№42, 30.02.08-ж.
  Баалуу мурасты барктай билсек

Самар Мусаев, Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын "Манас таануу жана көркөм маданият" улуттук борборундагы Манас бөлүмүнүн башчысы
Самар Мусаев агай жетектеген КРИАнын "Манас" бөлүмүндө убагында 16 адам эмгектенсе, учурда эки эле адис калган. Илимий жигеринен 85 жашында да жанбаган мээнеткеч, илимпоз менен "Манас" эпосунун көйгөйлөрү жөнүндө тынчсызданган мазмундагы маек курдук.

Көп жылдан бери "Манас таануу" бөлүмүндө эмгектенген адис катары "Манас" эпосунун бүтүндөй варианты азыркы мезгилге чейин басылбай жатканы жөнүндө эмнелерди айтып бере аласыз?
- Совет доору жаңыдан уюшулган кезде элибиздин колдо болгон жалгыз материалы "Манастын" кол жазмасы болгон. Кыргыз маданиятында адабият, театр деген болгон эмес. Кыргыздардын бирден бир сыймыгы, байлыгы "Манас" эпосу эле. Мына ошондон улам "Манаска" көңүл бурулуп, "Манасты" изилдеп, басмаканадан бастырып чыгаруу аракеттери көрүлө баштаган.
Албетте, "Манас" эпосунун кадыр - баркы да чоң мааниге ээ. Илгертеден бери эле Манасты эл жогору баалаган. Кыргыз жерине биринчилерден болуп ким келбесин, кыргыз деген сөз болсо эле "Манас" -деген чыгармасы бар деп билишкен, кызыгышкан.
1935-жылдын 10-январында "Манас" эпосун бастырып чыгаруу жөнүндө маселе козголуп, "Манастын" бир бөлүгүн (кеп Чоң казат жөнүндө болуп жатат) эки тилде орусчасын Москвадан, кыргызчасын өзүбүздөн чыгаруу токтому чыккан. Ошол эле 35-жылдын 29-мартында "Манас" эпосун чыгаруу боюнча 17 кишиден турган редколлегиянын мүчөлөрү бекитилген. Токчоро Жолдошев "Манас" эпосун басмага даярдоодо, кыргызча жана орусча китептердин башкы редактору болуп дайындалат. Ошентип 35-жылдын 27-28-декабрында "Манас" эпосун жарыкка чыгаруу жөнүндө атайын конференция болуп өтөт. Бирок, ал конференцияда негизги докладчы Т.Жолдошев камалып кеткенине байланыштуу катышпай калат. Анын ордуна докладды К.Тыныстанов жасаган. Кол жазманы Совет доорунун талабына жараша оңдоп, мисалы, "Ислам деп бакырып, Манастап ураан чакырып", - деген сөздөр бар эле да же болбосо: "Түрк элдери туугансыңар бириккиле, бири -бириңерге жардам бергиле!" -деген сыяктуу чакырыктарды оңдоп - түзөп, анан басууга бермей болгон.
Тилекке каршы "Манас" эпосун бастырып чыгаруу иши үзүлтүккө учурап, иштеп жаткан адамдардын басымдуу көпчүлүгү, айрыкча, негизгилери камалып, 37-38-жылдары атылып кеткен.
- Совет доорунда эле "Манас" эпосунун миң жылдык мааракесин өткөрүүгө даярдыктар көрүлгөн деген чынбы?
- Ооба, ошол эле 1938-жылы Москвада китептин орусча - кыргызчасын чыгарып, "Манас" эпосунун 1000 жылдык мааракесин белгилөө жөнүндө токтом кабыл алынган. Бул боюнча Советтер Союзуна белгилүү чоң окумуштуулар чакырылып "Манаска канча жыл болду? 1000 жылдык деп айтууга болобу?" -деген кеңешме өткөн. Далилденген соң "1100 жылдыгы белгиленсин", - деген чечим чыккан. Мааракеге даярдыктар көрүлө баштаганда согуш чыгып токтоп калган. Ошол чечимдин шарапаты менен даярдык катары согуш жылдарында да, көркөмдүүлүгү мыкты, элге кеңири тараган эпизоддор өз - өзүнчө болуп "Манастын балалык чагы", "Алгачкы айкаш", "Манастын өлүмү" ж.б. ушул сыяктуу 13 майда китепчелер кыргыз тилинде чыккан.
