Кайран эл...

  

Түп эли неге түп көтөрүлбөй калды?
Теңдеши жок Каркыра жайлоосунун казак баурдастарга ит бекер берилип кеткенине караманча-каршы экендиктерин билдирип, оппозиция өкүлдөрү жергиликтүү эл менен бирге 26-апрель күнү саат 12:00де Бишкекти карай жөө жүрүш жасайбыз деп пландашкан. Түп районундагы калк түп көтөрүлүп, көлдөй толкуп, Бишкекти көздөй жөнөшсө, ар бир айылдан "элим, жерим" деген эр-азаматтар өзүнөн-өзү чыгып, катарды толуктап, калың элдин карааны 10 күн ичинде борбор калаабызга кирип келишмек. Бирок, оппозициянын ойлогон ою ортодон чыккан жок. Билесизби, неге?

Баштапкы план
Оппозициянын ана башында жүргөн саясатчылардын ою боюнча, Каркыранын калкып учуп кеткенинен кабардар болгон эл (чындыгында мында информациялык вакуумдун өкүм сүргөндүгү ачык эле байкалып турду) өз жеринин кертилип берилишине нааразы болуп, өзүнөн-өзү уюшуп алып, стартка даярданып калышмак. Ал эми төбөсү элге көрүнүп калган азыркы бийликтин каршылаштары Түптөгү топтолгон элге биринин артынан экинчиси келип, жылдыздар сыяктуу кол чабуулар менен тосулуп алууну каалашкан. Алар менен жолуккан соң, жалындуу ысык сөздөрдү, алтын шилекейлерди чачырата сүйлөп, чыгыштан батышка карай жол баштап жөнөшмөк. Ушундан улам, лидерлер баары бир учурда бирге эмес, өз өзүнчө Түпкө кирип барышкан. Анда аларды каз-катар тизилген милиция кызматкерлери менен акимчилик, айыл өкмөттөрү тарабынан тандалып, атайы жалданып, "сценарий" менен даярдалган "дүжүр чалдар эмес, эркектер жана ОБОНдор (отряд баб особого назначения) тобу, то есть "чагымчылар" тосуп алаарын оппозиция өкүлдөрү кайдан билишсин…

Чагымчылар беттен алганда
Ошентип, сааттын жебеси 12ге аз калганда айтканга сөз жеткис, укканга кулак чыдагыс окуянын учу башталды. Эч нерседен бейкапар айыл ичине кирип келген Болот Шерниязовдун алдынан 20 чакты аял менен эркектер отряды чыгып, катындардын бирөөсү "сени бул жакка ким чакырды?"- деп дароо эле душманындай беттен алат. Аны четке түртүп салган Шерниязовду катындардын артында турган эркектер ортого алып, "сен аны эмнеге түртөсүң?"- деп эле ур-тепкиге алып киришет. Анысы аз келгенсип, арасындагы бирөө Шерниязовдун колундагы баштыгын жула качканга да үлгүрөт. Болот мырзанын айтымында, ал баштыкта анын чөнтөк телефону, акчалары жана диябет оорусуна каршы колдонуп жүргөн дары-дармектери болгон экен.

Кагылышууга аз калды
Катардагы милиция кызматкерлери мындайды көрүп, эч нерсе болбогондой карап турушту. Качан гана Ыссыккөл облусттук ИИБсинин начальнигинин орун басары Октябрь Урманбетов өзү чуркап келип, арачалап ажыратпаганда Шерниязовдун жапа чегээрин биякка кой, эки тараптын ортосунда кагылыш болуп, кан төгүлүп кетмек.
Башкача айтканда, экинчи Аксы окуясы кайталанып кетүүсү толук мүмкүн эле.
Ошону Октябрь мырза жакшы түшүндүбү ким билсин, айтор "эй силер эмне буларды ажыратпай, оозуңарды ачып турасыңар?"- деп кол алдындагы кызыл шапкечендерге бакырбаганда эки тараптын эки жакка ажырап кетүүсү кыйын болуп калган эле.
Ушундай кагылыштарда милиция кызматкерлерин бийлик өзүнүн коргоочусу катары дайым курал катары пайдалана берсе, бир күнү алар чыдабай жарылып, өздөрүнө каршы чыкпайт деп эч ким кепил боло албайт. Ал ортодо Өмүрбек Текебаев, Аликбек Жекшенкулов жана Дүйшөн Чотоновдор жетип келишет. Аларды да алдын ала даярдалган сценарий менен тосуп алышып, аларды андагы аялдар жумурткалар менен башка- көзгө урууга аракет кылышса, эркектери жакадан алышат. Мына ошондо укук коргоо органдары ордунан козголмуш этип, Ө.Текебаев, А.Жекшенкулов, Э.Алымбековду курчоого алып, МАИнин посту жайгашкан дөңсөөгө чыгарууга шарт түзүп беришет. Бирок, "кетсин эле кетсин" деп бакырып-өкүрүп, чуу салып, жумурткаларын ыргытып, сүйлөтпөй коюшат. (Сууну да сиңген жерге куй дейт)
Ошентип, Шерниязов айткандай, азыркы бийлик казактарга кеткен Каркыраны коргоп калуу үчүн кыргыздарды кыргыздарга тукуруп, кыргыздарды кыргыздарга сабатып жатканы нени каңкуулайт?

