№42, 30.02.08-ж.
  Жок болуп кетпестин жолу барбы?

"Өткөнүн билбеген
келечекке жол таппайт".
Байыркы бабаларыбыздын мурас
сөздөрүнөн.
I
Азык-түлүк менен өзүн камсыз кыла албай калганы аз келгенсип, Кыргызстан эми элин электр кубаты менен камсыз кыла албаган аңга кулап түштү. Жылына төрт миллиард киловатт электр күчү уурдалып, тонолуп жок болгонго түздөн-түз тиешеси бар жетекчилер жоопко тартылуунун ордуна жогорку кызматтарга көтөрүлүшү - коррупция мамлекет бийлигин толук чырмап, ээлеп, бийлеп алгандын талашсыз белгиси.
Кийинки эле жылда 12 млрд. киловатт уурулардын капчыгына түшсө, бүгүн болсо бир жарым миллиард үнөмдөшүбүз керек деген шылтоо менен бүткүл кыргыз элин чырак жакканга өткөзүштү. Анысы аз келгенсип, эми тезек камдоо буйругун эл президенттин өз оозунан угуп, үрөйү учту.
Бүгүн дүйнө өлкөлөрүнүн 37синде азык-түлүк жетишсиздиги расмий таанылды, алардын бешинде ачка эл толкуп (Египет, Гаити, Филиппин, Индонезия, Бангладеш) көчөгө чыгышып, дүкөндөрдү талап, тоноого барышты.
Дүйнө экономикасында үчүнчү (дүйнөлүк) кризис башталды. Анын эпкинине Кыргызстан туруштук бере албастыгы балага да түшүнүктүү.
Демек, кыргыз мамлекети жок болуу чегине жакын жетип калганын айтпаганга айлабыз жок болуп калды.
Ушундай курч кырдаалда бийликтин деңгээлин, дараметин, сырын, жүзүн эл жетиштүү билип, көрүп, таанып калды. Ал эми оппозиция кайсы жолду сунуштайт?
II
Мен дагы элге кошулуп, ушундай үмүт менен Курултайга барып, эмне себептен өлкөбүз ушул абалга жетти? Кайсы адашуу, кемчиликтерди кандай жол менен жоебуз? Кантип ынтымак, биримдикке жетебиз? Кыргыз эли алты миң жыл бою тапкан тарыхый тажрыйбасынан эмнени алабыз? Же бүгүнкүдөй, анын баарын четке кагып, "кереги жок" - деп, тарыхтын таштандысына ыргытып салабызбы, деп, маселенин ушул жактарын айтайын деген ойдо улам сөз сурасам, сөз кезеги жетпей калды…
Оңолуу жолубуз кайда?
III
Өткөн жылдын декабрь айында болгон шайлоодо элибиздин басымдуу көпчүлүг (50-60%) бир дагы саясий партияга колдоо көрсөтүп, ээрчиген жок. Демек, даанышман элибиз көкүрөгү менен сезип, бир кылым убакыт уланган бөлөк элде, алыс жерде иштелген, арамза, кыргыздын кул кылып башкарган саясый доорго чекит кое турган кадамын баштады…
Көптөгөн саясий партиялардын чакырык, максат - программаларын колдобогон эл кайсы турмуш жолун күтүп, эңсеп турат?
Бүгүн кыргыз кыргыз болуп, тегин билип, кыргыздын касиетине кайрылып, тарыхы менен сыймыктанып, бабаларын даңктап, дүйнө элдеринин босогосунан төрүнө өтүп, намыстуу жашагысы келет.
Анткени, бир кылым убакыттан бери кыргыз элинин тагдыры, жашоо эреже-шарты, коомдук-саясый түзүлүшү, келечеги, башкаруусу сырттан, бөлөк элден, алыс жерден чечилип, кыргыздын миң жылдар бою табылган тарыхый тажрыйбасына, калыптанган коом түзүлүшү жана башкаруусуна дал келбесе да таңууланып, элибизге жакпаса да, жукпаса да зордук, зомбулук менен жүргүзүлүп келди.
Акыры, кыргыз элинин улуу салтына, наркына, ыйман-адеби, руху, кулк мүнөзүнө шайкеш, төп келбеген үчүн мамлекет башкаруусу натыйжасыз болуп, өзүн актабай, элди бийликтен четтетип, бир ууч төбөлдөр эл менен эсептешпей, эл тагдыры менен чүкө өкчөгөндөй каалашынча ойногонго шарт түзүп берди.
Мындан нары кыргыз өз өлкөсүндө кор, өз мекенинде жетим, уурдап, элин тоноп байыган көпөстөргө малай болуп жашагысы келбей калды.