Ошентип, 1935-жылы басмага даярдалган "Манастын" кыргызчасы басылбай калып, Москвага берилген орусча варианты согуштан кийин 1946-жылы жарык көргөн. Баарынан кызыгы китептин эрежеси боюнча тексттерди басмага даярдаган, которгон, түзгөн адамдардын аты - жөндөрү жазылбай китептин "паспорттук маалыматы" жок, которгон гана орустардын фамилиялары жазылган китеп чыккан. Демек, редактору, даярдагандар камалып жок болуп кеткенден кийин алып салышкан.Жада калса кириш сөзүндө эскерилбей биринчи жолу көлөмдүү, жакшы китеп жарык көргөн. Ошол мезгилдин эң жогорку сыйлыгы Сталиндик сыйлыктын лауреаттыгына чейин көрсөтүлүп, комиссия жактырып сыйлыкты ыйгармак болот. Бирок,1948-жылы Ждановдун "Эскини көксөө, эскини мактоо идеологияга туура келбейт", - деген докладына байланыштуу Сталиндик сыйлык берилбей, маараке деген таптакыр токтоп калган.
- Ошондон тартып "Элдик чыгарма эмес", - деген пикир күч алып, "Манас" эпосун толук басып чыгарууга каршы макалалар жарык көрө баштаганбы?
- СССРдин Илимдер Академиясы тарабынан "Манастын" элдик чыгарма экенин тастыкташ үчүн 1952-жылы Фрунзеде атайын жалпы союздук окумуштуулар катышкан илимий конференция өткөн. Ал конференцияга Москвадан докладчылар келди. Айрымдары "Манастын" текстиндеги материалдарды жамандап, жараксыз кылууга аракеттенишкен.
Чындыгында "Манаста" кааласа жаманы да, жакшысы да бар эле. Анткени, бул - бир күндүн же бир учурдун чыгармасы эмес. Бери эле болгондо миң жылга чамалуу убакыттын ичинде болгон окуя. Элдин турмушунда, тарыхында эмне болсо ошонун баарын өз ичине камтыган чыгарма да.
Конференциянын жыйынтыгында ""Манаста" кемчилик көп. Негизинен түпкүлүгү элдик чыгарма", - деген чечим кабыл алынган. Өз көзүм менен көргөнүмдү айта кетейин. Бул чечимге академик Скрябин чоң роль ойногон. Чет мамлекетте командировкада жүрүп конференцияга "Кыргыз элинин улуу мурасы болгон "Манас" эпосуна туура, оң баа берээриңерге ишенем!" - деп телеграмма жөнөтүптүр.
Конференцияга чакырылган окумуштуулардан башка жөн эле адамдар катышкан. Кочкорбаев деген Канттын бир колхозунун башкармасын таанычумун, ошол киши 30 кишини ээрчите келиптир. Аларга окшоп келгендер көп эле. Скрябиндин телеграммасын окуган соң залдагы олтурган, орун жетпей туруп турган адамдардын бардыгы 5 минута токтобой кол чаап турушту.
Конференция аяктаган соң оң - терс деп кол көтөрүш керек эле да. Жымжырт, эч ким унчукпайт, бир топко чейин олтуруп калдык. Ал кезде Москванын көзүн караган заман. Ким эле болсо туура эмес айтып аламбы деп коркчу.
Анна Зимма деген тарыхчы аял бар болчу. Ошол чыгып: ""Манастын" жакшы экенин уккан жоксуңарбы, ким каршы чыгат? Скрябиндин телеграммасына эмне деп жооп бересиңер?" -дегенде эл жаалап кубаттап кетти.
Бул жолу да бир да вариантын оңдобой чыгарууга болбойт, кемчиликтери бар. Бирок түбү элдик болгондуктан "Түрдүү варианттардан алып кошмо вариант чыгаруу" жөнүндө токтом кабыл алынган. Ошонун негизинде даярдоо иштери К.Маликов, А.Токомбаев, Т.Сыдыкбеков үчөөнө тапшырылып, 60-жылдардын ичинде "Манастан" 2 китеп, "Семетейден" 1, "Сейтектен" 1 китеп болуп 4 китеп чыккан.
