадагы майыбы катары каттоодо турам. Быйыл Өкмөт тарабынан 9-майга карата 2000 сомдон берилет деп айтып жатышат, ал эми Б.Чодобаев жетекчилик кылган "Окумуштуу согуш ардагерлери" - уюму дайыма карылар күнүндө, жеңиш күнү тамак -аш уюштуруп, 500 сомдон берип турат.
- Ар-дайым ден-соолукта болуп, биздин арабызда акыл кеңешиңиздерди айтып жүрө бериңиз! Бар болуңуздар, согуштун ардагерлери! Жеңиш майрамыңыздар менен!

Маектешкен Бүбүсара Алдакулова,
"алиби"