Жүз жыл кыргыз жолунан адашып, далай кордук көрүп, азапка чөгүп, кайгы-муңга батты. Эми кыргыз бир да элди туурап, көчүрмөсү болгусу келбей калды. Көк асманды тиреген ак мөңгүлүү Ала-Тоону мекендеп, көктө шаңшыган бүркүттөй замананын бийиктигине көтөрүлүп жашаганды кыргыз бүтүн эңсеп, тилеп калды.
Өлкө кубаттуулугу - анын элинде. Элдин күчү, кудурети - анын ынтымак, биримдигинде. Ынтымак, биримдиктин башаты, булагы, пайдубалы, өзөгү - элдин рухий бүтүндүгүндө.
Рухий бүтүндүк - элдин тарыхында, тилинде, дилинде, салтында, наркында, маданиятында.
Өзү ким экенин билбей, тарыхынан, тилинен, салтынан, наркынан ажырап, муундардын байланышы үзүлгөн эл тамыры кыйылган, өзөгүн курт жеген дарактай соолуп, эрксиз, намыссыз, алсыз, айдама, ээрчиме, элдүүлүгүн жоготуп, каалаган жагыңа жетелесең кете берген пенделердин манкурт тобуна айланганда-Жерин да, Мекенин да, кен байлыктарын, суу байлыктарын да оңой эле бөлөк өлкөлөр тартып алаарын өз турмушубуз толук далилдеп берип жатпайбы.
IV
Туңгуюк абалыбыздын түпкү себептерин көрүп, билип, ачык айткан атуулдарыбыздын алдыңкысы - азырынча сырта жүргөн чыгаан жигитибиз Урмат Барыктабасов деп ачык айтат элем.
Буга чейин басып өткөн турмуш жолун мен билбейм. Мүмкүн анын ак-карасы да болгон чыгаар (ар бир адамдыкындай, өзгөчө азыркы каатчыл заманында). Бирок, кеп анда деле эмес.
Кеп, кыргыздын өзүнө гана таандык өнүгүү жолун акылы менен аңдап, көкүрөгү менен сезип, көрө билгенинде.
Жакын арада (27-мартта "Де-факто" гезитинде) жарык көргөн маегинде бийликте да, оппозицияда жүргөн көптөгөн саясатчылардан айырмаланып, Урмат иним багытыбызды так, таамай айтып, көрсөтө алганы менен мени кубандырып, ыраазы кылды.
"Кыргызымдын келечеги ата-бабалардан мурасталган дөөлөттөрдө жатат. Кыргыздын оймо-чиймелеринде, ак калпагында, боз үй жасалгаларында, комуз күүлөрүндө далай сырлар катылган турбайбы… Ал сырларды чечмелей келсек, өзүнчө бир ачылыштар экен… Кыргыздын оозеки философиясында жатат келечегибиз. Мунун баары чексиз акыл казына. Ушул улуу мурастарда экен да кыргыздын келечеги.
… Кыргыздын чыныгы тарыхында жатат келечек. Кыргыздын каада-салттарында келечегибиз катылып туру. Кыргыздын эне тилинде жатат өзүнчө бир улуу дүйнө… Улуттук сыймык эне тилибизде, дилибизде. Эне тилибиз - өнүгүүгө өзөк.
… Элдин көңүлүн ооруткан өтө жаман нерсе… Калыстык, Адилеттик, Ыймандуулук орносо, баары оңуна келет эле.
… Эл башына мекенчил, сүйлөгөн сөзүнө жооп берген, кыргыз дегенде өлүп бере турган жигит келиш керек… Ошондо гана кыргыздын турмушу оңолот" - деген сөздөрүн окуп, кыргыз өлбөптүр, өксүп-бөксөрсө да, кемип, чачылып, үзүлсө да көрөңгөсү бар экен деп кубанып калдым.
Кыргыздын улуу касиетине үндөп, үгүт жүргүзгөндөрдү "розовый национализм" деп кемсинткен саясатчылардын доору бүтүп баратат.
V
Боз үйгө арналып, боз үй - деп аталган китебинде американын жараны Рысбек мырза (Ричард) баш сөзүндө кыргыз окурманына минтип кайрылыптыр:
"Сенин мекениң - менин Меккем!
Боз үйүң - менин Кыбылам!
Элиң - менин Имамым!
Салтың - менин Парзым!
Ала-Тооң - менин ыйык Ажылыгым!
Ак калпагың - менин ажылык Топум!
Ата-бабаларыңдын жолу - менин туткан Диним!
Манастын Көкө-Теңири - менин Алла-Таалам!
Сенин табиятың - менин Мечитим" (1)
Кыргыз элинин көкөйүн кескен көйгөйлөрдү эл өзү гана чече алат.
Качан гана ар бир кыргыздын көкүрөгү Рысбек иним айткан - ыйык сезимдерге толгондо, кыргыз кайра жаралуу касиетине ээ болгондо ал көйгөйлөр өзү эле чечилип, Манастын арбагы кыргызды колдоп, дүйнө элдерин кыргыз улуу рухий дүйнөгө ээрчитип, жол баштап берет.