- "Манас таануу" бөлүмүндө кайсыл жылдардан тартып эмгектенип келесиз?
- Мени 1965-жылы университеттен Илимдер Академиясынын "Манас" секторуна башчы кылып которду. Ошол учурда ""Манасты" эки тилде чыгаралы", - деп Дүйнөлүк адабият институтунан кат келип калды. Мурдагы кошмо вариантын даярдагандар "даяр турган эле китепти чыгарыш керек", - деп талашып туруп алышты. Ал текстти даярдаганда бир вариантына экинчисин кошоордо өздөрү сөз жалгап же туура эмес деп эсептелген сөздү алып салып, анын ордуна башка сөз жазып, айрым жерлеринде кишилердин атын өзгөртүп түзүлгөн. Бул илимге жол берилбей турган каршы нерсе. Ал түзгөндөрдүн күнөөсү эмес эле, учурунда "Манасты" сактап калуунун башка жолу жок болчу. Анан оңдолгон жерлерин баса белгилеп, Борбордук Комитетке арыз жаздым. Мени Борбордук Комитетке чакырып "дүйнөлүк илимий практикада кандай болсо ошондой даярдагыла", - деди.
Адегенде Москвадан "250 миң сап ыр бергиле үч бөлүгүн чыгарабыз" - дешкен. Биз ошону даярдаганбыз. Бүткөн соң көтөрүп барсам, басмаканага эсептеткени жиберишти. Алардын адистери эсептегенде менин көтөрүп барган материалым кыргызчасы - орусчасы кошулуп 26 китеп болуп чыкты. Ар бир республикадан бирден эле китеп чыгарышмак. Анан эле "26 китеп деген эмне деген шумдук? Кыскартып 100 миң сап даярдагыла, ошол канча китеп болсо да, чыгарабыз", -дешти. Болушунча кыскартып алардын талабына ылайыктуу даярдап бердик. Ошентип СССР убагында 3 китепти жалтыраган кымбат кагазга чыгарганбыз. "Кыргызстандагы кагаздар жарабайт", - деп кыргызчасына да Москвадан жалтырак кагаз алып келгем. 4- китепке үлгүрбөй калып СССР жоюлгандан кийин "Манастын" миң жылдык мааракесинде шашылыш чыгардык. Бирок, биз берген материал толук чыккан жок. Сагынбай Орозбаковдун варианты боюнча башынан тартып Чоң казатка чейинкиси эле жарык көрүп, Саякбай Каралаевдин варианты калып калды. Бүгүнкү күнгө чейин Москвада жатат. "Манас -1000" жылдыктын астында А.Акаевге жолукканымда "бардыгын даярдагыла, өзүм ачка калсам да, "Манас" эпосун толугу менен чыгарам", -деп айткан. Бечара бала айткан сөзүн аткара албай кетти.
- Учурда "Манас" эпосунун бүтүндөй вариантын окурмандарга жеткирүү жөнүндө кандай иш - аракеттер бар?
- "Манасты" улуу мурасыбыз, улуттук сыймыгыбыз дейбиз. Бүгүнкү күнгө чейин бир да варианты толук бойдон жарык көрө элек. Бул жакшы эмес, намыстана турган иш. Кытайга конференцияга барып калдым. Ошондо мага "Манасты" изилдеп жүргөн кытайдын окумуштуулары суроо берип калды. ""Манасты" аягына чейин качан чыгарасыңар?", - деп. "Чыгарабыз, азырынча каражат жетпей жатат", - дедим. "Канча китеби чыга элек?"- деп сурашты. "6-7 китеби чыга элек", -десем. "бир китебине канча доллар кетет?" - деп кызыгышты. "10 миң долларга чейин болсо жетмек", - дедим. Ошондо алар айтып жатпайбы "Сизди конокко чакырганга биз 12 миң доллар сарптадык", - деп.
"Туура, кыргыздар кичинекей, жарды эл. Бирок, кандай кичинекей, кандай жарды болгон күндө да, өзүнчө эгемен мамлекет болуп эсептелгенден кийин ушундай улуу нерсеге акча таппай коет деген кантип болсун?" -деп таң калышты.