Айылдык деңгээлдеги жетекчилердин салымы чоң
Бир аз убакыт өткөн соң, ал дөңсөөнү да ыраа көрбөй, айыл ичинен сүрүп сыртка чыгарып салышат. Ошентип, айылдык деңгээлдеги жетекчилердин "жемиштүү иш-аракети өз "жемишин" берди. Мындайга өзгөчө, Түп районунун акими Өмүрбек Шаршеналиев жана анын униформа менен кышкы батинке кийип жүргөн 1-орун басары Калыбек Алышбаев, Аксуу районунун акими Тынчтыкбек Чекиев, Жети-Өгүз районунун акими Замир Турдукеев менен Сары-Булак айылынын өкмөт башчысынын салымы чоң болду десек Аша чапкандык болбос.
Акырында, өзүнүн жансакчылары менен четте турган Азимбек Бекназаров да ОБОНдордун сүрүлүү күчүнө кабылат. Бекназаров баштаган топ жөө жүрүш башталды деп, желектерин желбиретип алдыга жөнөшөт. Текебаев, Жекшенкулов, Чотонов, Алымбеков, Өмүркулов 3 километрдей алдыга узап кетишкен эле.

Баатырдын арбагына куран түшүрүп...
Ошондо, жөө жүрүштүн катышуучуларынын баары Балбай баатырдын арбагына багыштап, куран окуу үчүн чогулушту. Ошондо чогулган элге жетип келген Дооронбек Садырбаев машинеден түшүп, куран окуду. Мындай шартта жүрүштүн катышуучулары ары толкуп, бери толкуп, ара жолдо бир топко буйдалып турду. Мындай шартта бир чечимге келиш керек эле. Жөө жүрүш Түп аркылуу Караколду, Жетиөгүздү басып өтүп, андан ары Ыссыккөлдүн жээги менен сапарын уламак. Бирок, андай болбоду. Жол баштоочулар өз ара кеңешип, акыры башкача бир бүтүмгө келишти окшойт. Себеби, жөө жүрүшчүлөрдү бийлик орто жолдо тороп салган эле. Тигил жагынан да, бул жагынан да провокаторлор даярдалып, алардын алдыга кетүүсүнө толгон-токой тоскоолдуктар даярдалып калган эле.

Тоскоолдукка торолгондо
"Биз карапайым калктын бири-бири менен кагылышуусуна жол бербейбиз. Бүгүнкү күнү бийлик элди бири-бирине тукуруп жатат. Андыктан, азыр тайм-аут жарыялоого аргасыз болуп олтурабыз. Себеби, биздин катарды толуктоого чыккан алдыдагы айылдын тургундарын укук коргоо органдары кармап кетиптир. Ушуну менен азыр таркайлы, биз жергиликтүү бийлик органдарына, керек болсо губернаторго чейин кайрылып, камакка алынгандарды чыгарууга аракет кылалы. Муну менен биздин иш-аракеттерибиз токтоп калбай, мындан ары да уланат, аны өз учурунда кабарлайбыз"- дейт эл алдына чыккан Азимбек Бекназаров.
Шерниязов болсо, бийлик күч менен коркута албаарын билдирди.
"Эң жаманы бийлик башындагылар кыргызды кыргызга сабатып жатканы"- дейт ал.
Ошентип, эл өз жолуна түшөйүн деп жатканда чоң автобус менен 50гө жакын "спецназ", укук коргоо органдары жана жанагы провокаторлор Балбай баатырдын мүрзөсүнүн жанында турган элге жакындап келишет. Бирок, ортодон от чыгып кетпесин деп жөө жүрүштүн катышуучулары Бишкекти карай жол тартышат.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, укук коргоо органдары алдын ала ар бир айылдын тургундарына кайрылып, "жөө жүрүшкө катыша турган болсоңор, бизге таарынбагыла. Четиңерден камайбыз"- деп коркутуп коюшуптур. Ал эми жанагы оппозиционерлерди тосуп чыккан "чагымчылардын" ар бирине акимчилик, айыл өкмөттөрү тарабынан 1000 сомдон төлөнүп берилгени айтылууда.

Чакырыктардын угулбай калганы
Балким, жөө жүрүштү жасагандар алдын ала ар бир айылга чындыкты чагылдырган гезиттерди таркатып, ага "Балдарыңдын, неберелериңдин ырыскысы болгон жери бөтөндөргө кетип жатат. Алардын келечеги үчүн арзан соляркага, 1000 сом акчага алданбай, корпой-үркпөй аларды сактап калууга салымыңды кош. Себеби, мында Сенин эле эмес, жалпыбыздын, мамлекетибиздин, Ата Мекенибиздин тагдыры чечилип жатат. Андыктан үйдө жатпай, жөө жүрүшкө чык, замандаш!"- дегендей ураандарды жазып, элге жайылтса, мындай болмок эмес беле деген ой келет экен.
Ии баса, көлдүкмүн деп көкүрөк кагып, Каркыра жайлоосунун казактарга кетишине аябай кейигендей түр көрсөткөн "Акыл ордонун" ана башыларынын бири Өкмөтбек Алмакүчүковдун өзү эмес, карааны да көрүнгөн жок.
Сөзүбүздүн аягында, не демекчибиз? Абийири сакталуу, намысы бийик эр-азаматтар бийликтин кечиримсиз кадамдарына караманча-каршы чыгып, көкүрөктөгү бугун, көңүлдөгү ызасын айтып, бүгүнкү бийлик билбесе да калың эл билээр деген үмүт менен таркашты. Күндөр өтсө, жылдар кетсе, балким бүгүнкү күн унутулаар. Бирок, Каркырадай ата мурасы укумдан-тукумга айтылып, эмне себеп менен өзүбүздөн өзгөгө өткөнү такыр унутулбасы бышык. Бул күн азыркы бийликтин анык жүзүн дагы бир жолу аныктады.

Улан мамбетов,
Бишкек-Түп- Бишкек