Дастан Сарыгулов,
Экс-мамкатчы




  Пора поставить точку...

Хватит обманывать и предавать свой народ
На днях, как известно, марксистко-ленинская единая коммунистическая партия кыргызского народа объявила о своем самороспуске.
В то же самое время руководство центрального комитета партии (председатель партии Анарбек Усупбаев) пригласило всех своих членов в полном составе и при сохранении существующей структуры управления вступить в новую, только что учрежденную республиканскую партию "Народного единства "Кыргыз Эл".
Свое историческое решение теперь уже бывшие коммунисты мотивируют тем, что идеология марксизма и ленинизма, красивая по своему изложению, но ложная по своей сути, была донельзя дискредитирована бездарной политической практикой его последователей - как в годы Советской власти, так и во все годы независимости Кыргызстана.
"Тот интернационализм, который долгое время практиковался нашими коммунистами и их последователями - это интернационализм партийной бюрократии и авторитарной номенклатуры, коррупционеров и нигилистов, действия и образ мысли и идеология которых оказались разрушительными не только для национальных традиций, но и в деле построения правового гражданского общества", - говорится в обращении руководства бывшей коммунистической, а теперь уже новой патриотической партии.
Последней каплей терпения, говорит Анарбек Усупбаев, стало решение правительства страны, его парламента о передаче в собственность Казахстана исконно кыргызской земли Каркыра, о котором упоминается в эпосе Манас, как о любимом месте нашего героя.
Подобное предательство и кощунственный акт мог случиться только по воле "интернационалистов-коммунистов" и их последователей, для которых идеология Общего дома, затмевает такие ценности как патриотизм, чувство исторической ответственности и верность традициям и чести народа.
Коммунистическая партия и ее лидеры фактически продолжили политику царской России, направленную на подавление культурной и национальной идентичности кыргызского народа и искоренение его древней истории. И это продолжается до сих пор, коммунисты Кыргызстана вносят посильный вклад в превращение нашей страны в Общий дом, населенный "интернационалистами" и манкуртами.
Разве не коммунисты и их лидеры ввели запрет на изучение трудов Бартольда, Абрамзона, Гумилева, Аристова, убедительно доказывающих уникальность и древнейшие истории кыргызского народа, разве не они скрывали от народа и общественности правду о событиях 1916 года - о геноциде кыргызской нации, устроенный царскими карателями?
Только благодаря всплеску московской демократии в1990 году, в результате чего распался СССР и Кыргызстан получил независимость, нам удалось заглянуть в трагические страницы этой истории. В прошлом году была организована экспедиция с целью захоронения останков жертв, которая выполнила большую работу, однако это только начало этого процесса. Предстоит еще сделать очень многое, чтобы воздать должное памяти безвинно убиенных и загубленных.
В то же самое время коммунистические руководители и идеологи в Кыргызстане не жалели средств и сил на то, чтобы оболванить наш народ, украсть и уничтожить его историю. Разве не об этом зримо свидетельствуют памятники, посвященные недоброжелателям кыргызского народа, каковыми являлись Пржевальский, Семенов-Тянь-Шанський и Шабдан батыр. Все эти исторические личности служили верой и правдой Белому царю и внесли свой личный вклад в события 1916 года?
Тогда как, в действительности, Кыргызстан должен поставить памятники Абрамзону, Гумилеву, Бартольду, Аристову, Юдахину и другим подобным личностям, которые сохранили глубокое уважение к культуре, истории и языку нашего народа.
Окружение нашего президента, также как и нынешний состав Жогорку Кенеша, воспитанный в духе коммунистических лидеров, продолжает эту политики, отрицая не только культуру и историю кыргызского народа, но и даже самое его право на самобытность и государственность. Между тем, это далеко не первое предательство интересов кыргызской нации и покушение на территориальную целостность страны? По сути все лидеры компартии и страны за годы Советской власти, и в первые два десятилетия нашей независимости проводили ту же самую антинародную политику. Продавались и просто отдавались нашим соседям части территории республики, подавлялся его язык и культура, запрещалась его древняя истории и идеология.
Вот почему в такой сложной ситуации члены нашей партии приняли решение о самороспуске, и мы обращаемся с таким же предложением и другим коммунистическим партиям в Кыргызстане.
Дальше так жить, дальше так обманываться нельзя. Если прошлые ошибки и перегибы еще как-то можно объяснить, понять и простить, то теперь подобная политика является очевидно преступной и антинародной.
Мы должны вернуться к своим древним национальным истокам. - к мировоззрению и идеологии Тенгрианства. Собственно говоря, именно вечные и нетленные идеи Тенгрианства в коммунистическом учении были так привлекательны для кыргызов. В этом смысле мы не отрицаем учение Ленина и Маркса, потому что они восходят истоками к Тенгрианству. Это идеи социального равенства,толерантности, братства, верности народу и родине.. Все это было взято оттуда. Однако коммунисты осквернили и надругались над этими идеями и идеалами и не достойны никакого сожаления.

Анарбек Усупбаев, экс-председатель марксистко-ленинской единой коммунистической партии кыргызского народа, действующий председатель республиканской партии народного единства "Кыргыз Эл".