60 жылдык өмүрүмдү арнадым ушул ишке. Менин көзүмдүн тирүү кезинде толугу менен жарык көрсө, атаганат жаман болбос эле. Китептин чыгып - чыкпаганынан мен бейишке чыгып же тозокко түшүп кетмек белем. Кеп анда эмес. Азыр деле таптакыр болбогон нерселерге эмне деген каражаттар кетип атат. Кандай жашырсаң да, эл көрүп, угуп турбайбы. Андан көрү көзгө көрүнүктүү иш кылып, "мына ушул жакшы болду", - десе кандай сонун болоор эле. Жанды кейите турган чоң деле каражат эмес. "Манасты" басмаканадан бастырып чыгаргандан башка чыгымы жок. Биз эмгегибиз үчүн тыйын сурабайбыз. Айлыктын эсебинен иштелген иш. Жок дегенде бир китепти чыгарып, аны сатып ошонун эсебинен кийинкисин чыгарса деле болмок. Жок, аны уюштурган киши жок. Чын - чынына келгенде муну түшүнүп, өз учурунда баалаган, баркын түшүнгөн адам жок. Ар ким өз чөнтөгүн гана ойлогон заман болуп калбадыбы. Эртең тарыхта айтылып калат ""Манас" эпосу толугу менен баланча жылдарга чейин созулуп чыкпай келген" - деп.
К.Бакиев бийликке келгенде биз ал кишиге кайрылганыбызда "басмаканадан эсептетип келгиле", - деди. Бат эле эсептеп чыктык 3 млн. сом болот экен. Ошонун бир гана миллионун беришип китеп дагы толук чыкпай калды. Эми дагы 4 китеп чыгарсак "Манас" бөлүмү бүтмөк. "Семетей", "Сейтегин" дагы көрө жатаарбыз.
- КР эгемендикке ээ болгондо Манастын жети осуяты -идеологиянын башаты деп эсептелген. Бул багытта идеологиялык каражат катары өзүнүн милдетин канчалык деңгээлде аткара алды?
- Негизинен туура, "Манас" эпосунан артык да идеология болобу. Ырым кылып жетини даярдашкан. Бирок жети болбош керек эле. Патриотизм, мекенди сүйүү, экология, мунун баары "Манаста" бар экендигинде талаш жок. Идеология дегенди үгүттөп, элге жайылтыш керек эле. Чоң кемчилиги элге жетпей калды.
Мына азыр деле кыргыздын идеологиясын издеп таппай коюшуп, идеологиясыз эле жашайбыз деп оозго да албай калдык. Турмушта идеологиясыз жашоого болбойт. Эгер акыл - эсиң ордунда болбой, эч нерсени ойлонбосоң бир жөн. Ал эми ой жүгүртө турган кишиде бир максат болуш керек да жашоодо. Ойдон чыгарууга да мүмкүн эмес, ал элге жукпайт. Биздин кыргыздарга "Манас" эпосу эмне үчүн идеология боло албасын. Жакшысын тутунуп, жаманынан сабак алсак, идеология деген ошол.
Мектептерде, Жогорку окуу жайларында "Манас" эпосун илгерки жасалма текст менен окутуп жатышат. Мен иштеп чыккан китепке сөз кошкон эмесмин, мазмунун өзгөрткөн жокмун. Бирок, кыскарттым да. Демек, советтик доор талап кылган материалдарды бүгүнкү күнгө чейин окутуп жатышпайбы. Аны токтотуш керек эле. Бүгүнбү - эртеңби "Манас" эпосундай баалуу мурас кыргыздарда жарала бербейт. Сагынбай, Саякбай сыяктуу манасчылардын чыгышы да мүмкүн эмес.
"Манас" эпосу өзүнүн алган орду кадыр - баркы, баалуулугу жагынан дүйнөдөгү адам баласы жараткан укмуштарга тете. Дүйнөлүк укмуш деп эсептелинген жети укмуштун ичинен пирамидадан башкалары кыйрап жоголгон. Ал эми "Манас" китебинин өзгөчөлүгү акыр кыямат күнгө чейин көркөмдүгү, мааниси ошол боюнча сакталып калат, өзгөрүлбөйт. Анткени, ал дүйнө жүзүнө тарап кеткен. Мындан 100 жыл өткөндөн кийин пирамида сакталып калабы, жокпу ким билет? Ал эми "Манас" руханий байлык, мунун баркы бөксөрбөйт.

Гүлниза МОЛДОКУЛОВА,
"Алиби"